АБИТУРИЕНТ – 2022: ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТИКТЕР АЛДЫДА  

  • 13.09.2022
  • 0

Быйыл абитуриенттердин көбү педагогикалык адистикти тандады. Былтыркыга салыштырмалуу мугалим болууну каалагандардын саны 22 пайызга көп. Андан кийинки орунда IT адистиги турат.

Быйыл педагогикалык адистикке кабыл алуунун босого баллы башкалардыкына салыштырмалуу беш баллга жогору коюлган. Ошого карабастан суроо-талап көп болуп, бир орунга 10-12 талапкер ат салышкан учурлар болду. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун башталгыч класстын мугалими адистигинин бир бюджеттик орунуна 11 талапкер ат салышса, англис тили мугалимдигине дагы конкурс жогору болду.

  • Бул жылы мурункуларга салыштырмалуу педагогикалык адистикте конкурс жогору болду. Англис тили мугалими адистигине бир орунга 11-12 балага чейин талапкер катталса, орус тили жана адабияты,  физика-математика, биология адистигине төрттөн-бештен киши ат салышты, — дейт кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Бакыт Азизбек уулу.

АБИТУРИЕНТ – 2022: ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТИКТЕР АЛДЫДА  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде дагы педагогикалык багыттагы адистиктерге суроо-талап былтыркыга салыштырмалуу 40 пайызга  жогору болуп, план 97 пайызга аткарылды. Бюджет боюнча планда 215 орун каралса, 211 студент кабыл алынды. Бул окуу жайда дагы айрым адистиктерде  бир орунга бештен абитуриент ат салышкан учурлар болду. Англис тили, кыргыз тили жана адабияты, башталгыч класстын мугалимдигин тандагандар алдыңкы орунду берген жок.

Негизи мамлекет тарабынан педагогикалык адистиктерге 1918 бюджеттик орун бөлүнгөн. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, бул багытка тапшыргандардын эң жогорку баллы 219 болсо, орточо баллы жүз сексендин айланасында.

Министрликтин маалыматында көрсөтүлгөндөй, быйылкы кабыл алууда төмөндөгү кесиптер жогорку суроо-талапка ээ болду:

  • IT адистиги боюнча – 3201;
  • Гуманитардык багыттарга (философия, саясат таануу, психология, журналистика, филология, лингвистика ж.б.) — 3116;
  • Экономикалык багыттары боюнча — 2200;
  • Медициналык адистикти — 1996;
  • Юридикалык багыттары боюнча — 1442;
  • Курулуш жана архитектурага даярдоо багыттары боюнча – 604 абитуриент кабыл алынды. 3000ден ашык абитуриент айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, энергетика тармагында билим алууну чечкен.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, быйыл кесиптик билим берүүнүн бардык баскычтарында IT адистигин тандагандар көп болуп, айрым окуу жайларда кабыл алуунун биринчи турунда эле орундар толуп калды. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде программалык камсыздоо инженериясы адистиги биринчи турда эле толгон. Бул адистиктин бюджеттик бир оруну үчүн 14 абитуриент ат салышты.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети болсо бул багыттагы адистиктерине былтыркыга салыштырмалуу эки жүздөн ашык абитуриент көбүрөөк кабыл алды.

 

ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА ДА IT АЛДЫДА

Бул жылы 11 жана 9-класстын базасы менен  IT адистиги боюнча баштапкы жана орто кесиптик билим алууга  умтулгандар да арбын болду. Айрым окуу жайларда биринчи турдан эле бюджеттик гана эмес контракттык орундар толуп калып, 4-турга чейин орун таба албай жүргөндөр да болду.

  • Биз алгач биринчи турда Кыргызстандын эл аралык университетинин колледжине компьютердик системаларда программалоо деген адистигине тапшырып өтпөй калдык. Тапшыргандар абдан көп экен. Экинчи турда болсо ушул эле окуу жайдын “Nomad” деген колледжине тапшырып койгонбуз. Бирок анын окуу акысы канча экенин карап койбоптурбуз. Көрсө, жылына 80 миң сом экен. Аны төлөй албайт болчубуз. Айла жок андан дагы баш тарттык. 3-турда болсо Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин колледжине тапшырып дагы өтпөй калдык. Ошондо балам мен ушинтип окубай каламбы деп ыйлап, биз тынчсыздана баштадык. Анан кудай жалгап министрлик тарабынан 4-тур жарыяланып калды. Бишкек техникалык колледжинин компьютерлерди техникалык жактан тейлөө адистигинде акыркы үч орун калыптыр, ошол жакты аңдып отуруп, акыркы мүнөттөрдө тапшырып, өтүп кеттик. Башка окуу жайларда деле орундар бар экен, бирок биз ал жактарга барууну каалаган жокпуз, — дейт Караколдон келген Улан Чыманов.

 

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер