АЛА-ТООДОН ЖЕТӨӨ

  • 29.10.2021
  • 0

1920-жылы Ташкент Киринпросун аяктаган алгачкы жети бүтүрүүчүнүн бири Базаркул Данияров жөнүндө “Алгачкы агартуучу. Доор күүсүндөгү инсандын бейнеси” аталышындагы китеп орус тилинде жарык көрдү. Китептин бет ачарына КУУнун ректору К.Садыков, коомдук ишмерлер Э.Каптагаев, К.Иманалиев, тарыхчы А.Кубатова ж.б. Данияровдордун жакын туугандары, санаалаштары катышып, китептин автору Асель Даниярованын китеп жөнүндөгү кеңири баяндамасына күбө болушту.

АЛА-ТООДОН ЖЕТӨӨ

Шабдания медресесинин окуучусу

Базаркул Данияров 1897-жылдын 20-октябрында Чоң-Кемин суусунун боюндагы кереметтүү өрөөндө, Россия империясынын  түркстандык генерал губернатордук Семиречье облусунун Пишпек уездине караштуу Сарыбагыш  болуштугунда, Байбото уулу Даниярдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Базаркул Данияров 1909-жылы Кеминдеги Тар-Суу айылындагы белгилүү “Шабдания” жадид медресесине биринчилерден болуп кабыл алынган. “Шабдания” медресесин 1909-жылы сарыбагыштардын атактуу манабы Шабдан баатыр ачканы маалым.

“Жаңы ыкма” менен окуткан мектепте куранды үйрөтүүдөн башка математика, географиянын негиздерин окутушуп, ыр жана дене тарбия сабактары өтүлгөн, ошондой эле табигый илимди, Россиянын жана Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхын үйрөтүшкөн. Балдарды окутуу үчүн Оренбургдан жана Казандан атайын чакыртылып алынган мугалимдер Шабдан баатырдан жылына 1000 рубль айлык алып турушкан. Салыштырсак – 2012-жылы Россия империясынын гимназия-училищесинин мугалимдери айына 85 рубль же жылына 1 020 рубль алышкан, ал эми башталгыч класстын мугалимдери андан да аз алышкан экен. Тилекке каршы, “Шабдания” мектебинин ишмердүүлүгү көпкө созулган жок, 1912-жылы анын негиздөөчүсү каза болгондон кийин өз ишин токтоткон. Маалымат үчүн айта кетсек,1909-жылы «Шабдания» мектебинде Кеминден, жана ошондой эле Кочкордон, Жумгалдан жана жалпы эле Чүй өрөөнүнөн 150 бала окуп, билим алган.

Медресе жабылгандан кийин, өз билимин жогорулатууга умтулгандар 1914-жылы Токмоктогу орус-тузем мектебине кирип, ал жерден толук бир окуу жылын аякташкан.

Тагдыр чечкен жолугушуу

Ал аңгыча кыргыз тарыхында кара так менен жазылып калган Үркүн башталып, Базаркул Данияров туугандары менен чогуу 1916-жылдын эрте күзүндө Кытайга ооп кетүүгө аргасыз болушкан. Коогалаңдуу Үркүндөн кайтып келгендерди өз мекени кучак жайып тосуп алган жок. Ачарчылык, жокчулук турмуштун айынан Базаркул апасын жана бир туугандарын ээрчитип казак боорлошторуна баш паанек издеп көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

1918-жылдын күзү Базаркул Данияров үчүн тагдыр чечкен мезгил болду. Ал кожоюндарынын чарбалык тапшырмасы боюнча Кордойдон Верныйга каттап жүргөн күндөрдүн биринде жердеши, коомдук ишмер Ысак Шайбековго жолугуп калат, аны жакшы тааныган себеби, Кайыңдыда алар менен коңшу турушчу.

Ысак Шайбеков1900-жылдарда эле Токмоктон башталгыч билим алып, революцияга чейин Кеминде балдарды сабаттуулукка үйрөткөн адам катары, окуунун маанисин эң сонун түшүнгөн жана жаштардын билим алуусуна жардамын аябаган адам болгон. Базаркул бул маанилүү жолугушууну мындайча сүрөттөйт: «Андан казактар менен Алматыдан эгин ташыды. Анда казактын киресин тартыштым. Экинчи жолу төөгө минип барганда Шайбеков деген тааныш адам учурап калды. Ал Пишпектен батырактардын атынан облосной сийезге барган экен. Ошондо Алматыда курс ачылуун сүйлөп, менин мурун сабаттуу экенимди билгендигинен, алып барып курска киргизип койду. Ягыны 1918-жыл октабр чамасы эле”. Бул жолугушуу анын жашоосунда чечүүчү ролду ойногон. Дал ошол учурдан баштап Базаркулдун мугалимдик кесипке жолу ачылып, агартуу жолу башталган.

Айтылуу Киринпросто

Базаркул 1918-жылы октябрда Верныйдагы биринчи баскычтагы мугалимдерди даярдоо боюнча алты айлык курска кирип, 1919-жылдын май айында аны аяктап, мугалимдин күбөлүгүн алган. Курсту аяктаар замат ошол эле Верныйдагы улуттук билим берүү бөлүмүнө ишке кирет. Кыязы, бул иш жай мезгилде болгонуна жана мектепте сабак өтүлбөгөндүгүнө байланыштуу, эки ай бою ал Кызыл Армиянын аскерлеринин үйүнө жумушчуларды чогултуу боюнча администрациянын көрсөтмөлөрүн аткарган. Ушул күндөрү облустук билим берүү башкармалыгына Ташкенттен кыргыздар менен казактардын арасынан 15 окуучуну кошумча билим алуу үчүн тартуу өтүнүчү келип түшкөн. Базаркул окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алган бактылуу адамдардын катарына кошулуп, 1919-жылы күзүндө Базаркул билиминин кийинки баскычына көтөрүлүү үчүн Ташкентке жөнөп кеткен.

1919-жылы күзүндө, Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын Эл агартуу комиссариатынын өтүнүчү менен Ташкентке 15 казак жана кыргыздан турган топ келген, ал топтун курамында Базаркул Данияров да болгон. Шабдания медресесиндегидей эле ал дагы бир жолу жаңы түзүлгөн окуу жайынын биринчи топтомуна кошулган. Аны менен бирге Касым Тыныстанов жана Осмонкул Алиев да бул мектепке кирген.

Жаңы жарыкка келген Педагогикалык окуу жайынын окуу программасы төмөнкү сабактарды камтыган: география, математика, эне тили, табигый-физика, тарых, сүрөт, музыка жана гимнастика. Өтө таңсык болуп турган окуу куралдарын даярдоо боюнча иш токтоосуз башталганын байкоого болот. Иш ыргагы кызуу жүрүп, Эл агартуу комиссариатынын Түрк бөлүмү белгилүү орус тилдүү окуу китептерин «түрк тилдерине» которууну колго алган. Студенттерге дагы, мугалимдерге дагы кийим-кече, бут кийим, тамак-аш абдан муктаж болуп тургандыгына карабастан, чыгармачыл, жаратмандык демилгелүү иштер кайнап турган. Окуу жай Эл агартуу комиссариатына сунуш кылган тизмеде 12 мугалимден тышкары, беш тикмечи жана төрт өтүкчү, ошондой эле азыр биз үчүн экзотикалык кесип болуп калган арабакеч, бука кайтаргыч кызматчылары да бар эле.

Базаркул Данияров башка окуучулар менен бирге Педагогикалык училищеде 1919-жылдын күз айларынан баштап, окуу жылы аяктаганга чейин окуган.

1920-жылдын жайында, аталган курсту аяктап жаткан учурда, билим берүү тармагында кезектеги тарыхый окуя бышып жетилип турган. Бул – Педагогикалык училищенин базасында Кыргыз агартуу институтунун, башкача айтканда, кийин жалпыбызга “Киринпрос” деген аталышта таанымал болгон институттун ачылышы эле.

ГУЛАГдан келген 17 кат

Базаркул Данияровдун жашап өткөн кыска өмүрүнүн ар бир урунттуу учуру 90 пайызы сабатсыз караңгы элди сабаттуулукка үйрөткөн жаңы доордун, жаңы жашоонун башталышы менен шайкеш келип турат. Ал сабатсыздыкты жоюу өнөктүгүнүн жигердүү катышуучулары К.Тыныстанов, Ж.Абдрахманов, П.Юдахин ж.б. көптөгөн пикирлештери, замандаштары менен бирге жаңы замандын жарчысы катары, агартуу тармагынын алдыңкы сап башында турган. Аны замандаштарынын эскерүүлөрүнөн окуп билебиз. Пишпек, Ташкент, Ош шаарларында эмгек жолунда анын жанында жубайы Гафифа Даниярова турган. Арийне, Гафифа Даниярова экөө баш кошкондон кийин 13 жыл гана бирге өмүр сүрүшкөн. Алардын бактылуу турмушу 1937-жылы Базаркул камалгандан кийин кан буугандай токтолуп, азаптуу күтүү, армандуу көз жаш менен коштолгон. Тилекке каршы, экөөнүн ортосунда бала калган эмес. 87 жашка чейин узак жана өкүттүү өмүр сүргөн Гафифа Даниярова, акыркы мүнөттөргө чейин жолдошунан калган сүрөттөрдү, документтерди жана каттарды кылдаттык менен ыйык тумардай аяр сактап келген. 1937-1939-жылдары республикабыздын түрмөлөрүнөн, андан соң 1939-1942-жылдары ГУЛАГда, Свердлов облусунун Ивдель айылындагы лагерге которулган кезде аялына, анын апасына жана туугандарына жазган каттары аларга болгон чексиз сүйүүгө, терең урматтоо сезимдерине толгон. Сакталып калган каттар Гафифа Хусеиновнанын күйөөсүнүн камалганын аябай оор кабылдаганын, аны колунан келишинче колдогонун, көргөн камкордугун айкын далилдеп турат.

Базаркул Данияров сыяктуу Сталиндин жазалоочулары тарабынан камакка алынган кыргыздын 80ден ашык чыгаан уулдары Базаркулдай жаратман, башкаларга билим үрөнүн чачкан акылман болгондугу үчүн жок кылынган. Алар өз элине жакшылыкка жыш толгон жаркын жашоо алып келүү үчүн улуу күрөшкө аттанышкан, билим алууга, жаңы турмушка умтулган азаматтар эле…

Биздин Базаке

Базаркул Данияров көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Алар: жазуучу, сынчы, адабиятчы, манас таануучу, окуу китептеринин автору Ташим Байджиев; филолог, кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу китептеринин автору, мугалим, котормочу Зияш Бектенов; филолог, жазуучу, котормочу, драматург Тазабек Саманчин, белгилүү акын Аалы Токомбаев, агартуучулардан: мугалим Боталы Тыныстанов (Касым Тыныстановдун иниси), саясатчы, коомдук ишмерлерден Керим Кенебаев,  Султанкул Шамурзин ж.б.

Биринчи мугалими Базаркул Данияров жөнүндө Кыргыз совет тилчиси, биринчи улуттук лексикограф жана лексиколог Кусейин Карасаев, Касым Тыныстановдун жубайы, Турдубүбү Тыныстанова, Эшенаалы Арабаевдин кызы, Аккагаз Арабаева (Азыкова); журналист, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, Жамансариев Шайык Бекович; “Кызыл Кыргызстан”, “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” гезиттеринин, “Коммунист”, “Кыргызстан аялдары” журналдарынын редактору, Курман Кыдырбаева ж.б. жылуу пикирде жазылган эскерүүлөрү сакталып калган. Курман Кыдырбаеванын эскерүүсүнөн: “…1928-жылы Фрунзе шаарындагы Борбордук педагогикалык техникумдун үчүнчү окуу жылына студенттер кабыл алынып калды. Техникумга ошол жылкы кабыл алынгандардын баардыгы 1-даярдоо курсунун студенттери болушту. Ошол жылкы кабыл алынгандар негизинен айыл-кыштактардан келген кыздар менен балдар эле, мен да ошол жылы кирдим. Техникумдун директору Петр Кузьмич Юдахин, окуу бөлүмүнүн башчысы Базаркул Данияров экен.

Ал кезде студенттердин жаш курактары ар түрдүү боло турган, 20 жаштагылар менен 14-15-жаштагылар да бир курста окуша турган… Кыздардын жатаканасы техникумдун окуу корпусунун маңдайындагы үйдө эле. Жатаканада айыл-кыштактан жана башка шаарлардан келгендер жатчубуз. Ошол кишилердин кыздарга карата көргөн камкордуктары, мээрими, мамилеси өзгөчө эле. Маселен, Пётр Кузьмич Юдахин менен Базаркул Данияров экөө күн алыс, алмак-салмак эртең менен кыздардын жатаканасына келип, таяктары менен эшикти каккылап ойготуп “Кыздар тургула, тамакка, сабакка кечигесиңер” — деп, жыл бою кам көрүштү. Мындан артык камкордуктун болушун эмне менен өлчөөгө болот…”

Кыргыз совет маданияты жаңыдан көз жарып келе жаткан кезде педагогдук ишти жүргүзүп келген кыргыз интеллигенттеринин көч башындагыларынын бири Базаркул Данияров болгон. Ал кишини чоңдор деле, биз деле урматтап, сыйлап дайыма “Базаке” дечүбүз. Жаратылышында, дээринде кошо бүткөн адамдык бийик сапаты бизге — студенттерге педагогдук жакшы мамилеси ал кишинин аң-сезими күчтүү, билимдүү экендигинин көрүнүшү болсо керек.

Базакем бизди, студенттерди чыгармачылык менен ойлонууга тарбиялаган экен. Маселен, жылдын төрт мезгили жөнүндө, майрамдар, башка жаңылыктар жөнүндө өзүңөрчө эркин ой жүгүртүп аңгеме жазып келгиле деп тапшырма бере турган. Биз ал тапшырманы жан дилибиз менен аткарууга аракеттенип жазып келчүбүз. Базакем болсо биздин көңүлүбүздү көтөрүп, жакшы деп ортого салаар эле. Базакемдин студенттердин өз алдынча ойлоп көнүгүшүн өстүрүүгө карата жасаган аракети текке кетпей, ошол кездеги техникумдун бир нече студенти адабият, маданият майданына аралашып жазуучу, сүрөтчү, журналист, музыкант болуп чыгышты…” 19-август, 1997-жыл.

Кыргызстан маданиятынын жана билим берүүсүнүн көрүнүктүү ишмерлеринин бүтүндөй плеядасын жана  алгачкы окуу  программаларын жана окуу китептерин даярдоо менен бирге, өлкөбүздүн башталгыч, орто жана жогорку билим берүүсүнүн башатында турган педагог-агартуучу Базаркул Данияровдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган китеп Санжарбек Данияровдун коомдук фондусуна туугандары топтогон каражаттын эсебинен басылып чыкты.

 

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер