АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

  • 23.12.2020
  • 0

Ат-Башы районундагы Боогачы атындагы мектептин адам жана коом сабагынын мугалими Байыш Абдыбеков  окуучулардын китеп окуусун өнүктүрүү, китеп окуу маданиятын көтөрүү максатында  өз каражатына 200 кызыктуу китептерди сатып алып, балдар менен чогуу «Китепкөй» онлайн тайпасын ачып, кызыктуу аңгемелерди, повесттерди ж.б. окуй башташты.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Ар кандай ыкма менен окуучуларын сабакка кызыктырган Байыш агай

Байыш Абдыбеков Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун социалдык менеджер бөлүмүн артыкчылык менен аяктаган. Мектепте иштеп калгандыгына байланыштуу кийин И.Арабаев атындагы КУУнун тарых факультетине өтүп, аны да ийгиликтүү аяктаган.

Байыш агай абдан эмгекчил, чыгармачылык менен сабактарын кызыктуу өтөт. Жаны тынбаган элеттик мугалим борбор калаага келгенде сөзсүз Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» борборуна келип, хореография боюнча билимин өркүндөтүп кетет. Анткени ал мектептин «Кереге» бий ийримин жетектейт.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

—  Мен бийден тышкары театр, китеп окуу боюнча ийримдеги  35-40 жакын бала менен тыгыз иштейм.  Бий тайпасында 20 кыз бар. Аларды «Сейтектен» үйрөнгөн ыкмалар боюнча бий үйрөтөм. Хореография боюнча райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, байгелүү орундарга жетишип келатабыз. Мындан тышкары мектеп парламентин жетектейм.

Сабакка көңүлү жок балдарды театрга кызыктырып, тартып жатам. Театр — жашоонун күзгүсү дегендей, гиперактивдүү балдарды тарбиялоону колго алгам. Өзүм дагы көп окуйм, изденем. Мектептеги форум театрга  9-10-класстын балдары катышат. Коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырганга аракет кылып келатабыз, — дейт Байыш.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Китепкөй

— Китеп окуу боюнча онлайн китепкөй тайпасын ачтык. Ал жерде балдар китеп окушат. Өзүмдүн каражатыма 200 китеп сатып алып, балдарга китеп окуу маданиятын үйрөтүп жатам.  Маселен, бир өлкөнүн өнүгүү сырлары, китепти кантип окуш керек ж.б.у.с. балдардын кулк-мүнөзүнө чукул китептерди алгам, — дейт мугалим.

Байыш Абдыбековдун бүтүрүүчүсү Дүйшөналиев Кумар демөөрчү болуп, мектепке 600 китеп сатып берген.

Жакында эле өткөн Адабият күнүнө карата «Ч.Айтматовду окуйбуз жана өзүңдү окут» деген сынакка Ат-Башы районунун мектептердин ичинен Боогачы мектеби 1-орунга чыгышса, 2-орунга Казыбек мектеби жана 3-орунга Кара-Булуң мектебинин окуучулары чыгышкан. Ар бир командада бештен окуучу катышып, алдыңкы орунга чыккан үч мектептен он беш окуучу, үч мугалими менен Бишкекте экскурсияда болушту. Сынактын жеңүүчүлөрүн борбор калаага алып келүү, жатакана, тамаш-аш менен камсыз кылуу боюнча чыгымдарын жогоруда аталган К.Дүйшөналиев өз мойнуна алган.

— Мен дайыма айтам окуучуларыма лимондон лимонад жасаса болот деп. Айтайын дегеним, окуучулар менен эки тонна макулатура чогултуп, 20 миң сом жасап, ага мектепке кайра китеп сатып алдык, — дейт Байыш Абдыбеков.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Китеп эстафетасы

 Байыш Абдыбеков жакында эле «Устат-Шакирт»  салттык музыка долбоорунун демилгеси менен жети облустун «Китеп» ийрим жетекчилери менен уюштурулган онлайн жолугушууга келип кетти.

— Адабият күнүнө карата «Устат-Шакирт» уюштурган онлайн жолугушууга келип,  «Эмне үчүн китеп окуш керек?», «Финляндия өлкөсүнүн өнүгүп-өсүү сырлары» жана «Пайгамбар» деген китептерди Ысык-Көл облусунун Шор-Булак айылынын мектебине эстафета кылып берип атам. Алар бул китептерди окуп бүткөндөн кийин башка облустун мектебине белек кылып өткөрүшөт. Учурда ушул демилгенин Жобосун иштеп чыгып, колго алып жатабыз.

Китеп окуу боюнча Ат-Башы районунда жакшы иштер жүрүп жатат.  Бишкек шаарындагы «Устат-Шакирт» салттык музыка долбоору менен да тыгыз иштейм, Нарын облусу боюнча координаторумун, — дейт  мугалим.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ

Ийгиликтер

Карантин учурунда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору уюштурган «Аталардын эрдигин  даңктайбыз» деген республикалык онлайн-сынакка Боогачы мектебинин окуучулары катышып, байгелүү  орундарга жетишкен.

— Бир окуучум Майсалбектин катын окуса, экинчиси Толгонайдын монологун аткарып, экөө тең ийгилик жаратып,  байгелүү орунга жетишти. «Сейтек» борбору уюштурган «Айтматовду окуйбуз» деген сынакта да окуучуларым активдүү катышып, эки окуучум тең 1-орундун жеңүүчүлөрү болуп калышты, — дейт элеттик мугалим. — Мектепте спорттук иш-чаралар көп өткөрүлөт. Окуучуларды  таза жашоого үндөп,  тамекиден, ичкиликтен алыс болуш үчүн дайыма минифутбол аянтчасында мелдештерди уюштуруп турабыз. Жакында эле «Сорос» фонду уюштурган  «Атам, апам жана мен» деген иш-чарага катыштык.

АР ТАРАПТУУ ЭЛЕТТИК МУГАЛИММезгилден артта калбаган мектеп

Боогачы атындагы мектепте 700 жакын окуучу окуйт.  1-, 5-, 9- жана 10-класстын окуучулары онлайн окуп жатышат. Калгандары аралыкта билим алышууда.

— Январь-февраль айларында «Сапаттуу мугалим» деген долбоордун алкагында иштеп жатканбыз. Пандемия учурунда  «Бай түшүм» банкы менен келишим түзүп, 30 мугалим насыяга ноутбук сатып алууга аргасыз болушту. Жашы өткөндөргө онлайн окутуу кыйын болуп калат экен. Кээ бир мугалимдер үйүндөгү эмеректерин такта катары пайдаланып, сабак өтүп жатышты. Издендик, кырдаалдан чыгуунун  ыкмаларын үйрөндүк. Телефонду максаттуу пайдаланганды балдарга үйрөтүшүбүз керек. Балдарга да кыйын болуп атат. Ар бир үй-бүлөдө 4-5 окуучу. Телефон баарына жетишсиз. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу билим сапаты түшүп кетти. Бирок мугалимдер изденип, шартка көнүп иштеп жатабыз. Салттуу сабак берүүдөн өтөөрү жок экенин жон терибиз менен сездик, — дейт Байыш Абдыбеков.

                                                                                                                                                                                         Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер