АДАМЗАТТЫН АКЫРКЫ СУРАНЫЧЫ КАНДАЙ?!

  • 06.05.2024
  • 0

(Арслан Койчиевдин романы жөнүндө алгачкы ой)

АДАМЗАТТЫН АКЫРКЫ СУРАНЫЧЫ КАНДАЙ?!

Беш-алты жылдан бери адабиятка келген жаштардын арасынан Арслан Койчиевди бөлүп көрсөтсө болот. Ал дароо эле өз үнү, өз стили, өз ою менен прозанын сап алдына чыга келди. “Мисмилдирик”, “Бакшы менен Чыңгыз хан” романдарын окуп, кызыктым. Бирок, убакыттын тардыгынан эки ооз сөз айтууга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес эле. Балким, алар жөнүндө да кийинчерээк оюбузду айтаарбыз.

Жакында Арслан Койчиевдин “Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси” деген чыгармасын окуп чыктым. Эмнегедир автор китебинде чыгармага “повесть” деген аныктама бериптир. Чыгармада камтылган маселенин масштабы, маселени коюу, чечмелөө ыгы романдык жанрдын талабына туура келет.

Чыгарма оригиналдуу жазылган. Чыгарманын сюжети, автордун айтайын деген ою жөнүндө сөздү баштоодон мурда, биринчи иретте, мени бул романдын формасы, жазылуу ыкмасы, кыргыз романистикасынын фонундагы көрүнүшү кызыктырды. Ошол себептүү алгач сөздү роман жанрынын азыркы абалы жөнүндөгү маселеден баштап, кыскача болсо да сереп жасай кетүүнү туура көрдүм.

Азыркы замандын романдары мурдагы доорлордогу роман жанрындагы чыгармалардан кескин айырмалуу болуп бараткандыгынан улам соңку романдар менен таанышкан сайын бекем ынанып бара жаткандайбыз. Заман өзгөрдү, заманга жараша адабиятка, адабий каарманга карата талап, мамиле өзгөрдү. Өткөн доордун жазуучуларын түйшөлткөн социалдык, социалдык-психологиялык, социологиялык-философиялык проблемалар өз доору менен кетти. Роман жанры бүгүнкү күнгө чейин өнүгүүнүн бир канча тарыхый этаптарын басып өттү. Эпикалык тектин бөлөк майда жанрларына салыштырмалуу роман жанры, романдык идея, тема, романдык каармандын образы коомдун учурдагы өнүгүү багыттары, коомдук көз караш, идеологиялык принциптер менен өтө тыгыз, ажырагыс биримдикте гана жаралчу, ишке ашчу адабий көрүнүш.

Замандын өнүгүү нугуна жараша баалуулуктардын приоритеттеринин өзгөрүп турушу роман жанрынын эстетикасына да өз таасирин тийгизип келди. ХХ кылымдын романдарындагы анын жазылышына негизги кыртыш болгон идеологиялык багыт, доктриналардын, социалисттик жана социализмди ашкерелөөчү, утопиялык жана антиутопиялык идеялардын коомду өзгөртүү, түзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн оң жана терс жактарын далилдеп көрсөтүү; ХIХ кылым романдарындагы личность менен коомдун карама-каршылыгы аркылуу эркиндик, теңдик идеяларына, демократиялык принциптердин зарылдыгына басым жасоо; ага чейинки кайра жаралуу, агартуу доорлорундагы романдарда акылдын, билимдин, илимдин артыкчылыктуулугун баса белгилөөгө, адилеттиктин, чындыктын жеңилбес күчүн даңазалоого багыттанган турмуштук көрүнүштөр роман жанрынын идеялык-эстетикалык өзөгүн түзгөн. Ал чыгармалардын каармандары өткөн чактын турмуштук жана адабий тажрыйбасы, тарбиясы катары актуалдуулугун жоготпогон менен, бүгүнкү күндүн да активдүү каармандары боло албайт. Анткени, ар бир доор, биринчиден, өз каармандарын адабий аренага чыгарат, экинчиден кайсы доорго таандык окуя болбосун өз доорунун мүдөө-талаптарына ылайык көркөм сүрөттөөгө алынат.

Роман жанры жетектөөчү негизги жанрлардын бири катары дүйнөлүк адабиятта ХVIII кылымдан бери, кыргыз адабиятында ХХ кылымдын отузунчу жылдарын бери тарта удаалаш жарык көргөн “Кандуу жылдар”, “Узак жол”, “Кең-Суу”, “Каныбек” романдарынан тартып өнүгүүсүн улантып келет. Бүгүнкү, ХХI кылымдагы кыргыз адабиятында деле роман жанры күүлдөп, мурдагы түшүмдүүлүк күүсүнөн тайбай өнүгүп жаткандай. Сапаттык, тагыраак айтканда, идеялык-тематикалык мазмун жагынан карай келгенде жагдай башкача. Система өзгөрүп, эскиче (советтик) жашоо образы да жакпай, жаңыча (батыштык моделдер) да жакпай, жаккан күндө да окшоштура албай, жарымы динчилдикке каршы, жарымы динсиздикке каршы болуп, айрымдар автоматташтырылган технократиялык прогресстин сүрөөнчүсү болсо, айрымдар ага каршы, айрымдар глобализация саясатын жактырса, айрымдар антиглобализация идеясын колдошуп, келечекке карата багыт, баалуулук ориентирлер тумандуу болгондуктан, учур темасын XIX, XX кылымдагыдай роман жанрында чагылдыруу салыштырмалуу бир топ татаалдашты.

А.Чехов бир убакта: “Маселени чечүү жана аны туура коюу деген бар. Мунун экинчиси гана жазуучу үчүн милдеттүү деп эсептелет”,-деген экен. Мурда окурмандар ошол жазуучулар туура коё билген маселелерден эле анын чечилишин ар кими өз деңгээлине жараша таап, көрө алышчу эле. Азыркы заманда турмушта да, көркөм чыгармачылыкта да коюлган маселеге бир жактуу оң жооп айта салыш улам оорлоп бара жаткандай…

Өзүн жазуучулуктун өкүлү катары ишенимдүү эсептеген кыргыз романчыларынын дээрлик көбү өткөн чакка, тарыхка кетип калышты. Албетте, буга эгемендүүлүктөн кийинки улуттук тарыхый башаттарга болгон кызыгуу, улуттун өзүн өзү таануу, таанытуу аракеттеринин да таасири сөзсүз бар. Тарыхый, тарыхый-биографиялык темада жазылган романдардын 2000-жылдардан беркилердин эле айрымдарын эске түшүргөндө: Ж.Токтоналиев “Хан Ормон”, 2001; Э.Турсунов “Балбай”, 2002, “Боронбай”, 2004; Ж.Эгембердиев “Канат хан” 2006; А.Оморов “Чыңгыз хан”, 2006; Э.Отунчиев “Молдо Асан”, 2008; К.Сактанов “Искендер Зулкарнайн”, 2010; А.Стамов “Хан Тейиш”, 2012; А.Рыскулов “Атакенин Акболоту”, 2012 ж.б. ондогон тарыхый романдар). Мындан сырткары, бардык замандарда стереотиптик шаблондуу формасы өзгөрбөгөн, адамдын бейаң табигый инстинктине, эмоционалдык кабылдоосуна багытталган мелодрамалар же б.а. мелодрамалык романдар, курч окуялуулукка умтулган детектив мүнөзүндөгү чыгармалар жаралууда.

Учур темасын баштаган Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы сыяктуу заман көйгөйүн, актуалдуу маселелерин чагылдырган олуттуу адабият өтө аз, азынан да реалисттик романдардан бизге көнүмүш болгон “типтүү кырдаалдардагы” бизге замандаш, тааныш “типтүү каармандарды” кезиктирүү өтө кыйын. К.Акматовдун “Архат”, С.Раевдин “Жанжаза”, “Топон”, А.Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан”, “Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси” романдарын “Тоолор кулагандагы” айтматовдук багытты уланткан чыгармалар десек болот.

Ооба, айтматовдук адабий традиция бүгүнкү күнү масштабдуу философиялык ойлорду чагылдырууга жол ачып олтурат.

Адамзат өнүгүү тарыхында адам насилин бузбай сактоонун, жакшыртуунун, асылдандыруунун жолун көп нерседен издеди: динден, илим-билимден, коомдук-саясий өзгөрүүлөрдөн, демократиялык башкаруудан, авторитардык башкаруудан зор үмүт менен күттү, бирок ал үмүттөр аткарылбай, кайра эле баягы “сынык тепшинин” жанына кайтып келип жатышты. Мындай көрүнүш, албетте, көркөм чыгармачылыкка, өзгөчө, адам жана коом алакасын ар тараптуу көркөм иликтөөгө алуучу роман жанрынын идеялык-эстетикалык турум-турпатына өз таасирин тийгизбей коюшу мүмкүн эмес.

Роман жанрынын өнүгүү тарыхына байланыштуу кыскача айтылган жогорудагы сөздөр, башында эскертип өткөнүбүздөй, Арслан Койчиевдин “Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси” аттуу китеби жөнүндө ой айтуу аракетинен улам чыгып отурат.

Бул роман эмне жөнүндө, ким жөнүндө? Мурдагы НКВДнын желдети, азыркы күндөгү КГБнын ардагери жөнүндөбү же отузунчу жылдардагы репрессиянын курмандыктары чогуусу менен көмүлгөн дагы бир мүрзө табылды деп жарыялай коем деп бейажал өлүм тапкан журналист жөнүндөбү, же сталиндик репрессия же болбосо ага карата азыркы коомдук мамиле жөнүндөбү? Жок, бул өмүрбаяндык негиздеги мурдагы романдардан кескин айырмаланган чыгарма. Адабиятчы Е.В.Комовскаянын ХХІ кылымдын романдары жөнүндө төмөндөгү айткандары А.Койчиевдин биз сөз кылып жаткан романына да туура келет деп ойлойм.

«Если до ХХІ века существовала две распространенные формы познания мира: чувственное и рационалистическое, отсюда появление либо психологических, сентиментальных романов, либо реалистических, просветительских, то в ХХІ веке в художественной форме романа они не только соединились, но и пополнились прогностической формой познания. Исследователь А.А.Никитин по данному поводу писал: «В ХХІ веке наметился новый модус мышления, происходит смена культуры чувственного типа на культуру идеационального типа, то есть если чувственная культура опиралась на естественные науки, формы понятийного знания, то в культуре идеационального типа все видимые проявления бытия предстают лишь знаками невидимого мира» (cyberleninka.ru/n/z).

Ошентип чыгарма эмне жөнүндө?.. Өтө эле жалпы, баналдуу, ошол эле убакта кескин угулушу мүмкүн: роман адам баласынын күнөөгө жакындыгы, канкор, өзүмчүл адамдардын уругу эч качан үзүлбөй улана бере тургандыгы жөнүндө. Пессимистүү, бирок турмуш акыйкаты далилдеп келген чындык. Романдын негизги каармандарынан болгон журналист менен көзү ачыктын сүйлөшкөн кебине көңүл буруп көрөлү: “Эмне себептен адам баласы эмдигиче оңоло албай келет? Дин жолун да тутунуп көрдү миң жылдап. Оңолгон жок. Бир эмес бир нече түрүн таап, “христиан”, “мусулман” дейсиңби, айтор, ар түрдүүчө да болуп көрдү. Анда да оңолгону жок. “Коммунизм” ураанын чакырып көрдү айласы куруганда. Оңолмок турсун көтүнөн кетти. Эми “люстрация-мюстрация” дегенди ойлоп таапсыңар… Менимче, эзели-эзели оңолбойт. Кудай-таала жер бетине куп оюндагыдай адамды жарата албастан, катуу жаңылып, адамдын туура эмес түрүн жаратып алган, сыягы!”- дептир көзү ачык. “Ой-боой! Сен – чоң философ экенсиң” – деп башын чайкаптыр оозу араандай ачылган журналист (А.Койчиев. “Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси”. – Бишкек, 2022. – 145-б.).

Ал эми чыгармадагы бардык окуяларды, өткөн менен кеткенди, учурдагыны тогоштуруп, окуянын түйүндөлүшү менен жыйынтыкталышын бириктирген каарман, КГБнын ардагери М.К. отузунчу жылдардагы репрессия убагындагы жана андан кийинки желдеттик кандуу иштери жөнүндө төмөнкүдөй ой жүгүртөт: “Адам баласын кайра тарбиялап, атына заты жарашкан жаңы муунду, жаңы муундун төгөрөгү төп келишкен, үлгүлүү адамын күчтөп таптайбыз, такшалтабыз, эзели оңолбой, бир-бирине жаманчылык издегенден башы чыкпай келген бечара адам баласын ушу жыйырманчы кылымдын ичинде, кылым жаңырганчакты убакка жеткирбей ар түрдүү балээден биротоло арылтабыз, ниетин карарткан бузук кыялын оңдойбуз, жинин кагабыз, арасындагы кесепеттүү бузук-шүмшүктөрдөн кутултабыз, аң-сезимин уулантып, туура жолдон адаштырган көз боочу азыткылардан тазалайбыз, алмуздактан эңсеген алпейим жашоосун түбөлүк орнотобуз деп жүрүп кимдин гана түбүнө жеткен жокпуз!? Орусун да аттык, кыргызын да аттык, дунганын да аттык. Тууганды да аяган жокпуз. Анткени… Анткени “уурулук кылба эле уурулук кылба” деп безилдеп үйрөткөндөрдүн өздөрү колу туткак, ууру-кескилер болучу, “өтүрүк сүйлөбө эле, өтүрүк сүйлөбө” деп курулай өөдөсүнгөндөрдүн өздөрү жанын жеген калпычылардан болучу, “абийириңди сакта эле, абийириңди сакта!” деп күндүр-түндүр какшанып, мыктысынып насаат окугандардын өздөрү өңчөй аягы суюктар эле, “бирөөнүн ысыкысына напсиңди агытпай, ток пейил бол!” дегендердин өздөрү назары ач, алкы бузук немелер эмес беле, “бей-бечарага күйүмдүү бол!” деп күйпөлөктөмүш эткендердин өздөрү аныгында нагыз таш боор, эки жүздүү калк эмес беле! Ээй… Эмнесин гана айтасың!? “Улуу күрөш” деп жүрүппүз башыбызды байлап, улуу күрөшкө аттанганбыз деп жүрүппүз өмүрүбүздү сайып. Кайран өмүр, корогон! Кайран өмүр” (А.Койчиев. Аталган китеп, 58-59-бет).

Албетте, өзүмчүлдүк, байлыкка, бийликке умтулуучулук, ач көздүк сыяктуу терс сапаттар адам табиятындагы каны, жаны менен кошо бүткөн сапат деген сыяктуу ой А.Койчиевге чейин эле айтылып келген. Бирок, А.Койчиев көркөм образдардын бир нече түрлүү системасы менен чексиз мезгил менен мейкиндиктин чегинде ынанымдуу ачып берип жатпайбы?!

Адамзатка карата айтылган мындай пикир менен катар агартуу доорунун өкүлү, философ, педагог Джон Локк сыяктуулардын адам төрөлгөндө “актай доскадай” болуп төрөлөт, ага кандай тарбия берилсе, ошондой адам болот дегендери да, ошондой эле табиятынан адам адамкерчиликтүү, акыл-эстүү жаратылган жандык, аны турмуштук кыйынчылыктар бузат деген көз караш да атам замандан бери айтылып, жашап келе жатат. Кеп ойдун жаңылыгында эмес, кеп автордун аны жаңыча өңүттөн ынанымдуу ачып бергендигинде.

“Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемесинде” көзү ачык деп аталган каарман айтмакчы, адамдардагы терс сапаттардын тамырын дин соолтот десе, анын алы жетпей, илим-билим оңойт десе, ал оңой албай, мамлекеттик түзүлүштүн, бийликтин авторитардык түрү да, демократиялык түрү да тизгиндей албай, көп нерседен көңүл кайт болгон замандын маанайы романдан кадимкидей сезилип турат.

Роман бир убактагы сталиндик репрессиянын желдети болгон, учурда КГБнын ардагери М.К. аттуу адам гезиттен “Сталиндик кара көпөлөк доорунун Добул-Таштагы кандуу изи табылды!” деген макаланы окуп, тынчтыгы бузулган жерден башталат. Ардагер репрессиянын курмандыктарын бекер эле кырып, туура эмес иш кылган экенбиз деп өкүнүп, тынчтыгы бузулуп отурган жок. Ал кырып-жоюу каршы чыкчулардын сесин алуу, бир багытта өнүгүүгө тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл болчу, антпесе жаңы заманды куруу, сактоо мүмкүн эмес эле деп бекем ишенет. Мамлекеттик системанын кулашын да башкадан эмес, “айкындуулук”, “эркиндик” деп атып мамлекеттик бийлик ээнбаштыкка жол берип койгондон көрөт. НКВДнын ардагери – өткөн советтик доордун өкүлү.

Өзүн эгемендүүлүктүн жактоочу өкүлү деп эсептеп, “Президентибиз далдырап каякты карап жатат! Коомубуз люстрацияга муктаж! Люстрация керек! Люстрация!!!” деп какшанган журналисттин деле чама-чаркы чектелүү. Коомдун келечекке карай өнүгүү багыты жөнүндө эч кандай көз карашы жок. Өткөндүн кемчилигин сындап кызыл кекиртектик кылуу аркылуу өзүнүн аты гезит бетине тынбай чыгып турганына корстон. Чындай келсе анын кыйкырыгы НКВДнын ардагеринин: “Билгиңер келсе, “чистка” деп коет аны, балдар! Чыныгы люстрацияны мына биз көрдүк! Көрмөк турсун кол кабыш эткенбиз! Өз колубуз менен ишке ашырганбыз!” (Аталган китеп, 14-15-бет) деген ойлорунан алыс узабайт. Билиминин, дүйнө таанымынын чектелүүлүгүнөн кыйынсынган журналистибиз өзүн “көзү ачыкмын” деп жарыялап алган шылуундун торуна оңой эле чалынып, оңой эле анын жетеленме жан-жөкөрүнө айланып калды. “Эзели коммунист боло албасыма көзүм жеткен чактан эски адабиятты, төтөн чыгыш адабиятын казып окугам. Заратустра – чети эле. Шыгым ушул жакка ооптур, Иса, Муса, Будда жайындагы китептерди Москвадан алдырып окучумун” (125-бет) деген көзү ачыктын” шылуундугу ушунда – анча-мынча жыйнаган билими менен учкул фантазиясын пайдаланып, чындап көзү ачыктык касиети жок болсо да, жок касиетти өзүнө чаптап алган. Чаласабат журналист менен жасалма көзү ачык – булар азыркы доордун өкүлдөрү.

Эки доордун өкүлдөрүнөн сырткары, ретроспективдик планда дагы эки доордун окуясы, бир жомоктук-мифтик сюжет камтылган романда. Деги эле, А.Койчиев фантастика, мистика, миф, уламыш жана легендаларды көркөм чыгармасында колдонуу жагынан чебер. Аларды көркөмдүк үчүн гана эмес, каармандардын жан дүйнөсүн ачып берүүнүн ачкычы үчүн пайдаланат.

Анын бири “уруу”, “улут” түшүнүгү жаралганга чейинки, б.а. тарыхка чейинки (доисторический) адамзат турмушу жөнүндөгү “Заратустранын” (чындыгында ал Заратустранын сөөгү эмес) баяны, экинчиси отуз жетинчи атылып кеткен египтолог окумуштуу Исаак Вайнштейндин “Валаар кечил жөнүндөгү”, б.а. Муса пайгамбардын баскынчылыгы жөнүндөгү, диндик доордун башталышы тууралу баяны. Буларга кошумча куржундун эки көзү толо кол жазма сактап жүргөнү үчүн айыпталып, Сибирге айдалып, ошону менен опаат болгон кыргыз жомокчусунун “Бечара адам баласынын жаралыш тарыхы тууралу аңыз” баяны. Алдыдыгы эки баяндан улам адамзат коому жаралгандан бери тарта өнүгүүнүн кандай баскычында болбосун бир топ экинчи бир топтун жерине, же дагы кандайдыр бир артыкчылыктарына көз артып, өзүнө баш ийдирүү, ээлеп алуу учүн ар кандай кыйкым, кыргын, баскынчылык согуштарды уюштуруп келгенине күбө болобуз. Мамлекет, чек ара, байлык, бийлик деген түшүнүктөр али мааниге ээ боло элек учурда да адамдар өз кызыкчылыктары үчүн биринин канына бири суусап атса, өз элин Кудайдын тандоосу, мээрими түшкөн өзгөчө журт кылам деген динчил, кудайчыл Муса пайгамбар да бир убакта, башына кыйынчылык түшкөн чакта өзүнө жардам кылып, бооруна тарткан мадиян элин аесуз кырып салууга батынат.

Египтолог окумуштуу Вайнштейндин “Моисей – ууру жана кан ичер! Айтканымдан кайтпаймын!” деген кыйкырыгынан автор А.Койчиев параллель мейкиндикте аны Сталинге салыштырып жатканы ачык эле сезилет. Өткөн чактын кыргындарынын фонунда сталиндик репрессия тарыхтагы кандуу кыргындар тизмегиндеги катардагы көрүнүштөрдүн бири көрүнүп калат. Албетте, муну менен А.Койчиев “мындай нерсе боло келген жана боло берет” деген жайынча жыйынтыкты айтайын деп эмес, тескерисинче, жазуучу тарыхтын бул катаал сабактарын эске тутуп, мындай кесепеттүү кырдаалдардын алдын алып туруу шарт экендигин эскертип жаткандай.

Ал эми кыргыз жомокчусунан табылган кол жазмада адам баласынын түп аталары Кудайга жети мертебе жолугуп, жети мертебе жети тилегин айтып, сураныч кылат. Кудай алардын улам бир талабын орундатып, тилегин кабыл кылган сайын адам пендесинин улам бир жаңы талабы пайда боло берет. Адам баласы ар дайым болгон нерсеге канааттанбайт, “тобо” кылбайт, улам “тойбой” келет. Кыйкымга кабылган кол жазмада алты жолку жолугушуудагы талаптар жөнүндөгү баяндоо сакталып, жетинчи суранычка байланыштуу беттер тытылып жок кылынып, акыркы беттер оңдолгондугу тергөө учурунда тастыкталганынан кабар алабыз. “Кудай-таала ойлонду. Киши баласынын дооматы эле көп экен, дооматы эле көп экен, кайсы-бирин аткарат? Убадасы ушундай, жок дегенде эми бирин өтөөсү керек эле…” деген үч сүйлөмдөн кийин, жомоктун аягы түз эле бүгүнкү күнгө ашташып, бүгүнкү күнгө уланат. Шумдугуң кургу-ур!” – делет. Башкача айтканда, жомокчу жан айласы кылып жетинчи суранычты Сталиндин ысымына байланыштырып, аны элдин тилеги менен келген жол башчы катары баяндап, жомокту бүтүргөн болот. Бирок андагы тергөөчү, азыркы ардагердин көңүлүндө жетинчи сураныч тууралу, “Жетинчиси эмне болду экен?” деген суроо дайыма эсине келе берет. Муну менен жазуучу А.Койчиев адам пендесинин жашоосу кандай бийиктиктерге жетпесин, алардын каалоосу түгөнбөйт деген ойду айтуу менен катар, адамзаттын акыркы, негизги суроосу кандай болуу керек деген суроону окурманына коёт. “Каргыш ургур кара ниет, Кайдан чыкты бучкактап” – деген ыр сабында эле адам баласынын жашоосунда ак ниеттүүлүк менен караөзгөйлүк, кең пейилдик менен көрө албастык, акыйкат менен жалгандык түбөлүк чырмалышып кала берери даана чагылдырылып турат. А.Койчиевдин түйшөлткөн, жообун издеген проблемасы ушул. Дегеле, “Канткенде Адам уулу Адам болот?!.”

Жазуучу Арслан Койчиевдин “Добул таштык “Заратустранын” аңгемеси” аттуу чыгармасы жөнүндө ар кандай өңүттө дагы-дагы узак сөз кылууга болот. Роман бир дем менен окулат, окуялардын жыштыгына, кызыгына тартыла бересиң. Романда жумшак юмор да, курч сатира да орун алган. Диалогдор логикалык жактан ырааттуу, сүйлөм курулуштары так, каармандардын образдары ачык-айкын, пейзаждык сүрөттөөлөр көркөмдүү. Роман турган турпаты менен жакты.

Бул жолку макалабызды жазуучунун аталган романы азыркы кыргыз прозасындагы олуттуу сөзгө татыктуу, чебер жазылган чыгарма экендигин белгилөө менен чыгармачылык ийгилик каалап жыйынтыктай туралы. Арслан Койчиев эң башкысы – чыгармачылык бийиктикке улам ишенимдүү чыгып келе жатат. Арслан иним, чыгармачылык бийиктикке умтула бер. Ак жол!

 

Абдылдажан Акматалиев, УИАнын академиги 

Бишкек-Астана-Бишкек

18.04.–23.04.2024-ж.

Бөлүшүү

Комментарийлер