АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

  • 15.04.2022
  • 0

Кара-Суу районунда 132 мектеп, 93 бала бакча бар. 10132 баланын ата-энеси жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге иштеп жүрүшөт. Анын ичинен 3168 баланын атасы да, апасы да миграцияда. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапова ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

Ата-энелер каанасы

Г.Машрапова кезегинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жетекчи болуп иштеп турганында ар бир мектепте “Ата-энелер каанасын” ачтырган. Айрым директорлор ашык кабинет жок дегенде, “директор кабинетте отурбайт, ал чуркап иштейт. Кабинет жок болсо, өзүң отурган кабинетти ата-энелерге бошотуп бересиң” деп катуу талап койгон. 2018-жылы Г.Машрапова Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалгандан баштап райондогу бардык мектептерде  “Ата-энелер каанасы” ачылган. Ар бир жуманын шаршемби күнү – “Ата-энелер күнү” деп буйрук менен бекитилген. Бул күнү окуучулардын ата-энелери, туугандары келип, өздөрүнө бөлүнгөн каанада бардык маселелерди ийри отуруп, түз чечишет. Начар окуган балдарынын сабактарына катышып, мектеп менен тыгыз кызматташып жатышат.

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

— Мен Ош шаарында жетекчи болуп турганымда республикалык олимпиададан Ош шаары 5-орундан 2-орунга чыккан. Эгерде мен иштеп турганда биринчиликти бермек эмеспиз. Кара-Сууга келгенде ириде эле  ата-энелерге чогулуш өткөрдүм. “Ата-энелер кааналары” түзүлсүн деп буйрук чыгардым. Эптеп эле жасалга кылбай,  “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдагы ата-энелердин милдеттерин жана укуктарын, “Балдардын конвенциясы тууралуу”, ата-эненин иш планын, мектеп турмушундагы сүрөттөр  менен стенд уюштуруу, ата-энелерге шарт түзүп берүү, эс алгандарына диван, чай ичкенине тефаль алгыла деген тапшырма бердим. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, аким, прокурор, укук коргоо мекемесинин начальниги, 17 айыл өкмөтүнүн башчылары, мектеп директорлорун президиумга отургузуп,  чоң конференция өткөрүп, ата-энелер менен тыгыз иштөө, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту алдын алуу ж.б.у.с. көйгөйлөрдү көтөрүп, иш пландарын бекиттик. Ошондон кийин 60-70% ата-эне мектепке көңүл буруп калды. Эгерде мектеп 3 км. алыс жайгашса, жергиликтүү бийликке милдеттендирилген унаа менен камсыз кылуу жагы. Ата-эне менен айыл өкмөтү келишим түзгөндөн кийин балдар мектепке  чейин унаа менен келишет. Кыскасы, жергиликтүү бийлик менен кызматташуу жакшы жолго коюлган. Тамактануу боюнча дагы айттым. “Шеринеге 1000-2000 сомдон бересиң, он сом берсең 17 сомго тамак ичет балаң” деп. Ошентип, районго мен  келгенде эки эле  мектеп ата-эненин эсебинен балдарды тамактандырышчу,  азыр 20дан ашык мектепте ата-энелер кошумча каражат беришет. Эгерде ата-эне баланын окуусуна, билим сапатына, ичкен тамагына,  китеп менен камсыз болгонуна, келечегине  кызыкпаса, кайдигер мамиле кылса, мектеп алыс бара албайт. Ошон үчүн ата-эненин жоопкерчилигин көтөрүү керек. Бизде 10132 баланын ата-энеси миграцияда. Анын ичинен  3168 баланын атасы да, апасы да жумуш издеп кеткендер. Таята, таене, сиңдилерине, жакын туугандарына калтырып кетишкендер тууралуу дагы конференцияда айттым.  “Билим берүү жөнүндөгү”  мыйзамынын 6-бапындагы  ата-энелердин милдеттери жана укуктары, алардын жоопкерчилиги жеңил берилип калган. Андыктан ЖКнын депутаттары мугалимдердин социалдык абалы, билим берүүнүн сапаты боюнча  мыйзамга өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл , — дейт жетекчи.

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

Конференцияда кабыл алган токтомдун 1-2-пунктунда ата-энелердин жоопкерчилиги каралган. Тарбия башаты үйдөн башталат, уядан эмне көрсө, учканда ошону алат ж.б. макалдар менен мисал келтирип, дайыма ата-энелер менен жолукканда кулактарына куям.

— Менимче, биринчи планда тарбия болушу керек, андан кийин гана билим берүү. Тарбия албаган балага билим бере албайбыз, — дейт Г.Машрапова.

“Алтын тамга” алгандар көбөйдү

Кара-Суу районунан акыркы он жылда бир дагы окуучу Алтын тамга албаптыр. Г.Машрапова келгенден баштап, талаптын туура коюлушунан мурдагы жылы 2 окуучу, былтыр 10 окуучу “Алтын тамга” алышкан. Анын айтымында, бул мугалимдин, ата-эненин жана окуу борборлорунун ийгилиги.

— 2019-2020-окуу жылын “Мектеп, ата-эне, коомчулук менен окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү жылы” деп жарыяласак, былтыр “Мектеп, ата-эне, коомчулук менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү жылы” деп жарыялап, бүтүрүүчү класстардын ата-энелерин топтоп, Ош шаарындагы Секом, Рекорд, Мунара билим борборлорунун адистерин алып келип, алар менен жолуктуруп, презентациясын көрсөтүп, мыйзам чегинде ата-энелер менен келишим түзүшкөн. Учурда 800дөн ашык окуучулар ЖРТга даярданып жатышат, — дейт жетекчи.

Быйылкы республикалык олимпиадага  Ош облусу боюнча үч байгелүү орунду багындырса, анын ичинен экөө Кара-Суу районунан чыккан. Бири К.Жакыпов атындагы таланттуу балдардын гимназия-мектебинин  11-классынын окуучусу Кутман Төлөнбаев биологиядан  2-орунду багындырса, Ленин атындагы орто мектебинин окуучусу Сабина кыргыз тили сабагынан 1-орунду ээледи.

Дагы бир өрнөктүү иш, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы демөөрчүлөр менен жакшы иш алып барат. Маселен, учурда эки мектепти демөөрчүлөрдүн эсебинен салдыртып жатат. Бири 11 млн сомго эки кабат мектеп салып, анын 1-кабаты ашкана, 2-кабатында класстар жайгаштырылган. Экинчи мектеп  20 млн сомго салынып жатат.

Бир окуучу – бир көчөт

Билим берүү жана илим министрлигинин “Бир окуучу – бир көчөт” жалпы республикалык акциясын өткөрүү жөнүндөгү буйругун аткаруу үчүн Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу чыгарылып, жалпы билим берүү мекемелерине жеткирилген.

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

АТА-ЭНЕНИН ЖООПКЕРЧИЛИГИН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

— Бул акциянын алкагында райондогу мектеп окуучулары тарабынан тогуз миң даана түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Акцияга окуучулар активдүү катышты. Ал эми 92 бала бакчадагы 432 тарбиячы эмгектенет. “Бир тарбиячыдан – бир дарак” акциясында 400дөн ашуун ар түрдүү бак-дарактар от ургузулду. Буд акциялар дагы улантылат, — дейт Г.Машрапова.

 

STEM-билим берүү — замандын талабы

Райондогу 132 мектептин ичинен төрт мектеп  “Илимдеги кыздар” долбоору менен тыгыз иштеп жатышат.

— “Илимдеги кыздар” долбоору —  келечектүү программа. Акыркы жылдары чындыгында табигый илимдерге, STEM багытындагы предметтерге көп көңүл бөлбөй келгенибиз. STEM программасы боюнча биздин райондогу пилоттук төрт мектептин 9-10-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Ош мамлекеттик университетинин алдындагы  STEM программасы менен иштеген колледжине аптанын ишемби күндөрү барып, окуп турушат, — дейт жетекчи.

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарында көйгөй бар. Алар каражат төлөп, тестирлөөго даярдана алышпайт. Бул жагынан алганда “Илимдеги кыздар” долбооруна кирген окуучулар ЖРТга акысыз даярданып жатышканы ата-энелерди кубандырбай койбойт.

— “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду социалдык жактан колдооого муктаж бүтүрүүчүлөрүбүздү акысыз ЖРТга даярдап жатышат. “Илимдеги кыздар” бир эле тестирлөөгө  даярдабайт, ал жерде кесипке багыт берүү, лидерликке даярдоо, кыздардын санитардык-гигиеналык абалына чоң маани берген масштабдуу проект, — дейт Г.Машрапова.

Бул долбоор боюнча райондогу пилоттук төрт мектепте ийримдер уюштурулган. STEM программасы боюнча мугалимдер менен бирдикте ата-энелерди,  жергиликтүү бийликти, айрыкча,  коомчулук менен иштеген  жаштарды, аялдар  кеңештерин,  мектептеги ата-энелер комитеттерин, көзөмөлчүлүк кеңешин тартуу менен долбоор  жолго коюлуп, ишке ашырылып жатат.

— Чолпон-Атада өткөн эки күндүк семинар  абдан таасирдүү өттү. Мен ойлойм, семинардын жыйынтыгы натыйжалуу болот деп. Пилоттук гана мектептер STEM программасы кандай экенин, анын таасири, натыйжалуулугу, кыздарды илимге, лидерге тарбиялоодогу иштер менен алектенип келет, бирок көпчүлүк бул долбоор менен  тааныш эмес. Андыктан райондогу 132 мектептин, 93 бала бакчанын директорлорун чогултуп, семинарга катышкан төрт директордун прзентациясын даярдатып, STEM программасы эмне деген долбоор, кандай багыттар менен иштейт, долбоордун келечеги кандай деп жалпы мугалимдерге, ата-энелерге, коомчулукка жеткирүү жагын колго алдым, — дейт райондук бөлүмдүн башчысы. — КР билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев онлайн форматта жолукканы семинардын катышуучуларына чоң мотивация болду. Мугалим эмгек маянасынан кадыр-барк таппайт,  бул жеке менин пикирим.  Мугалим чыгармачылык изденүүсү менен окуучуга сапаттуу  билим берүү менен окуучунун, ата-эненин алдында кадыр-барктуу болот. Айрыкча STEM программасынын келечеги жөнүндө жакшы ойлорун, сунуштарын айтты. Алар иш жүзүнө ашат. Базистик окуу программасына STEM предметтери  киргизилет деп айтканы баарыбызга жакты. Эгерде STEM программасы менен окусак билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр аркылуу ийгиликтер болот.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер