АЛТЫ БАЛАНЫН ЭНЕСИ, АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМ

  • 23.09.2021
  • 0

Үйүндөгү балдарынын мээримдүү энеси, мектептеги окуучуларынын сүйүктүү эжейи Назира Шайлиева бир топ жылдардан бери Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинде эмгектенет.

Быйыл мектепте иштегенине он жылдын жүзү болду.

— Мугалимдикти мен ата-энемдин таасиринен улам тандап алдым. Атам кыргыз тили жана адабияты, ал эми апам химия, биология мугалими болчу, учурда экөөсү тең ардактуу эс алууда, — дейт ал турмушундагы эң маанилүү тандоосу тууралуу.

ОшМУнун «саясат таануу» адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган Назира Шайлиева 2011-жылы азыркы иштеп жаткан мектебине англис тили жана тарых мугалим болуп жумушка орношот. Ата-эне кесибинен уламбы же өзүнүн дээринде барбы, айтор бат эле мектепте окуучулар зарыга күткөн мугалимге айланат.

— Мугалимдик кесип өзүм ойлогондон да кызыктуу экен. Күн сайын балдарга дагы эмнени айтып берсем, эмнеге үйрөтсөм деп, изденип иштеп жаттым. Сырттан окуп, «тарых мугалими» адистигине да ээ болдум, — дейт элеттик мугалим.

Өз ишине тың, издемчил жаш мугалим элдин көзүнө илинип, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлыгына көтөрүлөт.

— Уюштуруу иштери мени өзүнө арбап алды. Мектепте гана эмес, айыл өкмөтүндө өткөн иш-чараларды баштан-аяк уюштуруп, алып барып жүрдүм, — дейт иштемчил педагог.

Облус губернатору катышкан Нооруз майрамына арналган кече эң жогорку деңгээлде өтүп, жаш педагог губернатор сыйлыгына ээ болот.

Назира өзү да айыл өкмөтүндө уюштурулган «Ажарлуу айым» сынагына катышып, «Таланттуу айым» номинациясын жеңип алат.

Ошентсе да жүрөгү окуткан окуучулары менен бирге болуп, күнүмкү сабактарын​ мыктылоо үстүндө көп иштеди. Мугалимдердин эң жакын жардамчысы, акыл кошчусу «Кутбилим сабакты» үзбөй окуду.

— Бара-бара «Кутбилим сабакка» өзүмдүн сабак иштелмелерим чыга баштады.
Усулдук гезит уюштурган сабак иштелмелеринин сынагында жеңүүчү болдум, — дейт Назира.

Кийин бул сабагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын жыйнагына кирди. «Манас жаштары» коомдук бирикмесинин «Жаш калем» жыйнагындагы​ «Заманбап турмушка эски каада-салттын кереги барбы?» аттуу макаласы​ аталган коомдук бирикменин Ардак грамотасына татыктуу болду.

Бул арада республикалык «Мугалимдер дүйнөсү» гезити менен кызматташып, чү дегенде эле​ ирандык мугалимдин мисалында таасирдүү макала жазат. Андан ары айыл өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы арымдуу иштерин, айылдын эң алдыңкы адамдарын баяндаган макалалары биринин артынан бири жарык көрөт.​ «Тыйын тыйын, тыйындын иши кыйын» деген макаласы азыркы таптагы адамдардын пейилинин өзгөргөнүн ашкерлейт.

Мындан сырткары, теория менен практиканы байланыштырып, тарых сабагы боюнча окуткан окуучуларын Алайдагы Курманжан датканын музейине, Сулайман-Тоо этнографиялык комплексине,
Алымбек датканын музейине саякатка алып барып жүрдү.

Былтыр онлайн окууда өз предмети боюнча окуучусун Билим берүү министринин дипломуна жетиштиргени -​ мугалим жараткан чоң ийгиликтеринин бири. Мектепте эле эмес, райондо мыкты санарип мугалим аталды.

— Мен мугалимдик кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Окуучулар менен баарлашуудан, ар бир күнкү сабагымдан рахат алам. Балдарымды төрөп эле, бешикке бөлөп иштеп жүрдүм, — дейт көп балалуу айылдык агартуучу.

АЛТЫ БАЛАНЫН ЭНЕСИ, АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМ

Азыркы тапта чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим мектепте тарых жана география мугалими болуп иштейт.

АЛТЫ БАЛАНЫН ЭНЕСИ, АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМ

— География предмети баланын дүйнө таануусунда көрүнүктүү ролду ойнойт. Ар бир окуучумдун үйүндө дүйнө картасы бар. Алардын кызыгуусун арттырып, бир топ тапшырмаларды картадан таап келгенге берип турам, — дейт алдыңкы мугалим.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер