ОРОЗАЛИ САЙДИЛКАНОВ: “МУГАЛИМДИН КАДЫР-БАРКЫ БИЙИК БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 02.11.2020
  • 0

Кара-Кулжадагы автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилканов менен кездешип, билим берүүнүн орчундуу маселелери жөнүндө сүйлөштүк.

Бала кыялы – бийик максаттын башаты

  • Мугалимдик кесипти кандайча тандагансыз?
  • Менин окуучу кезимде айылыбыз чакан болгондуктан, “эргежел” (карлик) класстарда сабак өтүлчү. Мисалы, 2- жана 4-класстар бир бөлмөдө окутулчу. Биринчи класска барганымда, үчүнчү класстагы балдар көп шоктонуп, сабактар жакшы өтүлбөй калганы эсимде. 3-класска көчкөнүбүздө, Нуркыяз аттуу агай аялы менен жаӊыдан келди. Башка мугалимдерге окшоп урушпай, опузалабай, кагып-силкпей окутчу. Жакшы окуган балдарга ар бир майрам сайын өзүнүн чөнтөгүнөн сыйлык берчү. Биринчи класстагы иниме аялы көйнөк тигип, 1-май майрамында белек берди. Ошондо мен да дилгирленип, жакшы окуй баштадым. Төртүнчү класста 7-ноябрда мен да ал эжейибиз тиккен көйнөктү кийдим. Ушундай агай болсом деп ошол күндөн баштап кыялданып калдым.

Дагы бир жагдайды эстейин. Жетинчи класстан баштап чөпкө иштечүбүз. Дем алыш убактарында “Ала-Тоо” журналын аксакалдарга окуп берчүмүн. Ошондуктан Чотон аттуу киши мени “агай” дечү. Теӊ туштарым да тамашалап ушундайча атап калышты. Мага бул сөз жакчу. Мугалимдик кесипти тандап калышыма ушундай жаркын окуялар менен өзүмдүн дилгирлигим себеп болду окшойт.

Турмуш мектеби

  • “Турмуш мектеби” деген түшүнүк бар эмеспи. Өзүӊүз мугалимсиз, бирок турмуштан да сабак ала жүргөнсүз да, чынбы?
  • Гумандуу педагогиканы жактап калганыма эӊ негизги себеп турмуштук жагдай болду. Айылыбызда он жылдык мектеп жок болгондуктан, 9-10-класстарды райондун борборунан окуп бүтүрдүм. Сентябрдын ондорунан тартып эле окуучуларды тамекиге айдашчу. Чымбай деген айылда иштеп жүргөнбүз. Бир күнү балдар балмуздак жеп келели дешти, мен да кошулдум. Өзгөнгө барып кеч курун келсек, бизди тескеген дене тарбия мугалимибиз баарыбызды катар тизди. Анын уруп-сабаган адатын райборбордо мурдатан окуп жүргөн балдар билгендиктен, ал чапканда эле кулап калышчу экен. Тоодон келген биз аны кайдан билели? Боюбузга карай тизилген катарда эӊ арткы баланын эле алдында туруп калдым. Мугалимдин колу шилтенген сайын бир-бирден баары эле тоголонуп, кулай беришти. Мага кезек келгенде андай амалкөйлүктү билбей, тура берипмин. Жыгылбаганыма арданып, кайра катуу урду. Жаагым жарылып кеткидей болуп, кулап түштүм. Ошондо мугалимдин бала урганын такыр жактырбай, жаман көрүп калганмын. Кийин гумандуу педагогика багытындагы автордук мектеп ачышыма түрткү берген окуялардын бири ошол эле.
  • “Адептүүлүктү адепсизден үйрөн” дегендей болуптур да?
  • Ооба. Мугалим болсом, мындай болбойм эч качан деп өзүмө сөз бергенмин ошондо. Турмуштук бир ачуу сабак болду. Кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетинде окуп жүргөндө Дүйшөналиев аттуу деканыбыз студенттерди баласындай карап, ар бирибиз менен абдан жакшы сүйлөшчү. Балдардын маанайын кылдат туюп, жан дүйнөсүн түшүнгөн, ар биринин дареметин ача билген чыныгы педагог эле.

Гумандуу педагогиканын кудуретине болгон ишенимимди бекемдеген дагы бир турмуштук сабакты кийин мектепте иштей баштаганымда алдым. Терек айылындагы мектептен кайра өзүмдүн Көӊдүк айылыма келип, мектепке деректир болдум. Союздун тушунда мугалимдерди окуучулары менен чөпкө айдашчу. Бир классты жетекчиси менен жиберген элем, кабар алайын деп барсам, мугалим абдан капа болуп турган экен. Көрсө, окуучулардын бири жыланды кармап алыптыр, аны тегеректеген балдар иштебей алаксып, жыландан корккон мугалимдин айтканын укпай калыптыр. Мен ал балага барып:

  • Адамдын тилин билбей жүргөндөр канча, а сен жыландын тилин билет экенсиӊ. Рахмат, балам. Кел эми, мага жардам бер. Досторуӊ тил угуп калбасын, өзүӊ башчылык кылып, бүгүнкү норманы бүтүрө салгыла, — дедим.
  • Болду, агай! – деп, дароо жумушка киришип кетти теӊ туштары менен.

Берки мугалим ачууланып, эмне менин тилимди албай, деректирдин айтканын кылдыӊ деп уруша баштады баланы. “Агай сизге окшоп тилдеген жок, экөөбүз жай эле сүйлөштүк”, — деди окуучу.

Дагы бир окуяны эскерейин. 1974-жылы мектепте уюштуруучу деген орун бар эле, деректирдин орун басары. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жолчиев аттуу агай дипломумду көрүп, ушундай штат ачылды, сен аркалай аласыӊ деп буйрук чыгарып берди. Мектепте Шамшидин деген завучубуз мага күндө тапшырма берет, анын айткандары боюнча пландарды түзүп, баарын убагында, так орундап жүрдүм. Кичине ката кетип калса эле “ээгиӊди түшүрө тебем” деп тамашалачу. Ошол иштерим өзүнчө системалуу тарбиялык план болуп калыптыр. Облустук билим берүү бөлүмүнөн Суркеев деген адис планымды көрүп, облуска жайылталы деди. Бир ооз жылуу сөз адамга чоӊ дем берет экен, мен мурдагыдан да катуу шыктанып, изденип иштеп калдым.

Автордук мектеп ачуу оӊойбу?

  • Автордук мектеп ачуу үчүн райондогу мыкты мугалимдерди иликтеп, топтоп алган экенсиз. Азыр сиздей жаӊычыл мектеп ачууну каалаган лидер мугалим ишти эмнеден башташы керек?
  • Автордук мектеп ачуу идеясы биринчи жолу 1979-жылы Кыргызстан мамлекеттик университетинин деректирлердин камылгасын арттыруучу факультетине (орусча ФПК дечүбүз) барганда жаралган. Деканы Исак Бекбоев, завучу Тимофеев эле. Дипломдук ишке темалар тизмегин сунуштаганда, өзүм кыялданып жүргөн “Мектептин ишин гумандаштыруу” темасын тандадым. Дипломдук ишимди жазып келсем, Исак Бекбоев: “Ушул идеяларыӊдын негизинде келечекте автордук мектеп ачсаӊ болчудай”, — деди. Рецензия жазып, “эӊ жакшы” деген баа коюшту.

Аскар Акаев бийликке келгенден кийин демократиялык демилгелердин шары менен “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга альтернативдүү окуу программаларын жана автордук мектептерди ачуу жөнүндө жобо киргизилип калды. Ошентип, 1994-жылы автордук мектеп жөнүндө эксперименталдык жобого негиздеп, мектептин уставын, окуу планын түзүп, облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна алпардым. Ал жерден эӊ жакшы деп баалашты. Анан Кыргыз билим берүү институтуна бердим. Деректири Исак Бекбоев калтырып кет деди. Үч адис (Тимофеев, Оштон Алтымышбаев деген педагог жана И. Бекбоев өзү) сын пикир жазып, автордук мектеп ачса болот деген корутунду беришти. Райондон колдошсо, мектеп ачып иштей бересиӊ дешти.

1998-жылы бизге Ноокаттан Абдыкапар Эгембердиев деген жаӊы аким барып калды. Ал менин автордук мектеп ачуу демилгемди колдоду, райББ башчысын чакырып: “Эмнебиз кетет эле, орун таап берели”, — деди. Э. Осмонов ат. мектептин имаратынын бир жагы бош экен, ошону ажыратып беришти.

Биринчи ачканда 15-августтан баштап үгүт жүргүздүм, көчөдөн эле мугалимдер, ата-энелер менен жолугушуп, мектептин максатын, милдеттерин, өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдүм. Ошентип, жердештерим, райондогулар менен макулдашкандан кийин Билим берүү жана илим министрлигине келсем, Турсунбек Бекболотов абдан жакшы кабыл алып, дароо буйрукка кол койду.

Жободо эксперименталдык мектепте иштеген мугалимдердин эмгек акысына 20 пайыз кошулат деген шарт бар эле, бул да команда түзүшүмө жакшы өбөлгө болду. Ошол эле мектептен кайсы мугалимдер жакшы окутат деп окуучулардан сурап, тизмелеп алдым. Башка мектептердегилерди да балдардан, ата-энелерден сурап, жакшы жамаат курадым. 1-сентябрда 75 бала менен ачтык. 2-сентябрда агамдын аты ыйгарылган башка мектептин ачылышына катышуу үчүн барып, келсем, мен батирде жашаган үйдөгү окуучу кыз: “Мектептин деректири бөлүнгөн окуучулар менен мугалимдердин баарын кайра алып кетип калды”, — деди. Эртеси барып, деректир, мугалимдер, ата-энелер менен кайрадан сүйлөшүп, көндүрүп, ишти баштадык.

2006-жылга чейин автордук-эксперименталдык мектеп катары иштеп, ошол автордук мектеп болуп жылы кайра аккредитациядан өттүк. Бир китепкананын эски имаратын алып, АРИСтин колдоосу менен оӊдоп, ошого жайгаштык.

Быйыл ооруп калып, ордумду Турдукан Бекташева аттуу мугалимге өткөрүп бердим. Мектептин идеясын, максатын жакшы билген, он беш жылдан бери чогуу иштешип келаткан кесиптешим, шакиртим.

Бул мектептин негизги үч багыты бар:

  1. Улуттук мектеп. 1990-жылдары эгемендикке жеткенде, 70 жыл бою көӊүл бурулбай, унутулуп кеткен улуттук дөөлөттөргө, нарктарга таянган таалим системасын колго алдык. Кылмыштуулук, зордук-зомбулук, таш боордук, мыкаачылык көбөйүп кеткенинин негизги себеби мектептердин улуттук башаттан ажырап, адеп-ахлак тарбиясы берилбей калгандыгы экенин түшүндүк.
  2. Гумандуу педагогика. Балдарды жакшы көрүү, жан дүйнөсүн түшүнүү, аларга ишенүү, окуу-тарбия иштерин баланын табиятына, жаш курак өзгөчөлүктөрүнө шайкеш уюштуруу, экологияны сактоо сыяктуу талаптар көӊүл борборунда болушу керек. Бала мектепке канчалык жакшы маанай менен келсе, сабакка дилгирленсе, рухий керектөөлөрү толук канааттандырылса, инсан, жаран катары жакшы жетилет.
  3. Демократия. Балдар бармактайынан демократиянын баалуулуктарын, негизги эрежелерин өздөштүрүп, эркиндик менен жоопкерчиликтин ажырагыс байланыштуулугун билип, сезип, ар нерсеге сынчыл көз менен караганды үйрөнүп жетилиши керек.

Бул багыттар өз ара тыгыз байланышкан, бири-бири толуктап турат. Ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосунда бекем ишеним, чын ыкластуу сый-урмат болушу өтө маанилүү. Бизде көзөмөл башка мектептердегиге салыштырмалуу азыраак. Мугалимге ишенүү керек. Ал өзүн-өзү баалай билиши, көзөмөлдөй билиши, маселе чечүү, методика тандоо, иштин ыргагын уюштуруу жагынан толугу менен өз алдынча болгону жакшы. Биз түпкү натыйжаны гана талап кылабыз.

  • Бүгүн жетишпей калганын эртеӊ толуктап же бир нече күн, жума алдыга озуп иштесе да өз эрки дейсизби?
  • Ооба. Илимий-методикалык иштерди пландаганда ар бир мугалимдин муктаждыгын, эске алабыз. Кимиси эмнеден — методикаданбы, теорияданбы, практикалык психологияданбы — кыйналып жатканына көз салабыз. Мугалимдердин өзүн-өзү баалоосу жана өз ара кеӊешүүсү аркылуу көп маселелер убагында жөнгө салына берет.

Мугалимдер үч топко бөлүнгөн: 1) жогорку чеберчиликтеги, жаӊычыл, чыгармачылык менен иштеген, бай тажрыйба топтоп, өздөрүнүн усулдарын иштеп чыккан, жакшы табылгалары бар педагогдор; 2) кесиптик чеберчилигин жогорулатып жаткан, айрым маселелер боюнча кыйналган, мисалы, ата-энелер, талантуу же мүнөзү өзгөчө балдар менен иштешүү жагынан жардамга, кеп-кеӊешке муктаж мугалимдер; 3) жаштар, буларга баардык жагынан көӊүл буруп, колдоп, дем берип туруу керек.

  • Азыркы кезде мыкты автордук мектептер ар бир райондо бир эмес, бир нечеден болсо жакшы болмок да, туурабы?
  • Эӊ жакшы болмок да! Ар бир аймакта мыкты мектептер көбөйсө, таза атаандаштык жалпы деӊгээлди, билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. “Эмне үчүн биздегидей эле балдарды окутуп, такыр башка натыйжага жетишип жатышат?” деген суроо баардык мугалимдерди изденип, чыгармачыл иштегенге түртмөк.

1998-жылы биз автордук мектепти ачкандан кийин райондон да, облустан да биздин тажрыйбага кызыккандар көп болду. Тилекке каршы, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдан автордук мектептерди ачуу жөнүндөгү берене алып салынды. Менин ишимдин илгерилеп кетишине экинчи жагынан демократиянын алгачкы деми түрткү берди — ошол кездеги маанайдан убагында пайдаланып калууга жетиштим. Кийинкилерге анчалык жакшы колдоо болгон жок. Ноокаттан, башка райондордон абдан күчтүү мугалимдер мага барып, акыл сурап, өздөрүнүн автордук мектептерин ачууга аракет кылышты. Бирок райондон өтпөй, райондон өтсө, облустан өткөрүлбөй калышты. Атайын башка кошумча жайды каяктан табабыз деген маселе да кендирди кести.

Бирок, уставында автордук деп аталбаса да, алдыӊкы тажрыйба мектеби катары таанылган мектептер бар. Мурдагы жылы Билим берүү жана илим министрлиги эксперименталдык мектеп жөнүндөгү жобону кайра жаӊылады. Бул жакшы мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга аракеттенгендер барбы, жокпу, билбейм.

Биздин мектептин тажрыйбасына кызыккан деректирлерге, завучтарга, предметчи мугалимдерге методикалык семинарларды өткөрүп келдик. Мына, билим берүү министри да жаӊыдан келди. Инновациялык процесстерди колдоо керек. Чыгармачылык менен иштегендерге эркиндик берүү зарыл. Биздеги эӊ башкы өксүк — СССРден калган адаттар дагы эле жоголбой жаткандыгы. Айрыкча жекелештирип окутууга, топтордо айырмалап окутууга мүмкүндүк берүү керек.

Мурдагы жылы мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева менен Финляндияга бардык, алардын билим берүү системасын үйрөнүп келели деп. Андагы талкууларга катышкандан кийин көп жагынан окшоштуктар бар экенин байкадык.

Быйыл “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими” наамын бүтүрүүчүлөрүбүздүн демилгеси менен алдым. Болбосо мурун райББден тийиштүү документтерди жибербей коюшкан. Министр колдогону үчүн алып кеттим.

Финдерде эӊ негизги өзгөчөлүк – 7-класстан кийин окутуу профиль боюнча улантылат экен. Балдар шык-жөндөмүнө жараша өз багытын тандайт экен. Мисалы, физикага жакын балдар электр лабораториясына, химияга шыктуулар химиялык лабораторияга кетет экен. Фин, англис тилдери текши окутулуп, калган предметтер профилге жараша тандалат экен. Аларда биздегидей гимназия, лицей деп бөлүнбөй эле, баардык мектептерге бирдей шарт түзүлүптүр. Бул абдан туура – ортоӊку класстардан кийин эле адистештирип окутууга өтүш зарыл.

Бийлик жана Мугалим

  • Тоталитардык доордо тарбия-таалим системасы кошоматчылар менен жогору жактын айтканын кыӊ дебей аткарып туруучуларды даярдоого ылайыкталган эле депсиз бир маегиӊизде. Азыр ошол кездегиге салыштырмалуу өзгөрүүлөр барбы?
  • Тилекке каршы, аз. Дагы эле мурункудай, кайсы мектепте тил алчаак мугалимдер, деректирлер болсо, ошолорду райББде, акимиятта макташат. Бул өнөкөттөн арылуу үчүн, намыстуу атуулдарды өстүрүү үчүн мектепте окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүшүбүз керек. Менин мугалимдерим биринчи келгенде окуучулар шоктонсо, урушпагыла, силер да бала болгонсуӊар, түшүнгүлө дейсиз, бирок окуучулар бизге теӊата болуп алышкан, бизди тоготпойт деп даттанышчу. Мен аларга: “Силерге кездешкенде калп эле саламдашкан болуп, бирок артыӊардан сөккөнү жакшыбы же чын дилинен жакшы көрүп сыйлаганы жакшыбы?” – дейм.

РайББден текшеришке келгендер да сиздин окуучулар коржоӊдоп эле турушат, унчукпай тартынып калганда калганды билбейт дешчү. Бир жолу мындай кызык болду. Облустун ошол кездеги губернатору Темирбек Акматалиев автордук мектепти көрүүгө барат деп калышты. РайББ башчысы мени чакырып: “Ороз, бир да окуучуӊ алдынан чыкпасын, ар кандай суроолорду берип бизди уят кылбасын, өзүӊ тур, завучуӊ турсун, мугалимдерди да даярдап кой”, — деди. “Макул”, — дедим. Бирок толугу менен өзүбүз билгендей кылдык.

Губернатор келгенде, мектептин президенти деп лидер окуучу кызыбызды тааныштырдым. Ал тыкылдап баардык суроолорго шар жооп берип, мектепти көрсөтө баштады. Анан бир класска, 7-класска киргенде, Т. Акматалиев: “Мен дагы окуучу кезимде котормочу болууну эӊсеп, англис тилин жакшы көрүп окучумун”, — деп калды. Ал класстан Алтынай деген кызыбыз англис тилинде (азыр англис тилчи мугалим) суроо берсе, губернатор жооп бере албай кыйналды. Дагы жакшы, жанында коштогон социалдык маселелер боюнча бир кызматкери англисче анча-мынча билет экен, сөздү буруп, жагдайды жымсалдап кетти. Ошондо губернатор балдардын мыкты окуганына ыраазы болуп, ар бир балага элүү сомдон стипендия берем деди.

Мектептен чыккандан кийин облустук мугалимдердин камылгасын арттыруу институтунун деректири Гүлайым Машраповадан ушундай башкача окуткан, балдары өзүн-өзү башкара билген мектепти билчү белеӊиз деп сурады. “Кандай сыйлыктарды алгансыз?” – деп менден сурады. “Ала элекмин”, — дедим. Ошол жерден эле губернатор мени сыйлыкка көрсөтүӊүз деп Г. Машраповга тапшырма берди.

Эгер өзүнүн көз карашы бар, эркин ойлонуп, жоопкерчиликтүү иштеген балдарды тарбиялап өстүрсөк, азыркыдай митингдерге чыгып алып, күпүлдөп сүйлөп койгондорду эле ээрчип кыйкыра бергендер аз болмок. Өзүнүн ишин, турмуштук жолун пландоону мектептен баштап үйрөтүшүбүз керек. Биздин окуучулар тазалык, тартип маселелерин толугу менен өздөрү чечишет. Көптөгөн марафондорду өткөрүшөт.

Мектепте “Сыр сандык” бар, ага жума сайын кайсы сабак эӊ кызыктуу болгонун да, кайсы сабак начар өтүлгөнүн да жазып салып турушат.

Мугалимге чыныгы сый-урмат биздин мектепте дайым сезилип турат. Биринчи класстын балдары мени менен  кол алышып саламдашат. Мектепте деректирби, башкабы, баары баланын дүйнөсү менен жашашы керек.

  • Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу дегенде илгерки эле октябрят, пионер, комсомол дегендерди атын өзгөртүп, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деп ачышты эле. Бирок көпчүлүгү формалдуу иштеди окшойт.
  • Ооба. Андай болбошу үчүн уюмдарды балдар өздөрү түзүшү керек. Уюмду түзүүгө балдар канчалык жакшы катышкан болсо, ошончолук кызыгып иштейт. Бир эле көрсөткүчтү алалы. Жыл сайын “Манас” жаштар уюмунун облустук кароосу болот, ага биздин мектептин балдары кирбей калат. Анткени жети топко бөлүнүү, ураан чакыруу сыяктуу нерселерге балдар кызыкпайт. Эӊ негизгиси тышкарыдан таӊууланган нерселерди аткарууда эмес, мектептеги реалдуу көйгөйлөрдү көрүп, себептерин таап, иштиктүү чече билиште. Жасалмалуулуктан, формалдуулуктан качып, чыныгы жагдайды жакшыртууга кичинекейинен катыштырсак, балдар турмуштук мектептен өтө баштайт.
  • Мен Россияда, Самарада пединститутта окуп жүргөндө пассивдүү практикада шаардык мектепте бир класс жетекчиге жардамчы болуп бекитилген элем. Ошол класста ар жумадабы же он-он беш күндөбү, звено башчыларын алмаштырып турушчу. Сабагынан орто же начарыраак болсо да, эч кимиси басынтылбай, звено башчылык милдетин аткаруусуна теӊ туштары жардам берип, бул учурда минтишиң керек эле, тигил учурда тигиндей дешиӊ керек эле деп жуманын аягындагы чогулушта бири-бирине айтышат. Ар бир бала кез-кезде лидердин позициясында болуп турушу, ошону үйрөнүшү керек деди эле ошол класс жетекчи. Дээринен жетекчиликке шыгы болбосо, тим эле коюш керек – кетменчи кетменин билиши, жетекчи башкарышты билиши керек дешет эмеспи көбүнчө. Жетекчинин ишин сындагыдай силер ким болуп калыпсыӊар дегендер да бар. Негизи, “генерал болгусу келбеген солдат жоокер болуп жарытпайт” дегендей, балдардын лидерлик сапатын өнүктүрүү зарыл го? Жок дегенде ар бир бала жетекчинин ордунда болсом бул маселени мындай чечмекмин деп ойлоно алгыдай болушу керек эмеспи?
  • Албетте. Гумандуу педагогиканын эӊ өзөктүү принциптеринин бири – бул “шык-жөндөмсүз бала болбойт” деген жобо. Биологиялык көз караштан эле алсак, миллиондогон уруктардын ичинен “утуп” чыккан бирөө гана түйүлдүк болуп жатпайбы? (күлкү). Демек, ар бир наристе — төрөлгөнгө чейин эле супер чемпион! Чемпион болуп келгенден кийин ал жок дегенде бир багыт боюнча алдыга суурула алат.

Бирөө математикадан кыйын, дагы бири химия же биологиядан, башка бир бала тилден, адабияттан мыкты же сүрөттү жакшы тартат, сонун ырдайт ж.б.у.с. Ушуну ар бирибиз эске алышыбыз керек. Музыкага шыктуу бала физиканы жакшы өздөштүрө албашы ыктымал. Математикага жакын бала сүрөттү жакшы тарта албашы мүмкүн.

Эски педагогика боюнча химияны мыкты билген бала тарыхтан же тилден начар баа алып калган болсо, линейкада  көпчүлүктүн алдына чыгарылып, уяткарылчу, кемсинтилчү. Баланын өзүнө болгон ишенимин өчүрө турган адат бул.

Математикалык кечеде музыкант бала лидерлик кыла албайт. Адабий талкууну физикага шыктуу бала башчы алып бара албайт. Сабагын жакшы билбеген балдардын да лидерлик шыгын байкап, колдосо, окуусу, тартиби жакшырат.

Устат-шакирт өрнөгү

  • Устат-шакирт маселесине келели. Мектепте насаатчылык иши да көбүнчө формалдуу эле “жүргүзүлүп” жаткандай…
  • Менин устат катары сыйлаган М.Байымбетов, М.Айылчиев, Калыбеков деген агайларым бар эле. Талапты катуу койгон, ошол эле учурда жакшы ишти калыс баалай билген устаттын купулуна толгусу келет ким болсо да. Педагогикада таӊуулоого эч качан, эч бир иште жол берилбеши керек. Жаш мугалимдердин кимиси кайсы маселе боюнча жардамга муктаж экенин билүүгө тийишпиз. Туура уюштурулса, майнаптуу иштен устат да, шакирти да зор канагат алышат.

Эӊ башкысы, жаш мугалимдин кандай адамдан үйрөнгүсү келерин эске алуу зарыл. Мугалим канчалык тажрыйбалуу болсо да, анын турмушка болгон көз карашын же мүнөзүн шакирти жактырбаса, экөө иштешип кете албайт. Мисалы, бир жаш мугалимди мурдатан иштеп келген педагог өзүнө шакирт кылып алайын деп суранды эле. Макул дедим. Бирок кийин алар иштешпей калды. Эмне үчүн десем, мага сунуштаган ыкмаларын өзү сабагында колдонбойт экен дейт жаш мугалим. Сөзү менен иши дал келбеген кишини ким жактырсын?

  • “Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” дегендей болуптур да (күлкү). Дайыма эле улгайган курактагы эмес, кээде жаш мугалим деле өзүнөн улууларга устат болушу мүмкүнбү?
  • Албетте. Андай учурлар болот. Билбегенибизди сураштан, мыкты тажрыйбаны үйрөнүүдөн эч качан тартынбашыбыз керек.
  • Бүгүнкү мектептердин, айрыкча кыргыз тилдүү мектептердин абалын жакшыртуу үчүн реалдуу кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
  • Көп жылдардан бери мектепти реформалайбыз деген менен, реформа болбой келет. Эӊ башкысы төрт эле суроого туура жооп бериш керек. Биринчиси — ар предметтен эмнени, канчалык көлөмдө окутабыз деген суроо. Мисалы,, кыргыз тилинен грамматикалык аныктамаларды эле жаттата бербей, сынчыл ойломго, эркин ой жүгүртүүгө, талдоого негизделген жазуу иштерине, окуй билүүгө, окуганын түшүнүүгө, оозеки практикага басым жасаш керек. Өнүккөн өлкөлөрдө, ошол эле Финляндияда ушундай окутушат экен.

Бизде адабияттан жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө текстти жаттатышат. Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр баянына караганда, “Көк асаба” романындагы атасынын күмбөзүнөн топурак алып, баласынын оозуна салган эпизод алда канча маанилүү, таасирдүү болмок окуучу үчүн. Улуттук таалимдин башаты ушул жакта эмеспи.

Дагы бир мисал. Математикада тригонометриялык функция дегендей темалар бар. Финляндиянын мектептеринде окутулбайт экен. Алар салмак, көлөм, узундук ж.б. чендерин туура эсептешти үйрөтөт экен. Эмнени окутуу керек деген суроонун жообу ушул – турмушта керектүү, жашоону жеӊилдете турган нерселерди үйрөтүү керек.

Экинчи суроо – ошол нерселерди кайдан окутабыз? Бул окуу китептер, кошумча окуу куралдары, тесттерге өтө чоӊ маани бериш керек. окуу китептер илгеркидей маалымат берүүчү жана көнүктүрүүчү эле мазмунда эмес, эӊ негизгиси, ой жүгүртүүгө, турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө түрткү бергидей, өбөлгө түзгүдөй болушу керек. Эӊ башкысы, дүйнөлүк билим берүү стандарттарына шайкеш келтирилиши зарыл. Мына, жалпы республикалык тестте дүйнөлүк билим берүү стандарттарынын талаптары эске алынган. Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө ылайыкталган. Окуу китептер да ошол талаптарга ылайык жазылышы керек.

Үчүнчүсү – ким окутат? Университетте мугалимдерди кандай даярдоо керек? Азыр ЖОЖду бүтүргөн жаш педагогдор балдарды өз алдынча, сынчыл ойлонууга, өз алдынча иштегенге үйрөтүүчү усулдарды билбей эле мектепке барышат. Мунун бир себеби кайра эле эмгек акыга байланышкан. Финляндияда мугалимдер менен догдурлар абдан жакшы маяна алышат экен. Ошондуктан бул кесиптерге кызыккандар көп болуп, педагогикалык окуу жайларга мыкты абитуриенттер тандалат. А бизде, тескерисинче, негизинен башка адистиктерге упайы жетпей калгандар мугалимдик кесипти тандап жатат. В. А. Сухомлинский: “Үчкө окуган мугалим “3кө” гана ылайык окута алат”, — деген. Биз мугалимдик кесиптин баркын иш жүзүндө көтөрүп, педагогикалык адистиктерге баланы жакшы көргөн, анын жан дүйнөсүн түшүнө билген жаштардын келишине шарт түзүү зарыл.

Төртүнчүсү, эӊ негизгиси – кантип окутуу керек? Мында окутуунун жаӊы технологияларына, усулдарына өзгөчө көӊүл буруп, дүйнөлүк билим берүүнүн мыкты табылгаларын студенттер жетик өздөштүрүшү керек. Айрыкча азыркы мугалимдер маалымат технологияларын мыкты өздөштүрүп, интернет мейкиндигине эч кыйналбай чыга билиши зарыл. Мектепте балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, өз алдынчалыгын өнүктүрүүчү усулдарга артыкчылык берүү зарыл.

Ушул төрт суроого эле жетиштүү маани берип, ишти туура багыттаса, реформа жүзөгө ашырылат.

Мугалимдик кесипти барктайлы

  • Мугалимдер шайлоодо, жогору жактан “чоӊдорду” тосуп алганда ж.б. иш-чараларда кол баладай жумшалат, жандуу жасалга катары да пайдаланылат. Ушул көнүмүштөн арылуу үчүн педагогдор өздөрү эмне кылышы керек?
  • Чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн, абийирин бийик жана таза сактаган мугалимдер эч качан мыйзамсыз иштерге аралашпайт. Тилекке каршы, өзүнүн туу туткан принциби жок, кошоматчы мугалимдер да кездешет. Экинчи бир маселе – айлыктын аздыгы. Мыкты мугалимдер эмгек акынын аздыгынан кетип, мектепте илеӊ-салаӊ иштегендер калса, анан алар өйдө жакты карап элеӊдей берет да. Анан да адамдын кадыр-баркын бийликке тебелетип койгон тоталитардык системанын саркындылары дагы эле сакталып келатканы чын.

Деректирден да көп нерсе көз каранды. Терек айылында иштеп турганымда, бир жолу эркек мугалимдерди жыгач отун камдаганга чакырып жатышат деп бригадир келди. Ал мугалимдердин иши эмес десем, анда өзүӊ барып жооп бер дейт. Совхоздун деректирине барып, мугалимдерди жибербейм десем, катуу нааразы болуп, дароо эле акимге чалды. Телефонду бер деген экен, мен алып: “Аман Жунусович, буга жол бербеш керек, — дедим. – Биринчиден, сабактар токтоп калат. Экинчиден, бригадир айдап барып иштетип жатканын көргөн эл эмне дейт? Мугалимдердин кадыр-баркы тебеленип калбайбы?”. Аким телефонду кайра деректирге алдырып: “Мугалимдерге отун алдыр деп сага ким көрсөтмө берди эле?!” – деп зекиди. Ал мукактанып калды.

Кээде өзүбүздүн чечкинсиздигибиз, жалтактыгыбыз ушундай жосундарга мүмкүнчүлүк берип коёт. Формалдуу отчётторду, кагаз толтурмай убарачылыктарды азайтыш керек деп азыркы министр да туура айтыптыр. Бирок мурда деле бизге келип текшербейсиӊерби десем, нан жебестерге да барчу беле деп калышчу (күлкү). Ырас, райондогу деректирлер катышкан чогулуштарда ар кандай сын ж.б. кептерди угуп коём, кайым айтышпай, бирок мугалимдеримдин кадыр-баркы үчүн колдон келишинче бекем турам. Негизгиси, система өзгөрүшү керек. Ө. Текебаев да окуучуларын пахтага алып баруудан баш тартып коюп, аты чыккан эле го.

  • Кайра куруу жылдары “Учительская газета” абдан кызыктуу чыкчу эле го. Мугалим эместер деле күркөлөрдөн атайын сатып алып окучу. Бир санында сталиндик педагогика, хруӊёвдук педагогика, брежневдик педагогика болду эле, ар бир мезгилде башкаруу стилине жараша тарбия-таалим нугу да өзгөрүп келди, мына эми горбачевдук доордун педагогикасы кандай болот деп жазган эле бир автор.
  • Горбачевдун тушунда көп өзгөрүүлөр болгон. 197..-жылы партияга өткөнүмдө абалы начар Теректеги мектепти жакшыртасыӊ деп жиберишкен. Коммунисттерге ушундай тапшырмаларды беришчү. Ошол кезде мен биздин республика Россиясыз жашай албайт деп ойлочумун. Финляндия менен Эстонияга барып келгенден кийин биздеги балээнин баары Россиядан алынган башкаруу системасында экенине көзүм жетти. Адамдын кадыр-баркы эске алынбаган, тескерисинче, тебеленген система экен. Азыр деле ошонун азабын тартып жатабыз. Эркин болбогон адам өз оюн эркин айта албайт, укугу үчүн күрөшө албайт. Мамлекеттик башкаруу системасы оӊолмоюнча, коом менен адам да оӊоло албайт экен.
  • Ошол эле учурда эгер мугалимдер да өз ишине бекем болуп, окуучуларын намыстуу кылып тарбиялашка аракеттенсе, коом тазарып, “жогоркулар” да өтө ашынып кетпей, саал тизгинин тартып калат беле?
  • Албетте. Мектептин кире беришине: “Бул менин мектебим”, “Бул акылмандардын, намыстуулардын мектеби” деп жаздырып койгом. Ар бир балага дем бериш керек. “Идея адам баласын эр жүрөк, тайманбас кылат”, — деп В. А. Сухомлинский айткандай, ак сөз менен иш дал келгенде, балдарыбыз кайраттанат. “Биздин мектептен алган адамгерчиликтин, адилеттиктин күчүн бүтүндөй республикага жайылтасыӊар”, — дейм балдарга.
  • Ушундай бийик мүдөөгө багыттайт экенсиздер!
  • Ооба. Мектепте балдарды улуу максаттарга багыттай турган жагдайларды түзүү керек.

Маектешкен Жолдош Турдубаев, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер