АТА МЕКЕНДИК МЕДИЦИНАНЫН ЧЫНЫГЫ АТУУЛУ ЭЛЕ

  • 24.02.2023
  • 0

АТА МЕКЕНДИК МЕДИЦИНАНЫН ЧЫНЫГЫ АТУУЛУ ЭЛЕ

Окумуштуу-физиолог, профессор, КР ИА академиги, кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медицина институтун жана нормалдуу физиология кафедрасын жетектеген Санжарбек Бакирович Данияровдун өмүр таржымалы жеке эле анын өмүр баяны эмес, бул ошол доордун, кыргыз медицинасынын түптөлүшүнүн, кыргыз медицинасынын билим берүүсү менен бирге саламаттыкты сактоо тармагынын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын физиология илиминин өнүп-өсүшүнүн баяны болуп эсептелет.

Ассистенттен академикке чейин

С.Данияровдун медициналык жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана дарыгер кадрларды даярдоодо эмгеги эбегейсиз. Ал 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун нормалдуу физиология кафедрасынын ассистенти болуп кабыл алынгандан тартып, бүтүндөй өмүрүн өзүнүн сүйүктүүүишине арнап өттү. Ошол 40 жылдан ашык мезгил аралыгында 26 жыл (анын ичинде тогуз жыл — проректор жана 17 жыл — ректор) жетекчилик кызматты өзүнүн илимий иши менен айкалыштырып, саламат сакчылыгындагы адистерди даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү вазийпаны ийгиликтүү аткарды.

Адамдын жана жаныбарлардын физиологиясы боюнча көп кырдуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуунун алган фундаменталдык жыйынтыктары теориялык жана прикладдык зор мааниге ээ болуу менен бирге, физиологиялык илимди жана тоолуу радиобиологияны өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү физиолог жана радиобиологдордун илимий мектебин түптөөгө арналган.

Ал өз убагында КММИнин дарылоо факультетинин деканынын орун басары, окуу-тарбия иштери боюнча проректору кызматтарын татыктуу аткарды. Анын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, администратордук таланты жана профессионалдык компетенттүүлүгү 1971-жылы ошол эле институттун ректорлук кызматына көрсөтүлүшүнө негиз болгон.

Санжарбек Бакирович КММИнин ректору болуп иштеген мезгил аралыгында анын оргуштаган энергиясынын, жаңычылдыгынын, алдыга умтулуусунун натыйжасында институтта студент-дарыгерлерди окутуунун прогрессивдүү методдору ишке киргизилип, ал учурдун жаңы педагогикалык иштөө формалары, атап айтканда, окутуу жана тарбиялоо иштерин жекелештирүү максатында студенттерге психологиялык изилдөө жүргүзүү ыкмалары колдонула баштаган.

Педагог катары ал жаш адистерге жана студенттерге тарбия берүүдө эстетикалык жана адеп-ахлак маселесине өзгөчө көңүл бурар эле. Анын демилгеси жана врач-психиатр, доцент Б.Н.Дегтяревдин активдүү катышуусу менен башка медициналык жогорку окуу жайларда сейрек колдонулуучу педагогика жана медициналык психология курсу уюштурулган. Болочок дарыгерлерди окутуу программасына киргизилген негизги принциптердин натыйжасында, КММИ өз кесибинин профессионалдарын даярдоо боюнча алдыңкы орунга чыккан. Анын биринчиси билимди тереңдетүү жана адистердин чеберчилигин жогорулатууга арналса, экинчиси – адамдык сапаттарды калыптандыруу жана чыгармачылык шыктарын өркүндөтүүгө, үчүнчүсү – болочок окумуштуу же дарыгердин өз алдынча ой жүгүртө билүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.

С.Данияров институттагы жаш педагогдордун, аспиранттардын жана илимий кызматкерлердин семинар-мектептерине өзү көз салып, көзөмөлдөп турган. Ал семинарларда лекция окутуу үчүн Москва, Ленинград шаарларындагы алдыңкы медициналык мекемелердин чоң-чоң окумуштууларын, эл аралык лекторлор, саясий ишмерлер, өкмөт мүчөлөрү, искусство, адабият жана маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрүн чакырып турган. Ушулардын баары медицина кадрларын заман талабына шайкеш даярдоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөш болгон.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенованын эсинде Санжарбек Данияров таланттуу окумуштуу, чыныгы интеллигент жана өз мекенинин патриот уулу катары сакталып калды.

— Мен өзүмдү Санжарбек Бакировичтин студенти, шакиртимин деп билемин. Менин бактыма ал киши медициналык жогорку окуу жайын жетектеп турганда окуп, билим алуу туш келгенине чексиз сыймыктанамын. Ал медициналык институтту жетектеп турган учурда институттун окуу базасы кеңейтилип, эки окуу корпусунун, студенттердин беш жатаканасынын заманбап курулушу аяктап, 1000 керебеттүү клиникалык базанын, 250 орундуу ашкананын долбоору ишке ашырылган. Санжарбек Данияров ректор болуп иштеген мезгилде 16 миң дарыгер даярдалып, 35 докторлук жана 300дөн ашык кандидаттык диссертациялык жакталган. Жалпысынан алганда медициналык кадрларды даярдоо боюнча Борбордук Азияда гана эмес, СССРдеги эң мыкты жогорку окуу жайлардын бири болгон. Биз азыр урматтуу агайыбыз салып кеткен жолду татыктуу улантууга бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз”, – дейт Индира Орозобаевна.

Илимпоздун илимий ишмердүүлүгү

Жүрөктүн кан тамырдуу системасына күчтүү шоола энергиясынын тийгизген таасирине жүргүзүлгөн көп жылдык эксперименталдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында С.Данияров шоолалардын терс таасиринен пайда болгон ооруларга каршы организмдин коргоочу жалпы биологиялык механизмин таап чыккан. Бул тема боюнча 1970-жылы Ленинград шаарындагы С.М.Киров атындагы аскер-медициналык академиясында доктордук ишин ийгиликтүү жактап, андан соң “Шоола оорулары жана жүрөктүн кан тамырлуу системасы” деп аталган капиталдык монографиясын жарыкка чыгарган.

Санжарбек Бакировичтин илимий багытынын эң орчундуу тармагы — тоолуу шарттарда фундаменталдык физиологиялык адаптацияланышы: жүрөк кан тамырлуу системасынын көнүү механизмдерине, жүрөктүн кысылуу функциясына жана тамырлардын тонусуна, вегетативдик нерв системасынын өзгөрүүлөрүнө ж.б. маселелерге арналган. Анын жетекчилиги  астында алгачкы жолу бийик тоолуу шартта жашагандардын баш мээсинин функционалдык абалын изилдешкен.

Академик С.Данияров А.Аширбаев менен биргеликте А.А.Дороховдун балдар үчүн жазылган адамдын организми жөнүндөгү “Про тебя самого” (“Сенин өзүң жөнүндө”) китебин кыргыз тилине которгон. Кенже курактагы балдар үчүн арналган бул китептин аты эле айтып тургандай, мында өзүңдүн дене түзүлүшүң, организмиң кандай иштери жөнүндө жетик баяндалган. Адамдын организминин кыскача энциклопедиясы жеке эле кенже балдарга эмес, жогорку класстын окуучуларына, ал тургай ата-энелерге да өтө керектүү жана кызыктуу.

Академик басма сөзгө өзгөчө басым жасаганы байкалып турат. Ал «Ден соолук» журналынын негиздөөчүсү, «Кыргызстандын саламаттыкты сактоо» журналынын редакторунун орун басары болуп иштегендигин баары эле биле бербесе керек.

С.Данияров ойлоп табуу жана ачылыш жасоо иштери боюнча СССРдин Мамлекеттик комитетинин эки автордук күбөлүгүн алган. Өзүнүн шакирттери менен биргеликте малдардын чакан лабораториясы үчүн спирограф түзүп чыгып, аны Казандагы медициналык жабдууларды чыгаруучу заводго тартуулаган, анын сыпатталышына 20дан ашык окумуштуулардан суроолор жиберилген.

Жаңы багыттагы радиобиологиялык кеңири изилдөөлөрү, бийик тоолуу шарттарга көнүүнүн түрдүү аспектилерин иштеп чыккандыгы үчүн С.Данияров 1979-жылы Кыргыз ССРинин ИАнын мүчө-корреспонденти, ал эми 1989-жылы Кыргызстан УИА академиги болуп дайындалган.

Кыргыз интеллигенциясынын алгачкы карлыгачтары

“Эгер Лиля Турусбековадай өмүр шериги болбогондо, мамлекеттик сыйлыктын ээси, медицина илимдеринин доктору, көп сандаган илимий эмгектердин, монографиялардын, окуу китептердин, усулдук иштелмелердин автору жана бир канча жыл КММИ ректору болуп иштеп, 16 миң дарыгерди даярдоого Санжар Данияровдун күч-кубаты жетмек эмес”. Бул — “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Леонид Дядюченконун макаласы биздин каарманыбыздын өмүрлүк жубайы, аялзатынан чыккан туңгуч документалист-режиссер, белгилүү акын Жусуп Турусбековдун кызы Лиля Турусбекова жөнүндө жазылган макаланын үзүндүсү (2001-жылдын 9-февралындагы №16).

 

АТА МЕКЕНДИК МЕДИЦИНАНЫН ЧЫНЫГЫ АТУУЛУ ЭЛЕ

Лиля Жусуповна монтаж бөлмөсүндө.

Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) аяктаган соң, Лиля Турусбекова өзүнүн алгачкы эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында (1956-1992-жж.) баштаган. Көрүүчүлөр аны “Советтик Кыргызстан” киножурналынын режиссеру катары жакшы билчү. Эсиңиздердеби, кинотеатрларда кино башталар алдында адегенде ушул журналды көрсөтчү эмес беле? Ошол киножурналдар аркылуу биз өлкөдөгү маданий жаңылыктар, көрүнүктүү ишмерлер, алдыңкы эмгекчилер жөнүндө баянды ар дайым кызыгуу менен көрөр элек.

Режиссер Лиля Жусуповнага “Советтик Кыргызстан» киножурналынын 65 чыгарылышында жана 30дан ашык кинолентасында өлкөнүн турмушун, карапайым жана белгилүү адамдарды, маданий мурастарды, деги эле ошол жылдардын хронологиясын тартып алуу вазийпасы буюрган. Анын каармандары – биздин тарых, баа жеткис байлыгыбыз. Кезектеги каармандарынын бири, феноменалдуу үндүн ээси Мыскал Өмүрканова жөнүндө “Мыскал” тасмасын тарткандан кийин Лиля Турусбекованын берген интервьюсунда: “Бул тасмалардын темаларынын баары бири-бири менен үн алышып турат – алар элдик таланттар жөнүндө. Негизинен мени ушундай адамдар өзүнө тартат… Биз, кинематографисттер ушундай уникалдуу адамдарды тасмага тартып калууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек, болбосо эртең кеч болуп калат” деп айтканы бар…

АТА МЕКЕНДИК МЕДИЦИНАНЫН ЧЫНЫГЫ АТУУЛУ ЭЛЕ

Апасы жөнүндө кызы Асель Даниярова мындайча эскерет: “Ал кынтыксыз табити, эстетикалык туюму менен айырмаланган адам эле. Апам өзү жашаган доордун маданий чөйрөсүн кынаптаган адамдардын бири болчу жана ошого жараша анын өзүнө жана башкаларга талабы да өтө жогору эле. Ар бир адам өзүнүн апасын жакшы көрүп, аны дүйнөдөгү эң жакшы адам деп эсептейт эмеспи, а бирок менин көз карашымда, тарыхтын бир үзүмү болуп калган менин апамдын басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы жөнүндөгү баян башкаларга да кызыктуу болсо керек”.

АТА МЕКЕНДИК МЕДИЦИНАНЫН ЧЫНЫГЫ АТУУЛУ ЭЛЕ

Лиля Жусуповна эгиз кыздары Асель жана Гюзель менен.

“Лиля” деген ысымды ага атасы Жусуп Турусбеков койгон экен. Ал Владимир Маяковскийдин чыгармачылыгына таасирленип, кызынын атын пролетар поэттин музасы – Лиля Бриктин урматына атаган. 1939-жылы Москвада кыргыз искусствосунун Биринчи Декадасына баратканда алты жашар кызы Лиляны Москвага ала барган эле. Атасы согушка аттанып кеткенде Лиля Турусбекова болгону сегиз жашта болгон. Кан майдандан кайтпай калган атасынын жанындай жакшы көргөн кызына төккөн мээрими анын жүрөгүн эзген арман, жылыткан мээрим болуп коштоп өттү…

2023-жылы белгилүү окумуштуу-физиолог, профессор, КР ИА академиги Санжарбек Данияровдун 95 жылдыгы, анын өмүрлүк жубайы кыргыз аялзатынан чыккан алгачкы режиссер, документалист Лиля Турусбекованын 90 жылдыгы белгиленет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер