АРАСАТ АБАЛДАН КАЧАН ЧЫГАБЫЗ?

  • 15.04.2022
  • 0

Кыргызстандын жогорку билим берүү жана илимий даражаларды ыйгаруу тутуму бир жагынан заманбап, эл аралык талаптарга жараша өзгөрүү зарылдыгына туш келип, экинчи жагынан мурдатан келаткан инерциянын эпкининен чыга албай турат.

“Ботко”

1996-2001-жылдары эл аралык консультант Марта С. Меррилл Кыргызстанда иштеп, биздеги жогорку билим берүү жана илим тутуму өтө чалкеш болуп калганы жөнүндө жазган экен (“Кыргызстандын жогорку билим берүүсүндөгү “ботко” жана сапат: сүрөөнчүлөр, ар түрдүүлүк жана чаржайыттык, Европанын билим берүүсүнө интеграциялашуу” – Kasha and Quality in Kyrgyzstan: Donors, Diversity, and Dis-Integration in Higher Education, in European Education, 2012).

Марта С. Мерриллдин ошол изилдөөсүндө айтылгандай, эгемендикке жеткен Кыргызстан өзүнүн муктаждыгына ылайык келгенин өзү тандабай, эл аралык программалардын сунуштаганын эле ылгабай ала берген. Мунун айынан үч-төрт жылдык бакалавр, бир-эки жылдык магистр даражалары менен катар ЖОЖ тутумунда илгерки беш жылдык жогорку билим – баары аралашып, “боткодой чалынып” калган эле.

Мында бир жагынан эл аралык билим берүү мейкиндигине аралашуу мүдөөсү менен өлкөнүн ички муктаждыктарын канааттандыруу зарылдыгы карама-каршы келди. Аймактык ЖОЖдорду ачканда окуу программаларында тийиштүү облус, райондордун шарты, керектөөлөрү эске алынган жок.

Андан ары профессор Марта С. Меррилл ЖОЖдорду ар кандай критерийлер боюнча баалоо жолдору бар экенин белгилейт. Harvey and Green (1993) кеңири шилтеме берилген макаласында билим берүүнүн сапатын беш жол менен кароону сунуш кылат: 1) эксклюзивдүүлүк (exceptionality); 2) ырааттуулук (consistency); 3) максатка ылайыктуулук (fit for purpose); 4) акчанын куну менен өлчөө жана (value for money) жана 5) трансформациялык (transformation) сапат критерийи.

1) Эксклюзивдүүлүк чектелген сандагы институттар жетише алгыдай өзгөчөлүктөрү бар, «мыкты» окуу жай дегенди билдирет. «Гарвард – бул сапаттуу мекеме» дегенде, байкоочу андагы билим сапатын «өзгөчө» деп эсептейт. Бирок бул сапат боюнча окуу жай жайгашкан көрсөткүчүндө жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгы эске алынбайт.

2) Ырааттуулук критерийи боюнча жетишкендиктер көзөмөлдөнгөндүктөн, ар бир студенттин жетишкен натыйжаларына көңүл бурулат. Kubow жана Fossum (2003) орто мектептин мисалында белгилешкендей, бул минималдуу стандарттарга негизделген. Ошол кабыл алынган стандартка ылайык окуучулардын тең укуктуулугун жана окуусунун ырааттуулугун камсыз кылуучу билим берүүнү билдирет (126-б.).

3) Максатка ылайыктуулук жогору жактан кимдир бирөө билим берүүнүн максатын аныктаганын көрсөтүп турат, ал эми «сапат» бүтүрүүчүлөрдүн ошол максатка «жарактуу» билими бар же жок экенине жараша бааланат. XXI кылымдын башынан бери Кошмо Штаттарда жана батыш Европа өлкөлөрүндө бул сапат көбүнчө бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен аныкталат. Студент окууну аяктагандан кийин жумуш таба алса, анда ал «сапаттуу» билим алган деп саналат.

4) Акчанын куну – азыр сапаттын кызуу талкууланып жаткан дагы бир көрсөткүчү. Kamenets (2010) жана башкалар Кошмо Штаттардагы жогорку билим ал үчүн көптөгөн бүтүрүүчүлөр алган насыяга жана карызга арзыйбы деген суроолорго жооп беришет. Мындай авторлор сапат «баалуулугун» жакшы жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен өлчөшөт.

5) Трансформациялык сапат критерийи. Мындан бир кылым мурда Ташкенттеги Мунаввар Кары Абдурашидхановдун жадид мектебин жана анын пикирлештерин сыпаттап, Олворт (1990) билим жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзүү менен эле чектелбей, “коомду өзгөртүү ишине даярдоого” тийиш деп айткан (138-бет). Мисалы, алгачкы совет доорунда студенттер эски коомдун улантуучусу эмес, жаңы коомго «жарык жол салуучулар» катары даярдалышы керек эле.

Коомдун жаңылануусу, чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы, студенттерди мурда аларга белгисиз болгон интеллектуалдык, социалдык жана маданий дүйнө менен тааныштыруу – бул өзгөртүүчү сапат белгиси деп эсептешкен.

Демек, сиздин окуу жай сапаттын кайсынысын тандайт?

(Марта С. Мерриллдин жогоруда аталган эмгегинен. Кыргызчага которгон профессор Дүйшөн Шаматов)

 

Көлөкөгө тон бычпайлы

Марта С. Мерриллдин эмгеги жазылгандан бери канча суулар акты, дагы далай иликтөөлөр жүргүзүлдү, жогорку билим берүү менен илим чөйрөсүн реформалоо аракеттери да көп эле болуп келди. Бирок жагдай толугу менен оңоло элек. Жогоруда ошол талдоодон айрым тезистерди келтирдик. Эми бүгүнкү кырдаалды кантип жөнгө салуу керектиги боюнча талкууга баарыңыздарды чакырабыз.

Албетте, эл аралык мейкиндикке кирүү үчүн өнүккөн өлкөлөрдө расмий таанылган тутумдардын сырткы формасын туурап коюу эле жетишсиз. Бирок жаңыланууга карата дал ушундай үстүрт мамиле өтө чоң жаңылыштыкка, адашууга себеп болууда.

Бакалавр даражасын алгандар эчтеке билбейт экен, батыштын системасы бизге такыр туура келбейт окшойт ж.б. деп ызы-чуу салгандар көбөйдү. Бирок азыр иш жүзүндө Болоня принциптери менен толук кандуу иштеген ЖОЖ бизде барбы?..

Жогорку деп аталган билимдин деңгээли төмөндөп кетишине окутуунун сапаты үчүн жоопкерчиликти көтөрбөй калган окуу жайлар күнөөлүү эмеспи?

Совет доорунан калган илимий наамдарды ыйгаруу тутуму өзүн актап жатабы? Азыркы жакталып жаткан диссертациялар мазмуну, жаңылыгы, теориялык жана практикалык баалуулугу ж.б. критерийлер боюнча ошол кездеги деле деңгээлге туура келеби же эптеп эле чүргөмөйлөр басымдуулук кылуудабы?..

ЖОЖдордо бакалавр жана магистрлерди кайра эле илгерки үлгү боюнча илимий даражага ээ болуп жаткан окутуучулар сабак бергени канчалык логикалуу?

Бул арасат абалдан качан чыгабыз?..

Жолдош Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер