АР БИР БАЛА – ӨЗҮНЧӨ БИР ДҮЙНӨ

  • 30.03.2021
  • 0

«Мугалимдин чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сөзсүз түрдө сезишет. Ар бир бала – өзүнчө бир дүйнө. Жакшы, жаман адаттары менен бирге өз балаңдай сүйсөң, анда бала жан дүйнөсүн ачып берет. Ошондо гана балага керектүү нерсени берип, туура нукка багыттай алам», — дейт Бермет Тумантаева. Анын өз кесиби, заман талабы, окуучулары жөнүндөгү ойлоруна ортоктош болуңуздар.

АР БИР БАЛА – ӨЗҮНЧӨ БИР ДҮЙНӨ

«Уядан көргөнүм ушул кесип эле»

Кыргыз билим берүү академиясында окуп, башталгыч класстар жана орус тили мугалими деген адистикке ээ болгон Бермет Тумантаева азыр Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылындагы №35 Жумабек Чаргынов атындагы орто мектепте иштейт.

«Кесиптердин эң ардактуусу болгон мугалимдик кесипти тандап калуума атам Тумантаев Кыпчакбай себепчи болгон. Атам 50 жыл бою мектепте иштеген көрүнүктүү математика мугалими. Эл агартуунун мыктысы. Беш бир туугандан улуу эжем, сиңдим жана мен агартуу тармагында эмгектенип келебиз.

Таятам менен таякем да мугалимдер. Алардын папка көтөрүп жүргөнүнө, баскан-турганына, кийингенине кичинекей кезимден эле суктанчумун. Бала чагымда мугалимдиктен башка кесиптер бар экендигин элестетип көрбөптүрмүн. Атамдын да ар бир кыймылын туурап, бир туугандарым менен мектеп ойногон күндөрүм көз алдыма тартылат. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле орус тилин кызыгып окуп, олимпиадаларга катышып, облустук турга чейин барып, байгелүү орундарга жеткенмин».

Кесибин сүйгөн мугалим 2018-жылы райондук «Жыл мугалими» сынагына катышып, биринчи орунду жеңип алган. Буга даярдануу үчүн тарткан түйшүгү кесиптик өсүшкө да өбөлгө болуптур.

АР БИР БАЛА – ӨЗҮНЧӨ БИР ДҮЙНӨ

«Өзүмдүн кызым, бир жагынан окуучум Айзиректи олимпиадага даярдаш үчүн мектептен кийин үй жумуштарын бүтүрүп, кенжебизди уктатып жатканда же тамактанып отурганда деле орус тилин үйрөтө берчүмүн. Кечинде тест менен иштечүбүз. Ошентип, 2018-жылы облустук турда 3-орунга ээ болду».

Ар бирибиздин көңүлүбүздөгү ой

«Мугалимдердин статусу жөнүндө канчалык сөз болсо да, иш жүзүндө эч жылыш жоктой сезилет. Эгер биздин эмгек акыбызды көбөйтсө, педагогикалык жогорку окуу жайларды мыктылар тандап, жакшы билим алып чыкмак, мектептеги билим сапаты да жакшырмак.

АР БИР БАЛА – ӨЗҮНЧӨ БИР ДҮЙНӨ

Айыл жериндеги балдар мектептеги 45 мүнөттүк сабакта гана орус тилинде сүйлөп үйрөнүшөт. Бул сабак 1-класстан 9-класска чейин жумасына үч жолу гана кирет. Анын эки сааты орус адабиятына жана бир сааты орус тили грамматикасына кетет. Ошондуктан айылдык мектептерде орус тили сабагынын санын көбөйтүү керек деп ойлойм».

– Мугалим окуучусу менен кантип тил табышат?

– Мугалимдин чын жүрөгүнөн берилгендигин окуучулар сөзсүз түрдө сезишет. Ар бир бала – өзүнчө бир дүйнө. Жакшы, жаман адаттары менен бирге өз балаңдай сүйсөң, анда бала жан дүйнөсүн ачып берет. Ошондо гана балага керектүү нерсени берип, туура нукка багыттай алам. Окуучу үчүн да мугалимге көнүү, ишенүү убакытты талап кылат. Ортодогу жылуу мамиле, ишеним эми эле калыптанып калганда, мугалимдер алмашып кетсе, балага кыйла оор келет.

– Айылда орус тил чөйрөсүн атайылап түзүүгө болобу?

– Ушул максатта мектептен сырткары окуу курстарын ачып, үйүбүздүн бир бөлмөсүн класс кылып даярдадык. Айрым балдар түшүнүп турса да уялуу сезимдери тоскоолдук кылып сүйлөбөйт же сөз байлыгы жетишсиз болот. Кошумча окуу курсумду уюштуруума ушундай жагдайлар себеп болду. Мектепте 45 мүнөттө 25, 30 окуучу менен иштесем, кошумча сабагымда сегиз окуучу менен эки саат иштейм. Курста сегизден 16 бала болуп эки топ окуйт. Бир топко сегиз баладан ашык албайм, анткени ар бир балага жеткиликтүү убакыт бөлүп иштегенде, жасаган иш жыйынтыктуу болот деп ойлойм.

Окуу курсумдун дагы бир өзгөчөлүгү  – сүйлөө речин өнүктүрүү үчүн сабакта ырларды ырдайбыз, ар кайсы жомокторду сахналаштырабыз. Балдар бири-биринен интервью алып, дикторлук өнөрдү дагы аркалап көрүшөт. Бул иш-аракеттерде ар бир сөздүн айтылышын, жазылышын үйрөнүп, телефонго тартышат. Анан балдар өздөрү тарткан видеороликтеринин жакшы жактарын чогуу талкуулашат. Кичинекей болсо да ийгиликтерин белгилеп, сүрөп, балдарды орус тилине ушундайча кызыктырам.

Эзелки менен азыркыны айкалыштыралы

Заман алмашып, мугалим мурдагыдай маалыматтын негизги булагы болбой калды. Бул мугалимдер үчүн зор сыноо. Сабакка даярданганда ар бир окуучунун өзгөчөлүктөрүн, кызыгуусун эске алаарын айтат.

«Биринчиден, орус тилинин биздин жашообузга канчалык керек экендигин көргөзөм. Ошондо гана иш илгерилейт. Экинчиден, салттуу педагогиканын жетишкендиктери менен эле чектелип калууга болбойт. Андыктан ар бир сабагымды өзгөчөлөнтүп өтүүгө аракет кылам. Ал үчүн жаңы маалыматтарды, эффективдүү ыкмаларды, маалымат технологияларын колдонуп көп изденем.

Бул процесс өзүмө дагы ырахат тартуулайт. Окуучулардын дилгир мамилеси ишимдин канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат. Орус тилинде өз оюн эркин билдирүү талап кылынган “Кто первый?”, “Найди ошибку”, “Схема Я”, “Нарисуй написанное” деген сыяктуу ыкмаларды көп колдоном. Өзүм иштеп чыккан ыкмалар дагы бар. Баланын сабаттуулугу үчүн “Красная ручка” сөз байлыгын өстүрүүгө “Услышь, представь и угадай” ыкмаларын, баланын психологиясын эске алуу менен иштеп чыгып, практика жүзүндө эксперимент жүргүзүп, эффективдүүлүгүн көргөн соң колдоно баштагам. Семинарларда, билимди жогорулатуу окутууларында бул ыкмаларды көргөзүп, бөлүшүп келем. Тандап алган кесибимдин касиеттүүлүгүн, сулуулугун көрсөтүп иштесем дейм».

АР БИР БАЛА – ӨЗҮНЧӨ БИР ДҮЙНӨ

Сабакта окуучулардын туура жасаган иш-аракеттерин баалап, кийинки ийгиликтүү кадамдарына стимул берип турам. Жаңы чыгарма менен таанышууда токтотуу  ыкмасын колдоном дейт.

«Окуучулар окуянын өнүгүшү боюнча өз ойлорун ортого салат. Менин оюм менен чыгарманын чыныгы мазмуну менен канчалык дал келээр экен деген ар бири абдан кызыгат. Бул ыкма балдардын чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. “Силер ошол каармандын ордунда болсоңор, эмне кылмаксыңар?” деген сыяктуу суроолорду берип, баланын позициясын угуп, эркин ой жүгүртүп, жеке пикирлерин айта билүүсүнө көбүрөөк көңүл бурам. Тапшырма берүүдө китеп менен чектелип калбастан, интернет булактарын колдонууну сунуш кылам».

«Окуучунун жүзүн көрбөй сабак өтүү кыйын болду»

– Күтүүсүздөн келген пандемия шартында кантип иштедиңиз?

– Албетте, башында кыйналдык. Кайтарым байланыштын толук кандуу болбогондугу ишке таасир тийгизди. Бирок изденип, башка жолдорду табыш керек эле. Башталгыч класстарда мультфильмдеги «Маша жана аюу» сыяктуу каармандарды сүйлөтүп, окуучулардын кызыгуусун арттырганга аракет кылдым. Баалоо процессин дагы өзгөчөлөнтүп, бааларды сүйлөтүп, кийинки сабактарыма мотивация берип жаттым. Жасаган эмгектерим райондук билим берүү мекемеси тарабынан бааланып, диплом грамоталар менен сыйландым.

Айыма Кулубекова,
2-класстын окуучусу:

– Бермет эжейимдин кошумча курсуна 1-классымдан бери барам. Эжекемдин сабагын аябай жакшы көрөм. Биз туура эмес сүйлөп, жазсак дагы эч урушпайт. Жакшы жазып, так сүйлөгүлө деп айтат. Сабакта бизге көп оюндарды ойнотот. Мисалы, “Ералаш”, “Ребус” сыяктуу оюндарды ойноп, табышмактарды айтып, кроссворд толтурабыз.

Толгонай Садыкова, Айыманын апасы:

– Бермет эжей – балдарды сыйлап, колдоп, дем күч берип турган мыкты мугалим. Өзүмдүн кызымдан эле билгенимди айтсам, кыялдары, ким болгусу келгени, келечеги ж.б. жөнүндө дилбаяндарды көп жазып, ар кандай видеолорду тартышат. Балдарга кечке эле ыр жаттатып жадатпай, оюн аркылуу баланын эс тутумун өстүрөт.

Менин кызым үйдө кадимкидей орусча сүйлөп, бизди да сөзгө тартат. Курбулары менен да орусча сүйлөшүп, ойноп калышат. Окуучунун жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, начар окуган окуучуну мыкты окуган окуучуга теңеп, баарына тегиз мамиле кылганы жагат. Ката сүйлөгөндө, жазганда жемелебей, акырын оңдоп, түшүндүрүп коёт.

Таттыбүбү Мурзабекова,
5-класстын окуучусу:

– Бермет эжей бизге жомокторду айтып берет. Үйгө тапшырма бергенде ватсаптан жомокторду жиберет, биз түшүнгөнүбүздү айтып беребиз. Биздин эжейибиз аябай сулуу. Сабакта бизге ар кандай логикалык суроолорду берет, биз жооп бергенге аракет кылабыз. Бизге бири-бирибизди мактап, жылуу сөз айтканды үйрөтөт. Класста экиден топко бөлүп жарыштарды, дебаттарды өткөрөт. Көп ойнотуп, сабакты кызыктуу өткөрөт.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА,  «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер