АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

  • 15.06.2022
  • 0

«Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу»( Ч.Айтматов)

Мугалим уул баланы тарбиялап жатып, улутту тарбиялагандыгын, улуттун уул-кызы мугалимден гана адам болоору, адам уулун  адам кылган — МУГАЛИМ экендигин биздин коом  унутуп бара жаткандай. Бирок  кандай гана доордо, кандай гана шартта болбосун  мугалимдик жүзүн сактап, Ч.Айтматовдун Дүйшөнү сыяктуу “… тазалыктын, аруулуктун, өз кесибине берилгендиктин, баланын келечегине карата чексиз ишенимдин, педагогикалык оптимизмдин нукура үлгүсү” болгон мугалимдер дале болсо бар экендиги  кубантат. Мындай мугалимдер бала бакча, мектеп, кесиптик орто жана жогорку окуу жайлардын ар биринде кездешет. Ошолордун бири Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин лицейинин мүдүрү Гүлнара Узбекова. Педагогикалык жааттагы эмгек тажрыйбасы 30 жылдан ашып калса, ошонун 20 жылын Гүлнара Ашырбековна сүйүктүү лицейибизге арнады.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

Лицей – адам уулун адам кылган мугалимдердин устаканасы

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин лицейи 2022-жылы сентябрь айында уюшулган. Быйыл мына 20 жыл толот. Лицейди мүдүрүбүз  Гүлнара  Узбекова баш болгон Шаарбүбү Мутаева, Жамиля Кобенчерова,  Гүлнара Осмоналиевалар башатында турган мыкты кадрлар түптөгөн.  Мугалимдердин, ата- энелердин,   студенттердин күчү, демилгеси, ынтымагы жана университетибиздин ардактуу ректору Төлөбек Камчыбеков башында турган жетекчиликтин   материалдык жана моралдык колдоосу менен  кароосуз  калган эски имарат билим жана тарбия ордосу болгон алдыңкы окуу жайга — лицейге айланды.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

20 жыл ичинде лицей миңдеген мыкты студенттерди уядан учуруп,  ондогон кесипкөй кадрларды  өстүрүп чыгарды. Ал кадрлар учурда жооптуу  кызматтарды аркалап келүүдө. Алсак, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев убагында лицейдин алдыңкы студенттеринен болгон. Университетибиздин илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору Гүлназ Супаева, мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу, окуу-методикалык бөлүмүнүн башкы адиси Бурулкан Каримова, окуудан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректор Айгүл Нурматовалар да лицейде эмгектенип, мыкты кесипкөй болуп такшалып, университеттин жооптуу кызматтарын аркалап, үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Лицейибиз адам уулун адам кылган мугалимдердин  устаканасына айланып,  кесипкөй адистерди дале тарбиялап келет.  Мындай жетишкендиктин артында мүдүрдүн көрөгөч иш билгилиги, максатына жетүүдөгү өжөрлүгү, кадрларды туура тандай билүүсү, чыныгы жетекчи катары окуу-усулдук, устаттык  иштерди  уюштура алгандыгы, окутуучулардын эмгегин баалай алганы,  талап кое билүү жөндөмү, бийик жоопкерчилиги  турат.

Кайрадан жанданган кароо-сынактар

Гүлнара Узбекова баш болгон лицейдин жетекчилиги  «Жылдын мыкты окутуучусу», «Жылдын мыкты куратору» кароо-сынактарын ар дайым уюштуруп турушат. Дал ушул кароо-сынак  окутуучулардын кесипкөйлүк чеберчиликти үйрөнүүсүнө жана тажрыйба  жайылтууга эң чоң көмөк көрсөтүп, студенттердин да, окутуучулардын да жөндөмдөрүн ачып, ынтымагын бекемдеп, адамдык асыл сапаттарын калыптандырат.

Быйылкы окуу жылында узакка созулган тынымдан — пандемиядан соң, бул кароо-сынактын кайрадан өткөрүлүшү лицейибизде өзгөчө шаңды, жанданууну, изденүүнү пайда кылды.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

«Жылдын мыкты окутуучусу», “Жылдын мыкты куратору» кароо-сынагынын  алгачкы күнүндө атаандаштар өздөрүн тааныштырып,  педагогикалык максаттарын чагылдырган эсселерин, иш-тажрыйбасын чагылдырган  портфолиосун  жана өз өнөрлөрүн (хоббисин) көрсөттү. Таймаш  өтө кызыктуу, ар тараптуу, креативдүү, заманбап, чыгармачылык менен өттү. Бирок эң негизги таймаш кийинки күнү орун алды.  Анткени кароо-сынактын катышуучулары кызыктуу сабактарды жана куратордук сааттарды өтүп,  чыныгы кесипкөй педагогдук  чеберчилиги боюнча ат салышты.

Кароо-сынактын ар бир катышуучусунун сабагы жана куратордук сааты  студенттерге да,  калыстар тобуна да, катышуучуларга да өзгөчө сезимдерди тартуулады, ойлондурду.

«Жылдын мыкты куратору» кароо-сынагынын катышуучусу Жамиля Кобенчерованын  «Эне, сага кандай мактоо жарашат,   Эне, сенден ким сыймыкты талашат» аттуу куратордук сааты энелердин коомдогу жана бала тарбиялоодогу ордун ачып бере алды. Эне тууралуу автордук ырын Алтынай аттуу студент кызыбыз окуганда,  ыйлабаган киши калган жок. Ал энеси жок болгондуктан, энеге болгон  кусасы, өкүтүн  көрсөткөн  саптар менен жүрөктөрдү тепчип өттү. Ал эми Гүлнур Акматалиеванын » Үй- бүлө — жашоонун тиреги (эне — бала)» аттуу куратордук саатында интерактив кылып, сабак учурунда студенттер телефон чалып, апасына сүйүүсүн билдирип, кечирим сурашканда, көз жаш тыйылбады. Жүрөктөр ыйлады, апабызга куса болдук.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

Венера Нурманбетованын  «Китептин адам жашоосундагы орду» аттуу куратордук саатындагы студенттер уюштурган китеп жана сүрөт көргөзмөсү, атактуу инсандардын китеп тууралуу маеги өзгөчө таасир калтырды. Анткени студенттердин арасында аңгеме жазган жазуучу, графика менен алектенген  сүрөтчү, атактуу инсандардын ролун мыкты аткарган артисттер жана бир жылда 20дан ашык пайдалуу китептерди окуп чыккан китепкөй окурмандар бар экендиги ачыкка чыкты. Жаштар бири-бирине, кураторуна жүрөгүн ачты.

Зухра Алимбекованын  «Толеранттуулук мектеби»   сабагы өзгөчө жыш, уламыштарга бай,  кырдаалдуу,  жан дүйнөнү козгогон, адам баласын чыныгы адам кыла турган маңыздуу да, кызыктуу да сабак болду.

«Жылдын мыкты окутуучусу » кароо-сынагынын катышуучулары өткөн предметтик сабактар да жан дүйнөнү козгогон, адамды адам кылып тарбиялай турган  өзгөчө сабактар болду.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

Жаш окутуучу Нурболот Жакиев аскерге чейинки даярдык сабагынан бир ордунда жана кыймыл учурундагы  бурулуулар тууралуу жандуу практикалык сабак өтсө, Зульфия Джолдошалиева коом таануу сабагынан «Заманбап коомдогу үй-бүлө» тууралуу кызыктуу маек сабагын өтүп жатканда, студенттердин оригиналдуу пикирлерине кызыгып да, күлүп да, таң калып да отурдук.

Ал эми Эльвира Кийизбаева орус адабиятынан Улуу ата мекендик согуш тууралуу чыгармалар  бөлүмүнүн Ленинграддагы блокада тууралуу ткөн   сабагы өзгөчө таасир калтырды. Мугалимдик, чыныгы педагогдук чеберчиликти мына ушул сабактан көрө алдык.

АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ

Сабакка мугалим бор менен гана кирди. Бирок сабакты ушунчалык жыш, кырдаалдуу жана жандуу кылып уюштура алуу чеберчилигинин натыйжасында студенттер ачка болуп нандын баркын билишти, Ленинграддагы блокадада өлгөн өлүктөрдүн да арасында жүрүштү, ачка болгонуна карабай мекен үчүн эмгек да кылышты, ит, мышык, чычкан, керек болсо адамдын да этин жегенге мажбур болгон элдин кейпин кийишти, жүрөктөр титиреди, тынчтыктын, барчылыктын, токчулуктун, заманбап жашоонун кадырына жетип, адамдык сапаттары ойгонду. Бул натыйжага Эльвира Капаровна “Форум – театр” аттуу жана башка натыйжалуу интерактив методдорду чебер колдонуу  аркылуу жетише алды.

Натыйжада,  «Жылдын мыкты окутуучусу» болуп орус тили жана адабияты окутуучусу Эльвира Кийизбаева, ал эми «Жылдын мыкты куратору» наамынын жеңүүчүсү болуп Зухра Алимбекова табылды.

Биздин лицейде адам уулун адам кылган  мына ушундай кесипкөй  инсандар эмгектенет.

Мен лицейим менен сыймыктанам. Мен ушул лицейде, ушундай мыкты лидердин жетекчилиги астында мыкты команда менен эмгектенип, мыкты студенттерди окутуп- тарбиялап жатканыма ыраазымын.

Баса, адам уулун адам кылып тарбиялап жаткан мугалимдердин  мээнетин баалап мамлекет эмгек акыны көтөргөндүгү баарыбызды кубантты. Биздин университетибиз да айлык маянабызды 80 пайызга көтөрүп, төбөбүз көктө.

Эсимде , бала кезибизде мектепте “кесипке багыт берүү” деген атайын сабак болоор эле. «Сен келечекте ким болгуң келет? — деген суроого, “Мугалим!» деп сыймыктанып жооп берчүмүн. Анткени  ал мезгилде коомдогу эң кадыр-барктуу адам — мугалим эле.  Мугалимдин сөзүн окуучу мындай турсун, ата-энелер да эки кылчу эмес. Мугалим коомубуздун күзгүсү, инсандардын үлгүсү болчу! Мугалимдин өзү да, сөзү да биз үчүн эң жакшы сабак эле. Мен мугалим болгонум үчүн сыймыктанам!

Мактым Акматбекова,  М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун лицейинин кыргыз тили жана адабияты окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер