АТАЙ АЙЫЛЫНАН ЧЫККАН АГАРТУУЧУ ЭЛЕ…
- 17.05.2024
- 0
Ташматов Барыктабас 1933-жылы 1-майда Тогуз-Торо районунун Атай айлында жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу Каба уруусунан Каракучкач уулу Ташматтын тун уулу. Каракучкачтын кемпири Сейил апа 13 бала төрөп, балдары токтобой, андан жалгыз уул Ташмат, кызы Бектору калган дешет.Ташмат мергенчи адам болгон. Айылдагы элди жокчулук учурда кийиктин эти менен баккан деп айтышат. Айрым учурларда казанга суу куюп “от жага бергиле” деп, ууга чыгып кайберен атып келчү экен. Ал мезгилде кайберендер айылга жакын эле жерде жүрүшсө керек деп ойлойм.
Ташмат ата өз оокатына тың адам болгон. Өз апасы Сейил түштүктүн кызы болгондуктанбы, айтор Тогуз-Торого биринчи алма, өрүк тигип өстүргөн адам болгон.
Эми бул аймактын аталышынын тарых-таржымалына кыскача токтолбосок болбойт. «Тогуз-Торонун» аталышын айрымдар бул жерде илгери “тогуз төрө” жашап, ошон үчүн «тогуз төрө» деген сөз кийин “тогуз-торо” деп аталып калган дешсе, кээ бирлери: “Жок, илгери калмактын жапрыгындабы, же кара кытай (уйгурларды кыргыздар ушинтип атачу) каптап келген туштабы, казак, кыргыздар качып тентип жүргөн мезгилде казактын сынчысы, тиги ашуулардын биринин чокусунан тиктеп туруп: (Карагөө, Каргалык, Айырташ, Көгарт, Калдама, Сарыкыр, Чечекти, Чамынды, Чаткарагай) “бул эмне деген жер?” деп сураганда, жанындагы жолдошу “бул жерди Санчы сынчы жайы салкын, кышы жылуу, жери оттуу-суулуу алтын чөйчөк жер деген экен” деп айтат экен. Анда казак сынчы: “ой-баай, Санчы сынчы бир тарабын көрүп, экинчи тарабына назар салбаган гой, жанындагы кишиси экинчи тарабы кандай?”,- деген суроо салганда: “Кышта кар калың түшүп, беш-алты ай башка жак менен каттоо болбойт, бардык айланасындагы тогуз дабан ашуусу жабылып, жол буулуп калат, эли кышка камынып, чөбүн арбын камдабаса, малы кырылат. Ошон үчүн жайкысын жем-чөп, өзүнө азык камдап, эли эмгектен бошобойт. Бул жер: жигити жилик албаган, карысы карап турбаган, тогуз жагы торолгон деген сөздөн «Тогуз-Торо» деген сөз чыкса керек”, — деп айткан экен.
Чындыгында казак сынчы айткандай эле, элибиз жайы менен малга чөп-жем, өзүнө азык даярдоо менен алек болуп, жайы-кышы мал багуудан колдору бошобой, жаш-кары дебей тыным албайт. Айткандай эле, 1969-70-жылдын кышында үч метрдей кар жаап, кардын калыңдыгынан айылдагы үйлөр көрүнбөй, кыш май айына чейин созулуп, ашуулардын баары жабылып, колхоздун малы кырылып калган. Кийин деле Тогуз-Тородо беш-алты ай кыш болуп, бардык дабандар жабылып калган учурлар болгон.
Тогуз-Торого эң алгачкылардан болуп Кетмен-Төбөнүн кабалардын хан Садырынын чабуулунан кийин эң алгач Кабанын Түнтөйүнүн баласы Актеринин Аккулак, Аратай деген балдары келип жашаган дешет.
Кабанын хан Садыры жазында ат кара тил болгондо, чамасы май айынын орто чени болсо керек, болжол менен 1860-70-жылдар болушу мүмкүн, хан Садыр беш жүз кол менен Кабакты ашып, Тогуз-Торого келет. Анда Тогуз-Торонун ичинде саяктын «чебиретки» деген уругунан тараган эл жашап турчу экен. Ал элдин бийи Миңбайдын Атай, Сатай деген балдары өз элинен кол курап, хан Садырга кошулуп, ошол чабуулга катышып, Ак-Талаанын Мынагелдисинен баштап Акчийге чейин жайгашкан басыз уруусун чаап, болуш Сары Чеченди колго түшүрүшкөндөн кийин, урушту токтоткон.
Хан Садыр Ак-Талааны чаап, кайра Кетмен-Төбөгө кетип бара жатып, Тогуз-Торого келип басыздарга болгон чабуулдун жеңишине той берип, ошол чабуулда жигердүү катышкандыгы үчүн Миңбайдын Атайын Тогуз-Тородогу элге бий кылып, ушул жер сеники болсун деп, Атай өрөөнүн берген экен. Атай ушул жерде жашап, ушул жерде өлгөн дешет. Атайдын атынан бул жер “Атай” айылы болуп калган.
Кээ бир адамдар бул жерге орустар келгенде “Атайка” деген алманын атынан аталып, калган дешет, бул туура эмес. Орус оторчулары бул жерге 1896-98-жылдары келет, ага чейин эле бул жер Атай деп аталчу экен. Орустардын 1896-жылдары биринчи келгенин өз көзү менен көргөнүн, Абдылдаев Аскараалы атабыздын чоң атасы Камбараалы айтып берген экен. Тогуз-Торо району болуп уюшулганда борбору Атай айылы болуп, биринчи мектеп Атайда ачылган экен, анткени орус оторчулар келгенде эле мектеп, оорукана ж.б. имараттарды салып, балдарды окутуп, элди даарыгерлер дарылай баштаган дешет.
Райондун жаратылыш шарты абдан кооз. Райондун түндүгүндө Кан-Ачуу, Кабак, Жылаңач-Бугу, Караңгы-Токой, Чат-Карагай жайлоолорунун жаратылыш берген кооздугу, көк кашка тунук булак суулары, чытырман токойлору, адамдын буту баспаган кокту-колоттору, балтыркан, кымыздык, ышкыны, сыдырым соккон таза абасы дүйнөдөгү керемет жерлерден кем эмес, ашса ашат, мына ошол кооз жерлер биз үчүн керемет эмей эмине!
Ал эми түштүгүндөгү Саймалуу-Таш керемети, Макмал жана Кылдоо жайлоолорун караңыз! Азыркы учурда Саймалуу-Таш мамлекеттик корукка айланып, туристтер барып көрүп кетишүүдө. Эгерде түндүк-түштүк авто жолу толук бүтүп калса, ошондо Саймалуу-Ташка баруучулар көбөйүп, туристтик сервистик тейлөө калыптанышы мүмкүн.
Мына ошол тарых таржымалга бай Атайда төрөлуп, чоңойгон Барыктабас Ташматов үч жашка чыкканда апасы Токтокан оорудан каза болуп, Сейил чоң энесинин колунда калган. Ташмат аялы өлгөндөн кийин экинчи жолу үйлөнуп, кошдөбөлүк Туташтын эжеси Мария апаны алып келгенде эле адегенде баласын жакшы кароону өтүнгөн экен. Ошондон улам Ташмат баласы Барыктабасты жакшы карабаса, жаман көрөт турбайбы деп, Барыктабаска бир дагы жаман сөз айткан жокмун, анын үстүнө Барыктабас өзү өтө илбериңки, тил алчаак, мага өтө жакын эле, мага көп жардам берчү, кайненем тилдесе, “жеңе, мындай кылалы” деп мага жан тартып турчу эле” деп Мария апа ыраазы боло эскерип, көп айтчу экен.
Барыктабас Ташматов 1952-жылы Казарман орто мектебинен 10-классты бүтүрүп, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы эки жылдык педагогикалык институтка тапшырып, андан кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигин алган. Жогоруда айткандай, алгач “Кызыл-Жылдыз” колхозуна караштуу Кара-Чий айылындагы жети жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген. 1955-1979-жылдары Атай орто мектебинде директор болуп 25 жыл эмгектенген. 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1979-жылы Бишкек шаарына көчүп келип, Кыргыз педагогика илим изилдөө институтка илимий кызматкер, Агартуу министрлигинин алдындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда башталгыч класстар боюнча сектордун башчысы кызматтарын аркалаган. 1993-жылы каза болгондон кийин аты айылдагы мектепке коюлуп, «Барыктабас Ташматов атындагы орто мектеп» аталып айылдын эли тарабынан кызуу колдоого алынган.
Мектептин директору болуп, Советтер Союзунун алтын доору мезгилинде иштеген, ал кезде Атай айылы Бирдик колхозуна баш ийген бир айыл болчу. 1972-жылдары Мойдунов Тоту ата Бирдик колхозуна башкарма болуп келген, Атай айылда жалгыз эле мектеп бар болчу, ал мектептин директору Ташматов Барыктабас эле.
– Барыктабастын эл арасында кадыр-баркы жогору эле айылдын эли кичинесинен чоңуна чейин сөзүн эки кылчу эмес, ошондуктан Барыктабаска таянып айылдагы элдин тартибин сактоо, тартипсиздерин, урушкандарын тыйып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, башкарма болуп иштеп турганда мага көп жардам берди, экөөбүз абдан жакшы мамиледе жүрдүк, кийин Фрунзеге көчүп кеткенден кийин дагы мамиле үзүлгөн жок, абдан эстүү, адамкерчилиги жогору, колунан келген жардамын адамдардан аябаган жакшы жолдош эле деп, Тоту Мойдунович кийин ал киши каза болгондон кийин райондогу жыйындарда көпчүлүктүн арасында эскерип, адамдык сапатын баалап жүргөнүн көп уктум.
Кийин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына көчүп келип, 1979-1985-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда улуу илимий кызматкер болуп иштеп, 1-3-класстардын мугалимдери үчүн бир нече окуу-усулдук китептерди мурас катары жазып калтырды. 1985-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда улуу окутуучу болуп иштеп, өлкөдөгү кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин билимин жогорулатууда зор эмгек сиңирген.
Атабыз көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейлик медаль, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, СССРдин жана Кыргыз ССРнин эл агартуусунун отличниги, “Эмгек ардагери” медалы, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланган. Атай айылында жердештеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон, улуу-кичүү дебей «Бакы» деп сыйлашчу эле. Бул улуу инсан өзгөчө калыстыгы, адамкерчилиги, камкордугу менен айырмаланып турчу, райондун, айылдын көп элдеринин балдарын жогорку окуу жайларына окутуп, тарбиялап, элдин ыраазычылыгын алган. Ошондуктан айылдын эли жапырт бир кишидей мектепти атынан коюуга демилге көтөрүшүп, азыркыга чейин сыймыктануу менен эскеришет.
Ташматов Барыктабастын үй-бүлөсү жөнүндө айта турган болсок, жубайы Мураталиева Карыбүбү. Кыздары Гүлайым, Эркайымды, уулдары Жеңишбек менен Камедилди татыктуу тарбиялап өстүрдү. Бардык балдары ар кыл кесиптин ээлери болуп, турмуштан өз орундарын табышып, бала-чакалуу болушту. Карыбүбү апабыз балдарынан небере, чөбөрө көрүп, 78 жашында каза болду.
Комментарийлер