АМАН АЙТПАЕВ — КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

  • 27.10.2021
  • 0

Ак-Суу районунун Каракол айылындагы А.Айтпаев атындагы орто мектептин алдында ушул мектепти үч жолу кеңейтип курдурган Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин 8-чакырылышынын депутаты, айыл чарба илиминин кандидаты, Эмгек Кызыл Туу орденинин, эмгектеги артыкчылык медалынын ээси Аман атанын эстелиги уул-кыздарынын демилгеси менен тургузулду. Иш-чарада А.Айтпаевдин балдарынын атынан мыкты мугалимдерге, окууда жетишкен окуучуларга жылда берилчү стипендия тапшырылды.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

Өрнөктүү инсан

Иш-чарада Аман атанын басып өткөн жолунан, анын жазган китептеринен үзүндүлөрдү окуучулар сахналаштырып көрсөтүштү.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

Мектептин атын алып жүргөн Аман Айтпаевдин дүйнө салганына үч жылдын жүзү болду. Анын ысымын мектеп жамааты жана окуучулары даңазалап, талыкпай чыгармачылык изденүү менен Аман атадай атуулдарды тарбиялап, өстүрүп келе жатышат.

Аман Айтпаев 1931-жылы Казакстандын Алматы облусунун Челек районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1932-жылы анын ата-энеси Кыргызстандын Каракол совхозуна келип, жашоосун улантышкан. Ал 1946-1950-жылдарда Фрунзе шаарындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Өзүнүн кесиби мал доктур болсо да, тагдырдын буйругу менен 50 жылга жакын эмгектенген мезгилдин 40 жылдан ашыгын жетекчилик кызматта иштеди.  Анын ичинен 30 жылдан ашык чарба башкарып, 11 жыл Ысык-Көлдөгү Каракол совхозунда директор, 4,5 жыл Кемин райаткомунун  төрагасы, кийинки 20 жылда Каракол шаарына караштуу Кундуз айыл чарба жамаатын башкарган. Каракол айылында 30 жылга жакын жашап, эмгектенгенин айтып кетүү парз. Мектептин имараты 1972-жылы Аман Айтпаевдин жетекчилиги алдында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Ага  чейин 60-жылдарда Аман атабыз орто мектептин имаратын 300-400  окуучу бата тургандай кеңейтип курдурган. Айылга, анын ичинен мектепке салымы көп болгондуктан, Каракол айылындагы орто мектепке анын аты ыйгарылган болчу.

Ал Кыргызстан Борбордук Комитетинин, айыл чарба министрлигинин Өтмө Кызыл Туусун жана жогорку сыйлыктарды алган. Ошондой эле Аман Айтпаев Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак” грамотасынын, ССР Жогорку Совети тарабынан “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы менен да сыйланган. 1971-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 8-чакырылышына депутат болуп шайланган. 1997-жылы экс-президент Аскар Акаев эгемендүү мамлектеттин алгачкы сыйлыктарынын бири “Даңк” медалын тапшырган.

—          Ал киши тирүү кезинде жыл сайын Каракол айылындагы өзүнүн атындагы орто мектепке келип, өзүнүн  атынан мыкты окуган окуучуларга стипендия берип, окууда ийгилик жаратууга дем күч берип келген. Ошондой эле окуучуларга баалуу белектерди тапшырып, мектептин босогосун жаңы аттаган окуучуларга окуу куралдарын жана китепкап тапшырганын кантип айтпай коебуз.  Мектептин китепканасына жетишпеген башталгыч класстын окуучуларына окуу куралдарын жана өзү жазган “Кондойдун сыры” аттуу китептери менен камсыздачу. Кызы Гүлнара Айтпаева жетектеген “Айгине” маданий-изилдөө борборунан методикалык жана адабий чыгармалары тартууланган. Алдыңкы көрсөткүчтөрдү берген мугалимдерге сыйлыгын тапшыруу менен мугалимдердин ийгилик жаратуусуна өбөлгө түзүп келчү, — дейт мектептин директору Салтанат Шорукова.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

Кызы филология илимдеринин доктору, доцент  Гүлнара Айтпаеванын айтуусунда, атасы  жыл сайын 26-майда барып, жакшы окуган балдарды колунан келишинче колдоп турчу.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

 

— Көзү өткөндөн кийин мен бул ишти колго алдым. 2019-жылы стипендия бериле башталды. Быйыл улантылды. Стипендия үч көрсөткүчтүн негизинде берилет: 1. Мыкты окуу; 2. Мектептин аброюна салым кошуу: спорт, театр, сынактарга катышуу аркылуу; 3. Атам тууралуу маалымат билүү. Мыкты окуучуларды мугалимдер өзүлөрү гана тандашат жана аты, жөндөрүн мага салышат. 3-5-класстардын балдары — 500 сомдон, жогорку класстын окуучуларына — 1000 сомдон берилет. Быйыл 60000 сом алып барганбыз, сыйлыкка көрсөтүлгөн мугалимдерге, окуучуларга тапшырдык. Ошондой эле  колдон келишинче мектеп муктаж болгон китептерди да берип келебиз. Тарых деген эмне? Бул суроого миң түрлүү жоопторду кайтарса болот.  Атам жазган китептин баалуулугу так ушунда: белгилүү тарыхый окуялар (мисалы, 32-33 жылдагы Казакстандагы ачарчылыктан тартып азыркы Кыргызстандагы саясый көрүнүштөргө чейин) жеке адамдын өмүрү жана көз карашы аркылуу көрсөтүлөт. Атакем совет бийлиги күч ала баштаган убакытта төрөлүп;  ал бийлик тоо-чокусуна жеткенде калыптанып, элге таанылып; совет бийлигинин талкаланышына туш болуп, кайгырып, бирок,  өзүн жоготпой, кайрат кылып, жаңы замандын талабын көтөрө алды. Өз ордун таба алды. Мындай жашоо-өмүр үлгү да болот, сыймыктанууга да жатат, — дейт кызы Гүлнара.

Керээз, насыят, тилек

2001-жылдын күзүндө Аман ата жетимиш жашка толгондо балдарына керээзин айтып, кыргыз-казак алакасы тууралуу жазып кеткен экен. Автордун ойлорун бурмалабай, өзү жазган насыят, тилектерин окурмандарга жеткирүүнү туура көрдүк.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

“Жараткан Алланын мени жетимишке чыгарганына миң мертебе таазим кылам, тобоо келтирем. Анткени, казак элине каргашалуу каран түн түшкөн отузунчу жылдарда, тактап айтканда, 1931-жылы, эл жайлоого чыгып жатканда (божомол менен май айында), жарык дүйнөгө келиптирмин. Ошол жылдарда сталиндик биринчи беш жылдык планды (жоспарды) казак элинен чыккан «бөрк ал десе, баш алган кызыл тебетейлер» үч жылда аткарабыз деп, элдин малын, данын, башка оокаттарын шыпырып алып, ачарчылыкка дуушар кылып, кыргынга учураткан. «1928-жылы казактын саны алты миллиондун тегерегинде болгон» деген маалымат айтылат. 30-жылкы ачарчылыктан кырылган элдин саны эки эсеге азайып, 2,5-3 миллионго түшүптүр. Ачкачылыктан жан соогалап, элдин көбү Россия, Кытай, Украина, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстанга качып кирип, жан сактаптыр. Мына, ошол казактын бири мен, жетимишке чыгып, маараке той өткөргөнүмө ой толготуп, өтө таң каламын.

АМАН АЙТПАЕВ - КЫРГЫЗ-КАЗАК ЭЛИНИН ДАНАКЕРИ

Алты айлык мени ата-энем атка өңөрүп, артынып, көчүп, жөө качып, кыргыз-казактын ортосундагы Күңгөй Ала-Тоосунан Кудургуну ашып, Шаты айылындагы Жыргалбай деген жездеге баш калкалап келиптир. Жыргалбай жезде илгери, XIX кылымдын башталышында, перзент көрүүнү самап, казактын Сарбулак, Сартоосун жердеген кыстык уруусуна барыптыр. Анткени, менин атам Айтпай менен ал мурунтан катташып жүргөн жолдош, дос экен. Ошондо Айтпай досуна Ырыскан деген карындашын алып берип, башына үй тигип, элине калтырыптыр. Арадан бир-эки жыл өткөн соң, Жыргалбай жездебиз Урманбет (Нурманбет) деген уулдуу болгондон кийин, кайын агасы мал бөлүп берип, күйөө баласын үй-бүлөсү менен көчүрүп, Шатыга жеткириптир. Жазуу буйрук менен, кайрадан жарым кылым өткөндө, биз башпааналап, Жыргалбай жездеге келиптирбиз. Жезденин оокат-тиричилиги дурус, малдуу болуп, биздин башыбызга үй (алачык) тигип, мал кайрылышып, бизди ачкачылыктан сактап калыптыр. Бирок «багы жокко дагы жок» дегендей, отуз экинчи жылы жезде кулакка тартылып, малынан, оокат-тиричилигинен ажыратылып, эже менен бирге Карагандынын алыскы эл аз жашаган чөлүнө сүргүнгө айдалат. Арадан 4-5 жыл өткөндөн киийн, жезде эже менен бирге ден соолуктарын жоготуп, азып-тозуп, элине кайра келип, өз жери Шатынын топурагы буюруп, каза болушкан.

Жыргалбай жезде кулакка тартылып, айдалып кеткенден соң, менин ата-энем, туугандарым, отуз экинчи жылы Ой-Булак айылына көчүп барышып, Жумагыз деген эжени ошол айылдын Карымшак уулу Осмон аттуу жигитине күйөөгө беришиптир. Өздөрү Ой-Булактын оокаттуу адамдарынын малын багып, жан багыштын айласын жасап, кыштап калышат.

Отуз үчүнчү жылдын жазында Көңдөйдүн талаасында жаңыдан уюшулган Бауман атындагы (Каракол) совхозго көчүп келишип, жумуш иштешип, совхоз жаңыдан курган үйлөргө кирип, жашоо-тиричилик өткөрүшөт. Ошентип, мен эки жашымда ушул жерге келип, өмүр жолун баштаган экенмин. Көңдөйдүн талаасында отуз жылдан ашык өткөн өмүрдү, жашоо-тиричиликти колдон келишинче ушул «Көңдөйдүн сыры» деген китепте баяндадым.

Өткөн өмүргө ой жүгүртсөм, менин жетимишке чыгышыма, биринчи, ыраматылык апам себеп болуптур, анткени ал мени өзүнүн ак сүтү, денесинин жылуулугу менен өлүмдөн сактап калган. Болбосо алты айлык баланы атка өңөрүп, ашуу ашып, эки жыл кийиз алачыкта кыштаганда, тирүү алып калыш биринчи Жараткан Алланын жазуу буйругу, экинчи, апамдын денесинин жылуулугу экендиги, күн чыгып, кайра баткан сыяктуу чындык. Ушундай кыйын турмуштун зардабынан менден үч жаш улуу эжем кызыл жүгүрүк (ревматизм) оорусуна чалдыгып, он бешке чыкканда, кырк үчүнчү жылы каза тапты.

Ачкачылык, сууктан тоңуп өлүүдөн аман калып, эки жашымда Каракол совхозуна келгеним, мен үчүн чоң бакыт болуптур. Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы, «кыл көпүрөдөн» өтүп кеткен ошол мезгил тууралу мен 70-жылдарда төмөнкү ыр саптарды балдарыма, туугандарга, окуучуга тартууладым.

Биздин тукумда Айтпай, менин жазуу жүзүндөгү атам, болжолу алтымыш, жетимиш жаштын аралыгында каза болуптур. Өз атам Бармеш 1943-жылдын аяк ченинде, жетимиш үчкө караганда, дүйнөдөн өттү. Мен анда он үчкө карап, эс тартып калган кезим. Улуу Ата мекендик согуштун айынан уй багып, сүт тартып, жумуш иштегениме эки жылга жакындаган. Энем болсо 1970-жылы жетимиш үчкө караганда жарык дүйнөдөн өттү. Энелеш агаларым, Айтпайдын тукумдары: Сейсенгожо, Нурдөөлөт, Байдөөлөт үчөө тең, 64-66 жаштарында эрте өтүп кетишти. Аталаш агам Сейсенбай 73кө караганда көз жумду.

Аталаш, энелеш деп бир туугандарды жазууга туура келди. Анткени Айтпай менен Бармеш бир туугандар, Элемандын балдары, Айтпай уулдары. Менин энем Батима Айтпайдан Нурдөөлөт, Байдөөлөт деген эки эркек төрөгөндөн кийин, отуздан ашканда, ыраматылык Айтпайдан жесир калыптыр. Казак-кыргыздын салты боюнча, тукумдарды сакташ үчүн энемди кайниси Бармешке алып бериптир.

Мен Бармештен жаралганым менен Айтпайдын атында болуп калдым. Экөөнүн тең арбактары ыраазы болсун, биринен жаралып, экинчисинин атында болуп калганыма.

Айтпай, Бармештин тукумунан токсонго жакындап дүйнөдөн өткөн аталаш эжем Жумагыз болду. Ал эженин көп жашаганы — биздин тукумда узак өмүр сүрүүнүн дарегин билдирген. Мен эми жетимиш жетиге карап, Алланын буюрган өмүр жашын көрүшкө тилек кылып турган чагым. Мүмкүн, мен дагы Жумагыз эженин жашына жакындаймынбы? Ал бир Алланын колунда.

«Армансыз дүйнө болбойт» деп, элде айтылгандай, бир Алладан тилээрим, ушул жаңы конуш, үй-жайдан балдарымдын, жалгыз уулум Канаттын тукуму өнүп, өсүп, көбөйүп, эл катарына кошулсак, анын балдары, мен өлгөндө «атакелеп» ыйлаганга жараса деген үмүт дайыма көкүрөктө. Алланын беш баланы, алардын төртөө кыздар, бир уул, Канатты бергенине миң мертебе тобо, таазим кыламын.

Жаралдым казак даласында,

Көмүлөм кыргыз талаасына.

Өткөрдүм өмүрдү эки элдин арасында,

Жүргүнчүлөр айтышаар билгендерин.

Аман аттуу,

Айтпай, Бармеш баласына.

1972-жыл.

Мен дагы жетимиштен ашып, сексенди майдалай баштаганда, акыркы парызды аткарууга ниеттенип, бул жарык дүйнөдөн көзүм өткөндө, төмөнкү тартипте жерге көмүлүүнү балдарыма, туугандарыма тапшырууну туура көрдүм.

«Садаганы соо турганда бер» дегендей, азыр кудайга шүгүр, деним сакта, мени жерлеш боюнча тартип-тилек айтып, керээз жаздым”.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”         

Бөлүшүү

Комментарийлер