АГАРТУУЧУЛУК  МИССИЯНЫ АТКАРГАН АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ

  • 25.12.2023
  • 0

Борбор калаадагы белгилүү “Креатив-Таалим” ББКда советтик мектептен калыптанып келаткан ата-энелер чогулушун жаңы форматка өткөргөнүнө быйыл үч жылдын жүзү болду. Бул чогулушту айрым ата-энелер чыдамcыздык менен күтүп келишет. Анткени балдарды тарбиялоодогу эң баалуу кеңештер берилет.

АГАРТУУЧУЛУК  МИССИЯНЫ АТКАРГАН АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ

Ата-эне менен кызматташуунун формасы

“Креатив-Таалим” ББКнын генералдык директору, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалими, “Даңк” медалынын ээси Гүлнара Дайырбекованын айтымында, мектептин негизги миссиясы — балдарга терең билим берүү менен бирге татыктуу таалим-тарбия берүү.

— Таалим-тарбияга таасир этүүчү көп факторлор бар. Ал адамдын руханий, интеллектуалдык байлыгы, адамга карата бири-бирине болгон мамилесинин жыйынтыгы менен таасир этет. Тарбия берүүнү бир тараптуу бергенге болбойт, албетте, ата-эне менен кызматташуу негизинде берилет. Ошондуктан ата-эне менен кызматташуунун бир эле формасы катары ата-энелер чогулушу деп эсептейм, — дейт жетекчи. — Негизи эле ата-энелер чогулушун өткөргөн учурда  ириде анын максаты коюлат. Билим уясында ата-эне жыйналышы  төрт форматта уюштурулат. Биринчиси — сентябрь айында уюштуруучулук жакты камтыган маселелер боюнча өткөн. Ириде 30 мүнөт ичинде  ата-энелерге бала тарбиялоого карата агартуучулук иштерди жүргүзүөм. Анткени айрым ата-энелердин атайын кесиптик билими жок болгондуктан, чогулуштун башында  балдарды кантип туура тарбиялоо боюнча багыт берем.

Сиздин балаңыз окуучу болду

Биринчи чейректи жыйынтыктоо боюнча мектепте 1-класстын ата-энелерине  “Сиздин балаңыз окуучу болду” деген чогулуш өтсө, кийинки класстарга “Бала тарбиялоодогу мотивациянын ролу” деген темада өтүлгөн. Эми “Өспүрүмдүн бош убактысы” деген аталышта чогулуш өтөт экен. Ар бир чогулуш 45-50 минутага пландаштырылып, эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө 30 минутада жалпы ата-энелерге агартуучулук максатта бала тарбиялоодогу мотивациянын ролу боюнча маалымат менен мисал келтирилет. Кийинки 30 мүнөтү кабинеттерге барып, балдарынын биринчи чейректеги алган билими тууралуу “Ата-энелер күндөлүгүнүн” ичинде жазылган маалыматтар менен таанышат. Экинчиден, ар бир мугалим  окуучуга портфолио топтойт, ошондогу баланын иш-аракеттерин ата-эне көрүп, таанышат. Ал жерде баланын жазганы, сүрөт тартканы, тапшырмаларды аткарганы ж.б.у.с. билим сапатына жасалып жаткан бардык иш-аракеттерди өз көздөрү менен көрүшөт. 1-класстын ата-энеси менен 10-класстыкына бирдей маалымат берилбейт. Ар бир класстын окуучуларынын курагына жараша тема изилденип, тандалат.

АГАРТУУЧУЛУК  МИССИЯНЫ АТКАРГАН АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ

Изилденет, маалымат топтолот

— Ата-эненин чогулушун өтүүдө өтө кылдаттык менен аракеттенем. Маселен, 8-класстын ата-энесине кайсы маалыматты берсек жеткиликтүү болот, 5-класстыкына кайсыны берсе болот деп. Жыйналыштын экинчи этабы февраль айына пландаштырылган. Ал жерде окуучунун жеке жетишкендиги, жеке өзгөчөлүгү тууралуу ар бир предметтин мугалимдери маалымат беришет. Мисалы, 1 окуучуга 17 предмет кирсе (ийримдерди кошкондо), баардыгы чоң залга отуруп, ар бир бала тууралуу ата-энеге жеке маалымат беришет. Быйыл үчүнчү жолу ушундай форматта өтүп жатабыз. Биринчи жылы уюштуруу болду, экинчи жылы атайын тематика менен өткөрдүк. Үчүнчүсүнүн өзгөчөлүгү — төрт- беш теманы ата-энелердин жалпы группасына салабыз. Ата-энени кайсы тема кызыктырса, ошол тема коюлган график боюнча келип, маалымат алса болот.  Анткени бардык эле ата-эненин убактысы чектелүү. Биз убакытка өтө маани беребиз, анткени ар бир адамдын убактысы өтө баалуу. Жалпы бала тарбиялоонун моделин берем. Быйылкы жаңы формат ушул болот. Ата-эне зарылчылыгына жараша кеңеш уккусу келсе чогулушка келип, маалымат ала алат, — дейт Гүлнара Дайырбекова.

Ата-эненин ыраазычылыгы

Чогулуштан кийин көп ата-эне жетекчиликке ыраазычылыгын билдиришет. Айрымдары толкундангандан көздөрүнө жаш алышса, кээ бири бала тарбиялоодо туура эмес кылып жүргөндөрүн мойнуна алышат.

Ырас, уюштуруучулар жаңы велосипед ойлонуп чыгышкан жок. Болгону ар кайсы окумуштуулардын, улуу педагогдордун тажрыйбасына таянып, маалымат беришет.

— Мен ачылыш жасаган жокмун, мен ата-энелерге маалымат берип жатам. Факт ошону ата-энелер кандай кабыл алып жатканында. Чогулушка келгенден кийин үйүбүздө башкача өзгөрүү болуп калды дешкендер бар. Көрсө, көп нерсеге көңүл бурбай жүргөн экемин дешкендер да жок эмес. Үйгө барганда бала менен мамилебиз башкача боло баштады дегендер бар. Бул өтө кубандырат. Мен чогулушту жөн эле өтүп жаткан жокмун, ата-эне менен баланын ортосундагы кызматташтыкты  оң жолго койсок экен, ынтымактуу үй-бүлөгө айланса деген ой. Чогулуштун ортосунда эне менен баланын, аялы менен күйөөсүнүн мамилеси тууралуу, эне менен атанын ортосундагы мамиле айтылат. Берилген маалымат билинип-билинбей таасир бергенде кубанбай койбойсуң.  Чогулушту күтүп келгендерин айтышат. Экөө тең чогуу келгендери дагы бар, — дейт кубануу менен Гүлнара Мелисовна.

Эффективдүү ыкма

Бул ыкма эффективдүү экени көрүнүп турат. Билимин жогорулатуу курсуна келген мугалимдерге дагы тажрыйба катары айтылат. Көрсөтүлөт. Ата-энелер чогулушунун сценарийи курстун угуучуларына толук сунушталат.

— Ата-эне чогулушунун өтүү форматын түшүндүрөм. Чогулушту эки алган, акча чогулткан менен баштабай, жагымдуу маанай түзө турган темалар менен баштоону сунуштайм. Ата-энеге чакан аңгемени окуп берсек да таасир этээрин айтам. Бул мен берген форматты Таластагы А.Бөрүбаев атындагы мектептин директору Эржан Асыранов ишке ашыра баштады. Көлдөгү Карл-Маркс мектебинин директору командасы менен келип, көрүп кетишкен. Бизде алты-жети мектеп командасы менен келип, маалымат алат. Менин стилимде баланын жаман жагын айтуу эмес, башкалардын алдында ата-эненин шагын сындырбаш керек. Ар бир баланы мактоонун дагы зарылчылыгы жок. Бирөөнү мактап, бирөөнү жамандоо менен эч бир проблема чечилбейт. Ошондуктан баланын жеке жетишкендиктерин күндөлүккө жазып коюп, бала тарбиялоонун ар түрдүү сырлары менен өтүү керек, — дейт генералдык директор.

Дагы бир мисал, Бишкектеги №72 мектептин бир мугалими атайын окууга келип, ата-энелер чогулушу боюнча берген сценарийи менен жыйналышты өткөн экен. Биринчи жолу жаңы форматта өткөндө ата-энелер таң калышыптыр. Ал мурда советтик мезгилдегидей эле баланын тентектиги, окуудан жетишпегендигин гана айтчу экен. Экинчи жолку жыйналышта  кызыгып, анан сурашыптыр: ”Бир жерден окуп жатасызбы?”, — деп. Үчүнчү жыйналышка ата-энелер келип, “Бизден эмне жардам керек?” дешиптир.

Эгерде ата-энеге туура маалымат жетсе, өзү эле колдоо көрсөтөт. Мугалимдин айтуусунда, “Креатив-Таалим” ББКнын билимди жогорулатуу курсуна келип жүрүп, өзүнүн дагы жашоосу жакшы жакка өзгөрүптүр.

Курстун атайын лицензиясы бар

Акыркы кездерде “Креатив-Таалим” ББКнын администрациясына “менчик мектеп өткөргөн курстардын сертификаттары жараксызбы?” – деген көп суроо мугалимдерден келе баштаптыр.

АГАРТУУЧУЛУК  МИССИЯНЫ АТКАРГАН АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ

АГАРТУУЧУЛУК  МИССИЯНЫ АТКАРГАН АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ

— Бардык менчик мектептер жөнүндө айта албайм, бирок бизде өтүлүп жаткан курстун сертификаты жарайт. Себеби Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясы бар. Мугалимдер кыжаалат болушпасын. Министрликтен дагы тактадык. Болгону коңшу мамлекеттердей бизде дагы менчик, мамлекетик мектеп деп бөлбөй, билим берүү арабасын чогуу тартсак, билим берүүнүн сапатын бийиктикке жеткирерибиз турулуу иш, — дейт тажрыйбасы мол жетекчи.

Белгилей кетсек, бул Билим берүү комплексинин окуучулары жакында эле Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасына 20 окуучу катышып, анын 16ы 1-, 2-, 3-орундарды камсыз кылышты. Дүйнө жүзүнөн келген эң мыкты 57 мектептин зээндүү балдары менен креативчилер тең тайлашып, бардык жагынан биринчи экенин тастыктап, Кыргызстандын желегин бийик желбиретишти. Ал эми интеллектуалдык сынакка 14 мамлекеттин 57 мектебинен ичинен “Креатив-Таалим” мыкты мектеп деп табылып, жалпы эсепте 1-орунду багындырышты. Демек, бул комплексте билим менен кошо таалим-тарбия жогорку деңгээлде берилип жатканы тастыкталды десек жаңылышпайбыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер