«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

  • 16.12.2020
  • 0

   Билимдүүлүк — көп билгенде эмес,

                                               колдоно билгенде.
                                                                                                Адольф ДИСТЕРВЕТ

Белгилүү педагог Я.А.Коменскийдин: “Билим — адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал» деп айтканы бар. Анынсыңары, азыркы тынбай өнүгүп, өзгөрүп жаткан коомдо дүйнөлүк агымдан артта калбай, агартуу тармагындагы алдыңкы ойлор, жетишкендиктерден маалымат алып, аларды окуу-тарбиялоо процессинде колдонуп, ийгиликтер менен бөлүшүү — учур талабы.  Анткени тажрыйба алмашуу, ийгиликтин сырлары менен бөлүшүү өлкөбүздүн билим берүү системасынын жаңыланышына алып келсе, бул болсо,  өз кезегинде жаштардын келечекте мыкты билим жана тарбияга ээ болуп, турмушта өз ордун таап, коомго пайда тийгизишин шарттайт. Бул жаатында учурда өз ишмердүүлүгүн өлкөгө жайылтып жаткан борбор калаабыздагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси тууралуу азыноолак кеп кылалы.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

       Келечектин мектеби

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси — бул кыргыз тилинде билим жана тарбия берүүнүн уникалдуу чеберканасы. Ал  келечек муундардын ар тараптан инсан катары калыптанышынын, адамдык асыл сапаттарга ээ болуусунун бирден бир борбору. Эртеңки коом бизден ден соолугу чың, турмушта өзүнүн татыктуу ордун тапкан, алган билимин колдоно алган инсандарды күтөт. Ал мектеп, ата-эне, окуучу жана коомдун биргелешкен ишмердүүлүгү, камкордугу, мээрими жана сүйүүсү менен гана ишке ашырылат.

— «Креатив-Таалим» билим берүү комплекси  ар бир окуучунун балалыктын бактылуу доорун сүрүп, билим кемеси менен саякатка чыгып, дүйнө таанымын өстүрүп, инсан катары калыптануусун көздөй багыт алууга жардам берет. Мектептин максаты — терең билим жана татыктуу тарбия аркылуу заманбап  коомдо өз ордун таба билген инсандын калыптануусу үчүн бардык шарттарды түзүүнү көздөйт, — дейт мектептин негиздөөчүсү, генералдык директору Гүлнара Дайырбекова.

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси учурда бир нече багытта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет: мектепке чейинки даярдоо; башталгыч жалпы билим берүү (1-4-класстар); негизги жалпы билим берүү (5-9-класстар); жалпы орто билим берүү (10-11-класстар); мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттүк курстар; «Дилгир» интерактивдүү балдар журналы; «Креатив-Таалим» илимий-методикалык жайнак жана окуучуларды жана мугалимдерди аралыктан окутуу боюнча онлайн жана дистанттык курстар.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

Жаңы дем, жаңы кадам, жаңы көз караш

Билим берүү комплексинде окуу-тарбиялоо процессинин кыргыз тилинде жүргүзүлүшү, унутта калган улуттук баалуулуктар, адеп-ахлак, маданият жана тарбия берүүдөгү өзгөчөлүктөрдү жаш муундардын жан дүйнөсүнө сиңирүү ар дайым көңүл борборунда болуп келген.  Дал ушул максатты ишке ашыруу максатында КР эмгек сиңирген мугалими  Гүлнара Дайырбекова  2016-жылдын 27-июлунда мектеп ачуу тууралуу демилгени көтөрүп чыккан.  Демилгени колдоп, идеяны ишке ашырууда жыйырма жылга чукул мезгилден бери билим айдыңында канатташ да, сапарлаш да болгон Салкын Карипова, Исмаилова, Назира Казакова жана башка кесиптештердин колдоосу менен Жоопкерчилиги чектелген коом «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси  негизделген. Ошентип мекенибиздин билим берүү системасында өзүнчө бир жаңы дем, жаңы кадам, жаңы көз карашка ээ болгон билим ордосу пайда болгон.

Тынымсыз изденүү, окуучулардын жана мугалимдердин ишмердүүлүгүн толук камсыз кыла турган шарттарды түзүү, билим берүү процессиндеги жаңычыл идеялардын коштолушу, демилгелерди ар тараптан колдоо жыйынтыгын бербей койгон жок. Аз убакыттын ичинде балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мектеп кубануу менен мектепке шашкан бактылуу балдардын сүйүктүү аралчасына айланды.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

     Ар бир балага жекече мамиле…

Мугалимдин милдети, окуучуга туура мамиле кылуу менен өзүн таанууга жана табууга, жөндөмүн жана шыгын өстүрүүгө жардам берүү болуп саналат.

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде бул багытта алгылыктуу иштер аткарылып келет. Маселен: таңкы китеп окуу; үй тапшырмасын аткаруу; коррекциялык топтор менен иш алып баруу; зээндүү балдар менен иштөө; чыгармачыл ийримдер; даярдоо классынан баштап англис тилинин окутулушу; менталдык арифметика; шахмат; комуз; математика+логика; тез окуу; ЖРТга даярдоо; кесипке багыттоо курстары ж.б.

Окуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында салттуу түрдө жыл сайын медициналык кароодон өткөрүү жолго коюлган. Ал эми ата-энелерге  бала тарбиялоо боюнча конференция, семинар-тренингдер үзбөй өтүлүп келет. Мындай иш-аракеттер балдарга ар тараптан көңүл бурууну жолго коюп, билим сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизе тургандыгы практикада көрүнүп келет. Анын далили катары аккредитациядагы окуучулардын билим сапатынын жогорку көрсөткүчү, эл аралык билим фестивалдарынын, олимпиадалардын, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы, бүтүрүүчүлөрдүн жүз пайыз ЖОЖго өткөндүгү, эң негизгиси «Алтын тамганы» тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыгы болуп саналат.

Демек, жөндөм-шыксыз бала болбойт, ага кам көрүп, мээрим жана сүйүү менен терең билим, татыктуу тарбия бергенде гана ийгиликтердин жаралары шексиз.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

     Заман менен адымдаш билим ордосу

2020-жыл — «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп белгиленгендиги заманбап коомдо жашап, эмгектенген ар бир жаран үчүн  эң сонун чакырык болду.

«Креатив-Таалим» билим берүү комплекси да ушул өңүттө көптөгөн жаңычыл, заманбап,  учурдун талабын эске алган иштерди аткарууда.   Мектептин сайты түзүлүп, анда окуучулар программага ылайык жана кошумча материалдар менен куралданышты. Ал эми өз ишинин чеберлери болгон мугалимдер онлайн жана офлайн форматтагы эң мыкты сабактарды даярдап балдарга тартуулашты. Учурда билим берүүнүн жаңы электрондук форматына өтүү максатында даярдыктар  көрүлүп, колдонулуп жаткан чагы.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

 Мээримдүүлүктүн аралчасы

 Мектептин дагы бир өзгөчөлүктөрүнүн бири — балдарга карата гумандуу мамиле, ар биринин кызыгуусун, тандоосун эске алуу менен андан ары өнүктүрүүгө шарт түзүү. Ден соолукка карата кам көрүү максатына ар бир күндү таңкы дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо,  китеп окуу сааты, үч маал тамактануу, тапшырмаларды аткарууда мугалимдердин жакындан жардам берүүсү, таза абага чыгуу, дарыгерлер тарабынан балдардын ден соолугуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү, ата-энелер менен тыгыз мамиледе иш алып баруу, кандай гана маселе жаралбасын, аны биргелешип,  балдардын кызыкчылыгы үчүн чечүү өзүнүн оң жыйынтыгын бербей койгон жок.  Билим берүү комплекси аз убакыттын ичинде ар бир окуучусуна жылуулук тартуулаган,  кубануу менен шашып келген мээримдүүлүктүн аралчасына айланды.

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

Жеңиштердин жемиши…

2019-2020-окуу жылында билим берүү комплекси 23 бүтүрүүчүсүн билим уясынан учурду. Окуу жылы башка жылдардан айырмаланып мугалимдер,  ата-энелер, окуучулар үчүн оңой жылдардан болгон жок. Ошого карабастан,  талыкпаган эмгек менен ар бир күнү окуучулар онлайн форматында даярдык көрүп, натыйжада 23 бүтүрүүчүнүн ичинен  үч окуучу “Алтын тамганы” тастыкташты.  Алар: Аваданова Айжамал, Мамбеткадыров Саламатбек жана Төрөбаев Нурсултан. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында  Мамбеткадыров Саламатбек  “Алтын сертификатка” ээ болуп,  сыймыктанууну жаратса, ага коштоп 216, 209, 203, 199, 190 балл алган бүтүрүүчүлөр айтып бүткүс кубанычты жаратты.

Айтмакчы, мектептин бүтүрүүчүлөрү республикалык олимпиадаларга да катышуу менен ийгиликтерди багынта алышты. Атак кетсек, Аваданова Айжамал орус тили жана адабиятынан райондо 2-орунга, шаарда 4-орунга ээ болуп, аталган предмет боюнча өз билиминин тереңдигин жана кенендигин көрсөтө алды. Эң негизгиси, ар бир бүтүрүүчү чымырканган эмгек болмоюнча эч качан ийгилик жаралбай тургандыгын далилдешти.

 

«КРЕАТИВ-ТААЛИМ»: БАКТЫЛУУ БАЛДАРДЫН СҮЙҮКТҮҮ АРАЛЧАСЫ

Билим гана адамды эркин жана бийик кылат

Билим адамды  эркиндиктин бийик сересине жеткире турган бир канаты боло турган болсо, ал эми тарбия — анын экинчи канаты. Аталган мектеп ушул нукта туура багытты тандап, ансыз да адам адамга кайдыгер карап, тирүү баарлашуу, бири-бирине көңүл буруу азайып бараткан коомдо улуттук баалуулуктарга кайрылып, аны окуу-тарбия процессинин ажырагыс бөлүгү катары колдонуп жатканы – эң негизги жетишкендиги.

Андыктан жаркын келечек, терең билим жана татыктуу тарбияны тандаган ар бир окуучу үчүн «Креатив-Таалим»  мектебинин эшиги ар дайым ачык!

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер