АЛЬФРЕД НОБЕЛЬ ЖАНА КАЙРЫМДУУЛУК

  • 20.11.2020
  • 0

 Редакциядан: Белгилүү коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев “АЛЬФРЕД НОБЕЛЬ жана ФИЗИКА” аттуу Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баяндаган китеби окурмандардын кызыгуусун арттырып келет. Бул чалкеш дүйнө илимдин күчүменен өзгөрүп, өнүгүүандагы чоң ачылыштарга көз каранды экендиги айныгыс чындык эмеспи. Ага чоң каржы көрсөткөн Альфред Нобелдин феноменин өзгөчө ачып көрсөткөн бул эмгек элибиз үчүн эң баалуу дээр элек. “Менин бул эмгекти жазган максатым: биринчи, А.Нобель атындагы сыйлыкты алган татыктуу окумуштуу – физиктердин өмүр жолдору боюнча баян берүү; экинчи, эң башкысы, алар кайсы эмгектери үчүн бааланышкан жана ал илимий ачылыштардын маани-мазмуну эмнеде экендигин жөнөкөйлөштүрүп жеткирүүболду. Кесибим боюнча физик болгонумдуктан, А.Нобель сыйлыгында алгачкы жана биринчи болуп көрсөтүлгөн физика илими боюнча сыйлык алгандарга кайрылууну туура көрдүм”, — деп жазат автор китептин кириш сөзүндө. Биз окурмандарга кеңири жеткирүүмаксатында, окумуштуунун аталган китебинен сандан-санга үзүндүжарыялап турууну чечтик.

Альфред Бернар Нобель – швециялык химик, инженер жана ишкер адам. Ал тарыхта эң күчтүүжарылуучу зат болгон динамиттин ойлоп табуучусу. А.Нобель 1833-жылдын 21-октябрында Швеция Королдугунун борбору – Стокгольм шаарында белгилүүишкер, архитектор жана ойлоп табуучу Эммануиль Нобелдин (1801-1872) үй-бүлөөсүндө төрөлгөн. Каарманыбыздын энеси Каролина Андриетте Алсель
(1803-1879) өз заманынан озуп жашаган билимдүүаял болгон. Кичинекей Альфред Нобелдердин сегиз балдарынын ичинен үчүнчүсүболуп төрөлүп, жаштайынан эле ден-соолугу начар болгон экен. Бирок ал башка үч бир-туугандары (Роберт, Людвиг жана Эмиль) менен аман-эсен чоңоюп, калган төртөө ымыркай кезинде эле каза болушкан делинет. Эммануиль Нобель бардык каражатын эластикалык кездемени чыгарууга жумшайт, бирок ишти жөнгө сала албай жакырланган абалга кептелет. Натыйжада, үй-бүлөөсүн Швецияга калтырып, 1837-жылы алгач, Финляндияга, андан ары Санкт-Петербургга жумуш издеп кетет. Ошондо кичинекей Альфред төрт жашта эле болгон. Э.Нобель табиятынан мээнеткеч адам болгондуктан, Россияда өз ордун тез эле татыктуу табууга жетишет. Ал согуштук миналардын жардыруучу элементи болгон күкүмдөрдүчыгаруу ишин колго алып, мындан сырткары токардык станокторду жана алардын жабдыктарын жасоочу ишканаларды курууга жетишкен. 1842-жылдын октябрь айында Эммануиль Швециядан үй-бүлөсүн алдырып, иши оңолуп калган. Ошондо Альфред тогуз жашта эле. Эммануиль Нобель орус инженерлери менен бирдикте деңиз торпедолорун жасоону дагы ийгиликтүүжүзөгө ашырган. Бул эмгеги үй-бүлөөнүн бюджетин жакшы көтөргөн жана балдарына жеке билим бере турган сабаттуу мугалимдерди тартууга мүмкүнчүлүк берген. Альфред тырышчаак окуучу болуп, өзгөчө химиядан чоң ийгиликтерге жетише алган. Ал кичинесинен эле англис, француз, немец, швед жана орус тилдеринде сүйлөй жана жаза алган. Ошондуктан, Эммануиль орус досу, химик Николай Зиминдин сунушун эске алып, Альфредди 17 жашында Европага жана АКШга билим алууга жөнөткөн. Ал Дания, Германия, Италия жана Франция өлкөлөрүндө болуп, негизинен химия менен физиканы терең өздөштүргөн. Ишкердик өнөргө дагы көп көңүл бурган. XIX кылымдагы дүркүрөп өсүп келе жаткан өндүрүш үчүн бул өнөрлөр эң баалуу сапаттар эле. Андан ары Нобель АКШга барып, өзүнүн атактуу жердеши швед Джон Эрикссон менен иштешкен. Эриксон буу машиналарынын конструктору эле эмес, убагында брондолгон согуш кемелеринин дагы куруучусу болгон. Мындай илимий-техникалык мектеп жаш Нобелге эбегейсиз зор тажрыйба берген.

Чет жерлик сапарынан келген Альфред атасы менен бирдикте иштей баштады. 1853-1856-жылдардагы Крым согушу алардын завод-фабрикалары үчүн эбегейсиз сандагы согуштук буйрутмаларды камсыз кылган. Бирок баюунун дагы чеги болот эмеспи. Ошол кездеги жалпы россиялык саясат абдан туруксуз болуп, кээ бир “ишмерлердин” аракети менен жардыруучу материалдар чет мамлекеттердин фирмаларынан сатып алына баштаган.
Нобель жана анын өнөктөштөрүбашка бизнеске өтүүгө аргасыз болушкан. Негизги заказ катары Каспий жана Волга флотилиясына керек болгон пароходдордун тетиктерин жасашкан. Бирок бул чоң бизнес эмес эле. Натыйжада экинчи жолу банкрот болууга кептелишкен. Ошондуктан Альфред атасы менен Швецияга кайтышып, иштин жүргүзүлүшүн бир тууган агалары Роберт (1829-1896) менен Людвигге (1831-1888) тапшырышкан.

Швецияга келгенден кийин жаны тынбаган Альфред жардыруучу заттарды лабораториялык шартта изилдей баштаган. Бирок 1864-жылдын 3-сентябрында Нобелдердин үйүндө эбегейсиз чоң трагедия болду. Анткени эксперимент учурунда катуу жарылуу болуп, бир нече киши каза табышкан. Алардын ичинде Альфреддин иниси, 22 жаштагы Эмиль-Оскар (1842-1864) дагы болгон. Бул трагедия атасы Эммануилдин ден-соолугуна катуу сокку урду. Ал шал оорусуна чалдыгып, сегиз жыл төшөктө жатып, 1872-жылы каза болгон. Мындай кыйынчылыктар Альфредди багындырган жок. Ошол кезде өзгөчө жарылуу жана дарылык касиетине ээ болгон нитроглицерин алынган болчу. Автору – италиялык химик Асканьо Собреро (1812-1888). Ал нитроглицеринди синтездөө жолу менен 1847-жылы алган. Альфред өзүнө таандык болгон табышкерлик менен нитроглицеринге жаңыча колдонууга жетишти. Ал динамит эле. Нитроглицерин – таза абалында өтө коркунучтуу зат жана пайдаланууга абдан ыңгайсыз. Ошондуктан аны кеңири колдонуу үчүн катуу зат абалындагы абсорбенттер керек болот.
А.Нобель дагы көптөгөн соргуч заттарды эксперимент жолу менен таап, 1867-жылы патент алууга жетишкен. Демек, нитроглицерин менен сугарылган соргуч заттар бизге динамит деген ат менен белгилүү.

Бир тууган Нобелдер өз капиталдарынын көпчүлүк бөлүгүн нефть бизнесине дагы салышкан. Алар айрыкча, Азербайжандын Апшерон жарым жарым аралындагы нефть өндүрүшүндө ийгиликтүүиш жүргүзө алышкан. Нефть кенин изилдөө иштеринен баштап, аны өндүрүүжана сатуудан бир туугандар ошол кездеги эң күчтүүболгон 30 миллион рубль өлчөмүндөгүкапиталды топтошкон. Алардын абдан кирешелүү13 завод бир эле Кавказ аймагында жайгашкан жана миңдеген жумушчулар иштешкен.

Альфред Нобелдин дагы бир өзгөчөлүгүбар эле. Ал мыкты лектор жана жарыякеч болгон. Өзүнүн динамитин бүт Европаны кыдырып, тынымсыз сатып турууга үлгүргөн. 1867-жылы 14-июнь күнүдинамитти Англиянын Сюррей графчылыгындагы Редхилл шаарынын чет жака белиндеги атайын чуңкур жерде сынаган. Эффект ушунчалык күчтүүболгондуктан бүт дүйнөлүк телеграф- телетайп борборлорунун көңүл чордонунда жумалаган окуяларга айланган. Динамит чыгарган заводдорду Европанын жана АКШнын көптөгөн шаарларында курган. Эбегейсиз пайда көргөн. Абдан шыктуу бул швед жараны башка ишмерлердин кыжырына тийген. Ошондуктан акчага жалданган жазмакелердин катуу чабуулу көбөйгөн. Натыйжада, алгач, Парижден кетип, Италиянын Сан-Ремосуна баш калкалоого мажбур болгон. Каарманыбыз көп кырдуу киши эле. Адабиятка кызыккан, ал турсун “Немезида” аттуу пьеса дагы жазган. Европада эң ирилердин бири болгон китепкана түзгөн. Спенсер, Вольтер, Шекспир, Гюго, Ги де Мопассан, Оноре де Бальзак, Тургенев, Эмиль Золялар болсо, акындар Ибсен, Ламартин жана Шеллилердин таланттарына суктанган. Өзгөчө француз классиктери кызыктырган. Дарвиндин теориясын жактырып, адамзаттын жашоосундагы таасири зор экендигин белгилеген. Көп саякаттаган. Ошондуктан достору аны Европанын эң бай “селсаягы” деп тамашалап коюушчу. Тынымсыз эмгек, катуу түйшүктөр Альфреддин ден-соолугуна терс таасир бербей койгон жок. Акырында анын мээсине кан куюлуп, 1896-жылдын 10-декабрында Сан-Ремодо 63 жашында каза болгон. СөөгүШвецияга алып келинип, Стокгольмдун шаардык мүрзөсүнө коюлган.

Альфред Нобелдин артында бала калган эмес. Бирок анын атын өчүрбөгөн нерсе бар. Бул – атактуу Нобель сыйлыгы. 1895-жылдын 27-ноябрында Париждеги швед-норвег жабык клубунда өзүнүн керээз катын жазып, расмий жол менен бекемдеген. Ага ылайык, беш илим тармагына 31 миллион швед маркасы бөлүнгөн. Бул сумма анын жалпы байлыгынын 1/3ин түзгөн. Эмне деген марттык! Мындай кадамга барганынын түрдүүбожомолдорун айтып жүрүшөт. Анын бири мындай. 1888-жылы Альфреддин агасы Людвиг Россияда каза болот. Журналистер адаттагыдай эле удургушуп, “өлүм алып келген динамиттин автору өлдү” деп жазып чыгышкан. Ошондон кийин Нобель катуу ойлонуп: – “Адамзат мени кандай эстеп калаар экен?” — деген суроону койгон. Натыйжада биз жогоруда келтирген керээз кат жазылат. Ал өлгөндөн кийин анын көптөгөн туугандарынын кээ бирлери таарынышып, ал катты мыйзамсыз деп табууга аракет кылышкан. Бирок Норвегиянын парламенти – Стортинг 1897-жылдын 26-апрелинде ошол керээз катты мыйзам менен бекиткен. Ал эми Нобелдин катчысы Рагнар Сульман жана адвокаты Рудольф Лиллеквист Нобель Фондун түзүшүп, сыйлыкты ыйгаруу тартиптерин камсыз кылышкан. Нобелдин өзүнүн талабы менен Норвегиялык Нобель Комитети түзүлгөн жана 1897-жылы анын мүчөлөрүаныкталган. Ошол эле жылдын 7-июнунда Швециянын Каролин институту физиология жана медицина боюнча сыйлык тапшыруу түйшүгүн моюндаса, 9-июнда Швед академиясы адабият боюнча сыйлык берүүукугун алган, ал эми 11-июнда Швед Королдук академиясына физика жана химия жаатындагы сыйлыкты тапшыруу милдети жүктөлгөн. 1900-жылдын 29-июнунда Нобель Фонду түзүлүп, Нобель сыйлыгын уюштуруу жана каржы маселесин башкаруу укугу берилген. Ошол эле жылы Фонддун уставын Швеция королу Оскар кол коюп бекемдеген. Тарыхта белгилүүболгондой, 1905-жылы Швеция-Норвегия униясы тараган. Ошол кезден баштап, Нобель Комитети тынчтык сыйлыгын берип, ал эми Швециянын уюмдары калган сыйлыктар үчүн жооптуу болуп калышкан.

Нобель сыйлыгын берүүнүн негизги эрежеси болуп, Нобель Фондунун статуту эсептелет. Сыйлык жеке адамдарга гана берилет. Ал эми тынчтык сыйлыгы жеке адамдардан сырткары расмий жана коомдук уюмдарга да берилиши мүмкүн. Бир эле учурда ар бир номинация боюнча бир же эки жумуш сыйлыкка татыктуу болушу мүмкүн, бирок, сыйлангандардын жалпы саны үч кишиден ашпашы керек. Дагы кызык жери, сыйлык акчанын жалпы саны төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт: сыйлык алгач көрсөтүлгөн эки жумушка тең бөлүнөт, андан кийин ошол жумуштардын үч авторуна дагы тең жарым болуп бөлүнөт, б.а. 1 автор ½1/2ин алса, 2 автор ¼ 1/4ден алышат. Сыйлык көзүөтүп кеткен адамга берилбейт. Сыйлык ээлери демейде ар бир жылдын октябрь айында жарыя кылынат дагы, ошол эле жылдын 10-декабрында (Нобелдин өлгөн күнү) расмий түрдө ыйгарылат.

Нобель сыйлыгы беш номинация боюнча 1901-жылдан бери берилип келе жатат. Мындан сырткары, 1969-жылдан баштап Швеция банкынын демилгеси менен Нобель сыйлыгын экономика багыты боюча дагы бере башташты. Бул сыйлык Нобель Фондунан эмес, Швеция банкынын корунан берилет. Азыркы күнгө Нобель Фондунун башкармалыгынын чечими менен жаңы номинациялоо токтотулган! Базар болуп кетпесин дешсе керек. Ар бир лауреат милдетүүтүрдө “Нобелдик мемориалдык лекция” окуйт. Анын тексти Нобель Фондунун өзгөчө томунда жарык көрөт.

Бүгүнкүкүнгө Нобель Фонду 250 миллионго жакын АКШ долларын түзөт. Лауреаттарга сыйлык акча ошол сумманын баалуу кагаздарынан түшкөн пайданын пайызынан төлөнөт. Сумма жыл сайын аз санда өзгөрүп турат. Мисал, үчүн 1992- жана 2012-жылдарды карайлы :

1992-жылы – 1,04 млн. АКШ $;
2000-жылы – 0,9 млн. АКШ $; 2003-жылы – 1,34 млн. АКШ $; 2004-жылы – 1,46 млн. АКШ $; 2005-жылы – 1,25 млн. АКШ $; 2006-жылы – 1,45 млн. АКШ $; 2007-жылы – 1,56 млн. АКШ $; 2008-жылы – 1,25 млн. АКШ $; 2009 жылы – 1,45 млн. АКШ $;
2010-жылы – 1,5 млн. АКШ $;
2011-жылы – 1,4 млн. АКШ $;
2012-жылы – 1.1 млн. АКШ $.
Көрдүңүздөрбү, 2012-жылы дароо эле 20% га азайган. Менин байкоомдо, мындай иш-чара сыйлыкты узак мөөнөткө кармап турууга багытталган болуш керек. Эмнеси болсо дагы чоң сумма бекер эле берилип жатпайбы. Бирок Нобель сыйлыгынын лауреаты акчага эле марыбастан, коомдо эбегейсиз абройго ээ болот. Алардын ар бири улуттук баатырга айланышат. Өз мекени (илимди баалаган башкаруучу болсо) дагы кошумча шарттарды түзүп беришет. Нобель сыйлыгын берүүтартиби, шааниси дагы өзгөчө. Аны баарыбыз ММКнан окуп, телевидение жана Интернеттерден көрүп жүрөбүз. Демек, Альфред Нобелге окшогон меценаттар илимий-техникалык прогресстин локомотиви болуп келишет.

Уландысы бар

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
физика-математика илимлеринин доктору, профессор

 

Бөлүшүү

Комментарийлер