АСЫЛ АТЫ «АКСАКАЛ»

  • 07.12.2020
  • 0

Мыкты адам менен иштөө, жанында болуу

 шакирти үчүн баа жеткис унутулгус сабак тура.

 XX –кылымдагы Кыргызстандын  көрүнүктүү ишмерлеринин  бири  Жаманкул Тойгомбаев,  Ленин жана Октябрь Революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, эки жолу Ардак белгиси ордендеринин жана көптөгөн медалдардын ээси, көп  жылдар бою үзгүлтүксүз  өлкөбүз үчүн иштеп, эмгегинен чыныгы  баар  таап, калың  элдин урмат  сыйына ээ болгон. СССР Жогорку Советине эки жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советине алты жолу депутат болуп шайланган.

АСЫЛ АТЫ  «АКСАКАЛ»

Ж.Т. Тойгомбаев,№6 – СПТУда,  Талас ш, 1972 –ж.

Жамангул Тойгонбаев  1956 – жылдан 1976 – жылга чейин Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик – техникалык   билим  берүү  системасын  жетектеген. Жаманкул Тойгонбаевич Тойгомбаевдин өлкөбүздү өнүктүрүүгө жана кесиптик — техникалык билим берүү системасын жакшыртууга сиңирген эмгеги баа жеткис. Жаманкул агай жан дүйнөсү менен коммунистик партиянын ишенимдүү кишиси болгон, кыргыздын «Макаренкосу» десек жарашат. Ал киши өз ишине мамлекеттик компенттентүү  жана эң жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликтүү мамиле жасаган сапаты, маданияты, билими, «Айкөлдүгү», чексиз «Гумандулуугу» жана адамга болгон «Боорукерлиги» менен айырмаланган.

Мүнөзүндө кызматты  кыянаттык менен пайданалууга, ачкөздүккө, дүйнөкөрлүкка, паракорлукка, мамлекеттик менчикти уурдап, кымтып алмай адатка башат болучу керектөөчүлүк идеологиясы түп тамыры менен жок болгон.

Жаманкул Тойгомбаев, 1912 –жылы Ысык –Көл областынын Түп, азыркы Ак –Су районуна  караштуу Жолголот айылында жарык дүйнөгө келген. Жакын туугандары жок бала ымыркай кезинде жетим калып, ар кайсы жердештеринин малын багып, отун –суусун алып, үй кызматтарын кылып чоңоет.  Жөнөкөй, боорукер, ак ниет, мээримдүү болуп бойго жеткен жигит тээ өспүрүм кезинен эле сыйга татыктуу болот. Эмгек жолу 1930 -жылы Түп районундагы «Сухой Хребет» совхозунда жумушчу, андан Теплоключенка МТСинде техник болуп иштөөдөн башталат. 1935 –жылы Фрунзе шаарындагы Комвузду аяктап, Кочкор райкомунда маданият, үгүт жана насаат бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1937 –жылы райкомдун экинчи катчысы болуп шайланат.

АСЫЛ АТЫ  «АКСАКАЛ»

Ж.Т. Тойгомбаев, Калинин айылы, №7- СПТУ  окуучулары менен. 1973 –ж.

1938 –жылы Москва шаарындагы БКП(б) нын үгүт насаатчылардын жогорку мектебин бүтүрүп келип, Кыргыз ССРинин Агартуу Министрлигинин алдындагы мугалимдердин кесибин жогорулатуучу институнда, Жалал -Абад областык партиялык комитетинде лектор болуп иштеп, кийинчерээк Базар -Коргон райкомунун биринчи катчысы, 1942 –жылы Жалал –Абад областтык партия комитетинин катчысы болуп шайланат. 1944 -46 ж.ж.  БКП (б) нын алдындагы жогорку мектепти бүтүргөндөн кийин Тянь -Шань обкомунун экинчи, 1947 -жылы биринчи катчысы болуп иштейт. 1952 –жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, андан кийин Ош обкомунун биринчи катчысы болуп шайланат. 1955 -1956 –жылдарында СССРдин даярдоо Министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү болуп иштейт. 1956 –жылдан май айынан өмүрүнүн акырына, же 1976 –жылдын 22 –ноябрына чейин үзгүлтүксүз  21 жылга жакын Кыргыз ССРинин кесипчилик –техникалык билим берүү тутумун башкарат.

Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңирген пенсионери, Ж. Тойгомбаевдин 1973 -79 ж.ж орун басары Шаршеналы Чыныбаев агайдын эскерүүсү:

-Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, орун басарларынын баары, Кыргыз ССРинин министрлеринин баары, башка улуу кичүүлөр Жаманкул Тойгомбаевичти атынан жана атасынан атынан кайрылышпастан  «Аксакал» — дешип кайрылышаар эле.  Окуу жайларды кыдырып барып өз көзү менен көрүп, бүт окуучу балдарды төрт бурч кылып тиздирип ортосуна туруп алып, балдардан:

-«Курсагыңар токпу», «Жатаканаңар жылуубу»,  «Мага кандай сурооңор бар» —  деп сурачу.  Окутуучу, мугалимдер жана устаттар менен баарлашып, кем карчын угуп, кандай жардам бере алаарын айтчу. Бүтпөй турган ишти, куру убадаларды берүүчү эмес»

Кыргызстан Компартиясынын XVII –Съездинин башталышында Мандаттык комиссиянын отчетун окуган төрага

— «Урматтуу делегаттар! Сиздердин араңыздарда 1932 –жылдан бери КПССтин мүчөсү, Кыргызтан Компартиясынын I –съездинен баштап XVII –съездине чейин, бардык съездерге үзгүлтүксүз делегат болуп шайланып келе жаткан Жаманкул Тойгомбаевич аксакалыбыз отурат!» -деп айтканда толтура зал жыйналган эл орундарынан тура калышып он мүнөттөй шатырата кол чабышкан эле. Бул дүркүрөгөн кол чабуулар аксакалды урматтоо, анын өткөн өмүрүн, баскан жолун сыйлоо эле. Мыкты адам менен иштөө, жанында болуу  шакирти үчүн баа жеткис унутулгус сабак тура.

Жаманкул Тойгомбаев ооруп калып, жаткан бейтепканасына Турдакун Усубалиев баштаган жетекчилер учурашканы барышат.

-«Менин окуучуларыма жакшылап карагыла, алар жетимдер, жарты жетимдер жана колунда жок карапайым адамдардын балдары, алар кесип алууга тийиш» -деп айтканы эл оозунда айтылып калган.

Аксакалдын сөөгү салынган табыт Кыргыз Драма театрына коюлуп, коштошууга келген адамдардын агымы токтолбой бир саатка узартылган экен. Союздук Мамком, ар бир союздук Республикалар, Кыргызстандын бүт аймагынан келгендер коштошуп бүтүп, театрдан Ала –Арча көрүстөнүнө чейин Турдакун Усубалиевич Усубалиев башында турган партиябыздын борбордук Комитетинин мүчөлөрү, Төрөбай Кулатович Кулатов башында турган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун мүчөлөрү, Акматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаев башында турган өкмөт мүчөлөрү, бардык партиялык, чарбалык активдер, миңдеген шаардыктар, Москвадан, ар бир союздук республикадан келген өкүлдөр машинелерине түшпөстөн жөө узатып барышты. Мен буга чейин, кийин да сөөктү  мындай узатканды көргөнүм жок. Бул аксакалыбыздын арбагына болгон урмат, сый эле. Жаманкул Тойгомбаевич чыныгы элдик адам, накта эл уулу турбайбы – деген ишенимге келем.

АСЫЛ АТЫ  «АКСАКАЛ»

Кулатов Т.К –Кырг.ССринин Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жана Ж.Т. Тойгомбаев Фрунзе ш. 1975-ж. Республикалык кесипчилик техникалык билим берүү системасынын конференциясы.

Жаманкул Тойгомбаев тууралуу персоналдык пенсионер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери Исмаил Жолочиевдин эскерүүсүндө:

— «Он был человеком с широко открытой душой. Человек он был известный и уважаемый всеми в нашей Кыргызской Республике. И поэтому жива и трепетна память о нем. Те которым пришлось работать с ним, склоняют голову перед светлой памятью этого человека. У него была умная голова и доброе сердце, чем должен был обладать настоящий учитель, руководитель, наставник.

Он держался с редкой естественностью, в нем было какое-то удивительное сразу же обнаруживающие обаяние. Все его поступки и действия исходили из глубокого чувства уважения к людям. Нам, многим старейшим работникам системы, ветеранам, просто посчастливились жить и работать с ним, ощущать долгие годы его энергию и доброту, поэтому мы с глубоким чувством и уважения и симпатией относились к нему –аксакалу, так называли в старину народы тюркского происхождения уважаемого человека. И мы называли его ласково и просто – НАШ АКСАКАЛ». Ошол мезгилдеги Мамлекеттин башкаруу, аткаруу тармагынын бардык жетекчилери жана кызматкерлери «БИЗДИН АКСАКАЛ» -деп кайрылышкан Жаманкул Тойгомбаев агайыбыздын өрнөктүү өмүрү кийинки муунга, айрыкча башкаруу жана аткаруу бийлигинде кызматта тургандарга үлгү.  Жаманкул агайыбыздын аты Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине, Кочкор районундагы жана Каракол шаарындагы кесиптик –техникалык окуу жайларына ысымы берилип музейлери уюштурулган. Бишкек шаарындагы  № 3 –кесиптик лицейинин алдына эстелиги орнотулган.

Калкыбыздын  кадырман  уулу, белгилүү  мамлекеттик  жана  коомдук  саясий  ишмер Жамангул Тойгонбаевичтин  унутулгус  жаркын  элеси  элибиздин  жана  биздин жүрөгүбүздө  ар  дайым  сакталып  кала  берет.

Жаманкул Тойгомбаевич — Кыргыз элинин эң көрүнүктү саясий жана мамлекеттик ишмерлеринин бири жана өз элинин тарыхына, тагдырына терең из калтырган адам. Биз Жаманкул Тойгомбаевичтин- образын дайыма «МАЯК» катары туу тутушубуз керек.

                                                                                              Эгемберди УСУПОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер