АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ — КМУ!

  • 29.10.2021
  • 0

“Эгерде кайра жаралсам, кайра эле матфакты тандамакмын” — дешет, мындан 30 жыл мурда СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) математика факультетин аяктаган бүтүрүүчүлөрү. Алар быйыл сүйүктүү окуу жайын аяктагандыгынын урматына уюштурулган жолугушууну өздөрү билим алган университеттин босогосунан башташты.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

Таластан келген Дүйшөн агай

“Чыныгы жүздөр менен, жаркыган маанай менен жолуккан кандай жакшы” демекчи, адамдын өмүрүндө кайталангыс болуп бир келип, түбөлүк жүрөктө жашап калган студенттик кезибизге кездешкени канат бүткөндөй ашыгып келдик, бири-бирибиз көзүбүзгө көксөп жүрүп жеткен бир туугандай ысык көрүндү” — дешти, баардыгы бир ооздон.

Бул жолугушуунун уюштуруу тобун Бишкектеги А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук компьютердик гимназиянын директору Мурат Касымалиев жетектеди. Баса, анын жубайы да өзү менен бирге аяктаган курсташы —  Болду Жайнакова экөө өмүрлөш, кесиптеш болуп №5те бирге эмгектенет. Белгилей кетүүчү нерсе, экөөнөн башка Асанбаев Зайрагүл менен Кенжебаев Абдуалим дагы бирге окуп, баш кошкон курсташ-жубайлар. Арасында алыскы Баткенден, Жалал-Абаддан, Таластан келгендер да болду. Өрүкзарлуу Баткенден келген курсташы Таасилкан Бекешова ошол мезгил аралыгында Ноокат районундагы Чечме-Сай, Өрүкзар орто мектептеринде иштеп жүрүп, акыркы учурда Кадамжай районундагы Ак-Тилек мектебинде иштеп келатат, жердештери аны дасыккан тажрыйбалуу мугалим катары жогору баалашат.

Дагы бир курсташы Дүйшөнбек Абдыбалиев Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектепте информатик-математик болуп иштеген. 2010-жылдан бери Талас мамлекеттик университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө математикадан сабак берет. КР Билим берүүсүнүн отличниги төш белгисинин ээси Дүйшөн мугалим үчүн бул күн көпкө чейин эстен кеткис күн болду.

— Мен үчүн 30 жылдык жолугушуу өзгөчө жагымдуу болду. Себеби 30 жылдан бери көрүшпөгөн курсташтарым менен жолугуштум, башкалар ара-чолодо жолугушуп жүрүшкөн экен, мен ушул мезгил аралыгында бир да курсташымды көргөн эмесмин, ошондуктанбы, алар менен чер жазышып сүйлөшкөнгө да жетишпей калдым, — дейт элеттик мугалим Дүйшөн.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

Тогуз мүнөттөй өткөн тогуз саат

1991-жылы аяктаган матфактын дагы бир бүтүрүүчүсү Асаналиева Гүлмира учурда Кемин районуна караштуу Нур орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенет. Өзү ардактап-сүйгөн мугалимдик кесиптин аркасында өзүн көп балалуу энедей сезет.

— Мен үйдө үч баланын энеси болсом, мектепте 28 баланын энесимин. Ушунча баланын сүйүүсүнө арзып туруунун өзү чоң бакыт. Мугалимдик кесипти тандагандыгым да бекеринен болгон жок, менин атам Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө орто мектебинде өмүр боюн мугалим болуп иштеген. Окуучулардын баардыгынын эле тиши өто бербеген математиканы сүйүп, окуп калганыма азыркы учурда дагы математика мугалими болуп эмгектенип келаткан Сайра эжейим себепкер болгон.

Беш жыл бирге билим алган курсташтарыма, билим уябыз болгон улуттук университетке келип, жолугушканыбыздын өзү биздин турмушубуздагы эстен кеткис окуя болду. Көрсө, өмүрдөгү эң бактылуу курагыбыз — студенттик кез болот турбайбы. Жолуккан чын эле кандай жакшы! Биз алдын-ала сүйлөшүп, сүйүктүү университетибиздин алдынан жолугуштук, бул күнү биздин маанайыбызды сезгендей, аба ырайы да өзгөчө жылуу, өзгөчө мээримдүү болуп турду. Республикабыздын туш тарабынан баардыгы болуп 40ка жакын курсташ келиптирбиз, биз чогуу жүргөн тогуз саат тогуз мүнөттөй өтүп кетти. Ишемби күн болгондуктан, тилекке каршы, бизди окуткан эжей-агайларыбызга жолуга албадык, анын үстүнө көпчүлүк агайларыбыздын көзү өтүп кетиптир, — дейт Гүлмира толкунданганын жашырбай.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

Борбор калаабыздагы Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин “Компьютердик лингвистика жана маданий аралык байланыштар” кафедрасынын доценти Сонунбүбү Карабаева окууну аяктагандан бери аталган жогорку окуу жайда эмгектенип келе жатат. Борбордо турса да, ал дагы беш жыл бирге окуган курсташтарынын баарына эле жолугуша алган жок.

— Университетти аяктап, диплом алгандан кийин кээ бирлери менен жолугуша калып жүргөнүм менен, көбүн бүгүн араң көрүп, кубанычым чексиз болууда. Мүмкүнчүлүк болсо, тез-тез эле жолугушуп турсак, кандай сонун болоор эле, тилекке каршы, турмушта андай болбойт экен. Ортодон отуз жыл өткөндөн кийин, бүгүнкү күндөгү жолугушуудагы кучак толгон кубанычыбыз баарыбызга кут болсун дегим келет. Колдон келсе, мындан ары көбүрөөк жолугушуп турсак деген тилегибизди айтып, келерки жолугушууга катарыбыз кемибей, мындан да көбүрөөк санда келели деген илгери үмүт менен тарадык, — дейт Сонунбүбү Карабаева.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

“Ичим жаман туз куйгандай ачышат, бирге окуган курбуларды эстесем” демекчи, бирге окуган курсташтары менен жолугушууну эңсеп туш тараптан келишкен Жылдыз, Элмира, Камалдин, Саламат, Райгүл, Замир ж.б. сүйлөшүп сөздөрү бүтпөй, сырдашып сырлары бүтпөй жатканын айтышып, жолугушуунун ушунчалык ысык болооруна таң калышканын жашырышкан жок. Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылындагы Ж.Байболотов атындагы орто мектепте иштеп жүргөн Гуляза Эсеналиева баарынын башын бириктирген мугалимдик кесип экендигин баса белгиледи.

— Мен окуумду аяктаган соң, турмуш шартка байланыштуу башка тармактарда иштеп жүрдүм, бирок мугалимдик кесип мени кое бербей, өзүнө тартып туруп алгандыктан, акыры кайра эле айланып мектепке бардым. Азыркы жолугушууда курбуларым менен сырыбыз, оюбуз бир жерден чыгып жатканы ошол мугалимдик кесипке байланыштуу экенине ынандым. Көрсө, убагында анча элес албаганыбыз менен, бири-бирибиз жүрөгүбүздүн түпкүрүндө бекем орноп калган экенбиз, — деп, көкүрөгүндөгү сырлары менен бөлүштү.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

Ордолуу Оштон жолугушканча!

Республикабыздын туш тарабында эмгектенип жүрүшкөн кесиптештердин башын кошуп, жолугушуу кечесин уюштуруп, аны жетектеген Мурат Касымалиев жолугушуу тууралуу оюн мындайча жыйынтыктады:

— 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУну аяктагандыгыбызга быйыл 30 жылдын жүзү болуптур. Жети дубандан баардыгы болуп 36 адам чогулдук. Адегенде университетке бардык, ал жерден аудиторияларды кыдырып, короосунда сейилдеп, жаштык кезди – студенттик кезди эске салдык. Баардыгыбыз дээрлик билим берүү тармагында иштегендер экенбиз, жолугушуунун эң негизги максаты – жолугушуп пикир алышуу, жетишкен ийгиликтерибиз, үй-бүлөбүз, балдарыбыз менен таанышуу болду. Чындыгында бир кезде чогуу окуган курсташтарыбызда кандай өзгөрүүлөр болгондугун билүү кызык болду, анткени бири-бирибизге кыскача отчет бергендей болдук. Бул бир чети студенттик күндөрдө ортобузда болгон ынтымагыбыздын айкын далили деп билем. Сураштырып отурсак, арабызда алты илимдин кандидаты, 10 мектеп директору бар экен. Эң кызыктуусу, азыркы заманбап санариптик технологияларды колдонууда кимде кандай алдыңкы жетишкендиктер болсо, бири-бирине бөлүшүп, тажрыйба алмашуу иретинде дагы талкуулар болгону баарыбыздын көңүлүбүзгө төп келди. Мисалы, электрондук китептерди түзүү системалары, түзүлгөн электрондук китептер боюнча колдонуу тажрыйбалары, электрондук журнал, күндөлүк жана электрондук мектеп системалары боюнча кызыктуу ойлорубуз менен бөлүштүк. Жолугушуунун соңунда эмдиги жылкы жолугушуу кечени ордолуу Ош шаарында өткөрүүнү чечтик. Ошентип жыл сайын ар бир дубанга барып, жакындан таанышып, кыргыздын кереметтүү жерлерин кыдырып чыгабыз, — дейт Мурат Касымалиев.

АМАНСЫҢБЫ, АЛТЫН УЯМ - КМУ!

Ырас эле, жолугушкан кандай жакшы, айрыкча жаштыктын эң таттуу, эң кызык күндөрүн бирге өткөрүп, бир керебетте жатып, бир бөлкө нанды бөлүп жеген, бир туугандай ысык, жакын боолуп калган курбуларыңды көргөн кандай жакшы. Мына ушундай жолугушууга чогулабыз деп, “Кут билим” гезитине кабарлап, жолугушуу кубанычын башка кесиптештери менен тең бөлүшүүнү туура көргөн дагы бир курсташы, Дмитриевкадагы балдардын көмөкчү жатак мектебинде, социалдык көмөк көрсөтүү кызматтарында баш-аягы 22 жыл эмгектенип келаткан КР Билим берүү жана илим министринин, КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси Гүлмира Шамшиева курбубуз жөнүндө да бир-эки ооз сөз айтып кетпесек болбос. Табиятынан боорукер, мүнөзү жумшак, досчулукка бекем курбубуз Гүлмира ушул кызматты бекеринен тандап албаса керек.

Аягында айтаарыбыз, быйылкы жылы жолугушуу насип эткен жалпы эле бүтүрүүчүлөргө мындан аркы турмушунда да шыдыр жол, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалайбыз. Келерки жолугушуулар он жылдап созубай, кыялдангандай тез-тез болуп турсун дегибиз келет.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер