АГАРТУУЧУЛАР ВАКЦИНАЦИЯНЫН ЗАРЫЛ ЭКЕНИН БИЛИШЕТ

  • 23.07.2021
  • 0

Мугалимдер кесибине байланыштуу эң көп сандагы адамдар менен мамиле түзүшөт. Мындай шартта, өзүнүн эле эмес, жанындагы адамдардын ден соолугун сактоо үчүн коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүү бирден-бир туура кадам болуп саналат.

Эмне үчүн калкты эмдөө зарыл?

Микроорганизмдер адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Алар позитивдүү турмуштук байланыштардан тышкары, адамга коркунуч туудуруп, ар кандай жугуштуу ооруларды пайда кылышы мүмкүн.

Ошондон улам миңдеген жылдар бою микроорганизмдердин таасиринен пайда болгон жугуштуу оорулар адамдардын өлүмүнүн негизги себеби болуп келди. Азыр деле инфекция көптөгөн адамдарга жана Жердин кеңири аймагына таасир этүүдө.

АГАРТУУЧУЛАР ВАКЦИНАЦИЯНЫН ЗАРЫЛ ЭКЕНИН БИЛИШЕТ

Адамзат тарыхында VI кылымдын ортосундагы биринчи чума пандемиясы – «Юстиниан чумасы» 100 миллионго жакын адамдын өмүрүн алып, Европанын калкынын 50-60 пайызын өлүмгө дуушар кылган. «Кара өлүм» деп аталган экинчи чума пандемиясы XIV кылымдын ортосунда пайда болуп, Азиянын 30% жана Европанын 50% калкы жугуштуу оорудан жапа чеккен. Үчүнчү чума пандемиясы Кытайда XIX кылымдын ортосунда башталган жана ондогон жылдардан кийин бүт жер жүзүн каптаган.

Эпидемиянын жана пандемиянын заманбап оорусу грипп вирусу болуп эсептелет. Грипп эпидемиясы көпчүлүккө белгилүү, мисалы, 1918-1919-жылдардагы «испан тумоосу» – 50-100 миллион адамды кырса; 1957-жылы Азия тумоосунан 2 миллионго жакын адам, 1968-жылы Гонконг тумоосунан 34 миңге жакын адам набыт болгон.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча сезондук тумоонун кесепетинен жыл сайын 290,000 ден 650,000ге чейин адам көз жумат.

Мурунку СССРде жугуштуу илдеттерге каршы калк арасында эмдөө иштери кынтыксыз жүргүзүлгөн. СССРде төрөлгөндөрдүн баардыгы кургак учук, дифтерия жана полиомиелитке каршы эмдөөдөн өткөн. Көк жөтөлгө, селеймеге, кызамыкка жана паротитке каршы вакциналар убакыттын өтүшү менен кошулган. 1979-жылга чейин төрөлгөн балдарга чечекке каршы эмдөө жүргүзүлүп, ооруну аягына чейин жеңген соң, 1980-жылдан бери дүйнө жүзүндө чечекке каршы эмдөө токтотулган.

Адамзаттын үшүн алган коронавирус

Учурда дүйнөнүн 220 мамлекетин каптаган коронавирус илдети биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында катталган. 2020-жылы 30-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны коомдук саламаттыкты сактоого олуттуу коркунуч туудурган өзгөчө кырдаал катары сыпаттаса, 11-мартта пандемия деп жарыялаган. 2021-жылдын 20-июлуна карата дүйнө жүзү боюнча 192 миллиондон ашык адамдан бул оору катталып; 4,1 миллиондон ашык адам каза болуп, 174 миллиондон ашык адам жугуштуу илдеттен айыкты.

Негизинен, SARS-CoV-2 вирусу тыгыз байланышта болгондо, көбүнчө кичинекей тамчылар аркылуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жана сүйлөшкөндө жугат.

Вирусту жуктурган адам симптомдор башталгандан кийинки үч күндүн ичинде башкалар үчүн өзгөчө кооптуу болуп саналат; анткени бул аралыкта инфекция көп жугат, бирок симптомдор баштала электе эле жугушу мүмкүн, ошондой эле симптомдору жок адамдар аркылуу таралышы ыктымал.

Коронавирус илдетинин жалпы белгилерине: ысытма, жөтөл, чарчоо, дем алуунун оордошу жана аносмия (жыттын жоголушу), мурундун бүтөлүшү мүнөздүү. Оору жуккан адамда курч респиратордук стресс синдрому (ARDS) жана пневмония (пневмония) пайда болушу мүмкүн. Инкубациялык мезгил, башкача айтканда, инфекция кирген учурдан баштап анын белгилери башталганга чейинки мезгил, адатта, болжол менен беш күндү түзөт, бирок эки күндөн 14 күнгө чейин өзгөрүшү мүмкүн. Ооруларды дарылоочу вируска каршы дары-дармектер жок, негизги дарылоо симптоматикалык терапия (айрым симптомдорду четтетүү) жолу менен жүргүзүлөт.

2020-жылдын аягынан бери COVID-19га каршы бир нече вакциналар даяр болуп, бир катар өлкөлөрдө COVID-19га каршы массалык эмдөө башталды.

Ошентсе да вакцина – панацея эмес. Ковидге каршы эмдөө алгандар деле оорушу мүмкүн. Бирок оору, вакцина албагандарга караганда жеңил өтөт.

Алдын алуу чарасы катары колду жууп туруу, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жана мурунду чыканак менен жаап, башка адамдардан алыстыкта болуу (социалдык аралык), коомдук жайларда коргоочу беткап тагуу, урунган буюмдардын бетин дезинфекциялоо, бөлмөнү желдетүү сунушталат. Дүйнө жүзү боюнча бийликтер саякаттоону чектеп, жумуш ордунда тобокелдиктерди көзөмөлдөп жатышат.

COVID-19 пандемиясы олуттуу социалдык-экономикалык кесепеттерге алып келди жана ал Улуу депрессиядан кийинки эң ири глобалдык рецессия болуп калды. Анткени оорунун айынан болжол менен 265 миллионго жакын адам ачарчылыкка тушукту. Ири спорттук, диний, саясий жана маданий иш-чараларга чектөөлөр киргизилди.

Дүйнөнүн 172 өлкөсүндө мектептер, университеттер жана колледждер жабылып, окуу иши онлайн форматта жүрүүдө, бул болсо мектеп жана студент курагындагы калктын болжол менен 98,5% түзөт. Ошол эле учурда вирус жөнүндө туура эмес маалыматтар социалдык тармактар жана маалымат каражаттары аркылуу жайылып жатат.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинациялоо качан башталды?

11-июлда Кытайдан Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза Синофарм вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары берилди, калганы бюджеттик каражатка сатылып алынды. Андан мурун Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасы май-июнь айларында алып келинди. Кытай гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинасынын 150 миң дозасын жиберген. Бул доза 75 миң адамга жетери айтылган.

Буга чейин Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын алары айтылган эле. Азербайжандан 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы гуманитардык жардам катары берилди. Май айында Кыргызстанга дагы 20 миң доза «Спутник V» вакцинасы келди.

17-июнда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга дагы 80 миң доза «Sputnik V» вакцинасы келди деп маалымат берген. Кийин белгилүү болгондой, бир вакцина бийликке 10 долларга бааланган. Аларды сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 91 миң 22 адам эмдөөнүн биринчи этабынан өтүшсө, 62,8 миң адам экинчи вакцинадан өтүштү.

Вакцина эки баскычта 25-28 күндүн аралыгы менен кабыл алынат. Эмдөөнүн терс таасирлери азырынча аныктала элек.

Вакцинаны кимдер алса болбойт?

Коронавируска каршы вакцинаны алар алдындагы чектөөлөр грипптикине окшош эле. Мисалы, киши ошол учурда башка оору менен ооруп жатса же дене табы 37 градустан жогору болсо, препаратты алууга болбойт. Ошондой эле жакынкы суткаларда спирт ичимдиктерин ичкендер дагы ала албайт.

Мындан тышкары, адистер вакцинаны медайым эмес, дарыгер өзү сайышы керектигин айтышат.

«Дарыгердин кабинетине киргенде суроо бергенден, медиктерден тактыкты талап кылгандан жазганбаңыздар. Анткени мындан сиздин саламаттыгыңыз көз каранды. Вакцина кандай жерде сакталып турат, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жокпу, мунун баарын сурасаңыз болот. Баса, вакцинаны шарт боюнча медайым эмес, дарыгер сайышы керек», — дейт орусиялык иммунолог.

Биздин адистердин пикиринде коронавирус менен ооруганына алты ай боло элек жаранга; кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга; вакцинага аллергиясы барларга; 18 жашка чейинки жарандарга вакцина сайылбайт.

Мугалимдердин өздөрү эмне дешет?

“Вакцинаны мен майда эле алгам, эч кандай симптом байкалган жок, тынч эле”.

(Тагайматова Ашыккал)

“Мен азырынча ала элекмин, райондун борборуна барышыбыз керек экен”.

(Тайир Аширбай)

“Бизде ар бир айылдагы ФАПта салып жатат”.

(Атаханов Узен)

“Достор, бул жерде «каалайм, каалабайм» деген болбойт. Мисалы өлкөгө душман кол салды. Мажбур түрдө согушка милдеттүүлөр барыш керек. Мында деле бизге вирус согуш ачты. Демек коргоого жапырт чыгышыбыз керек. Башка жол жок. Кеп бир-эки адамдын ден соолугунда эмес, жалпы мамлекеттин коопсуздугунда!”

(Кожонов Макамбай)

“Кечээ күнү доктурлар мектепте иштегендер сөзсүз алгыла, бизге ушундай буйрук келди дешти. Мугалимдер ойлонуп турат. Менимче, ден соолугубуз үчүн вакцина алыш керек”.

(Чынара, Баткен району, Максат мектеби)

“Азырынча мугалимдерден төрттөн бири да ала элек”.

(Жеңишгүл, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси)

“Бизде бала бакчада иштегендердин 59%, мектеп мугалимдеринин 23% вакцина алды”.

(Алымбек, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкери)

“Он жетисинде губернатор мектептерди, бала бакчаларды кыдырат экен. “Вакцина ала электер саат 9га чогулгула!” деп жазышыптыр. Баары бир алдырышат окшойт …“

(Карачева Ырыс)

Ал арада өлкөнүн Акыйкатчы институту калкты вакцинациялоо иши жарандардын каалоосу менен жүргүзүлүшү керектигин белгилеп, атайын билдирүү таратты. Билим берүү министрлигинин жетекчилиги болсо, июль-август айларында педагогдор менен техкызматкерлерди эмдөө иштери майнаптуу жүрсө, жаңы окуу жылында мектептерде окууну кадимки режимде жүргүзсө болорун айтууда. Анткени менен, акыркы сөз мугалимде экенин унутпайлы. Агартуучулар буга чейин эл башына түшкөн кандай сыноо, кыйынчылык болбосун, баардык мезгилде, баардык учурда алдыңкы катарда болушкан, бул жолу да жарандык активдүү позициясын көрсөтүп, коркунучтуу дартты жеңүүдө жалпы элге үлгү болот деген ойдомун.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер