АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛЕРИ БАСКАН ЖОЛ

  • 19.03.2021
  • 0

Редакциядан: Мындан 235-жыл мурун, 1786-жылы 15-мартта Россиянын падышасы Екатерина II
кыргыз эл башчысы Атаке баатыр Тынай бий уулу жиберген кыргыз элчилерин расмий түрдө Санкт-Петербургдагы Кышкы сарайда эң жогорку деңгээлде алгачкы ирет кабыл алган эле. Бул окуя кыргыз-орус дипломатиялык байланыштарынын негизделиш күнү катары тарыхта өзгөчө орду бар экендигине шек жок. Андыктан төмөндөгү макалада ошол Россияга барган алгачкы кыргыз элчилиги жөнүндө маалыматтар берилмекчи.

АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛЕРИ БАСКАН ЖОЛ

КЫРГЫЗ-ОРУС ДИПЛОМАТИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН НЕГИЗДЕЛИШ ТАРЫХЫНАН

Россия мамлекетинин даңазалуу доору

Россия ХVIII кылымда Европада гана эмес, ошондой эле Борбордук Азияда да улуу держава катарында бара-бара таанылды. Бул абалга Россия Европа континентинде активдүүсогуш аракеттеринин натыйжасында жетишсе, Борбордук Азияда болсо ийкемдүү дипломатиялык жол менен келген.

Ф.Энгелстин пикири боюнча, орус мамлекетинин бүт согуш күчүнө караганда «…Россияны улуу, күчтүүмамлекетке айланышына түрткүберген…» бул орус дипломатиясы эле. Анын дипломаттары «…жаңы эчтеке ойлоп табышкан эмес, алар болгон нерселерди гана туура пайдаланышкан. Орус дипломатиясынын бүт ийгиликтери материалдык жактан өтө сезилүүчүнегизи болгон». Россиянын мындай мүнөздөгүтышкы саясый багыты сөз болуп жаткан мезгилде – өзгөчө Екатерина II убагында анын Чыгыштагы саясатынан даана байкалат.

ХVIII кылымдын 80-жылдарынын ченинде Кыргызстандын саясый абалы бир кыйла татаалдашып кеткен. Бул биринчи иретте Цин (Кытай) бийлигинин басып алуучулук аракеттеринин күч алышына байланыштуу болгон. Алардын ортосундагы соода байланыштары да мезгил-мезгили менен үзгүлтүккө учурап турган. Батыш жакта болсо кыргыз бийлеринин Кокондун башкаруучусу Нарбото-бий менен союздаш мамилелери бир калыпта болбой жаткандыгы байкала баштаган. Кокон үчүн анын аймагына Бухара эмиратынын басып кирүүкоркунучу бар болгон. Эмират Коконго саясый кысым жасоо максатында ага соода багытындагы чектөөлөрдүжүргүзүп турган. Кыргыздардын казактар бизди колдойт деген ишеними бошоңдогон эле. Буга алардын ортосундагы кез-кезде байкалып турган барымталар тоскоол болгон. Цин бийлигиндегилер түндүктөгүкоңшулар бири-бири менен каршылашып начарлай беришсин деп, мындай абалды тымызын колдоп келишкен.

Кыргыздар ушундай абалда Россия мамлекети тарабынан өздөрүнө колдоо болуп калар деп аны менен дипломаттык мамилелерди түзүүнүчечишкен. Ушул маселе орус мамлекетин да кызыктырган. Себеби мындай болгондо, Россиянын коңшу казактарга таасир этишин күчөтмөк. Кыргыз жана казак башкаруучуларынын барымталашып кагылышууларынын токтошуна орус мамлекетин үмүттөндүргөн. Себеби бул алардын бириккен күчтөрүнүн Циндин Орто Азиядагы жашыруун басып алуучулук аракеттерине каршы багытталмак. Жыйынтыгында Орто Азияда туруктуу саясый абал пайда болмок. Кыргызстанда Фергананын шаарлары жана Россия менен кыргыздардын соода байланыштарына ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Демек, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясый байланыштардын боло башташына эки тарап тең кызыкдар эле. Бул байланыштардан коңшу өзбек менен казактар үчүн да утуш болмок. Кыргыздар Россия менен дипломаттык байланыштарды түзүп, негизгиси саясый өз алдынчалыктарын сактап калуу аракеттеринде
болгон.

Россияга барган биринчи кыргыз элчилигинин кээ бир жактары кийинки мезгилде тарыхый адабиятта чагылдырылды. Биз тараптан да бир нече жаңы макалалар жарыяланды. Ошондуктан, бул элчиликтин жүрүшүнө кеңири токтолбойбуз. Табылган булактарда элчиликтин көпчүлүк жагдайлары толук баяндалган эмес. Биздин оюбузча, ал атайы өзүнчө изилденүүгө тийиш. Бул жерде кыргыз-орус дипломаттык байланыштарынын башталыш процессин гана ачып көрсөтүүаракетине көңүл
бурмакчыбыз.

Биринчи кыргыз элчилигинин Санкт-Петербургга жөнөгөн убакта кыргыздар Россия мамлекети жөнүндө кабары бар болучу. Жалпы маалыматтарды соодагерлерден билишкен. Бирок, толугураак жана тагыраак жагдайларды 1757-жылы качкын калмактар менен Россия төбөлдүгүнө өтүп, Астрахан губерниясында, Этил (Волга) боюна отурукташкан, кийинчерээк өз мекенине келе баштаган кыргыздардан угушса керек деп айтууга болот.

кыргыз бийлеринин демилгеси

Казак султандары жана кыргыз бийлеринин дипломаттык мамиле түзүжөнүндө билдирүүлөрүнө Россия, шартка жараша, өз убагында жооп берүүгө аракеттенген. 1784-жылы май айында Екатерина II өзүнүн орус Сенатынын генерал-прокурору А.Вяземскийге жазган катында казактардын Кичи жүз жана Орто жүз хандарынын жиберген кишилерин жакшы кабыл алуусун айткан. Ал эми Уфа жана Симбирск генерал-губернатору Апухтинге жазган катында орус канышасы төмөндөгүдөй көрсөтмө берген: «Кыргыз-казак ордолорунан султандардын бири менен ар кандай уруу-урук башчыларына кезигип, алардан түрдүүмаалыматтарды алып жана өзүңөрдүн кеңешиңерди берип туруш үчүн алардын өкүлдөрүжаныңарда болсун. Чоң кыргыз (тагырагы Улуу жүз казак — Д.С.) ордосуна, каракалпактарга биз түзүк мамиледе экенибизди билгизип, аларга сый көрсөтүүаркылуу Россиянын карамагына өткөрүүгө аракет кылгыла жана чек арабыздын коопсуздугу үчүн дайыма ал тараптан маалымат алышка кам көрүңүз».

Ушундай чакыруулар казактардын улуу жүзүнө коңшу болгон жети суулук кыргыздарга да жетсе керек. 1785-жылы жайында түндүк-чыгыш кыргыз урууларынын улук бийи Атаке-баатыр Тынайбий (сарыбагыш) Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга биринчи элчилигин Абдрахман молдо (Карыганбай) Алкучаков жана Шергазы Орозбай уулу деген инсандарды жөнөтөт.

Элчиликтин башчысы

Абдрахман молдо Россияны жакшы билген. Ал 1757-жылы Россия төбөлдүгүнө өтүп, 14-15 жыл Астрахан губерниясында, Волга жээгинде жашап Мекенине кайтып келген кыргыздардан болгон. Демек, орус тилин жакшы билген. Элчиликтин максаты Кыргызстан менен Россиянын элчилик-дипломаттык жана соода байланыштарын түзүүдөн тышкары орус мамлекетиндеги Волга жээгиндеги кыргыздар жөнүндө маалымат алуу болучу.

Атаке-баатыр кыргыздардын казактын Вали-ханы менен тынчтык келишимин түзгөн учурдан пайдаланып Россияга ушул биринчи элчиликти узатып жөнөткөн. Бул жөнүндө 1785-жылдын 16-ноябрында көпөс З. Пеневскийдин генерал-майор Н.С.Федцовго берген билдирүүсүнөн билсек болот. Анда казактардын башчысы Вали-хан кыргыздардын конушуна барымталанып кеткен жылкыларды издөө үчүн өзүнүн Чыңгыз (казак окумуштуусу, дипломат Чокан Валихановдун атасы — Д.С.) жана Касым (Кенесарынын атасы — Д.С.) деген бир туугандарын жиберет. Касымды кыргыздар туткундап алышат. Тынчтык сүйлөшүүлөр башталат. Вали-ханга (Ч. Валихановдун чоң атасы — Д.С.) кыргыздын мыкты аксакалдары келишет. Касым султанды жана аны менен чогуу туткунга түшкөн кишилерди сатуу (выкуп) албай эле бошотушат. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин (1785-жылдын июлуна чейинки) ар түрдүүкелишпестиктер, карама-каршылыктар токтойт.

узак сапар

1785-жылы август айынын баш ченинде, Чүй өрөөнүнөн кыргыз элчилери менен чыккан кербен казактардын Орто жүзүнүн султаны
Бөкей (Барак-хандын баласы) төрөнүн жер аймактарын кезип өтүп, 1785-жылы 23-августта Россиянын аймагындагы Ыйык Петр чебине жетип, Омскиге келишет. Бул жерден кыргыз элчилери Сибир аскерлеринин башчысы генерал-поручик Николай Гаврилович Огаревго Атаке-баатырдын эки катын тапшырышат. Генералга багышталган биринчи катында, Атаке Огаревго эки ат жана Росссиянын падышасынын «ден соолугун сурап, учурашып келүүүчүн эки элчини жибергенин» айткан. Екатерина IIге багышталган экинчи катында, Атаке өзүнүн ата-бабаларынын Ташкент көпөстөрүРоссияга бара жатышканда кызмат көрсөтүшкөндөй, өзүда орус тактысына ишеничте болуусун айтып келип, өзүнүн элчилери Абдрахман менен Шергазыдан белек катарында бир кул (арап), үч илбирстин жана беш сүлөөсүн терилерин берип жибергенин жазат. Чындыгында, бул Атакенин Казакстан аркылуу Россиянын Сибиринде соода кылчу жакыныраак ыңгайлуу соода жүргүзүүжерди табуу аракети эле. Бул жөнүндө Атакенин небереси Жантай Карабековдун
1851-жылы орус бийликтерине жазган катында да айтылган. Анда
Атаке-баатыр өзүнүн конушундагы кербен башы болгон соодагер Молдо Кожону Перопавловскиге жөнөткөн экен деп баяндалат.

Атаке-баатырдын Екатерина II сунушун улуу жүздүн султаны
Бөкей колдогонунун себеби жаңы кербен жолу анын конушу аркылуу өтмөк. Бул жөнүндө Бөкей султандын 1787-жылдын 5-июлунда Сибир полкторунун командири Н.Огаревго жазган катында айтылат. Султан
Бөкей ал катында Орто Азия көпөстөрүсооданы Ямышев чебинде ачууну сурап жатышкандыктарын, анткени Ыйык Петр чеби «алыс жайгашкандыктан, ага баруу өтө кыйын болгондугун», ал эми ташкенттик жана бухаралык кербендерин дайыма тосуп алып жана узатып тураарына кепил болоорун, кыргыз элчилеринин Россиядан аман-эсен келишине камкордук кылаарын айткан. Сунуш кылынган жаңы маршрут боюнча кербендер жолдо 40 күндүн ордуна 19 эле күн жүргөн. Кээ бир казак башкаруучулары соода маршруттун өзгөргөндүгүнөн жана транзит соодасынан мурункудай киреше албай калышкандыгынан, мындай бурулушка алар каршы болушкан. Мындай жагдай Россияга барган кыргыз элчилигинин Омск шаарында жыйынтыкталуучу чечүүчүмезгилин татаалданткан окшойт.

Кыргыз элчилери Санкт-Петербургда

Россиянын борборуна атайы уруксат берилгенден кийин Сибирь драгун полкунун приставы адютант Иван Сипайловдун коштоосунда кыргыз элчилери 1785-жылдын 29-декабрында Санкт-Петербургга келишет. Архив документтерин талдап көргөндө, Орус өкмөтүАтаке-баатырдын элчилерин кабыл алганда, алар Россиянын карамагындагы Орто жана Кичи жүздөрүнүн казактары эместигин даана айырма кыла албаганы сезилет. 1752-жылдан баштап казактардын элчилерин Россия империясынын төбөлдөрүкатары депутаттар деп атай баштаган экен. Ал эми 1785-жылдын ноябрына чейин казактардан Россия императорунун кабыл алуусуна хан тукумунан чыккандар гана укуктуу эле, бул да өтө сейрек учурларда болгон. Императордун кабыл алуусуна кыргыз элчилерине уруксат бергенде Россия Атакени жок дегенде казактардын хан тукумунан чыккандар менен теңтайлаш, өзүнчө ээлиги бар инсан деп
билген.

Кыргыз-орус өз ара мамилерине байланыштуу атайы документтерде Атаке казактардагы хан наамынан төмөн турган ар кайсы даражадагы «старчын», «султан» же «бий» катарында аталбайт. Ал өзүнчө көчүп жүргөн кыргыздардын бийлеринин башчысы (князь — орустардын жогорку бийлик эгедери сыяктуу делип кээде начальник-башкаруучу) катарында айтылат. Кыргыз элчилерин кыргыздар тарабынан жана чек арадагы Сибирдин администрациясы түзгөн документтерде «элчилер» деп, ал эми орус өкмөтүнүн борбордук мекемелеринде алар «депутаттар» деп аталышы көңүл бурарлык нерсе. Мына ушунун баардыгы Россияга жиберилген кыргыздардын биринчи элчилигинин тапшырылган иштеринин жүрүшүнө кандайдыр бир даражада таасири
тийген.

(Уландысы кийинки санда)

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер