АКЫЛГА БАЙ «АЛТЫН ТҮЙҮН» АЛТЫМЫШТА

  • 14.03.2022
  • 0

АКЫЛГА БАЙ "АЛТЫН ТҮЙҮН" АЛТЫМЫШТА

Бүгүнкү күндө «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы — Кыргыз Республикасынын мектептен тышкаркы мекемелеринин көч башы болуп саналат. Аталган мекеменин сунуш-көрсөтмөсүнүн, ишлтемелеринин негизинде бүтүндөй өлкө боюнча мектептен тышкары инженердик-техникалык билим берүү уюмдары иш алып барышууда. Академиянын инженердик-техникалык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө жасап жаткан иштеринин натыйжасында Кыргызстанда бул жааттагы  билим берүү жана чыгармачылыктын иши өркүндөп-өсүп, жылдан-жылга таланттуу балдардын саны артып, ага тартылган жаштардын ийгилик жаратуусуна өбөлгө түзүлүүдө.

Башаты чакан Жаш техниктер станциясына барып такалган бараандай академия азыр улуттук статуска ээ болуп, инженердик-техникалык билим берүү чөйрөсүндө бир катар ийгиликтерди жаратууда. Бул түмөн-түйшүктүү жол Академиянын бир топ жылдык ишин талап кылды, азыр академияга 60 жыл!  Эгер академиянын жашын адам баласынын курагына салыштыра келсек, анда академия азыр тажрыйбасы мол, акыл токтоткон олуттуу жаштагы насаатчы. Академиянын мындай жетишкендиктери 1985-жылдан тарта жетектеп келе жаткан Жаркын Базановна Бапанова сыяктуу мыкты жетекчиден көз каранды. Жаркын Базановнанын инженердик-техникалык академиянын ишине көзү жетиктигин, мыкты адис катары иш билгилигин анын оор жылдардагы иштөө принциби далилдеп койду. Натыйжада академия өсүш алып, арымын өзгөртпөй, көздөгөн максатынан кайтпай, мектептен тышкары билим берүү чөйрөсүндө салмактуу ордун таба алды. Бул кадамдар эл аралык деӊгээлде колдоо таап, чет өлкөлөрдүн инженердик-техникалык багыттагы уюмдары тааныды!

Жогоруда кеп болгон оор жылдар кайра куруу жана Кыргыз Республикасынын эгемендүү өлкө болуп түптөлүү жылдарына туура келди. Белгилүү болгондой, ал жылдары бардык мамлекеттик мекемелер жана ишканалар жеке колдорго өтүп менчиктештирүү жүрүп жаткан мезгил эле. Бир эмес бир нече жолу ордо калаанын чок ортосунда үч кабаттуу кенен имаратта жайгашкан Жаш техниктер станциясын басып алуу жана мүлккө ээлик кылуу аракеттерине карабай, педагогикалык жамааттын жана директор Жаркын Базановна Бапанованын арты менен имарат сакталып калды. Директорлук кызматка киришээри менен үч кабаттуу имараттын жылуулук берүү системасы иштен чыгуусу менен бет келген. Бирок бул тоскоолдуктан өзүнүн кайраттуулугу, эрктүүлүгү менен кыйынчылыкты жеӊип эле тим болбой, эмгек жамаатына жаӊы дем-күч дагы бере алган!

 

Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин көбү жаӊы рыноктун шарттарына ылайыкташа албай, педагогдор менеджерлерге, алтургай ишкерлерге айланган. Мындай катаал жагдайда комсомолдук жана партиялык тарбия Жаркын Базановнанын жаӊыча иштөө формаларын көрө билүүгө түрткү болду. Ал түзгөн жеке «Жаш менеджерлер мектеби» демилгеси Бишкектин окуучулары ортосунда абдан кеӊири таралган. Балдарга компьютердик жана экономикалык сабаттуулукка, чет тилдерге үйрөткөн жана алардын чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн. Ошол эле учурда Жаркын Базановна өлкөнүн көрүнүктүү окумуштуу-экономисттеринин мектебин ача алды. Ушундан улам Азия жана КМШ өлклөрүнүн мектептен тышкары билим берүү мекемелеринин I дүйнөлүк семинарын, «Балдар жана бизнес», «Балдар жана заманбап дүйнө» фестивалдарын уюштура алды. Өзүнүн келечектеги тарбиялануучуларына кам көрүү менен, Жаркын Базановна жаш менеджерлердин АКШга, Өзбекстанга жана Башкортостанга окууга чыгуусун уюштура алган. Бүгүнкү күндө бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көбү ийгиликтүү бизнесмендер жана башкаруучулар, алар Жаркын Базановнанын ишин ыраазычылык менен эстешет.

Ж.Бапанованын түздөн-түз катышуусу менен, жаштарды илимий-техникалык чыгармачылыкка, ойлоп табуучулук жана патенттик ишке тартуу боюнча белгилүү бир методикасы түптөлгөн. Буга билим берүү процессине заманбап программаларды киргизүү жана балдар жана жаштар менен иштөө формалары олуттуу деӊгээлде таасирин тийгизген: ойлоп табуучулук-компьютердик мектеп, «Илим + Ойлоп табуу + Техника!» илимий-техникалык олимпиадасы, Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы, «Жаш пифагорлор илим жана технка дүйнөсүндө» математика боюнча олимпиадасы, «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө!» конкурсу, «Технодром» лагери, жаш ойлоп табуучулардын  «Биз –XXI кылымдын интеллектуалдары» ж.б. конкурсу, анда өлкөбүздүн окуучулары эле эмес, дүйнөнүн булуӊ-бурчунан балдар катышат! Ушундай иш-чаралардан улам 25 жылдан бери өлкөбүздүн ар кайсы бурчунан техникалык жактан жөндөмдүү балдар билим алып, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулукка кызыгуу артууда. Ал эми «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсунун арты менен жаш техниктерин көбү «өмүр жолуна жолдомо» алышты. Эӊ башкы ийгилиги алардын Кыргызстандын алдыӊкы окуу жайларынын техникалык адистиктерин акысыз окуу гранттарын алышкандыгында. Ал эми 2019-жылдан баштап бул конкурстун жыйынтыгы республикалык предметтик олимпиадалардын жыйынтыгына теӊдештирилди. Өлкөнүн келечектеги инженердик кадрларын даярдоо үчүн жогоруда саналгандардын мааниси зор, эмгеги баа жеткис!

Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы Кыргызстанды дүйнөлүк аренада дагы жигердүү таанытып келүүдө. 2008 жана 2014-жылдары ал эки астрономиялык олимпиаданы өткөрүү үчүн база болуп берди. «Алтын түйүндүн» тарбиялануучулары жыл сайын астрономия, робототехника, информатика, инженерия, шахмат боюнча эл аралык конкурстарда жана олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлөө менен активдүү катышып келишүүдө.

Мындай ийгиликтерге квалификациялуу кадрларды тартпай иш алып баруу мүмкүн эмес, аларды Жаркын Базановна өзүнүн кадр тандоодогу көрөгөчтүгү, жетекчилик бийик сезимталдыгы менен балдарды сүйүп, аларга өзгөчө мамиле жасаган педадогдорду балдар менен иштөөгө тарта алды. Академиянын педагогдору табияты жөнөкөй, адамгерчилиги бийик инсандар, алардын көбү Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниктери, балдардагы кесипкөйлүктү, алардын шык-жөндөмүн ойготууга илимдин докторлору жана ойлоп табуучулар илим менен техниканын дүйнөсүн балдарга таанытууга жардам беришүүдө. Алар УБИТАнын «Окуу жана өндүрүштүк чөйрөгө инновациялык технологияларды жана иштелмелерди киргизүү» кафдрасында иштешет. Иштеген жылдар аралыгында Жаркын Базановна КР Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Билим берүү академиясы, И.Раззаков ат. КМТУ, Ельцин ат. КРСУ, Н.Исанов ат. КМКТАУ, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү илимий-изилдөө брборлору: «СТАНКИН» Москва Мамлекетик техникалык университети, «МГТУ «СТАНКИН» Окуучулардын техникалык чыгармачылык федералдык борбору (Россия), МАОУ лицей-инженердик борбору Казань ш., ННПООЦ «Бобек» (Казакстан), «Space Camp» эл аралык космос лагери (Турция) ж.б. менен өнөктөштүктүн жана достук мамилелеринде болушту.

Жаркын Базановнанын демилгеси боюнча техникалык жактан шыктуу балдарды колдоо максатында «Алтын түйүндө» «Өзгөчө конструктордук бюро» жана компьютердик-ойлоп табуу мектеби иштеп жатат. Анда жаш техниктер тереӊирээк формада ойлоп табуу чечилиштерин теориясын (ТРИЗ) өздөштүрүп, өздөрүнүн новатордук идеяларын патентке чейин жеткиришүүдө. Академиянын 13 тарбиялануучусу өздөрүнүн ойлоп табууларына КР патентин алышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү аймактардан келген балдарга берүү үчүн  Ж.Б.Бапанованын демилгеси менен Кыргызстандын областтарында «Алтын түйүн» УБИТА педагогдору жер-жерлерге барып ойлоп-табуучулук-компьютердик мектептерди өткөрүп турушат.

«Алтын туйун» УБИТАнын республиканын педагогикалык кадрлар менен илимий-методикалык ишине өзгөчө маани берилет. Жыл сайын КР ББИМ, КББА, КР Улуттук илимдер академиясы, И.Раззаков ат. КМТУ менен академия республикалык жана эл аралык илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу курстарын жана Кыргызстанда балдардын жана жаштардын техникалык билимдерин жана чыгармачылыктарын өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды өткөрүп келет.

«Алтын түйүн» УБИТА иштеген жылдар аралыгында 150 миӊден ашуун өспүрүмдү уясынан учурду. Алардын көбү өлкөбүздүн жана чет өлкөлөрдүн алдыӊкы жогорку окуу жайларына тапшырышты, окумуштуулардын, ойлоп табуучулардын, инженердик-техникалык багыттагы адистердин катарын толукташты.

«Алтын түйүн» УБИТАнын инновациялык билим берүү ишмердүүлүгүнө жана техникалык билим берүүнүн пайдублын түптөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланса, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму «Алтын түйүндү» «Алтын сертификат» жана «Атайын хрусталь байге» менен сыйлаган.

«Алтын түйүн» академиясынын 60 жылдыгына утурлай Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров академияга келип кеткен. Ал академиянын билим берүүгө 4.0. Муунуна кошкон ири салымын белгилөө менен, анын ишин жана жетишкендигин жогору баалап, ага улуттук статус ыйгарды. Мындан тышкары анын демилгеси боюнча жана түздөн-түз колдоо көрсөтүү менен академияда FabLab балдардын өндүрүштүк лабораториясы, футбол жана волейбол аянтчасы ачылды. Лаборатория биздин өлкөдөгү жападан-жалгыз лаборатория экендигин белгилей кетүү зарыл.

Атуулдук, кубаттуулук жана өз өлкөсүнө болгон кайдыгер болбогон мамиле, өсүп келе жаткан муундун билиминен көз каранды. Коомдук иштерге Жаркын Базановнанын ири коомдук иштерге катышуусу дагы чагылдырат. Ал аны көп жылдардан бери академиянын иши менен айкалыштырып келет. Эки жолу ал Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.  Өзүнө ары татаал, ары жоопкерчиликтү ишти мойнуна алып, айтканынан кайтпаган мүнөзү, адилеттүүлүгү, акыйкат баа берүү сапаты менен республикада бийик кадыр-баркка жана сый-урматка ээ боло алды.

Ж.Б. Бапанова өндүрүштүк жана жарандык иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмери» ардак наамы менен сыйланган. Ал эми балдардын техникалык билим берүүсүнө жана чыгармачылыгына кошкон салымы үчүн – «КР Инженердик академиясынын Ардактуу академиги» жана В.И. Блинников ат. Алтын медалдын лауреаты, ошондой эле «Евразия мамлекеттеринин бирлигинин ардактуу жараны» ордени менен сыйланган.

Жаркын Базановна — таланттуу педагог, бүтүндөй өмүрүн билим берүүгө арнап келе жаткан күжүрмөн инсан. Өзүнүн жеке убактысын эсепке албастан, болгон күч-аракетин жана талантын ишке багыттайт. Балдарга болгон сүйүүсү, алардын жашоосун кызыктуу жана келечектүү болуусуна жан үрөгөн мээнеткечтиги ал демилгелеген ар бир иштен көрүнөт. Анын жашоодогу урааны – балдар жакшы гана нерсени көрүүгө укуктуу, ошондо гана алар эмнеге далалат кыла турганын билет! Баш тамга менен атай турган дал ушул инсандын арты менен өлкөбүздө илим, техника жана ойлоп табуучулукка кызыгуусу арткан балдардын саны көбөйүүдө, демек, бүгүнкү күндүн окуучулары эртеӊки Кыргызстандын өнөр жайы жана өндүрүшүн өнүктүрүүгө жөндөмдүү квалификациялуу адистердин катарын толуктай турган кезге аз алды! Өмүрү өрнөк, үлгүлүү жетекчи Жаркын Базановнанын жетекчилиги астында иштеп жаткандыгыбызга сыймыктануу менен, маараке алдында ага чыӊ ден соолук, кажыбас кайрат, ишинде ийгиликтерди каалоо менен, өлкөбүздүн жаш инженерлерин даярдоодо дагы да кызыктуу долбоорлорду күтөбүз!

«Алтын түйүн» УБИТА эмгек жамааты

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер