АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: “ГЛОБАЛДЫК САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯДАН АРТТА КАЛБАЙЛЫ»
- 17.05.2023
- 0
(«Санарип мектеп» санариптик технологияларды колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүү» форумунда сүйлөгөн сөзү. Бишкек, 17-май, 2023-жыл)
Адамзат отту, дөңгөлөктү ойлоп таап, жылдызды, күндү, жердин жалпак эмес экендигин изилдеп баштагандан бери тынымсыз изденүүдө жана прогрессте гана болуп келе жатат: корабль, автомобиль, курал-жарак, космос, микробиология, биотехнология, гендик инженерия ж.б. санап бүтө албайсың. Азыр заман кай жерге келди? Мындан ары да кайда кетип баратат? Дал мына ушул суроолордун үстүндө – адамзатты тарбиялаган мектеп интеллектуалдары менен сүйлөшүү – рахат гана тартуулабастан, мамлекеттин келечегин аныктаган багыттарды чечүүгө толук жардам берет.
“Узун толкун” сыныгы
Дүйнө экономикалык кайра куруунун кезектеги этабынан өтүп жатат. Глобалдык неолибералдык капитализм моделинин кризиси технологиянын өзгөрүшү менен гана эмес, экономикалык түзүлүштүн, мамлекеттик башкаруу механизмдеринин жана баалуулуктар системасы үстөмдүк кылган формалардын абалы менен сыпатталган “узун толкун” сыныгында турат.
СССР феномени анын индустриализациясы жаңы технологиялык түзүлүштүн калыптанышында – өткөн кылымдын 30-жылдарында болгондугу менен түшүндүрүлөт, бул анын өндүрүш күчтөрүн – дүйнөлүк өндүрүштүн жаңы талаптарына ылайык калыптандырууга мүмкүндүк берди.
Япония: согуштан кийин өлкө – көмүр жана темир өнөр жайы менен башталган. Андан кийин автомобиль өнөр жайын, электрондук өнөр жайды өнүктүрүү менен 4-технологиялык тартипти киргизди.
Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү: 5-технологиялык негизге көтөрүлдү – микроэлектроника.
Мурунку тартиптердин схемасына ылайык инновация адатта депрессия мезгилинде өнүгөт. Мындан ары өнүккөн мамлекет же өнүккөн адамзат деңгээлиндеги – Ийгиликке жетүү үчүн кийинки технологиялык тартипте үстөмдүк кыла турган тармактарды азыртадан алдын ала өнүктүрүү зарыл.
Учурда жаңы технологиялык тартип эмбриондук өнүгүү фазасынан өсүү фазасына өтүүдө.
Анын кеңейишине тиешелүү технологиялардын анча чоң эмес масштабы жана иштебегендиги, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөнүн аларды кеңири колдонууга даяр эместиги – тоскоол болууда!
Алтынчы технологиялык тартип
Жаңы технологиялык тартиптин пайда болушу үчүн “илимге таянган салым” талап кылынат. Экономика билимдерге негизделет, бирок билим анын товардык баалуулугу боюнча гана каралат. Бул баскычта илимдин экономикадагы ролу жогорулайт: илим өзү негизги инновацияга айланат. Инновациялык экономика, билимге негизделген экономика, интеллектуалдык коом сыяктуу БУУнун Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын концепциясы менен бардык аракеттер жеңил эле калыптанат.
“Маалыматтык системадагы маалыматтар – бул 21-кылымдын мунай заты”
Мунай казып алууда жана кайра иштетүүдө ийгиликке жетишкен өлкөлөр – эбегейсиз байлыкка ээ болгонун билебиз. Кыргызстан мен айтып жаткан заманбап 21-кылымдын “нефтисин” кайра иштетүүчү өлкө боло алабы? Же бүткүл дүйнө үчүн маалыматтарды иштеткен өлкө болобу?
Бул суроого жооп берүү үчүн – мен 60 жыл мурдагы Арабиянын какыраган чөлдөрүн байырлаган бедуиндерге “Нефть алардын өлкөсүнүн келечегине канчалык деңгээлде маанилүү ролду ойнойт?” деп суроо бермекмин. Ошол кезде алар деле жооп бере алган эмес – кара алтындын кандай баалуу болорун.
Бизде азыр да ошо сыяктуу эле бүдөмүк ойлор жашап жатат. Азыр Кыргызстанда маалыматтык технологиялардын жардамы менен элдин бакубаттуулугу кандайча түп-тамырынан өзгөрөрүн элестетүү кыйын болууда.
Акыркы он жылда маалыматтардын өндүрүмдүүлүгү 5 миң пайызга жогорулады, маалыматтар – саясатты жана экономиканы, ошондой эле өкмөттөр көрсөткөн кызматтарды түзүүдө чоң мааниге ээ боло баштады.
Азыр Интернеттеги бардык маалыматты басып чыгаруу үчүн бизге 300 млрд барак кагаз керек болот. Мунун көлөмү – тарыхта жазылган бардык китептерди басып чыгаруу үчүн талап кылынган барактардын санынан төрт-беш эсеге көптүк кыларын элестетип көрүңүздөрчү. Бул маалыматтарга ким ээ болсо, ал дүйнөгө ээлик кылат, алаканына салып башкарат.
Өткөн жылы Россиянын Сбер университетинин (мурдагы Сбер банктын) кампусуна бардым. Мага айдоочусу жок унаа келип, мени керектүү жерге жеткирди. Кыска беш мүнөттүк сапарда менин коопсуздугум ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН колунда калды. Укмуш тажрыйба болду.
Бир жагынан технологиялык керемет таң калтырды, бир жагынан Москвада мигрант болуп, такси айдап оокат кылып жүргөн жарандарыбыз жумушсуз калабы деген коркунуч каптады мени. Бул биз үчүн сөзсүз чакырык!
Бир жагынан ирония да бар – азыркы учурда учкучсуз учактар, дрондор үчүн жерден туруп башкарган, техниканын тилин билген учкучтар жетишпейт.
Жасалма интеллект жана Чат Джи-Пи-Ти (ChatGPT) сыяктуу жаңы колдонмолордун пайда болушу биз эч качан күтпөгөн көндүмдөрдү берет. Жасалма интеллект – бул көптөгөн тармактарга таасирин тийгизет.
Мисалы, медиа секторун карап көрөлү. Британиянын басма сөз ассоциациясы жасалма интеллектти колдонуп, айына 30 миңге жакын жаңылык чыгарган. Жакынкы жылдары жаңылыктардын, басылмалардын, макалалардын жана анализдердин 90% – журналисттер жана жазуучулар аркылуу эмес, жасалма интеллекттин жардамы менен чыгарылышы күтүлүүдө.
Бул медиа тармагында гана!
Жасалма интеллект
Консультациялык кызматтар, изилдөөлөр, котормолор, кыска аңгемелерди жана романдарды жазуу, укук, медицина, ал түгүл билим берүү сыяктуу – башка секторлор жөнүндө эмне айтууга болот?!
Жасалма интеллект баарыбыздын жамааттык акылыбыздын башталышы гана. Ал жазуучу, изилдөөчү, сүрөтчү, юрист, дарыгер, акын болууга жөндөмдүү болушу мүмкүн.
Азыр тили чыга элек балабызга интернеттен кызыктуу видеону коюп берип койсок, тынчып отуруп калып жатпайбы. Бул – Интернет же жасалма интеллект аркылуу балдарды тарбиялоонун башталганы эмеспи?!
Тарых сабактарынан — автомобилдердин пайда болушу бир катар кесиптердин жоголушуна алып келгенин көрө алабыз. Ошондуктан биздин коом үчүн жаңы өнүгүүлөргө карата ийкемдүү ой жүгүртүүнү кармануу жана дайыма өзгөрүп турган шарттарга ыңгайлашууга, глобалдык санариптик трансформациядан артта калбай, тескерисинче, өз ордун табууга даяр болуубуз абдан маанилүү.
Бүгүнкү күндө биз жашап жаткан дүйнө маалыматтык технологиялардын жетишкендиктеринин аркасында өтө тездик менен өнүгүп жатат.
IT секторунун өсүшү өлкө үчүн кызыктуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда
Региондогу эң ири такси кызматы – Яндекс – өзүнүн бир дагы машинасы жок – экенин кантип түшүндүрсө болот?
Войлд бериз – бир дагы дүкөнү жок, бирок аймактагы эң ири сатуучу болуп саналат, кантип?
Facebook – ал жерде иштеген киши жок, бирок контентти жаратпастан туруп, коомдук пикирди калыптандырууга чоң таасирин тийгизип жатат.
2021-жылы 7-январда Твиттер – социалдык тармак – АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке аккаунтун жаап койду. Демек, технологиялык корпорациялар супер державалардын саясий процесстерине таасир этет.
Мындай глобалдык тенденция – парадигманын өзгөрүшүн билдирет жана салттуу дүйнө түзүлүшүнүн алдыдагы өзгөрүштөрүнө алып барарынан кабар берип жатат.
Сабатсыз адам деген сөздүн парадигмасы өзгөрдү
Азыркы сабатсыз адам – жасалма интеллект технологиясы менен жашай албаган жана өз ара аракеттене албаган адам. Кийинки он жылдыкта ондогон миллион жумуш орундары адамдардын тийиштүү же керектүү жөндөмдөрүнүн жоктугунан бош калат.
Өкмөттүн жумушсуздук көйгөйү жумуш орундарын түзүү гана эмес, ошондой эле тиешелүү компетенцияларды, адамдарды келечектеги жумушка орноштуруучу техникалык көндүмдөрдү камсыз кылуу болуп саналат. Баланы бир өнөргө, бир көндүмгө ээ кылышыбыз керек.
Сабатсыздык жана компетенттүүлүк түшүнүгү – түп-тамырынан бери өзгөрдү.
Бул дүйнө жүзү боюнча билим берүү тутумунда революцияны, билим берүү жана көндүмдөр концепциясын кайрадан карап чыгууну талап кылат. Биз жаш кезде мүмкүнчүлүктөр өтө эле чектелүү, ал түгүл жок болчу. Мисалы, мурда МГУда окуу үчүн Москвага баруу керек болчу, азыр онлайн режиминде билим алууга болот. Гарвард дипломун Кара-Балтадан чыкпай туруп эле алып жатышат. Контрактты онлайн аркылуу заматта которуп коёсуң.
Мугалим элди тарбиялайт, жаңыга чакырат, жетелейт
Азыр маалыматтык технологиялар жаштарга – социалдык, каржылык абалына жана башка факторлорго карабастан бирдей мүмкүнчүлүк берди.
Балдардын билимин, технологиядагы кызыгуусун туура жолго буруп кетүү үчүн баарынан мурда мугалим ойлонушу керек. Технологиялар доорунда мугалим менен окуучунун сабаттуулугун айырмалап, туура жыйынтык чыгаргандай болушубуз керек.
21-кылымдагы бардык технологиялык революцияларды инженерлер жасашкан. IT сферасы – өтө көп мүмкүнчүлүктөргө бай.
Ийгиликке жетүүсү үчүн бирдей мүмкүнчүлүк эч качан азыркы доордогудай болгон эмес. Ар бир мугалимдин дүйнө менен атаандашуусуна эмне тоскоол болуп жатат? Эч тоскоолдук жок. Мугалимдердин орточо стажысы 25 жыл экен.
Эгерде биздин мугалимдер азыркы доордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, жаңы билимге ээ болуп, жаңы көндүмдөрдү өзү үйрөнүп жана өзү үчүн жаңы горизонтторду таппаса, изденбесе, анда биздин балдар 25 жыл мурдагы билими менен артта калып калат. Биз балдарыбызды 25 жылдан кийин өзү жашай турган доордун талаптарына окутушубуз керек.
Садыр Нургожоевич түзгөн Конституциялык система менен экономикада көрүнбөгөн күрөштөрдү жүргүзүп, аларды жеңип чыга баштадык. Ички дүң продукция 7% өстү, ар бир жаранга эсептегенде 1 735 долларга жетти, ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү 1 трлн сомдон ашты. Бул бизге макроэкономикалык саясатты туура түзүүгө жол ачты. Санариптик фискалдык системаны күчтөө менен кирешебиз көбөйдү. Булардын баары бизге – элдин пенсия-пособиесин, айлыктарын эки-үч эсеге жогорулатууга, тышкы карызды убагында төлөөгө, өнүгүүгө, чек араларыбызды кынтыксыз коргоого туруктуу негиздердин түптөлүшүнө алып келди.
ККМ чек сурагыла дегенибиз – бул көмүскө экономикада байып жаткан байларды ачыкка чыгаруунун жолу. Ар бир мугалим чек сурашы керек. Бул бизге эбегейсиз кирешебизди көбөйтөт.
Эл.счет фактуралар ишке киргенден баштап акчанын обороту 5,2 трлн сомго жетти. Салык төлөөчүлөрдүн тапшырган отчётуна ишенип, мурда реалдуу көлөмдү көрчү эмеспиз.
Эч бир жаңы салыктын түрү кирген жок же ставкасын көбөйткөн жокпуз, бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачтык жана пайдаланып жатабыз.
Бажы кызматы быйыл 94,5 млрд сом чогултат. Бул пандемияга чейинки көлөмдөн төрт эсеге көп. Бирок «кой аксагы менен миң» дегендей, азыр биз салык төлөбөгөндөр жана бажыдагы контрабандисттер менен аёосуз күрөшүп жатабыз. Анын бир эле жолу санарип жана коомдун ынтымагы.
Бардык жактан сабаттуу болуп, мамлекетти колдоп турчу биринчи кезекте мугалимдер болушу керек. Анткени мугалим элди тарбиялайт, жаңыга чакырат, жетелейт.
Садыр Нургожоевич кыска мөөнөттүү курстардын негизинде республика боюнча маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү жаатында кадрларды даярдоо үчүн Ысык-Көл облусунда “Акылман” президенттик мектебин ачты.
Бишкекте № 99 лицейдин базасында башкы IT академияны түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Президент Каныбек Капашовичке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим системасынын бардык деңгээлдеринде тиешелүү реформа жүргүзүү тапшырмасын берди.
Азыр да менин колумда кайсы айылга эмне керектиги боюнча так маалыматтар турат. Бардык проблемалар бизге жетет. Айрыкча Чүй жана Бишкектеги мектеп проблемасын абдан жакшы билем. Проблема чекесинен чечилүүдө. Былтыр беш айда Бишкекке 15 мектеп 1 бала бакчаны салып койдук. Үч-төрт сменде окуган мектептердин баарынын маселеси чечилет.
Биз жакынкы үч жылдын ичинде бүт авариялык мектептерди салып бүтөбүз, “долгострой” курулуштардын кереги бар-жогу талданып жатат, анын баары иретке келтирилет.
Сиздерге бир гана талап – 11 жыл окутуп, ЖРТдан 110 баллдык чекке жетпеген балдарды катуулап окуткула. Бул Сиздердин жоопкерчиликте.
Глобалдык чакырыктын шартында мугалимдерди квалификацияны туура жогорулатып, санариптүү болууга чакырам. Мугалимдин ордун роботторго алмаштырып жибербейли. Жасалма интеллект 2030-жылы өнөр жайдын дүйнөлүк көлөмүнүн 13 трлн долларга жакынын камсыз кылат дешет.
Биз азыр санариптик революциянын чордонунда турабыз. Бул процесс: жасалма интеллект, булуттагы (облачные) эсептөөлөр, чоң маалыматтар (большие данные), буюмдардын интернети, 5G ж.б. ушул сыяктуу жаңы технологиялар менен ишке ашып жатат. Алар биздин экономикабызды өтө чоң ылдамдык жана масштаб менен өзгөртүп жатат.
Технологиялар аркылуу жашооңуздарды жана дүйнөнү өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. Бул мүмкүнчүлүктөрдү баарыбыз пайдаланышыбыз керек. Заман өтө ылдамдык менен алдыга кетүүдө – баарыбыз өзгөрөлү!
Даярдаган Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер