А.БЕЙШЕНАЛИЕВ:  “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖҮРӨГҮ – ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ”

  • 25.07.2022
  • 0

Өлкө башчы Садыр Жапаров Министрлер Кабинети менен өткөргөн жыйынында мамлекеттик органдардын жетекчилерин элге, медиатармакка ай сайын отчёт берип турууну милдеттендирген эле. Бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медиа өкүлдөрүн  биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары менен тааныштырды.

Мектепке чейинки билим берүү

Министрдин айтымында, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны 1648ден 1712ге жетти. Бул мектепке чейинки типтүү билим берүү уюмдарында камтууну дээрлик 4 миң балага көбөйтүүгө, аны 200 миң балага жеткирүүгө мүмкүндүк берген.

Билим берүү жана илим министрлигинин көңүлүнүн борборунда  ата-энелер менен тыгыз иштөө каралган. Алсак, ЮНИСЕФ менен биргеликте «Билимдүү Муун» билим берүү паспортун”  жана «Беббо» мобилдик тиркемеси, ата-энелер үчүн билим берүү ресурстары  түзүлүп, ал мындан ары өнүктүрүлүп отурат. Ошондой эле, 2022-жылдын 1-октябрынан баштап пилоттук 274 мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жана 522 жалпы билим берүү мекемелеринде «Ата-энелер мектеби» түзүлгөнү турат.

А.БЕЙШЕНАЛИЕВ:  “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖҮРӨГҮ – ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ”

— Кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен камтууну жогорулатуу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоору ишке киргизилип, ага ылайык аймактарда 500 кыска мөөнөттүү бала бакчалар түзүлөт. 2022-жылы оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана бүтүрүү үчүн Баткен жана Ош облустарында 165 объектинин тизмеси бекитилген. 3000 орундуу 60 кыска мөөнөттүү билим берүү борборлорун түзүү жана жабдуу үчүн 4,8 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү «Окутуунун негиздерин чыңдоо» долбоору башталды. Бул иш чара мектепке чейинки билим берүүнүн бардык формалары менен камтууну 55% жеткирет. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдору үчүн патент берүү менен жеке ишти жүзөгө ашыруу үчүн, сертификациялоо механизми түрүндө жөнөкөйлөштүрүлгөн система иштелип чыкты. Мындан тышкары, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын бириктирилген мыйзамынын долбооруна «кесиптик компетенцияларды сертификациялоо» түшүнүгү киргизилген, — деди Алмаз Бейшеналиев.

Автоматташтырылган процесс

Мугалимдерге, республикалык жана эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдоо үчүн олуттуу кошумча төлөмдөр каралган  (эл аралык олимпиадалар үчүн 100 миң сомдон 500 миң сомго чейин бир жолку кошумча төлөмдөр жана 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин ай сайын кошумча акылар).

Педагогикалык кызматкерлерге категорияларды берүү калыбына келтирилди жана ага ылайык квалификациялык категория үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү 1000, 1500 жана 2000 сомдон 2000, 3000 жана 5000 сомго чейин көбөйтүлдү.

А.БЕЙШЕНАЛИЕВ:  “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖҮРӨГҮ – ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ”

— Мугалимдерди аттестациялоонун тартиби жөнүндө жаңы Жобо иштелип чыгып, КР Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Бул адам факторун жок кылган автоматташтырылган процесс.

ЖРТ жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында, отличниктерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста – 4000 сомдон  төлөп берүү боюнча министрликтин идеясын Министрлер Кабинети бир добуштан колдоду, — деди министр.

Эки-үч тилде сүйлөгөн мугалимдер даярдалат

Жалпы билим берүүчү Мамлекеттик билим берүү стандарты, ошондой эле башталгыч мектептердин жаңы предметтик стандарттары иштелип чыкты. Ал ошондой эле, инфраструктура жана окуу материалдар жеткиликтүү болгондон кийин жакынкы жылдарда системаны 12 жылдык окууга өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

— Жаңы стандартта, биз башталгыч класстарда бир сааттык натыйжасыз сабактардан алыстап, кыргыз, орус жана англис тилдерин өздөштүрүү үчүн деңгээлдүү ыкманы киргиздик. Эми мектептерде, кадрлар жетиштүү болсо, предметтер ар кайсы тилде окутула баштайт. Ошого жараша университеттердин алдында эки-үч тилде сүйлөгөн мугалимдерди даярдоо милдети турат. Медиа сабаттуулук жана жашыл көндүмдөр ар кандай предметтер ичинде киргизилген. Башталгыч класстар үчүн баалары жок мотивациялык баалоо киргизилди. «Кыргыз жараны» деңгээлиндеги «Өзүн-өзү таануу» сыяктуу компетенттүүлүк камтылган, — деди Алмазбек мырза.

Мектептин өзөгү — директор

Мугалим бүткүл билим берүү системасынын өзөгү болсо, анда директор – мектептин өзөгү, биринчи кезекте анын ишинин натыйжасы андан көз каранды.

— Мектеп директорлорун дайындоонун жаңы механизми кыйла жөнөкөй, ачык-айкын жана коррупцияга каршы күрөштүн негизи болгон адам факторун жокко чыгарат. Жаңы механизмдин биринчи айырмалоочу өзгөчөлүгү – директорлук кызматка талапкер, сынакка катышуу үчүн документтердин пакетин министрликтин сайтына өз алдынча жүктөйт. Экинчи айырмалоочу өзгөчөлүгү — толугу менен автоматташтырылган тестирлөө болуп саналат. Аудиториялар, реалдуу убакыт режиминде көрсөтүүсү бар, видеокөзөмөл менен жабдылып (түз эфир жазылат) жана тестирлөөнүн жыйынтыгы талапкерлерге дароо чыгарылат, — деди А.Бейшеналиев.

А.БЕЙШЕНАЛИЕВ:  “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖҮРӨГҮ – ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ”

Тесттер башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, колдонуучу деңгээлинде IT-технологиялар, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар сыяктуу темаларды камтыйт.

Эң көп балл алган кандидат мектептин директору болуп дайындалат. Босого баллдан жогору балл алган талапкерлер  ошол райондун же шаардын кадрдык резервине киргизилет.

Онлайн кабыл алуу

Кесиптик лицейлерге абитуриенттерди онлайн кабыл алуунун автоматташтырылган программасы иштелип чыкты. Баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде негизги милдет — ар кандай эмгек рыногунда (ички жана тышкы) суроо-талапка ээ, ошондой эле өздөрү үчүн жумуш орундарын түзүүгө даяр бүтүрүүчүлөрдү даярдоо болуп саналат.

Биринчи жолу №92 кесиптик лицейде жалпы предметтердин мамлекеттик бүтүрүү экзамендери онлайн байкоо режиминде өткөрүлдү. Окутуунун нормативдик мөөнөттөрү да 3 жылдан 2 жылга кыскарып, жаштардын эмгек рыногуна эртерээк киришине шарт түзүлөт.

А.БЕЙШЕНАЛИЕВ:  “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЖҮРӨГҮ – ЖОГОРКУ КЕСИПКӨЙ МУГАЛИМ”

— Онлайн кабыл алуу колледждерде жана университеттерде туруктуу сакталат. Отчеттук мезгилде, нормативдик актылар иштелип чыккан жана кабыл алынган, аларга ылайык ЖРТ жана кабыл алуу жылына эки жолу — жайкы жана кышкы мезгилдеринде жүргүзүлөт. Ошондой эле, жогорку окуу жайларга чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу жана кабыл алуу үчүн автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыктык. Жалпысынан алганда, Билим берүу жана илим министрлигинин артыкчылыктуу багыты – адам факторунун таасирин жалпысынан жок кылуу. Ошондуктан “Электрондук лицензиялоо”, “Электрондук аккредитация” сыяктуу долбоорлор акыркы баскычта турат, — деди министр.

Колледждердин рейтинги

Жаңы окуу жылынан баштап колледждердин рейтингин ишке киргизүү каралып  жатат.

— Идеялардын бири болуп, окуу-өндүрүштүк комплекстерди колледждердин базасында түзүү, студенттер реалдуу продукцияны чыгара тургандай болгон. Отчеттук мезгилдин ичинде төрт ушундай комплексти ачтык жана азыр ЖАГУнун Жалал-Абад техникумунда студенттер авто-ремонттук цехте иштеп, ветеринардык көндүмдөрдү алышат; Кызыл-Кыя тоо-кен техникумунун базасында — айыл чарба продукциясын кайра иштетип, тигүү буюмдарын моделдөө жана даярдоо менен алектенишет; Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык техникумунун базасында — мейманкана жана туристтик комплексте иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрүшөт; ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык техникумунун базасында – тигүү буюмдарын моделдөө жана даярдоо боюнча иштешет. Биз колледждерге дагы 16 эксперименталдык окуу планын иштеп чыктык. 2022-жылдан баштап биринчи жолу колледждер нормативдик (жан башына) каржылоого өттү, — деди министр.

STEM ыкмасы ишке ашат

Жогорку окуу жайлары үчүн кадрларды даярдоонун инварианттуулугу боюнча, дүйнөлүк практиканы эске алуу менен жети багыт аныкталды, анын алкагында профилдердин түйүнүндө жаңы окуу жылынан баштап адистерди бир нече квалификациясы менен даярдалат. Мисалы, «Табигый-илимий билим берүү» багытынын алкагында «Биология, химия жана география мугалими» болот. Ал мектептерге STEM ыкмасын ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бул жактан студенттер илимий ыкмаларды практикада кантип колдонууга болоорун түшүнө баштаган аралаш чөйрөнү билдирет.

ЖОЖдордун базасында бизнес-инкубаторлорду жана стартаптарды ачууга даярдыктын активдүү фазасы жүрүп жатканын министр баса белгиледи.

Эгемендүүлүк күнүнө карата университеттер 30 бизнес-инкубаторлорду жана 1000 стартаптарды ишке киргизет.

Беш университет өзгөчө статуска ээ болду

Жогорку окуу жайларын кайра түзүү, жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоонун 31 багытын жана орто кесиптик билим берүүнүн 13 адистиги боюнча кайталоону жок кылат. Мындан тышкары, өлкөнүн беш университети кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статуска ээ болушат. Алар инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланат (Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз агрардык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети).

Жылдын экинчи жарымында үч негизги багыт, т.а.  жеткиликтүүлүк, сапатты камсыздоо, натыйжалуу башкаруу жана каржылоо  боюнча иштөө дагы улантылат, деди Алмазбек Бейшеналиев.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим “

Бөлүшүү

Комментарийлер