АЛТЫН ТАМГА: ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ НАЧАР?

  • 08.06.2022
  • 0

Быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга бүтүрүүчүлөрдөн 2280 өтүнмө түшкөн, алардын ичинен 2141 бала тестке катышып, 80 бала гана артыкчылык аттестатка татыктуу экенин  далилдеди.

 

Каалоочулар көп, далилдегендер азАЛТЫН ТАМГА: ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ НАЧАР?

Тестирлөө мамлекеттин эсебинен өтүп жаткандан кийин тендер жарыяланган. Аны Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технология улуттук борбору жеңип алган. Андыктан Билим берүү жана илим министрлиги менен келишимдин негизинде тестирлөөнү ушул борбор өткөрдү.

Орто жалпы билим берүү программаларынын  негизинде “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын стандартташтырылган бланкалык тестирлөө  түрүндө өткөрүү жөнүндөгү Билим берүү жана илим министрлигинин чыгарган буйругуна ылайык, 31-майда өлкөнүн  19 өткөрүү жайында “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына төрт предмет, т.а. математика (алгебра жана анализдин башталышы); Кыргызстандын тарыхы; химия; эне тили жана адабияты (кыргыз, орус, өзбек тилдери жана адабияттары) сабактары боюнча бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн алган билимдерин тастыкташты.

Билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технология улуттук борборунун директорунун орун басары Зейнеп Жамакееванын айтымында, тестке катышуу үчүн 2280 бала өтүнмө берсе, алардын ичинен 2141 бала тестирлөөгө катышты.

— Региондор боюнча алып көрсөк, маселен, Жалал-Абад облусу боюнча 370 гана бала өтүнмө берген. Анткени айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү министрликтин буйругун так аткарбагандыктан, тестирлөө өтөөр күнү “биз унутуп калыптырбыз” деген ж.б. шылтоолор менен дагы сегиз баланы кошкондон кийин, 378 бала катышып, анын ичинен 11 бала мыктылыгын далилдеди.  Нарын облусунан 194 өтүнмө берилсе, 154 гана бала катышып, анын бирөө гана тастыктай алды. Баткен облусунан 188 өтүнмө берилип, 174 бала катышып, үч окуучу мыкты окуганын тастыктады. Бишкек шаарынан 374 бала өтүнмө берген, 352 катышып, 37 бала далилдеди. Талас облусунан 77 бала өтүнмө берген, анын ичинен 72 катышып, үчөө далилдеди. Чүй облусунан 135 өтүнмө берилген, 128 бала катышып, бир гана бала далилдеди. Ысык-Көл облусунан 264 бала өтүнмө берсе, 158и катышты. Алардын ичинен алты  бала алган билимин далилдеди. Ош облусунан 531 бала өтүнмө берген, 428 катышып – 15 бала мыкты окуганын тастыктады. Ош шаарынан 147 бала өтүнмө берип, 194 бала катышты, үчөө далилдеди. Демек, Ош шаарынан тестирлөөгө өтүнмө берилгенден кийин 50 бала ашык келди.  Жыйынтыгында болгону 80 бала гана мыкты окуганын далилдей алды, — дейт Зейнеп Жамакеева.

Пандемиянын кесепети

— Негизи артыкчылык аттестатка окуучулар класстык журналында 10- жана 11-класста бардык сабактан жалаң “5” деген баа алгандар гана талапкер боло алышат. Тилекке каршы, өзгөчө үлгүдөгү  документ алам деген талапкерлердин көпчүлүгүнүн билим сапаты начар экени дайын болду. Себеби, менин оюмча, биринчиден, 2020-2021-окуу жылында окуучулар онлайн форматта окуп, мугалимдер аларды  тегиз көзөмөлгө алалбагандыктан, көпчүлүк окуучулар ар кандай  маалымат булактарын  колдонуп, үй шартында жооп бергенде “5” деген бааларды алышкан. Экинчиден, мугалимдер өз окуучуларын пандемия шартында моралдык колдоо көрсөтүү үчүн бааларды “салыштырмалуу” жогорулатып коюшкан. Демек, онлайн окуу талапкерлердин  билим деңгээлине таасирин тийгизген. Бул эч кимге деле жашыруун эмес, ошол үчүн  2022-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу республика боюнча 1000 ашык бала талапкер болуп катталды.  Тилекке каршы, билим сапаты абдан начар экенин көрсөтүштү. Эгер бала бир сабагынан “3” же “4” алып калса, бул тастыктаган жок деген жыйынтыкка алып келет, — дейт директордун орун басары.

АЛТЫН ТАМГА: ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ НАЧАР?

Өзгөчө аттестатка татыктуу деген ар бир баланы мектеп көрсөтөт, андан соң райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү/башкармалыктары балага баа коюлган журналын текшерип, акыркы мөөр басылган  тизмени беришет. Ал эми республикадагы министрликке түздөн-түз баш ийген мектеп-интернаттар жана жеке мектептер талапкерлердин мөөр басылган тизмесин өздөрү беришет.

Тапшырмаларды ким даярдайт?

— Тапшырмаларды атайын тестология боюнча окуудан өткөн мугалимдер даярдашат. Министрдин буйругуна ылайык, тесттердин мазмуну боюнча республикалык усулдук комиссия түзүлөт. Ага Кыргыз билим берүү академиясынын адистери, Чүй облусунун, Бишкек шаарынын көрүнүктүү мугалимдери кирет. Алар стандартка ылайык биздин адистер менен бирге ар бир предмет боюнча тесттин  технологиялык матрицасын түзүшөт, бул учурда негизги көңүл окуу программасынан тышкары материал камтылбаганына бурулат.  Бир дагы суроо мектептин программасынан сырткары болбошу керек. Бул жылы да тест тапшырмалары программанын чегинде болду. Биздин улуттук борбор буга чейин бир жыл ичинде эки жолу көнүгүү, бир жолу негизги тестирлөөнү өткөрөт. Ал дагы бекитилген Жобого ылайык өтөт жана көптөгөн талапкерлер ал тестирлөөгө катышып, тесттин структурасы, дизайны менен тааныш болушат, — дейт З.Жамакеева.

Апелляцияны ким өткөрөт?

Бекитилген буйруктун Жобосуна ылайык, талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн тартиби боюнча техникалык комиссия түзүлүп, анын курамын министрлик бекиткен. Ар бир окуучуга милдеттүү түрдө бирдей шарттар түзүлгөн.

— Техникалык комиссия  апелляция учурунда негизги документ болгон талапкер толтурган жооп баракчасын сканер аркылуу окулуп, атайын программа менен компьютерде тестирлөөдөн өткөндөн кийин алган упайларын, жооп баракчасын кол менен иштеп чыккан баллдардын шайкештигин гана текшерет.  Мазмуну боюнча апелляция жүргүзүлбөйт. Мисалга, талапкер  бала бир суроого эки жоопту боеп койсо, компьютер нөл балл коет. Жооп баракчасын толтуруу, тест менен кантип иштөө жөнүндө тест администратор тест башталардын алдында 30 минуттук маалымдама (инструктаж) өтөт, — дейт жетекчи.

Айрым маалымат каражаттары артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалыматтарды таратышты. Ал чындыкка дал келбээрин, талапкерлер менен Техникалык апелляциялык комиссиянын курамы иштеп жаткандыгын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына Техникалык апелляциялык комиссияга арыздар кабыл алынып (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептөө),  алар  иштеп жатышат. Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин гана чыгарылат жана кызыкдар тараптардын бардыгына маалымат берилет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер