АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “САПАТСЫЗ КИТЕПТЕРДЕН АРЫЛАБЫЗ”

  • 06.04.2022
  • 0

Учурда мектепте окутулуп жаткан китептердин сапаттуулары иргелип, сапатсыздары жокко чыгарылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуу китептерин басып чыгаруу саясатына арналган жыйында билдирди.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “САПАТСЫЗ КИТЕПТЕРДЕН АРЫЛАБЫЗ”

Билим башаты “Алиппе”

Министр жыйында сүйлөгөн сөзүндө жакынкы арада өлкөбүздүн идеологиясына, стандарттарына жана талаптарына жооп берген жаңы китептер иштелип чыгарын жана бизде башка мамлекеттерден келген китептер үстөм саясат жүргүзбөшү керектигин баса белгилөө менен, азыркы китептердин стандарттары дагы такыр туура келбей жатканына токтолду. Мисалы, бир эле 5-класстын китептери бири чоң, бири кичине, бири жука, бири калың болуп, форматы да ар бөлөк болгону балага ыңгайсыздыктарды жаратып жатканы негедир эске алынбайт.

— Албетте, баары бирдей болушу мүмкүн эмес, бирок ошолордун форматтарына көңүл буруу зарыл. Мисалы, белгилүү жаш курагына жараша китептердин сырткы форматын окшош кылуу керек. Анткени бала китепти баштыгына салганда, ага ыңгайлуу болушу маанилүү.

Заманбап китеп кандай болушу керек жөнүндөгү оюн окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев төмөндөгүдөй билдирди.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “САПАТСЫЗ КИТЕПТЕРДЕН АРЫЛАБЫЗ”

— Окуу китеби улуттук баалуулук болушу керек. Улуттун баласын жакшы окуу китеп аркылуу гана өнүктүрө алабыз. Ал үчүн илимий негизде жазылган окуу китептери болууга тийиш. Мисалы, “Алиппе” китеби балага улутту таанытуучу, ой-жүгүртүүсүн эне тилинде баштоочу окуу китеп. Мына ушул кезде баланын турмушуна жакын сөздөр менен айтып, жазып үйрөтүүчү методика керек. Мисалы, кыргыздын турмушунда биз “Ата, атка така как” деп чоңойгонбуз. Бул 1930-жылдары аттын мааниси азыркы трактор менен машинанын ролун аткарган техника катары эле. Алиппедеги алгачкы “Ата” сөзү аркылуу бала атанын ордун, тарбиясын, насааттарын угат. Ошон үчүн “Ата” деген сөзгө өзгөчө маани берилген. Анын артынан эле “Апа” сөзү.  Азыркы “Алиппеде” (авторлор Б.Кубаталиева, А.Абыканова) “А” тамгадан кийин эле “Л” тамгасын берген. Мисалы, “Ала карга” деп окутат. Ала карга баланын турмушунда ушунчалык маанилүүбү деген суроо жаралат. Ала-була — бул абстрактуу нерсе. Балага предметтүү таанытуу биринчи сабактан башталат. Алфавитти берүү менен предметтүү таанытууга, баланын турмушуна жакын нерседен баштап үйрөтүү, тарбиялоо, өнүктүрүү зарыл, — дейт Сулайман Рысбаев.

Жаңы окуу жылында электрондук мектеп ачылат

Алмазбек Бейшеналиев өз сөзүндө мектепке чейинки даярдоо (0 класс) деген түшүнүктөн кайтып, дүйнө жүзүндөгүдөй 1-класстан 12-класска чейин окутууну киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бирок бир жыл кошулбайт, мурдагыдай жүктөм, ошол эле класстар болот, болгону мектепке чейинки даярдоо классы бириктирилип, 12 классты түзмөкчү.

— Сентябрь айынан баштап, китептин баары жаңыча формат менен басылып баштайт. Мисалы, мурда 3-класска басылган китеп, эми 4-класска басылат. Муну менен кошо китептерге болгон талап дагы күчөтүлөт. Китептердин ичинде сөзсүз түрдө интерактивдүү скан жана китептин электрондук  варианты болушу шарт. Жаңы окуу жылынан тарта электрондук мектеп ачууну пландап жатабыз. Ошол электрондук мектепте ар бир китептин электрондук варианты болот, — дейт Бейшеналиев.

Окуу китептери экспертизанын төрт түрүнөн өтөт

Кыргыз билим берүү академиясы, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү өнүктүрүү борборунун директору Айнагүл Ниязова, мындан ары окуу китептери төрт этаптан турган экспертизадан өтө тургандыгына токтолду.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “САПАТСЫЗ КИТЕПТЕРДЕН АРЫЛАБЫЗ”

— Бүгүнкү күндө китеп басып чыгаруу эң көйгөйлүү маселе болуп турат. Себеби, совет доорунда китептердин бардыгы тең көп жыл калыптанып даярдалып, анан басылып чыгат эле. Тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан бери китеп маселеси биринчи орунга чыгып жатат. Эми басма үйлөрү, авторлор тарабынан даярдалган окуу китептери экспертизанын төрт түрүнөн — илимий, илимий-педагогикалык, басмырлоого каршы жана гендердик, педагогикалык-практикалык (апробация) экспертизадан өткөрүлөт. Мен эң негизгиси илимий-педагогикалык экспертиза деп ойлойм. Авторлордун педагогикалык-илимий жактан такшалган адис болушу абдан маанилүү, — дейт Айнагүл Ниязова.

Ошондой эле ал китептин мазмунун текшере турган эксперттердин квалификациясы дагы абдан жогору болуп, китептин мазмуну балага жеткиликтүү, жөнөкөй тилде болууга тийиш экендигин кошумчалады.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “САПАТСЫЗ КИТЕПТЕРДЕН АРЫЛАБЫЗ”

Басма үйлөр менен кызматташуу колго алынат

Министрдин айтымында, өкмөт китеп басып чыгарууга жылына 120 млн сом бөлөт. Бирок  бул сумма жетишсиз. Керектүү китептерди басып чыгаруу үчүн эң аз дегенде бир жылда 600 млн сом керектелет. Бул маселени чечүүнүн жолу катары басма үйлөрдүн акчасын билим берүүгө тартуу каралууда.

— Биз мамлекеттик жеке өнөктөштүккө өтөлү деп турабыз. Башкача айтканда, басма үйлөр өздөрүнүн 80% акчасын салып, бизге китеп басып берет. Биз сапаттуу 3-4 китепти тандап, грифти берип, окуу китепке болгон экспертиза, апробацияны өткөрүп, бекитип беребиз. Мында автордук укукту алалы деген жокпуз. Басма үйлөр автордук укуктар боюнча авторлор менен келишим түзүп, китептерди дайындасын деп сунуш берип жатабыз. Мында басма үйлөр ортосунда атаандаштык жана изденүү жаралып, өнүгүү болот. Мисалы, “Аркус” басмаканасы математика, физика, химия, биология китептерин алып, 100% басып чыгарат. Алар чыгарган китептерин билим берүү мекемелерине, ата-энелерге сунуштайт. Ал эми мектептер кайсы китепти жана авторду окуй турганын өздөрү тандайт. Биз чыгарылган китептердин  20,25% өкмөттөн бөлүнгөн акчага сатып алабыз. Ал эми калган 70-75 пайызын демөөрчүлөр кеңешинин акчасына же түздөн-түз ата-энелерге сатканга уруксат беребиз. Ансыз деле ата-энелер базардан китеп сатып алып жатышат. Ал эми “Жаңы китеп” мекемесине түшкөн каражат аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлөгө китеп алууга жумшалат”, — деп билдирди министр.

Министрлик райондорго децентралдаштырылган акчаны бөлүп берип, мындан ары китеп боюнча тендер өткөрбөйт.

«Аркус»басма үйүнүн маалыматтык-методикалык борборунун директору Евгений Терентьев, билим берүү мекемелери окуу китептерин эркин, жекече тандап жатканы туура деген пикирде.

— Демек, билим берүү мекемелери мыкты китептерди гана тандап калышат. Бул нерсе басма үйлөр арасындагы сапаттын жогорулоосуна алып келет. Анткени мугалимдер өз ишинде колдонуу үчүн эң мыкты окуу китептерди гана алышат. Бул программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн алгачкы кадамдарды чыдамсыздык менен күтөбүз”, — деп кубаттады Е.Терентьев.

Мектеп директорлоруна талап күчөтүлөт

Мындан ары ар бир билим берүү мекемесинде демөөрчүлөр (ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, коомдук активисттер) фонду түзүлмөкчү. Фонд расмий түрдө каттоодон өтүп, банктык эсеби ачылат. Министр мырза мындан кийин мектепти өнүктүрүү үчүн акчаны мектеп директорлору, мугалимдер эмес, ата-энелер өздөрү чогултарын билдирди.

— Мектеп директорлору демөөрчүлөр фондунан бир сом да алганга укугу жок. Директор сынак өткөрүүгө, балдарды лагерге жиберүүгө, мектепти өнүктүрүү ж.б. негизде айына бир жолу билдирүү берип тура алат. Бирок эч качан мектеп директору ата-энелер менен акча жөнүндө иш алып барбайт. Эгерде мындай учурлар катталса, 1-сентябрдан баштап кылмыш иши катары каралат. Ага чейин ар бир мектепте демөөрчүлөр кеңеши түзүлүшү шарт, – деди А.Бейшеналиев.

Билим берүү жана илим системасын жаңылоого арналган жыйындын соңунда, мамлекетте окуучуларды китеп менен камсыздоо 100% жүрүп, 2022-жылдын окуу жылынан баштап, китеп саясаты жөнүндө бир дагы маселе болбошу керектиги айтылды.

Нурзат КАЗЫБЕКОВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер