“АДАМЗАТТЫН ДЕН СООЛУГУ АДАМЗАТТЫ ОЙЛОНТУШУ КЕРЕК”

  • 23.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Планетанын ден соолугу — адамзаттын ден соолугу» аттуу алгачкы жолу Нью-Йорктогу БУУнун билим берүүнү  трансформациялоо боюнча талкуу уюштуруп, коомчулукка кайрылуу жасады.

Министр өз сөзүндө планетанын ден соолугу менен адам ден соолугунун ортосундагы  байланышы жана  ал байланыштын маанилүүлүгү боюнча кеп кылып, маалымат-билимдин жоктугунан, илимий чөйрө, саясий коом жана жөнөкөй жарандар арасында  бул жааттагы биргелешкен иш-аракеттердин болбогондугунан  келип  чыккандыгын  баса белгиледи. Министр өз сөзүндө илимий, саясий   жана жарандык коомдун адамдарын чогултуп, өсүп-өнүгүп келе жаткан муунга планетанын ден соолугунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берүү керектиги талашсыз.

Чындыгында министрдин бул демилгесин колдоого алып, ишке ашыруу керек. Ошондуктан Кыргызстандагы Германия  кызматташтыгы менен биргеликте  Туруктуу өнүгүүнүн үч негизги аспектисинен турган: экономикалык өсүштү, социалдык интеграцияны жана айлана-чөйрөнү камтыган тең салмактуу прогрессти камсыздоого багытталган иш -чараларды колдоо зарыл.  Бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында билим берүү ар бир адамга туруктуу келечекти курууга зарыл болгон билимге, көндүмдөргө, мамилеге жана баалуулуктарга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында билим берүү климаттын өзгөрүшү, кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу, биоартүрдүүлүктү сактоо, жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүүнүн негизги маселелерин окутуу процессине киргизүү негизги маселелердин бири болуп саналат. Ал окуучуларды шыктардырып, туруктуу өнүгүү үчүн өз жүрүм-турумун өзгөртүп, иш-аракеттерди кабыл алууга мүмкүндүк берген биргелешкен окутуу жана үйрөтүү усулдары талап кылынат.

Ошондуктан «Экология» жана «Туруктуу өнүгүү  боюнча  билим берүү» предметтерин үзгүлтүксүз мектепке чейинки, орто жана жогорку билим берүү системасына киргизүү жана окутулуп жаткан “Кыргызстандын географиясы” предметин орто жана жогорку окуу жайларында сааттарын көбөйтүү замандын талабы. Биз сөз кылып жаткан туруктуу өнүгүү максаттары – бул эл аралык коомчулуктун алдында турган жакынкы 15 жылда теңсиздик  менен жакырчылыкты жоюу, социалдык интеграцияга жетишүү, глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтотуу жана дүйнөнү куруу. Мында биздин урпактардын татыктуу жашоосу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгү болгон 17 максаттын алкагында коомчулукка туура жеткирүү.  Дүйнөдөгү негизги проблема болгон ачкачылыкты жеӊүү, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо, тамактанууну жакшыртуу жана айыл чарбасын туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү.

Туруктуу өнүгүүдө адамзаттын жашоо шарты мүмкүн болушунча жакшырып, айлана-чөйрөгө тийген таасир биосферанын өзүн-өзү калыбына келтирүү чегинен чыкпоого тийиштиги каралган. Б. а. адамзаттын жашоосунун табигый негизин сактоонун зарылдыгы келип чыгат.

Бардык адамдардын ден соолугун камсыздоо үчүн көп күч талап кылынат, бирок пайда чыгымдардан ашып түшөт. Адамдын иш-аракетинин курчап турган чөйрөгө тийгизген терс таасири кайрадан коомдун өзүнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизүүдө. Калктын саламаттыгын сактоо, анын абалына байкоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу, ден соолукка коркунучтарды азайтуу жана жөнгө салуу Туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири болуп саналат.  Кыргыз Республикасынын аймактык жайгашуусун эске алуу менен тоолуу аймактардын жашоочуларына дагы өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейбиз. Себеби тоолуу аймактар ​​көптөгөн табигый процесстерге таасирин тийгизет, жаратылыш ресурстарынын булагы болуп саналат, Борбодук Азияда ири дайралардын агымынын калыптанышына, экологиялык туруктуулукту сактоого таасир этет, табигый кырсыктардын алдын алууга, алардын кесепетин жумшартууга шарт түзөт. Ошол эле учурда тоо экосистемалары ушунчалык туруксуз, морт жана тышкы таасирлерге тез дуушар болушат жана аларды калыбына келтирүү кыйын.

Бишкектеги глобалдык тоо саммитинде (2002) белгиленгендей, тоолуу аймактар масштабдуу деградацияга кабылат, табигый ресурстар түгөнүшү байкалууда. Демек, мындай аймактардын жашоочулары катаал климаттык шарттар, төмөнкү айыл чарба өндүрүмдүүлүгү, жашоо-тиричилигин камсыздоо үчүн жогорку материалдык-техникалык жана энергетикалык чыгымдарга дуушар болушат, о.э. социалдык жана экономикалык кызматтарды пайдаланууда чектелген. Бул факторлор өзгөчө татаал, тоолуу шарттарда экономикалык иш-аракеттердин кооптуулугу менен социалдык конфликттер менен саясий туруксуздукка дагы алып келет. Бардык жеткиликтүү табигый каражаттар, суук, жетишсиздик, зарыл тиричилик предметтерин камсыздоого багытталган. Ошондуктан тоолуу аймактардын жашоочуларынын тоо экосистемаларына өзгөчө катаал мамиле кылууга түртөт, табигый ресурстардын түгөнүшүнө, деградациясына алып келет, бул андан ары тоо жашоочуларынын жашоо-тиричилигинин начарлашына, тоолуу аймактардын жабыркашына шарт түзөт. Тоолуу аймактарды жашоо-тиричилик шарттарын, сырткы катаал шарттарга ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, ден соолугун чыңдоо дагы түздөн-түз билим берүү менен байланышкан. Билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен тоолуу аймактардын тургундарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, алардын тоо экосистемаларына болгон мамилесин өзгөртүүгө шарт түзүлөт. Ошондуктан кеңири илимий иш-чараларды жүргүзүүгө мамлекет көңүл бөлүп, уюштуруу жана каржылоо маселесин чечүү  эң актуалдуу маселелердин бири.

Биз сөз кылып жаткан Туруктуу өнүгүүнүн көптөгөн максаттарына жетүүнүн негизги элементи — билим берүү.  Бул максатта  ар тараптуу жана адилеттүү, сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана бардыгы үчүн окуу мүмкүнчүлүгүн түзүү. бул иш-чаранын алкагында аз да болсо окумуштууларга, студенттерге И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультети  2021-жылдын сентябрь айында КЕМП Ала-ТОО коомдук фонду менен биргеликте  «Туруктуу өнүгүү жана биоартүрдүүлүктү сактоо үчүн билим берүү»  аттуу темада география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессор-окутуучулары үчүн семинар-тренинг уюштурулуп, беш күндүк окуудан өтүштү. Семинарга катышкан кафедранын  профессор-окутуучулары студенттерге жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окутуучуларына   тренинг-семинарларды өткөрүштү.

Мындай окууларды мындан ары жайылтып, министрдин демилгесин колдоп, ишке ашыруу негизги максаттардын бири болуп саналат.

 

Чодураев Т., И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультетинин деканы;

Солпуева Д., география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы;  

Садыкова Г., б.и.к., доцент.  

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер