АДАМДАРДЫН АСЫЛЫ

  • 14.10.2021
  • 0

Мугалимдин жарыгы –

Жан дүйнөңө шам чырак.

Муң басканда көңүлүң,

Акылын ук, бил сурап.

 

Башка адамдар, билбедим,

Убактым жок дейт чыгар?

Мугалимден озунуп

Көөдөн сөзүн ким угат?..

АДАМДАРДЫН АСЫЛЫ

Баласына кээ бирде

Наалып келсе ата-эне,

Түшүндүрүп мугалим,

Жооп берет бат эле.

 

Четте турган баланын

Ченемсиз деп акылын,

Шыктандырып, курчутат:

«Жемелеген шарт беле?»

 

Эркелесең, көтөрөт,

Эскертүү деп, акырын,

Эжекейим, агайым –

Бир туугандай жакыным.

 

Коомдогу жөлөгүм,

Жетелеген колумдан,

Үлгүсүнөн көрөмүн

Адамдардын асылын.

 

Ашира Кулишева, «Кут Билимдин» сырт кабарчысы.

Ала-Бука району, 3-октябрь.

 

Сүрөттө:

  1. Нажимидинова Астрахан,  36 Т.Мизираимова атындагы башталгыч мектебинин жетекчиси,
    кыргыз тили жана адабият мугалими.
    2. Эшимбекова Айгерим, Кара-Үӊкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинин деректири Уразова Назира жана социалдык педагог.
Бөлүшүү

Комментарийлер