“АЛТЫН КАЗЫК”: ОКУУ ПРОГРАММАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРӨТ

  • 03.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл КЕНДИРБАЕВА билим берүүнү өнүктүрүүдөгү өнөктөштөрүнө Кыргызстандагы билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» Программасы менен тааныштырды.

“АЛТЫН КАЗЫК”: ОКУУ ПРОГРАММАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРӨТ

Келечек муунга кенен жол ачылат

Аталган  программа 197 өлкөнүн ичинен 150 өлкөнүн билим берүү жана эмгек рыногуна жол ачат. Министрдин айтуусунда, мисалга алсак, Канада (андагы Онтариодо 4800 мектеби) жана Польша (андагы 34.000 мектеби) 12 жылдык мектепте билим берүүгө 1999-2003-жылдары эле өтүптүр. Ал эми Түркия (андагы 56.000 мектеби) мектепте 12 жылдык окутууга өткөрүүнү 2012-жылы аяктаган. Монголия (756 мектеп) — 2015-жылы өтсө, Филиппин (59 миң мектеп) — 2024-жылы өткөрүп бүтөт экен. Ал эми коңшулаш Казакстан (7600 мектеп) –  2025-жылы өткөрүп бүтөт.

Укуктук актылар иштелип чыкты

Мектептик жалпы билим берүү системасында окутуунун узактыгын 12 жылдык моделге этап-этабы менен которуу боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилди.

— Адистештирилген мектептер (физика-математика, лингвистика, программалоо); кесипке багыттап окутуу (минимум – тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста, мейманкана сервиси); функционалдык сабаттуулук – турмуштук кырдаалды чечүү үчүн билгичтиктерин, жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн калыптандыруу (Жасалма интеллекттин жардамы менен окуучулардын массалык жетишкендигин аныктоо, Улуттук Баалоо жана PISAга, даярдоо) жана 6 жаштагы балдарды 100% билим берүү менен камтуу (мектепке чейинки даярдоо менен камтуу — 56%, муктаждык — 268 кошумча мектеп, өзгөчө шаарларда  башталгыч мектептерде ысык тамак киргизилди), — деди өз сөзүндө министр.

160 миң окуучуга жылына орточо окуу баасы 31 600 сом

Алдын-ала эсептөөлөргө көз чаптырып көрөлү.

— Кошумча билим берүү параллелдерин киргизүүгө (мугалимдердин эмгек акысын жана Социалдык фондго чегерүүлөрдү эске алуу менен) билим берүү тармагынын иштеши үчүн финансылык чыгымдардын күтүлүп жаткан өсүшү 5 миллиард сомдон кем эмес — 160 миң окуучуга жылына орточо окуу баасы – 31 600 сом. 12-параллелдеги класстар үчүн төрт тилде окутуу (ар бир окуучуга 14 китеп) 750 миң нускада окуу китептерин иштеп чыгуу жана кошумча басып чыгаруу зарылчылыгы (187,5 млн. сом). Ал эми кошумча 160 миң окуучулук орундарды куруу (жаңы мектептер же мектептердин имараттарына кошумча курулуштар түрүндө). Ошондой эле  иштеп жаткан педагогикалык кадрлардан тышкары үч миңден ашык башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо керек. Биз, ошондой эле, өз күчүбүздү коомчулук менен маалыматтык иш алып барууга жумшайбыз, анткени кеңири саясий жана коомдук колдоонун жоктугу билим берүү тутумундагы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу процессин жайлатышы мүмкүн, — деди Догдуркүл Шаршеевна.

Андан соң, азыркы учурда санариптик билим берүүнүн экосистемасынын архитектурасын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканына токтолду. Система, адамдын бала бакчадан баштап колледжди, университетти аяктаганга жана жумушка орношконго чейинки толук жолун көзөмөлдөөгө жардам бериши керек.

Билим берүүнү башкаруу процесстерин санариптештирүү мугалимдер үчүн, азыр даярдап жаткан отчеттордун санын азайтат, коррупциялык тобокелдиктерди жок кылат жана мониторинг иш-чараларына кеткен чыгымдарды азайтат.

Бүтүрүүчүлөр санариптик аттестатты колдонушат

Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн санариптик колдоо, билим берүүдөгү башкаруу процесстерин жана окуу материалдарды жана куралдарды санариптештирүү боюнча дагы кенен токтолду.

—  Мисалы, Санариптик аттестат жана диплом боюнча платформа иштелип чыкты. Эми Түндүк аркылуу документтин аныктыгын 2018-жылдан тартып билүүгө болот. Андан ары, документтерди санариптештирүүгө жараша, 2024-жылдан баштап, бүтүрүүчүлөр санариптик аттестаттарды колдоно алышат — (https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/).

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы  “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, жалпы билим берүүчү мектептерден керектүү товарларды сатып алууга арыздарды кабыл алуу үчүн, мектептердин авариялык абалын инвентаризациялоо, жаңы мектептердин курулуш иштери, ички инфраструктура боюнча маалымат чогултуу үчүн “Мектептин инфраструктурасы” санарип платформасы иштелүүдө, — деди Д.Кендирбаева.

1 компьютерге 12 окуучу

2023-жылга чейин мектептерди компьютер менен камсыз кылуу боюнча көрсөткүчтөр көңүл жылытарлык эмес болчу. Биздин мектептерде информатика сабагын 27 окуучу 1 компьютерде окучу. Бирок, 2023-жылы “1 компьютерге 12 окуучу” көрсөткүчүнө жетишүү мүмкүн болгон. Буга кандай жол менен жетишилгенине токтолду.

— Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү. Мектептер 25000 компьютер, эмеректерди, сканерлерди, принтерлерди, көчүрмөлөрдү жана мультимедиалык класстарды алышты. Бул бардык негизги предметтерди окутууда математикага жана илимий-табигый циклдин предметтерине өзгөчө көңүл буруу менен электрондук материалдарды колдонууга мүмкүндүк берет.  Биздин пландарда — эң алдыңкы санариптик педагогикалык технологияларды тездетип киргизүү, ата мекендик контентти иштеп чыгуу. Мектептерди Интернет менен камтуу 92% түзөт (1956 мектеп Интернетке кошулган, 189 мамлекеттик мектеп 2024-жылы кошулат). «Өкмөттүк акселераторлор» (Бала бакча) Программасын ишке ашыруунун алкагында — турак жайларда бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлер үчүн санариптик платформа иштелип чыкты. Пайдаланууга берүү — 2024-жылдын 15-мартынан тартып (https://balalyk.edu.gov.kg/accelerator/), — деди Догдуркүл Шаршеевна.

Мугалимдер трансформациянын борборунда

Азыркы учурда «Педагогикалык кадрлардын Улуттук резерви» санариптик платформасы иштелип чыгууда. Бул платформа мугалимдердин ишинин сапатын жогорулатууга, баалоо жүргүзүүгө, мугалимдерди тандоого, ошондой эле жетишсиздик маселесин чечүүгө жардам берет. Иштеп чыгууну аяктоонун пландаштырылган мөөнөтү — 2024-жылдын сентябрь айы.

— Мугалимди баалоо алты багытта (педагогикалык, психологиялык, санариптик көндүмдөр ж.б.) жүргүзүлөт. Мугалимдин портфолиоcунда мугалим жөнүндө маалымат берилет: демографиялык, социалдык, академиялык, кесиптик ишмердүүлүк тарыхы. Вакансиялар  — кандидаттын билими жана жашаган жери боюнча, өз алдынча окуп билим алуу дагы каралат. Кыскасы, бир  жылда 100-300 саат — онлайн курстар, конференциялар, семинарлар, квалификацияны жогорулатуу курстары, Ачык билим берүү ресурстары иштейт, — деди министр айым.

Санариптик билим берүү контентинин борборлоштурулган репозиторийлерин («Санарип кампа») жана окутууну башкаруу тутумун (LMS) интеграциялоо аркылуу санариптик билим берүү контентин өнүктүрүү, мында жасалма интеллект (ЖИ) ар кандай деңгээлдеги тесттик суроолорду жана тапшырмаларды автоматтык түрдө түзүү, окуучулардын жоопторун автоматтык түрдө текшерүү жана баалоо үчүн колдонулат. Мындан сырткары  ар бир мугалим жеке ноутбук  —  «Санарип кампа»,  усулдук жардам  (Кытай, Түркия, Германия тажрыйбасынын мисалында) — Мугалимдер үчүн адистештирилген ноутбуктарды алууну пландап жатабыз (алдын ала сатып алуу баасы 2 млрд. сом). Ошондой эле 2028-жылы бардык мектеп окуучулары ноутбук менен камсыз болушу керек. Окуучулардын жетишкендигине, чыгармачылык изденүүсүнө дем берген акы төлөө да каралган, — дейт министр.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер