“АЛТЫН ТҮЙҮН” — ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

  • 30.04.2022
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясы  «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун жаштар форуму 25 жылдан бери өлкөбүздүн эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн дагы ары таланттуу, ары жөндөмдүү балдарын чогултуп келатат. Быйыл бул форумда 300дөн ашуун изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер сунушталды. Ошондой эле Россия, Украина мамлекеттеринин интеллектуалдары онлайн форматта иштерин жакташты.

 

 

Өлкөнүн өнүгүшүнө“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ салым кошкондор

Быйылкы форумдун өзгөчөлүгү — «Жаӊы теориялык иштелмелер жана моделдер»; «Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»; «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар»; «Маалыматтык технологиялар жана программалоо»; «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар»; «Дубалга илинүүчү моделдер» боюнча  ар бир ойлоп табуучу алып келген ишин жактады, ал эми «Окуучулардын астрономиялык турниринде» 12 команда чучукулак кармап, ар бир үч команда беттешип, кайра бир команда оппонент болуп, кемчиликтерин айтып, кызуу таймаш болду.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Астрономия турниринин калыстар тобунун төрагасы, ф.и.к. Жайлоо Мамытбеков Кыргызстанда окуучулардын амбициясы абдан чоң экенин белгилейт.

— Азыр Кыргызстанга водороддук бомба жасайм деп чоң-чоң проектилерди айткан интеллектуалдар жок эмес. Ошол кыялдануу жогорку окуу жайдын 5-курсун бүткөнгө чейин барып өлөт. Себеби мамлекетте техникалык жактан балдарды өнүктүрүү үчүн атайын программа жок. Бул чоң көйгөй. Себеби балдардын амбициясы өлбөш керек, 5-курска барганда ошол кыялы ишке аша тургандай деңгээлге жетүүсү абзел. Балдар эмнеге космоско кызыгат? Анткени акыркы жылдары Илон Маск “Мен космосту багындырам” деген чоң долбоор  менен жаш балдарды ээликтирип жатат. Себеби жердин ресурстары түгөнүп, бул багытта согуш башталды. Биздин балдардын астрономияга кызыккан себеби, “ошондой ири проектилерди биз дагы аткарабыз, колубуздан келет” — деп жатышат. Ошолорду анализдеп жүрөбүз. Дегеле астрономияга окуучулардын кызыгуусу чоң, бирок мугалимдердики анчалык эмес. Мугалимдерге да сыйлык каралганда, менимче, балдарды жакшы даярдамак. Эң башкысы эмдиги жылы бул сынакты кыргыз тилинде өткөрүү керек. Мен ошону сунуштап жатам. Себеби региондон келген балдар суроону түшүнбөй, котормочу керек болуп жатты. Ошондуктан чыныгы күчтүү балдардын ойлору жакшы жетпей калды, — дейт төрага.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

«Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» жаштар форуму – бул чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук  идеялар дүйнөсүнө берилген уникалдуу жолдомо эле эмес, ал өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга берилген эӊ сонун мүмкүнчүлүк экенин уюштуруучулар баса белгилешти.

 

Форумдан кийинки ойлор“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Жаркын БАПАНОВА, УИТБАнын президенти:

— Бул форум 1998-жылы башталган. Ал кезде ушуга чейин уланат деп ойлогон да эмеспиз. Мына быйыл 25-жолу өткөрүп жатабыз. Өкмөт биздин ойлоп табуучу балдардын дареметин баалап, республикалык предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө теңдеп койду. Таланттуу балдар ЖРТдан босого балл алгандан кийин бюджеттик орундарга сынаксыз кабыл алынат. Бул — форумдун жетишкендиги. Жылдан-жылга жаратман, ойлоп табуучу балдардын саны арбып баратат. Биздин бүтүрүүчүлөр Москвадагы ири жогорку окуу жайларга өтүп жатканда  “Алтын түйүн” УИТБАнын “Жаш академиктер” деген сертификаттары барларга ал окуу жайлар 5-6 балл кошуп берип жатат. Мына быйыл дагы Москвадагы Станкин технологиялык университети   интеллектуалдарга  5-7 балл кошуп берээрин билдирди.  Бул балдар кайра Кыргызстанга кайтып келет, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенем. Быйыл Нарын, Ош облусунан келген таланттуу, өнөрлүү балдар баарыбызды кубантты.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Улан БРИМКУЛОВ, профессор, калыстар тобунун төрагасы:

— Мен илимий адам болгондон кийин, көп конференцияларга катышып турам. Кандай гана конференция болбосун 1-жолу деп ачылат, көбүнчөлөрү ошол бойдон эле өчүп калышат. Ал эми “Алтын түйүн” өткөрүп жаткан форум 25-жолу өтүп жатат. Бул дагы көпкө чейин жашай турган иш-чара. Быйылкы өзгөчөлүгү – былтыр 200 интеллектуал келсе, быйыл 300дөй бала өздөрүнүн ойлоп табуучулук моделдери менен келишти. Жаңы номинациялар кирди. Ойлоп табуучулардын арасында илимий патенти бар балдар дагы катышты. Жыл сайын конкурстун жүрүшү жаңыланып, ага катыша тургандардын саны да арбып баратат. Бул жакшы көрүнүш.  Улуттук илимдер академиясы менен “Алтын түйүндүн” ортосунда келишим бар. Академиктер  келип балдардын жасаган моделдерин, макеттерин көрүп, ойлоп табуучулук иштерине анализ жасашат. Аларга жакындан жардам берип келатышат. Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаевдин жана жеке өзүмдүн атымдан премия тапшырдым. Быйылкы дагы бир жакшы жаңылык – Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жети дубанда “Алтын түйүндүн” филиалдары ачылганы турат.  Эми бишкектик эле эмес, башка региондогу балдардын ойлоп табуучулук өнөрү өркүндөйт. Садыр Жапаров өзү “Алтын түйүнгө”  келип,  балдар менен баарлашып, сүрөткө түшүп, өзүнүн фондунан төрт миллион сом бөлдүрүп берген. Ага футбол жана волейбол аянтчаларын курдурушту.

Дилара НУРАЛИЕВА, Ош облусунун чыгармачылык балдар борборунун массалык уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси:“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

— Жети номинация боюнча 15 окуучуну алып келдим. Облустук турда 7 район, 1 шаар катышып, жеңүүчү деп табылгандардын арасынан жети райондон бирден өкүл келип катышты. Жаңы иштелмелер боюнча төрт окуучубуз, робототехника боюнча төрт окуучу, астротурнирге беш окуучу, дубал номинациясына экөө катышты. Бул форум жогорку деңгээлде уюштурулду. Балдарга жакшы шарттар түзүлүптүр. Каракулжадан келген Шайымкулов Нуркелди деген баланын “Акылдуу үй” долбоору, Өзгөн районуна келген Сүйүнүчбек Пиримбердиевдин “Керемет көчү”,  биринчи номинация боюнча Бакчыбаева Айжанаттын “Келечектеги автоунаа” деген долбоорлорун калыстар тобу жактырды. Азыркы жаштардын көпчүлүгү робототехникага кызыгат. Эң кубанычтуу жаңылык — Ош облусунда “Алтын түйүндүн” филиалы ачылганы турат. Имарат бар, аны ремонттоо иши кармап жатат. Президенттин берген тапшырмасы боюнча филиалга 6-7 миллион сомдук жабдыктар, акыркы муундагы компьютерлер, леголор келди. Президент айылдык балдардын техникалык жактан өнүгүшүнө көңүл бөлүп жатканы баарыбызды кубантты.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Урмат АЛМАЗБЕКОВ, Нарын шаарындагы №10 мектептин 10-классынын окуучусу, 1-орундун ээси:“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

— “Менин келечектеги үйүм” деген проектини алып келгем. Үйдүн моделинде ар кандай датчиктер, модулдар орнотулган. Датчиктердин жардамы менен үйдүн коопсуздугун сактап, автоматташтырып койдум. Вайфай модул колдонулган. Реле модулу, ультразвук  датчиги, стабилизатор, аккумулятор, геркон релеси ж.б. бар. Дагы бир жакшы модул — үйдөгү гүлдөрдү сугаруу. Апалардын жумушун жеңилдетүү максатында иштеп чыктым. Бул үйдү дүйнөнүн бардык бурчунан сервер аркылуу башкарсак болот. Уурулар кирсе, үйдү коргонуу жактары дароо иштейт,  телефонго билдирүү келет. Уоуу эшиктен алыстаган сайын датчиктер анын аралыгын эсептеп туруп, эшик, терезелерди бекитип салат. Аны мен гана ача алам.

Элмира КАЧАГАНОВА, Тоң районунун Турусбеков атындагы мектептин физика мугалими:“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

— 9-класстын окуучусу Сагынбеков Арленди алып келдим. Ал бала 3-класстан бери ушундай сынактарга катышып келатат. Көптөгөн баалуу сыйлыктардын ээси. Быйыл айыл жергесиндеги адамдардын жумушун жеңилдетүү, убакытты утуу үчүн картошка, жашылча туурагычты ойлоп тапты. Токко кошуп, андан сырткары эгер свет жок болуп калса, күндүн энергиясын алып, туураса болот. Мисалы, адам баласы 300-400 кг. картошканы туурап бүтө албайт, эми анын модели жарым саатта туурап бүтөт. Буга чейин айылдагы адамдардын жүгүн жеңилдетүү үчүн 2-класста чөптү пресстеп, машинага жүктөөчү трактордун сүрөтүн чийип чыккан, ал эми 3-класста анын макетин  жасаган. Мындан сырткары, камыр жайгыч, как кургаткыч ж.б.у.с. турмушка керектүү техникаларды ойлоп таап, жылдан-жылга өнүгүп келатат.

Умар СУЛТАНОВ, Баткен облусундагы Дыйкан орто мектебинин 9-классынын окуучусу:“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

— Келечекте Бишкек шаарында метро курулат, экологиясы таза, электр энергияны шамалдан, суудан, күндөн алууга жетишебиз. Келечекте борбор калаанын жолдорунда тыгын жок болот. Машиналар электр энергия менен жүрөт. Бак- дарактар көп отургузулуп, жашыл шаар деген атыбызды кайтарып алабыз. Менин долбоорум 2030-2040-жылга карата пландалган жана аны ишке ашырам.

“АЛТЫН ТҮЙҮН” - ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН ОРДОСУ

Ошентип,  “ХXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык форуму жыйынтыкталды. Кыргыздын уучу кур эмес экенин жети дубандан келген өтө таланттуу, зирек,  интеллектуал балдар өздөрүнүн ойлоп табуучулук дареметин жасаган моделдери менен тастыкташты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер