МЕКТЕПКЕ АКЧА ЧОГУЛТУУ ЭМНЕГЕ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ?

  • 11.12.2023
  • 0

Бишкек мэриясына мектептерде акча чогултууну токтотуу тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов мектептерде мыйзамсыз акча жыйноо боюнча кырдаалды талкуулаган жыйында билдирди.

Эдил Байсалов Президенттин май айында чыккан «Мектептерде акчалай жыйымдарды жана мамлекеттик фонддорду түзүүгө тыюу салуу жөнүндөгү» жарлыгына карабастан, көптөгөн билим берүү мекемелеринде, өзгөчө Бишкек шаарында бул көйгөй актуалдуу бойдон калып келатканын белгиледи. Ал өзүнүн сөзүндө келерки жылга республикалык бюджеттен билим берүү тармагына керектүү финансылык каражаттарды бөлүү маселеси каралып жатканын айтып, Бишкек шаарынын мэриясына коомдук фонддордун да, Камкорчулар кеңештеринин да пайдасына акча жыйноолорду токтотуу боюнча бардык чараларды көрүүнү жана Президенттин жарлыгынын толук аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

МЕКТЕПКЕ АКЧА ЧОГУЛТУУ ЭМНЕГЕ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ?

Мектептерде акча чогултуу маселеси коомчулукта жыл сайын жок дегенде эки жолу көтөрүлөт. Дегинкиси эле бул теманы коомчулуктун бүтпөс көйгөйү катары көрүүгө болот, анткени бир тарабы ата-энелер мектепке, тагыраагы, балдары билим-тарбия алган мектепке акчалай жардам берүүгө милдеттүү десе, экинчи тарабы мектеп ата-энелерден акча чогултпашы керек деген эки ача ой-пикирдин ортосунда талаш-тартыш тыйылбай келет.

Бишкек шаарындагы №54 мектептин директору Жылдыз Илиясованын айтымында, ал жетектеген мектепте учурда камкорчулар кеңеши тургай, ата-энелер комитети да иштебейт.

— Мен бул мектепке жетекчи болуп келгениме үч жылдын жүзү болуп калды, ошондон бери мектептеги бирикмелердин баарын жойгонбуз. КР Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы “Балдардын мектепке акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруу максатында мектепте ички буйрук чыгарып, ар бир педагог кол коюу менен таанышып чыккан соң, баарыбыз ошол буйруктун негизинде иш алып баруудабыз. Башкача айтканда, 2023-жылдын май айынан тартып мектепте камкорчу кеңеши иштебейт. Мектепке керектүү чарба буюмдарын, оңдоо-түзөөгө каражаттарды Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүп берет. Бүгүнкү күндө мектептеги 1800 окуучуга 78 мугалим сапаттуу билим берүү аракетинде эмгектенүүдө, ал үчүн бардык шарттар бар, — дейт.

Жылдыз Тургуналиевнанын айтымында, мектепте Президенттин жарлыгы чыкканга чейин эле каражат чогултушчу эмес. Ал жакта жашаган континентти негизинен аз камсыз болгон, ата-энелери иштебей үйдө олтурган жана ата-энелери эмгек мигранты болгон балдар түзгөндөнбү, акча чогултууга байланышкан өзгөчө көйгөйлөр жаралбайт.

— Бирок ошентсе да майрамдарда жана даталуу күндөрдө кээ бир ата-энелер өз ыктыяры менен жардамын сунуштаган учурлар болбой койбойт. Андайда ыраазычылык билдиребиз да, жаман сөзгө калбаш үчүн баш тартабыз. Чындыгында жардамга аябай муктаж болгон учурубуз боло элек. Жайында жаңы окуу жылына даярдоо иштерин өз учурунда аткарып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп алдык. Мен жаңы келген жылы мектептин чатырын жаңыртып жапканбыз, кийинки жылы санитардык түйүндөрдү оңдотуп, жылытуучу батареяларды алмаштырдык. Жыл сайын ушинтип улам бир чоң ремонт иштерин жасап алуудабыз. Азырынча мектеп чоң оңдоп-түзөөгө муктаж эмес. Жаңы окуу жылынан, тагыраак айтканда, ноябрь айынан баштап газ менен жылытууга өттүк, бул аябай ыңгайлуу болот экен, класстык бөлмөлөрдүн баары бир температурада кармалып турат. Кандай кырдаал жаралса жана кандай жардам керек болсо, райондук администрацияга кайрылабыз, — деди Жылдыз Тургуналиевна.

Арийне, борбор калаадагы бардык эле билим берүү мекемелеринде кырдаал бирдей эмес, баары эле сүттөй ак же бейиштей сонун десек, аша чапкандык болор, аны окурмандарыбыз да туура кабыл албайт деп ойлойм. Чыныгы кырдаал кандай? Чындыгында мектеп да, бала бакча да мамлекеттин камкордугу менен катар эле коомчулуктун колдоосуна да муктаж экендигин тана албайбыз.

Баласы борбор калаабыздагы мектептердин биринде окуган Чолпонай Кудайбергенова ата-энелер мектепке колдон келген жардамдарын берүүдөн качпашы керек деп эсептейт.

— Мен өзүм да агартуучумун, андыктан мугалимдин, мектептин көйгөйүн ичи-тышынан жакшы билем деп айта алам. Балам окуган мектепте ата-энелер комитетинин мүчөсү катары мектептин ички турмушуна кызыгып, кандай иш алып барып жатышканынан кабардар болуп турам. Чындыгында, ата-энелер мектепке жардам бериши керек. Ал кандай жардам болууга тийиш? Биринчиден, окуу куралдары менен камсыздаганга, баласын экскурсия, театр сыяктуу маданий жайларга алып барганга, китептерин толуктаганга, балким өтө зарыл болсо, каражат жетпей жатса, заманбап технологияларды алып берүүгө жардамдашса эмне үчүн болбосун?! Айрым ата-энелер мектепке бир да тыйын бербейбиз дешет. Алар мектеп аркылуу өзүнүн эле баласынын билимине, келечегине инвестиция жасап атпайбы? Ошол баласы окуусун аяктаганда иштеп, үй-бүлөлүк бюджетине салым кошот, биз ошону мойнубузга алгыбыз келбей жаткандай. Одоно салыштыруу болсо, кечирип коюңуздар, биз ансыз деле той-ашка бир жолу барганда эң кеминде эки миңден акча алып барабыз, баласына бергенин ошондой эле жол менен эселеп кайтарып алышарын эсинен чыгарышпаса деп ойлойм. Ал эми коомдук бирикмелер аркылуу ар кандай майрамдарга белек-бечкек алууга акча чогултууга, айрыкча, мектепке же бала бакчага орноштурууга акча берүүгө албетте, каршымын. Президенттин Жарлыгы да ошондой одоно мыйзам бузуулар орун алып жаткандан улам чыкты деп ойлойм. Ал эми кээ бир ата-энелер жеке мүнөздө белек катары берсе, ага эч ким тыюу сала албайт болуш керек. Анткени ата-эне бала бакча жана мектеп менен өнөктөш болууга тийиш, — деген пикирин айтты.

Чолпонай айым айткандай, маселенин күңгөйү менен тескейи бар экенин баарыбыз көрүп-билип турсак да, көңүл сыртында калтырып, бул тууралуу ооз ачкыбыз келбейт. Чыныгы көйгөй – бул балдарды бала бакчага жана мектепке орноштуруудан келип чыгат. Себеби баарыбыз эле балдарыбызды борбордо жайгашкан мектепке жана бакчага алып баргыбыз келет, тилекке каршы, ал жакта орун жок, электрондук кезек эмес, балакети болсо да, оңой менен кезек жетпейт. А бирок акыркы статистика боюнча бул маселе да артта калды десек болот, анткени акыркы эки жылда эле ондогон жаңы мектеп жана бала бакчалар курулуп, балдарды кабыл ала баштаганы маалым. Ата-энелер эми бала бакчага кесерип кезекке турбай, жаш курагын өткөрүп жиберүү коркунучунан арылып, кааласа эми үй тибинде ачылган жеке менчик бакчаларга алып барса болот.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ жакында эле Жогорку Кеңеште берген маалыматында 2022-2023-окуу жылында жаңы ачылган бала бакчалардын жалпы саны 122ге көбөйгөнүн айтты. Бул көбүнчө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын жардамы менен ишке ашып олтурат. Аталган программанын алкагында 800 адам окуудан өтүп, 570 адам сертификатка ээ болгон. Эсиңиздерде болсо, мурдараак жеке менчик бала бакча ачуу үчүн 16 документ чогултууну талап кылган узак процессти басып өтүүгө туура келчү. Азыр абдан жөнөкөйлөштүрүлүп, эң зарыл болгон өрт өчүрүү жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынан гана тиешелүү справкалар талап кылынат. Андан тышкары, мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоого да зор көңүл бурулуп, китепканаларга караштуу кыска мөөнөттүү бала бакчалардын жана эрте жаштан өнүктүрүү борборлорунун санын көбөйтүү колго алынып жатканын белгилөөгө болот.

МЕКТЕПКЕ АКЧА ЧОГУЛТУУ ЭМНЕГЕ ТОКТОБОЙ ЖАТАТ?

Коомчулукту дүрбөтүп, талаш жараткан дагы бир маселе – бул бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына акчаны ким бериши керек деген суроо. Бишкек шаарындагы № 47 бала бакчада жана №162 бала бакчада 2016-жылдан бери бөбөктөрдүн тамак-ашын ата-энелер 100 пайыз каржылап келатканын билебиз. Балдардын тамак-ашы – эң маанилүү маселе экени талашсыз. Министрликтин маалыматында үч жашка чейинки балдардын тамагына күнүнө кетчү чыгым 85 сомдон, үч жаштан жогорку курактагы балдардыкы күнүнө 95 сомдон туура келери болжолдонууда. Эгерде эне-аталар балдарынын тамак-ашын 100 пайыз каржылай турган болсо, анда бакчага барган күнүнө жараша айына 1600-2000 сом болмокчу. Бул күн сайын эмес, саат сайын өсүп жаткансыган базардагы инфляция шартында азбы же көппү, балдардын ден соолугун чыңдоочу керектүү витаминдер менен камсыздай турган азык-түлүктөрдү алууга жетеби же жетпейби?

Мына ушундай суроолордон жана жогоруда айтылган пикирлерден улам, биз мектепке жана бала бакчага акча чогултуу маселесине дагы далай кайрылат окшойбуз. Андыктан азырынча бул суроого чекит койбой кое туралы.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер