АДАМДЫ ЭМГЕГИНЕН ТААНЫЙТ

  • 09.03.2021
  • 0

Жалал-Абад облустук Усулдук борбордун директору Токтосунов Акылбек Адешович 60 жашка толду.

Токтосунов Акылбек Адешович 1961-жылы 5-февралда Сузак районундагы Багыш кыштагында туулган. 1968-1978-жылдары Сузак районундагы А.Николаев атындагы орто мектептин 10-классын ийгиликтүү аяктаган. 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институнун физика-математика факультетине кирип, 1982-жылы математика адистиги боюнча окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 1982-жылдын сентябрынан баштап, Сузак районундагы Кара-Алма орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп баштаган.
Сузак районундагы Кара-Алма орто мектебинде 1985-1989-жылдары тарбия иштери, 1989-1991-жылдары окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1991-1993-жылдары мектептин директору кызматтарында иштеген. 1993-2007-жылдары Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгында Усулдук борбордун бөлүм башчысы, директордун орун басары, мектеп бөлүмүнүн жетектөөчү жана башкы адиси, башкармалыктын начальнигинин орун басары кызматтарында эмгектенген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, билим берүү башкармалыгы жоюлгандыгына байланыштуу, 2007-жылдын декабрь айынан баштап областтык мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө башкы адис, 2008-жылдын августунан баштап уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүндө башкы-инспектор болуп иштеп келген. 2010-жылдын 4-августунан баштап, областтык билим берүү борборуна которулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен директор болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

АДАМДЫ ЭМГЕГИНЕН ТААНЫЙТ

Кырк жылдык педагогикалык иш тажрыйбасында катардагы математика мугалиминен баштап, областтык деңгээлдеги жетекчилик кызматтардын баардык тепкичтеринде билим берүүнүн жетекчиси катары иштеп жүрүп, мугалим жана жетекчи катары окуу-тарбия процессин жакшыртуу, билим берүү тармагын башкарууну өркүндөтүү, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу багыттарында республикалык жана эл аралык деңгээлдеги педагогикалык окууларга, илимий-практикалык конференцияларга, симпозиумдарга активдүү катышып, илимий докладдар менен чыгып келди. Алардын айрымдарын атай кетели:
Республикалык XXI педагогикалык окуудагы “Билим берүүдөгү инновациялык процессти аныктоо жана чыгармачылык менен колдонуу” темасындагы доклады, 1994-жыл, Бишкек;
Республикалык XXII педагогикалык окуудагы “Жалал-Абад областтынын жалпы билим берүүчү мектептериндеги инновациялык процесстердин аныкталышы, колдонулушу жана жүрүшү” темасындагы доклады , 2006-жыл, Бишкек; республикалык “Ыйык Ата-Журт” жаштар фондунун илимий- практикалык конференциясындагы “Билим берүү бөлүмдөрүнүн иштерин мезгил талабына жараша уюштуруунун өзгөчөлүктөрү” темасында доклады, 2010-жыл, Бишкек;
“Социалдык педагогдордун иштерин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү” темасында эл аралык симпозиумдагы доклады, 2012-жыл, Бишкек;
“Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү”, Алма-Ата, 2019-жыл.

АДАМДЫ ЭМГЕГИНЕН ТААНЫЙТ

А. Токтосунов мектеп жетекчилери үчүн мамлекеттик тилде жазылган окуу-усулдук колдонмонун алгачкы авторлорунун бири болуп эсептелет. Жалпы билим берүүчү мектептердин жетекчилери жана билим берүү бөлүмүнүн адистери үчүн жазган төмөнкү колдонмолору Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин жалпы билим берүүчү мектептерде колдонулуп келүүдө:
“Мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары үчүн” усулдук колдонмо, 2009-жыл,Бишкек;
“Жалпы билим берүүчү орто мектептин директору үчүн” усулдук колдонмо, 2009-жыл, Бишкек;
“Билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана адистери үчүн” усулдук колдонмо, 2009-жыл, Бишкек.

Азыркы мезгилде автор тарабынан жазылып, апробациядан өткөрүлгөн “Окуу-усулдук кабинет башчылары жана усулчулары үчүн усулдук колдонмо” аттуу окуу басылмасы Кыргыз Билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде каралып, жактырылып, республика боюнча колдонууга сунушталды. Ошондо А.Токтосунов тарабынан мектеп жетекчилери жана билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, усулчулар үчүн башкаруу менеджментинин толук комплекси түзүлмөкчү.

Акылбек Токтосунов  республикада биринчи болуп областтык билим берүү усулдук борбордун имаратында “Билим залын” түздү. Бул “Билим залын” түзүүнүн максаты областтагы 1991-2020-жылдардагы жалпы билим берүү тармагындагы көптөгөн тарыхый материалдарды жыйнап, жалпы билим берүү тармагын областтык деңгээлде башкарууга өз салымдарын кошкон билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринин, профсоюздардын областтык комитетинин төрагаларынын эмгектерин белгилеп, акыркы беш жыл аралыгындагы окуучулардын билим сапаттарын көтөрүп, республикалык деңгээлде областтык сапаттык көрсөткүчтөрүн алдыга жылдырууга өз салымдарын кошуп жаткан алдыңкы мектеп директорлорунун жана мугалимдеринин иш тажрыйбаларын жайылтып, алардын ысымдарын даңазалоо болгон. Ошондой эле “Билим залында” жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча 2002-2021-жылдардагы эң жогорку балл алышкан “Алтын сертификаттын” ээлери, республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадаларындагы байгелүү орундарды жеңип алышкан окуучулардын жана аларды тарбиялап даярдаган алдыңкы чыгармачыл мугалимдердин сүрөттөрү чагылдырылып турат.

Көп жылдык педагогикалык ак эмгеги татыктуу бааланып, областтагы билим берүү тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Акылбек Адешович “Билим берүүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук кыймылынын отличниги” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад областтык профессионалдык союздарынын кеңешинин, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын, Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгынын жана республикалык “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

АДАМДЫ ЭМГЕГИНЕН ТААНЫЙТ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий “Эркин Тоо” гезити Акылбек Токтосуновду 2018-жылы билим берүү тармагынын республикалык деңгээлдеги мыкты жетекчиси деп таап, атайын диплом менен сыйлады.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 20-августундагы №9 токтомдун негизинде Акылбек Адешовичке “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында райондун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Сузак районунун Ардактуу атуулу ” наамын ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Журналистер союзунун 2002-жылдан, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 2007-жылдан бери татыктуу мүчөсү.
Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын социалдык жана уюштуруу бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип жүргөн тушта Акылбек Токтосуновго Мамлекеттик кызматтык кенже инспектору, (2007-жыл), Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору (2009-жыл) мамлекеттик кызматтык чени ыйгарылган.

Токтосунов Акылбек Адешович үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу Абибова Лола — Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орун басары, уулу Токтосунов Өмүрбек жана кызы Токтосунова Назгүл — банк кызматкери, жогорку окуу жайын аяктаган уулу Токтосунов Адилет азыр Москва шаарында иштейт. Бактылуу үй-бүлө эки уул, бир кызды окутуп, кесиптин ээси кылып, турмушта өз жолуна салды. Акылбек Адешович — жети неберенин бактылуу чоң атасы жана таятасы.

Токтосуновдордун үй-бүлөсү мугалимдердин династиясын улап келе жатат, анткени эки агасы жана эжеси мугалимдик кесипте эмгектенишет. Өмүрлүк жубайы Абибова Лола да математика мугалими жана мектеп директору болуп иштеп келип, көп жылдык педагогикалык жигердүү эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир тууган агасы Токтосунов Анарбек көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгү жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы” менен сыйланып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамына татыктуу болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер