АЛП АКЫН ОМОР СУЛТАНОВДУН ЖАШООДОГУ ОЛЖОСУ

  • 25.03.2022
  • 0

(Поэзиядагы Омор Тоосу, Омор Чокусу жөнүндө учкай сөз)

Омор Султановдун 1957-жылдан бери он үч ырлар жыйнагын, үч проза китебин, бир ыр менен жазылган көлөмдүү романын, жети котормолор жыйнагын басып чыгарыптыр. Көптөгөн көлөмдүү макалалары менен эл аралык жана республикалык илимий теориялык конференцияларда пленардык докладдарды жасаптыр жана ал материалдар илимий жыйнактарда жарык көрүптүр. Үч киного сценарий жазып, фильмдерин көрүүчүлөргө тартуулаптыр. Эки жыл мурун чыгармаларынын сегиз тому жарык көрдү.

Ошол жылдардагы акындын кыргыз окурман журтунун жүрөк куштарлыгын ээлеп алганы, акын менен арбалып калганын туюнтуш өзүнчө легендадай, чоочун планеталык жаңылыктай, сыйкыр каптаган жүрүштөй туюлат. Ушулардын баарына кантип убактысы, чыгармачылык илхамы, алы, ден соолугу жетти экен деген ой келет.

Ал чыгармалар өзгөчө жогорку, жаңы көркөм табитте, өзүнө тийиштүү бир аз кем даамын таап жазылганын, кол жазманын бир нече жолу оңдолоорун эске салсак, акын накта өз кесибинин дыйканы болгонуна күбө болосуң.

Омор Султановдун ар бир сап поэзиясы анын кан-жанынан сызылып агып чыккан баласы. Анткени, акын өзүнө деп тилеп чыгарма жазбайт, жаза да албайт. Жазып же ырдап жатканда Омор акын кең аалам менен сыр бөлүшөт, өзүн эле эмес, жалпы кыргыз журтун жалпы адам тукумуна тааныштырат. Өз поэтикалык максат-тилегинен бүткөн чыгармасын кимдир бирөө кызыгып окуп жатса, андан артык сүйүнүч, кубаныч жок. Бул – ар бир акындын жалгыз, балким, акыркы максат-үмүтү.

Омор Султановдун поэзиясындагы элдик, жарым салттуу, классикалык жана неоклассикалык, нейрон талчаларды симфония кылып алып дирилдеткен лирикалуулугун таанысак, чындык деп кабылдасак, биз анын Манас канынан, жанынан улуттук улуулукту, залкарлыкты таанып биле баштайбыз. Муну акындын ырларынын көптөрүнүн башка тилдерге которулган жана башка тилдерден кыргыз тилине которгон ырларынан ачык байкайбыз.

Акындын поэзиядагы алптыгы — бир эле убакта байыркыдан өнүп чыккан элдик-салттуу, классикалык жана неоклассикалык, а тургай жапондук ыр, көркөм ой токуу өзгөчөлүктөрүн өзүнүн чыгармачылык өнөрканасында жетилте ачытып, маңызын бизге эле эмес, адамзатка тартуулайт.

Ырларынан токтоолук, кыраакылык, чыдамкайлык, калбааттык байкалат. Ошол сапаттардын баары акындын өнөрканасын түзөт, ошого жараша ошончо ойлор топтолуп, иргелип, бир-бирине шайкеш ашташып, кандай ойду айтайын десе, табына келип жетилген шумкардай даяр турат, баары шымаланып, акындын жалгыз максатын ишке ашырат, буйругун аткарат.

Жер-жерге окшобогон сыяктуу, Омор Султанов башкалардан канча таасир албасын, өзүнүн жан дүйнөсүнө гана мүнөздүү, башкалардыкынан башкача чыгармаларды жаратат.

Кээ бир ыр түрмөктөрүн оңой эле түшүнөйүн десең, акыл-эсиң эле эмес, өмүр бою жыйнаган, заман кочуштап берген аң-сезимиңдин алы жетпей кетет. Кээде эчтекең эчтекесине эп келбей жайдак каласың. Окурман болсо акындын философиялык поэзиясын түшүнгөнгө даярдыгы болуш керек, ал дагы курч, граниттен бышык, философиядан күчтүү, жеткилең болушу керек.

Кыргыз тоосун ырга кошуп жазбаган акын жок болсо керек. Омор Султановдун тоолору менен ажыраша албаган “Кыйылып турам” аттуу төрт куплет ыры акынды легендарлуу феномен кылып салды. Канымгүл Досмамбетова экөөнүн бул обону убакыт өткөн сайын, тоолук элдин тоо гимнине айланып бараткандай туюлат.

Жылкы айдап үрүң бараңдан,

Жылганы өрдөй бастырсаң.

Жайлоонун салкын абасы,

Эркелей согуп астыртан.

Ашуу-Төр менен Чолок-Төр,

Эңседим сени сагынып.

Жадырап өскөн гүлдөрүң,

Жакама үзүп тагынып.

Көңүлгө жаккан гүл жыты ай,

Көркөмү менен мас кылган.

Обонум созсом жаңырат,

Аскаңан чыккан жаңырык.

Залкар акын проза менен позиянын тилин, ой жүгүртүүсүн стилдик, жанрдык негиздерин жуурулуштурган акын-прозаик. «Кош- Кара-Көл» деген ыры он, он бир муундан туруп, терең философиялык толгонууга кирип кетет. Ал көл Тосорго жакын, кара жолдун жээгинде Кош-Кара-Көл деген узуну беш жүз, туурасы жүз метрге жеткен, Ысык-Көл менен жанаша көлдү кыялга салып ырдайт. Залкар акын тээ бир доордо бармак басым көлдүн чоң көлдөн ажырап калганын ырга кошуу менен, өзүнүн жашынан ата-энесинен айласы жок айрылып, тоголок жетим калганын, залкарлыгы менен сезимге эмес, акылга салып кайгырат, жан тери келет, кабыргасы кайышат, каргаша тагдырдын айынан элинен алыс кетип, түбөлүк кайтпай калган туткундай арман күтөт.

Омор Султановдун жана “Эр Табылды” дастанындагы Табылды баатырдын аркасы менен Жети-Өгүз району, айрыкча Тосор айылы жалпы кыргызга, келген конокторго, кудаларга, туристтерге, башка элдерге таанымал болуп калды. Акын чыгармачылыгында туулган айылы Тосор, тосорлуктар жөнүндө ого эле көп жазды. Көпчүлүк сюжет чалыш ырларында Ашуу-Төр менен Чолок-Төрлөр, Кош-Кара-Көл, “Адам турмушундагы” каармандар, Жанек баатыр, айылдык карыялар, классташтары, чыр каралар, апалар – акындын туруктуу темалары.

“Кош-Кара-Көл” көлүнө арнаган ыры форма, мазмун, лириканы бир максатка сыйыштырып айтуунун классикалык үлгүсүнө айланган. Ырдын бир жерине тийүүгө, бирдемесин алып салууга же алмаштырууга болбойт. Өзүнчө эле бир монолит.

Жалтырап таш күзгүнүн

            сыныгындай,

Бөлүнүп Ысык-Көлдөн

            турасың да.

Кылгырып Ала-Тоолук сулуу

            кыздай,

Уялып күн нурунан

            сынасың да.

Бул жерде биз айтып жүргөн бөлүнүп деген сөздүн ордуна “сынасың да” деген салыштыруу менен алмаштырып, акындын лирикалык тапкычтыгын көрсөтүп жатат. Көлдүн бетин “таш күзгүнүн сыныгындай,” “Кылгырып Ала-Тоолук сулуу кыздай” деп, кыз баланын көзүнүн кылгырганы абдан күчтүү поэтикалык салыштырылып берилет. Булар – залкар акындын залкар эстетикалык табылгасы. Мындай салыштыруу айкашы ушуга дейре кыргыз позиясында колдонула элек эле. Фигуралык муз тебүүдө зуулдатып тепкенде эмес, упай алчу ыкмаларды аткарса, улам кошулуп отурат. Поэзия ошонун дээрлик дал өзү.

Элүү беш жылы өзүнүн айкел, портретин китептерге, газета, журналдарга, кинолорго, окурмандын аң-сезимине өчкүс кылып жаткырды, тирүүсүндө өз түбөлүк эстелигин тургузду.Залкарлар адамзат барында дайым легенда болуп, элдин аң-сезимдеринде жылдыздардай, планеталардай, Чолпон, Жетиген, Үркөр топ жылдыздар болуп жазылып, эч кетпей, эч өчпөй, тарых маңдайларында дайым күйүп туруп алышат. Омокемдин алптыгы, кийинки кылымдарга ошолордой унутулгус болуп кала берет.

Акын, жазуучу эзилип жаза берип, өзүлөрү чыгармаларынын өзү болуп калат окшойт. Акындын өңү, келбети, жан дүйнөсү — жайындагы “Кыйылып турамдагы” жайкы Ашуу-Төр менен Чолок-Төрүндөй дайым жашыл, дайым таза, дайым бийик, дайым нарктуу жана барктуу туюлат. Ошол эле убакта “Чарчоонун жүзүнчү ырындай” жеткен ой-санаа баскан салмактуу саптарын окусаң, ышкыңды арттырат, суусунуңду, ойломуңду кандырат, чаңкаганың басылат.

Омокемдин руханий рыногунан өзүңө жаккан поэтикалык, философиялык малдарды сатып алыш үчүн сенде Шекспир, Гейне, Токтогул, Ныязаалынын, Бүбүсаранын элеси тартылган (руханий) сом же Франклиндин портрети бар долларлар болуш керек. Омор деген руханий алтын акчаң болуш керек. Ансыз Омордун маркасындагы бренддерди сатып ала, көзүңө сүйкөй, өзүңө жугуза албайсың. Алайын десең, сен акындын поэтикалык, көркөм бийигинде обдулушуң керек. Акыл жана руханий дареметиң жетпей калышы мүмкүн.

Сен Омордун философия короосуна, өнөрканасына дээрлик жок дегенде, акындын көркөм терисин жамынып, өзүңдөн такыр өзгөрүп киришиң керек. Омор деген элита Глобус дүкөнгө оңой менен даап кире албайсың. Кире бериштеги поэзиянын элита кароолчулары киргизбейт. Омордун аң-сезимдик олимпине окшош болбосоң, ал жазганды жазбасаң, андай тереңдикте жана бийиктикте, кеңдикте акылман философияны тоголотпосоң, жакындай албайсың. Салттуу, элдик акыл-эстерден алда канча бийик, ашкере жогору турган Оморовчулардын аң-сезим ааламынын бардыгын сезишибиз, туюшубуз, таанып биле, түшүнө, боолголой алышыбыз керек.

Поэзиядагы Омор Султановдун өрөөнү жараткан гүлбактын өзгөчөлүгү: багынын ичинде түрдүү түстөгү, түрдүү сорттогу поэзия акимдерин, Айчүрөктөрүн, дербиштерин жолуктурасың. Европанын көркөм табит үлгүлөрүн, кыргыз формасына жана нормасына түшпөгөн, уйкаштыкка баш ийбеген, окусак тилибиз өтпөгөн, кыргыздарда жок көркөм мөмөлөр бар болуп чыгат. Аларды жакшы тааный албай, андан көрө мурун көнгөн, өзүбүздүн эле эски амалдарга ыктайсың. Омокемде ар өлкөлөрдөн келген, бизге жатыркыраак көркөм философиялык ой толгоолор, акыл чабыттар биринен сала бири кошоктолот, чубурат.

Мурун кыргызда сегиз мүчөлөмө муундуу уйкаштыкты, аллитерацияны толук сактаган акын айткандай, “колхоздун ак койлорундай окшош” ырларды, жапакөй уйкаштарды жактырбай кетет. Кыргызда пайдаланылып жүргөн көп муундуу уйкаштыктарды танып, чанып, байыркы, алгачкы адамдардын верлибрине, ак, сынык, эркин поэтикалык каражатка бой таштайт. Омор Султанов ошол эле ойду, төрт сапты комуз, ооз комуз, чопо чоор же кыл кыяк менен эмес, фортепианого, скрипкага, оркестрге салат, кытайдын, Европанын кыял, фантазия ритмикасын, рифмаларын, стилин кыргыз поэтикалык, музыкалык дүйнөсүнө, окумандарына сунуштайт, тааныштырат.

Философиянын тили менен сүйлөсөк, окшоштор, жети окшош октавадагы гармониялар, бир класска, топко киргендер гана салыштырылыш керек. Салыштыруунун өзөк максаты көбүнчө окшош жактарды издеп табуу, генетиканын тили менен айтканда, бейокшош жактарды тамыры менен тукум курут кылуу болуп эсептелет. Кыргызстанда Омор өзүнүн ашкере күчтүү магниттүү таланты менен көпчүлүктү өзүнө тартып, өзүнө окшош Омор симфониялык оркестрин жаратты. Омордун ойлом маданияты, Омор аң-сезими калыптанды. Омордук алп поэтикалык килем толук токулду, алптыктын гүлдөгөн апогейине жана периметрине жетти. Дүйнөлүк көркөм табит көргөзмөсүнө коюлуп, алтын, болгондо да, түбөлүккө даңк болуп калган медалын, акыл белгисин утуп алды.

Сөз багытын темабызга бурсак, ашкере жаңычылдыгы, ырларынын уюган турпаты менен прозада
Чыңгыз Айтматов, поэзияда Омор Султанов кыргызды дүйнөгө таанытты десек болот. Кыргыздар акылман, көркөм ойдун алптары турбайбы деген жылуу, олуттуу пикир калтырышты.

Жеңижок, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев, Жалил Садыковдор нукура кыргыздын көркөм шырдагын токуса, Омор, Рамис, Жолондор эл аралык табиттеги көркөм килемдерди, үлгүлөрдү токуду, ийине жеткирди, курама килем бекемделди. Ошол эле убакта жаңычыл акын кыргыз жашоосуна, ойломуна, аң-сезимине, эмоциялык психологиясына, көркөм ой табитине дүйнөлүк кереметти киргизди, байытты. Натыйжада кыргыз улуттук поэзия килеми бир топ жаңыланды. Кыргыз махабат мамлекети жаңыдан түптөлүүгө укук алды.

(Уландысы бар)

Асылбай Ибраев,
Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, англис филологиясынын профессору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер