АКЫН ЫСМАЙЫЛ КАДЫРОВДУН ЫРЛАРЫНЫН БАЛДАР АДАБИЯТЫНДАГЫ ОРДУ

  • 15.07.2021
  • 0

Көп кырдуу кесип ээси Ысмайыл Кадыров бир караган адамга балдар адабиятына тиешеси жоктой сезилиши мүмкүн. Анткени ал КМУнун механика-математика факультетин бүтүрүп, Москва шаарынын полиграфия институтунда адистик жогорулатуудан өтүп, 20 жылдан ашуун убакыт (1977-2000-жж.) Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор кызматтарында иштеп, кийинки жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында референт, эксперт, ж.б. кызматтарда эмгектенип келе жатат.

Эң кызыгы – Кыргыздын Гиннес китебин (2008-ж.) алгачкылардан болуп түзүп, бул китеп жалпы коомчулук тарабынан абдан жылуу кабыл алынып, убагында жакшы ой-пикирин билдирген окурмандар четтен чыкканы болду.  Калемгер кыргыз маданиятын тыкыр изилдеп, элдин каада-салтын, үрп-адаттарын, жашоо образын чагылдырган макалаларын байма-бай жарыялап, китептерин жалпы журтка тартуулап келет.

АКЫН ЫСМАЙЫЛ КАДЫРОВДУН ЫРЛАРЫНЫН БАЛДАР АДАБИЯТЫНДАГЫ ОРДУ

Акындын алгачкы ырлары “Ленин” жана “Тоолор” деген аталышта 1969-жылы Ат-Башы райондук “Жеңиш жолу” газетасына басылып чыгат. Ал эми туңгуч ырлар жыйнагы “Жаштар үнү” сериясында 1988-жылы жарык көрөт.

Ар түрдүү темадагы илимий-популярдуу эмгектердин, математика боюнча терминдердин сөздүгүн, кесиптик-техникалык окуу жайлары үчүн окуу куралын иштеп чыгышы – анын талыкпай иштеген эмгекчилдигинен кабар берет.

Кыргыз Энциклопедиясында иштеп жүргөн кези, тынымсыз изденүү аны балдар адабиятына жакындатып, балдар дүйнөсүн мыкты жана ар тараптуу өздөштүрүүгө шарт түзгөнү байкалат. Бул жылдары болочок акын “Бул ким. Ал эмне?” (Балдар энциклопедиясы), “Өспүрүмдөр оюндары”, “Физкультура жана спорт” деген аталыштагы китептерди түзүүгө катышат.

Бул тууралуу филология илимдеринин доктору Ү.Култаева мындай деп жазат: «Акындын өзүнүн дал ушул “энциклопедиялык билимге” ээ болушу балдар поэзиясына оригиналдуу ырларды алып келишинин негизги өбөлгөсүн түзгөндүгүн байкоо кыйын эмес. Анткени балдар үчүн мыкты чыгарма жазуунун эң зарыл шарттарынын бири – жазуучунун интеллектуалдык деңгээли. Бул жагынан акында тиешелүү көрөңгө жетиштүү”.

Акын балдарга арнап: “Түстөн чыккан түркүн сөз” (Б.: 1998-ж.), “Сандар санаты”, (Б.: 2008-ж.), “Тамга сандык, сөз куржун” (Б.:2010-ж.), “Төрт түлүк” (Б.: 2010-ж.) сыяктуу татынакай жыйнактарды балдарга тартуулоо менен жаш досторунун жүрөгүнөн орун таба алды.

АКЫН ЫСМАЙЫЛ КАДЫРОВДУН ЫРЛАРЫНЫН БАЛДАР АДАБИЯТЫНДАГЫ ОРДУ

Акындын жыйнактарында балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө арналган, аларды жаратылыш сырларын үйрөнүүгө чакырган жана тарбиялык мааниси зор ырлары жыш учурайт. Айрыкча балдар билип алууга зарыл болгон коопсуздук эрежелерин сактоо, күндөлүк турмушка эң керектүү нерселерди өздөштүрүүгө арналган ырлары көңүлдү бурат. Маселен:

Нөшөрлөгөн жамгырда,

Алыс жүрсөң айылдан.

Чоң даракка жашынба,

Уруп кетет чагылган.

Чатыр тигип жайгашпа,

Кокту-колот жерлерге.

Кача албай каласың,

Кокустан сел келгенде, — деп балдарды өрттөн, селден, катуу шамалдан, сактануу эрежелери менен тааныштырып, күтүүсүз келген кырсыктарда өзүн алып жүрүү, коопсуздукту сактоо менен кырсыктардын алдын алууга болоорун эске салат.

Сен мектепке кетээрде,

Көз салгының баарына.

Ушул айткан кеңештер,

Эсте болсун дайыма.

Үтүк, чайнек сайылбай,

Газдын өчүп турганын.

Текшерип кой бир сыйра,

Эринчээктик кылбагын.

Жарыкты бүт өчүрүп,

Суу кранын карап кой.

Шамал болсо сындырат,

Терезени жаап кой.

Албетте, бул эрежени балдар гана эмес, чоңдор да дайыма сактап, кичүүлөргө айта жүрсө ашыктык кылбайт.

Ал эми:

Үтүк, самоор, чайнекти,

Токко сайып ойнобо.

Бузулса алар кокустан,

Өз алдыңча оңдобо — деп, “Бардыгын текшер”, “Өз алдыңча оңдобо”, “Электр зымы үзүлсө” өңдүү ырларында электр тогунун касиети, анын адамдарга келтирген пайдасы жана коопсуздукту сактабаган учурдагы зыяны тууралуу сөз кылат.

Жолдо жүрүүнүн эрежелерине, жол чырактан өтүүнү үйрөтүүгө арналган ырлар балдар акындарынын дээрлик бардыгында учурайт. Муну ар бир акын өзүнүн шык, дареметине жараша балдарга үйрөтүүгө аракет кылып келе жатат. Ал эми Ы.Кадыров балдарга бул көрүнүштү “Кылган экен чекилик” аттуу ырында мындайча чагылдырат:

Карап койбой алды-артын,

Так текедей түйүлүп.

Машинанын алдынан,

Урмат өттү жүгүрүп.

“Чайк-чуйк” деген үн чыгып,

Машиналар токтоду.

Бирин-бири күү менен,

Уруп алган окшоду.

Токтоп артын караса,

Кылган экен чекилик.

Баары карап туруптур.

Аны гана жекирип — деп, акын тентек баланын жоругу бир гана өзүнө эмес, коомго да зыян келтире турганын айтуу менен жолдо жүрүүнүн эрежесин ар бир адам сактай билүү керек экендигин эскертет. Ырда окуя таасын жана так берилип, башкы каармандын абалы тыкан гана: “Баары карап туруптур, Аны гана жекирип” деген эки сап менен түшүндүрүлүп, автордун берейин деген ою, башкы максаты жыйынтыкталат.

Автор ырында каарманын жеберине жетип урушуп, аны уяткарып, окуяны ийне-жибине чейин сүрөттөп жатып албайт. Ыр мына ушундай касиети менен окумдуу да, жугумдуу да келип, бөбөктөргө таасир калтырып, сабак болгондой жазылган. Анткени, балдарга курулай акыл-насаат айтуудан көрө айрым учурларда жагдайды каймана, жөнөкөй тил менен берүү аларга бир топ таасирдүү болоорун улуу орус сынчысы В.Белинский мындай деп белгилеп кеткен: «Чындыкты жалган жеринен айыңдап, өз атыңардан кооздоп бурмалабагыла, аны баардык сонундугу, баардык кыйынчылыгы кандай болсо да так өзүндөгүдөй ачык көрсөткүлө», — деп баса белгилеген.

Акындын ырларында кыргыз дүйнө таанымын кеңейтүү, салт-санааны жайылтуу, балдарга төрт түлүк малдан кабар берүү идеясы да бир топ кызыктуу ишке ашырылат. Автор муну менен өсүп келе жаткан жаш муундарга өз эли-жерин сүйүүгө, жаратылышты сактай жана коргой билүүгө, боорукерликке, ыймандуулук жана адамкерчиликке үндөп, адамдагы асыл баалуулуктарды жаш кезинен калыптандырууга камылга көрөт. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисал келтире кетели:

Айкөл, жоомарт, меймандос,

Салт-санаасын элимдин.

Төрт мезгил турган көрүнүп,

Кооздугун жеримдин.

Даңазалап башка элге,

Даңкын келет чыгаргым.

Азыртан жакшы окусам,

Элчи болуп чыгармын. (“Тилегим”)

Ал эми “Төрт түлүк” аттуу ырлар циклинде кыргыз элинин мал чарбачылыгына тиешелүү дээрлик баардык жаныбарлары сүрөттөлүү менен алардын артыкчылыктары, айырмачылыктары, кыял-жоругу, сулуулугу, көркөмдүгү, адам баласына келтирген пайдалары чеберчилик менен окурмандын көз алдына тартылат.

Төрт түлүк же мал делет,

Жылкы, уй, төө, кой-эчки.

Берет булар адамга,

Жүн, кыл, тери, сүт, этти.

Торпок, өгүз, кунаажын…

Уйдун түрү – бодо мал.

Кой-эчкиден башкасы,

Уй, төө, жылкы – кара мал — деп майда жандыктар менен чоң малдын айырмачылыктарын ачып берип, алардын аталыштарын көрсөтөт. Мындан тышкары малдын колдоочу пирлери менен тааныштырып келип, күлүгү, күчтүүсү деп атайылап төмөндөгүлөрдү бөлүп көрсөтөт:

Уй күлүгү – Шүдүңгүт,

Төө күлүгү – Желмаян.

Жылкы күлүгү – Тулпар,

Жарышта артта калбаган.

Ат күчтүүсү – Дулдул,

Чарчабаган, талбаган.

Көрүнүп тургандай малдын пирлери кандай аталаары көпчүлүккө маалым, ал эми жогорудагы аталыштарды ар бир киши эле биле бербейт. Демек, бул ырды балдар гана эмес чоңдор да көңүлүнө түйүп алса ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.

Ал эми төрт түлүк малдын өзгөчөлүгү мындайча сүрөттөлүп:

Төөдө – өркөч,

Уйда – мүйүз,

Жылкыда – жал,

Койдо – куйрук,

Эчкиде – чычаң,

анан да сакал,

Топоздо болсо тоодо өскөн,

Мүйүз да бар, жал да бар, — деп жаныбарлардын айырмачылыктары ачылат.

Автор төөнү жаш өзгөчөлүгүнө жараша ажыратып берүү менен анын эркек, ургаачысына карай жана дене түзүлүшүнө жараша дагы ар түрдүү атала турганын эскертет. Мисалы, төө баласы — бото, алты айынан баштап-тайлак, бир жашында – тай тайлак, эки жашында – кунан тайлак, үч жашында – бышты төө, анан эки, үч … асый деп атала турганы, төө баласын он эки ай көтөрүп:

Төө жаңы тууганда,

Жоолук салат башына.

Жентек берет ээси,

Кубангандан чачыла.

Сыңар өркөч төөнү,

Нар төө де көрүнсө,

Лөк деп коёт эркегин,

Биздин элде көбүнчө.

Ал эми төөнүн беш жаштагы эркеги — бууржун, андан ары – буура, ургаачысы – каймал, беш кар басканы – инген, бычылган төө – атан деп аталары абдан таасын берилүү менен:

Узун болот моюну,

Чоргоо сымал койкоюп.

Кыска келет куйругу,

Кесилгендей чолтоюп, — деп төөнүн элесин көз алдыга тартат.

Акын бул ырында төөнүн ар түрдүү кырдаалда жана өң-түсүнө карай аталышынын 18 түрүн белгилеп өтөт!

Ырдын жалпы мазмуну — акындын төрт түлүк малдын касиети менен сырын терең өздөштүрүп, андан дагы баса көрсөтө турган нерсе – нукура кыргыз тилин мыкты билгенинен кабар берет дагы, авторго суктануу менен “бали!” деп кубаттоодон башка сөз айтуу мүмкүн эмес экенин гана белгилөөгө болот. Ыр бүтүндөй структурасы менен энциклопедиялык түшүнүктү камтып турат десек жаңылышпайбыз.

Акындын ушундай маанидеги ырларына “Жылкы”, “Уй”, “Топоз”, “Кой” сыяктуу ырлары кирип, ар бир ырдын таанып-билдирүүчүлүк жана тарбиялык мааниси балдар үчүн абдан чоң экендигинде шек жок.

Жыргал СОКУРОВА,
И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер