АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ

  • 15.01.2024
  • 0

Жыл жаңырар алдында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаров коомдук ишмерлерге, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, курулуш жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды салтанаттуу тапшырды. Мындай жогорку наам-сыйлык алгандардын катарында билим берүү тармагында ак ниет менен узак жылдар үзүрлүү иштеп келаткан алдыңкы агартуучулар да бар экени кубанычтуу. Алардын бири — Чүй облусунун Чүй районундагы Б.Маленов атындагы мектептин кыргыз тили жана адабияты сабагынын ардагер мугалими Райкан Абдиловна Дүйшөналиева. Ал өзү иштеген мектепте “Манас таануу” борборун негиздеп, ийрим түзүп, жаш муундарга эле эмес, улуу-кичүү калың журтка улуттук каада-салт, улуттук нарк насил баалуулуктарын кеңири жайылтууда өз замандаштарына үлгү болуп келүүдө.

АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ

Кыргыз ССРинин, СССРдин Эл агартуусунун отличниги, Чүй районунун ардактуу атуулу, Чүй облусунун “Кеменгер” ардак төш белгисинин ээси Райкан Дүйшөналиева мындай сыйлыктарга жеке эле агартуучулук иши менен эмес, коомдук иштерге активдүү катышкан демилгечилдиги менен да татыктуу экендигин ар дайым далилдеп келет. Ал “Мунара-Эне” коомдук фондунун негиздөөчүсү-төрайымы катары калктын руханий байлыгын арттыруу багытында да эбегейсиз эмгек өтөөдө. Айрыкча анын “Манас” бир айлыгын өткөрүү демилгеси коомчулук тарабынан кубаттоого ээ болуп жатат.

— Ак эмгек жерде калбайт экен, мен алган сыйлыгымды ошол көп жылдык эмгегимдин үзүрү, жемиши деп билем. Сыйлык аркылуу мугалимдерге көңүл бурулуп жатканы мугалимдерди кубандырат, шыктандырат. Мугалимдик кесип – менин аздектеп сүйгөн кесибим. Жаш кезде балдарды окутканда, класстагы бардык балдарды сурап, баарына баа койсом, балдардын алган билимин баа менен бышыктап турсам деп ойлочумун. Кыргыз тили жана адабияты сабагы аркылуу окуучулардын жана жалпы эле адамдардын адептенүү өзөгү үптөлөт деген ишенимдемин. Президентибиз Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жана «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» жарлыктарын ишке ашыруу жана жайылтуу жеке эле агартуучулардын эмес, улуу-кичүү жарандардын да бирдей милдети.

Тарыхыбызды, каада-салтыбызды, нарк насилибизди жоготпой баалап-барктап билип жүрүшүбүз үчүн бала бакчалардан баштап мектептерде, жогорку окуу жайларда түрдүү иш-чараларды байма-бай өткөрүп турушубуз керек.

Чүй районунун бир катар бакчаларында “Бала Манас бакчада” аттуу долбоорубуз жемиштүү иштеди. Өткөрүлгөн иш-чаралар мектеп жашына чейинки балдардын жүрөгүнө улуттук дөөлөттүн жана кыргыз нарк-насилинин уругун өндүргөнүн байкаганда, аракетибиз текке кетпептир деп кубандык, ыраазы болдук. Албетте, ал иштердин баары мугалимдер менен тарбиячылардын талыкпас түйшүгүнүн натыйжасы. Алардын ар бир иш-чараны изденип, чыгармачылык менен креативдүү мамиле жасап өткөргөнү өз жемишин берди. Беш алты жаштагы балдар эпостогу каармандардын образын жаратып, манас айтып, патриоттук ырларды аткарып, улак тартмай, аркан тартмай, жаа атмай, топ таш, жип алмай ж.б. кыргыз оюндарын көрсөткөндө, кубанычтан көзүбүзгө жаш алдык. Айрыкча, бакчадагы кичинекей бөбөктөрдүн “Манас” эпосунан бир топ сапты жатка билгендиги баарыбызды таң калтырды. Ушундан улам “Манас” үчилтигин бакчадагы балдардан баштоо керек экен деген тыянакка келдик, — дейт.

АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ

Бүтүндөй өмүрүн балдарга билим-тарбия берүүгө арнап келаткан ардагер агартуучу Райкан Абдиловна 1971-жылы КУУнун кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Адегенде мектепте пионер жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими, Чүй районунун Алчалуу айылынын орто мектебинин директору, Чүй-Токмок шаарынын администрациясында мамлекеттик тил жана улуттар аралык мамилелер боюнча жетектөөчү адиси, Чолпон-Ата шаарындагы Балдарга билим берүү борборунун «Манас» мектебинин жетекчиси, Чолпон-Ата шаарындагы Г.Гмайнер атындагы SOS «Балдар айылындагы» мектепте окуудан артта калган балдардын кыргыз тили жана адабияты сабактары боюнча жекече репетитор ж.б. кызматтарда иштеп келатканына жарым кылымга жакын мезгил өтүптүр.

Биз менен маегинде окуучуларга “Манас таануу” сабагын өтүүнүн ыкмалары менен кеңири бөлүштү. Ардагер мугалимдин айтуусунда, “Манас таануу” сабагы окуу планына киргенде гана таасирдүү болмокчу.

— Кыргыздын тили — Манастын тили, андыктан “Кыргыз тилинин” үч айлыгынын бир айын, алсак, ноябрь айын Манас таанууга арнайлы деп, Чүй облустук билим берүү борборуна сунуш киргизип, атайын буйрутма чыккан.  Буйрутманын негизинде 1-ноябрдан 30-ноябрга чейин облустун сегиз районундагы мектептерде жана бала бакчаларда таймаш, айтыш, роль аткаруу сыяктуу ар түрдүү формадагы жана аталыштагы кызыктуу иш-чаралар уюштурулду. Алсак, Чүй районундагы Б.Маленов атындагы мектепте “Манас – улуттун сыймыгы”, Токмок шаарындагы №4 мектепте “Манас – улут биримдиги жана ынтымагы” деген аталыштагы чакан оюн-зооктор коштолгон сценировкалар коюлду. Бала бакчалар да сыртта калган жок. “Биз Манастын урпагыбыз”, “Улутум кыргыз, урааным Манас”, “Манас – улуу мурас” деген темалар куурчак театрынын коштоосунда уюштурулду. “Тамгалар Манасты даңктайт” деген темадагы иш-чара Кемин районундагы Кызыл-Суу мектебинде жана “Жамиля” бала бакчасында болду. Ал эми Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ч.Айтматов атындагы мектеп өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ар дайым алдыңкы орунду ээлеп келет. Алардын Манас айтуу боюнча 40 чоросу бар. Ушул бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар ошону менен эле токтоп калбай, дайыма уюштурулуп турса, абдан жакшы болор эле. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилүүгө тийиш деп эсептейм, — дейт ардагер агартуучу.

Райкан Абдиловна жетектеген “Мунара-Эне” коомдук фондунун демилгеси менен Б.Маленов атындагы Маданият орто мектебинде түзүлгөн “Ата-энелер мектебинин” долбоору натыйжалуу иштеп келатат.

“Ата-энелер мектебинин” алкагында өспүрүмгө үй-бүлөдө туура тарбия берүү үчүн ата-эненин түздөн-түз аралашып катышуусун талап кылуу абдан зарыл экенин коомчулук анык аңдап билип калды. Андыктан, ата-энелерге этнопедагогиканын негиздерин, тарыхты, каада-салтты, билим-тарбиянын бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрүн окутуу жана ошондой эле кыргыз элинин баа жеткис байлыгы “Манас” үчилтигин популярдаштыруу максатында лекция, семинар, аңгеме, кереге отурум, конференцияларды өткөрүүнү максатка ылайык келет деп эсептеген ардагер эжей, жагымдуу шарттарда ата-энелер менен жогорудагы темалар боюнча баарлашуу, соцпедагогдор, балдар психологдору ж.б. менен окутуучу-семинарларды да өткөрүү керектигин баса белгилеп, өзү да ушул багытта ишти алып баруунун жолдорун издөө үстүндө жүргөнүн айтты.

— Улуттук баалуулуктарды, тарыхты, элдик мурастарды жеткиликтүү окутуу үчүн билим берүү жана тарбиялоо иштерин комплекстүү, үзгүлтүксүз жүргүзүү абзел. Жаш курактык өзгөчөлүккө жараша алгач балдар бакчасында, анан мектепте, орто кесиптик окуу жайларда, жогорку окуу жайларда жана бара-бара эмгектенип жаткан иш ордунда комплекстүү иштер  аткарылып турса, жалпы коомчулук да тарбия иши тек гана тарбиячы, мугалим-педагогдордун иши дебестен, ар бирибиз үйдөгү жана коомдук жайлардагы туура эмес көрүнүш-жосундарга бөгөт коет элек. Натыйжада андай терс жосундар бара-бара өзү эле жоголмок. Ар тараптуу, орундуу аракеттер менен биз улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаган, ата-баба салтын, тарыхын, намысын сактаган, баалаган, барктаган, урматтаган коом өкүлдөрүн өстүрүүгө жетишерибизге терең ишенемин, — дейт насаатчы ардагер.

“Сыйлык — жалкы, сыймык – жалпы” демекчи, дээрлик бардык өмүрүн балдарга билим-тарбия берүүгө арнап келаткан ардактуу ардагер Райкан Дүйшөналиеваны “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” жогорку наамы менен биз да куттуктап, ага кажыбас кайрат, бекем ден соолук каалоо менен бирге, өзү аздектеп сүйгөн кесибинин сый-урматын көрүп, башка дагы көптөгөн сыйлыктарга жетише берүүсүнө чын ниеттен тилектеш экендигибизди билдиребиз. Эне тилдин, Манастын, улуттук руханий дөөлөттөрдүн улуу уңгусун, угутун кийинки муундарга окутуп, таратууда чарчабай-чаалыкпай дагы бийик-бийик белестерди аша берүүсүн каалайбыз!

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер