АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗӨЛҮ

  • 25.03.2022
  • 0

Кыргыз тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖОЖдо англис тилин өздөштүрүүдөгү тоскоолдуктар жана аларды жоюуга көрсөтүлгөн методикалык айрым сунуштар.

Чет тилин билүү ар бир адам үчүн укмуштуудай келечекти ачат. Чынында эле дүйнө жүзүндөгү эң ири тил – бул англис тили. Учурунда Британия дүйнөнү башкаргандын натыйжасында бул тилде бардык континентте сүйлөшөт. Техника кылымынын учурунда интернет мейкиндигинин негизги бөлүгү англис тилинде. Дүйнөлүк глобалдаштыруу процессинин негизин да англис тили түзөт. Ал эми жумушта, каржы институттарында, туризмде, транспорт, аба жолдору, билим берүү жана башка коомдун ар кыл сфераларында англис тили колдонулушу керек экендиги баарыбызга маалым.

АНГЛИС ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗӨЛҮ

Англис тилине болгон мынчалык кызыгууну байкоочулар бул заманда чет тилин билүү, жакшы маяналуу жумушка орношууга жана келечекте оюңдагыдай карьера жасоого жол ача тургандыгы менен чечмелешүүдө. Кыргызстандын жаштары англис тилин билүүнү жакшы жашоого умтулуу катары түшүнүшөт.

Бүгүнкү замандын талабын байкап туруп, Кыргызстанда азыр тил үйрөнүүдөн эч ким качпасы анык, анткени англис тилин үйрөнүү биздин мамлекеттин жарандарынын маанилүү максаттарына айланганына күмөн жок. Мисалы, тилди билген жаран, жогорку маяналуу жумуш таба алат, тилдик тоскоолдук жок саякатка чыга алат жана жалпысынан жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртө алат деген ишенич жаралды. Ошол себептүү көптөгөн жарандар, жаш өзгөчөлүгүнө карабастан, англис тилди тез арада үйрөнүүнүн жолдорун тандашып, ар кандай тилдик курстарга барууга мажбур болуп жатышат. Бул маселе англис тилин үйрөтүүнүн методикасын мамлекеттик тилде жайылтып, билим берүү системасынын мектепке чейинки, орто жана жогорку баскычтарында чоң маани берилсе жеңил чечилмек. Албетте, системалаштырылган билим берилип жатат, жетишкендиктер болууда, бирок натыйжанын, жыйынтыктын пайызы аз жана сапат төмөн.

Мындай көрүнүштүн көптөгөн себептери бар. Анда, ошол себептердин бирине токтолуп, сиздер менен бөлүшүп көрөйүн. Бишкек шаарынын бир нече кыргыз мектептерин эсепке алгандан тышкары, бардык дубандагы айыл мектептеринин дээрлик бардыгында окутуу процесси кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Демек, тил үйрөнүү тоскоолдуктары орто мектептерден башталаары айкын. ЖОЖдорду орус тилинде бүтүрүп келген англис тилчилер, кайра кыргыз тилде берүү кыйынчылыгына дуушар болушат. Ошондуктан негизги себептеринин бири, азыркы учурда чет тилин окутуунун усулу боюнча кыргыз тилинде адабияттар жокко эсе болгондуктан, кыргыз тилдүү аудиторияга чет тилинин усулун окутуу лектор менен катар эле, студенттер үчүн да көп кыйынчылыктарды туудурат.

Аймактардагы мектептерди бүтүргөн окуучулар жогорку окуу жайына өткөндөн баштап эле тилдик тоскоолдуктарга кабылышаары белгилүү. Бир эле англис тилди эмес, башка предметтерди өздөштүрүүдө кездешет. Себеби алардын дээрлик бардыгы мамлекеттик тилде окутушат, мугалимдер жана чөйрө кыргыз тилдүү болгондуктан, окуучулар орус тилин да, англис тилин да кыргыз тили аркылуу үйрөнүшөт, ой жүгүртүүлөрү кыргыз тилинде калыптанат. А түгүл, мектепке ылайыкталган айрым англис тил окуу китептери да, кыргыз тил түшүндүрмөсү менен басылып чыккан. Ал эми жогорку окуу жайларда негизинен орус тил аркылуу берилген окуу китептери колдонулат. Бул жерден кыргыз тилдүү окуучуларга тилден тилге өтүү кыйынчылыгы келип чыгып, англис тилин өздөштүрүүсү төмөндөйт. Ошондой эле группаларда, шаардык мектептерден бүтүп келген окуучулар ортосунда чоң ажырым жана тил үйрөтүүдө мугалимдер үчүн да тоскоолдуктар пайда болот. Мындай абалда окуу программасы толугу менен аткарылбай калышы абзел. Мугалимдер мындай кыйынчылыктарды чечүүнүн жолу катары, жетишпеген студенттин жекече кошумча сабак алуусун сунушташат. Бирок англис тилин үйрөнүү деле капчыктын калың-жукалыгына көз каранды. Азыр америкалык же англичан окутуучулары бар сабактардын баасы бир айга 100 долларга жакындап барат. Мынчалык каражатты кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү эки же үч айда араң иштеп табат. Демек, мындай жол да студентке кайрадан кыйынчылык жаратат жана үй-бүлөлүк каражатка таасирин тийгизет. Ортодо чайналган студенттер курстан курска жетишпеген деңгээлде кала берүүсү, сапатсыз билимге алып келээрине шек жок. Бишкекте англис тилин суудай билген жаштардын бир агымы пайда болгону менен, эң өкүнүчтүүсү — айылдыктар жетиштүү шарттын жоктугунан улам, чет тилдерге колу жетпей калууда.

Окутуучу чет тилин окутуу усулунун теориясында кездешүүчү терминдерди колдонуудагы көйгөйлөрдү чече албаса, студент бул багыттагы адабияттардын жоктугунан билимин талапка ылайык өркүндөтө албайт.

СУНУШТАР

Бул макаланы жазууда менин максатым, кыргыз тилдүү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларда англис тилди үйрөнүүдө келип чыккан жогорудагыдай көйгөйлөрүн сындоо эмес, аларды изилдеп чыгып, окутуучуларга маалымдап жана сунуш берүү.

Жаштарга билим берүүдөгү жана англис тилин окутуудагы көп жылдык тажрыйбама таянып, жылдан-жылга өрчүп, тереңдеп бараткан жогорудагы көйгөйлөрдү изилдеп чыгып төмөндөгү сунуш-тыянакка келдим:

  1. Кыргыз тилдүү орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү ЖОЖго тапшыргандан тартып эле, англис тилин үйрөтүүдө, тилдик өзгөчөлүккө карап чет тилин окутуунун кыргыз тилинде жарык көргөн усулдук адабиятын ЖОЖдордо колдонуусу тилдик тоскоолдукту женилдетет;
  2. Сөз байлыгы кыргыз тилине көндүм болуп калган студенттерге англисче-кыргызча сөздүктөрдүн колдонулушу, оюн толугу менен айтып берүүсүнө, грамматикалык жана лексикалык материалдарды кыргыз тили менен салыштырып тез өздөштүрүүсүнө көмөк болот;
  3. Англис тилин окутуу боюнча изилдөө иштерине, көбүн эсе акыркы жылда чет өлкөлүк авторлордун эмгектерине таянуу менен иштелип чыгып жарык көргөн адабияттарды кыргыз тилине которуп орто мектептердин жана жогорку окуу жайлардын англис тил мугалимдерине жайылтса тилдик тоскоолдуктарды чечүүнүн кадамы башталат;

Англис тилин билүүнүн актуалдуулугу күндөн-күнгө жогорулап бараткандыктан, 2021-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Тынчтык корпусунун директорунун милдетин аткаруучу Кэрол Спан менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык, тагыраак айтканда, Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду. Бакыт Аманбаев Тынчтык корпусунун Кыргызстанда 30 жылга жакын убакыттан бери англис тилин мектеп окуучуларына, мугалимдерге үйрөтүүгө багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, алардын ишмердүүлүгүн мындан да жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуш-пикирлерин ортого салып, кыргыз мектептеринде англис тилин терең үйрөтүү маселесин талкуулады. Талкуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы Тынчтык корпусунун келечектеги ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашышты. Ушул макулдашууну негиздеп, англисче-кыргызча усулдук китептердин, англисче-кыргызча сөздүктөрдүн жана башка англис тилине тиешелүү адабияттардын, окуу китептердин нускасы көп санда басылып чыгышына көмөк көрсөтүп, кыргыз тилдүү орто мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына жардам берилсе жакшы болот деген оюмду ортого салып, макаламды жыйынтыктайм.

Майрам Дюшенова,
Кыргызстан эл аралык университетинин Америка таануу багыты боюнча ага окутуучусу

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер