УСТАТЫНАН ШАКИРТИНЕ ӨТКӨН МЫКТЫ БАЛА БАКЧА

  • 09.03.2023
  • 0

Советтер Союзу тараганда эле алыскы Ат-Башы районундагы Казыбек айылында жайгашкан балдар бакчасы жоюлуп, имараты бузулуп жоголгон. Ошондо мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн Гүлайым Молдакунова жолдошу Дүйшөнбек Абдыразаковдун демилгеси менен 2003-жылы айылдагы жараксыз абалга келип калган айылдык оорукананын эски имаратына жамааттык деңгээлде балдар бакчасын уюштурган. Алгачкы жылдары 15-20дай бала кабыл алынып, үч сааттык программа менен үч адам, кийин беш адам айлыксыз эле өз демилгелери  менен иштеп келишкен. Кийин  2009-жылы муниципалдык, 2013-жылы мамлекеттик болуп уюштурулуп,  114 бала тарбияланып, 27 кызматкер мамлекеттик бюджеттен айлык алып эмгектенип келишти. Учурдагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын уюштуруучусу, билим берүүнүн отличниги, КР Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасынын, Казыбек айылынын “Ардактуу ишкер айымы” наамынын ээси  Гүлайым МОЛДАКУНОВАны кепке тарттык.

УСТАТЫНАН ШАКИРТИНЕ ӨТКӨН МЫКТЫ БАЛА БАКЧА

— Алгач бала бакчанын материалдык-техникалык базасынын жабдылышына ким жардам берди, кандай жол менен камсыздадыңыз?

— Балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын уюштуруу өтө олуттуу маселе болду, ошол учурда мамлекеттен, жергиликтүү бюджеттен жардам болгон жок. А дегенде өзүбүз үйдөн алып бардык, мектептен сурадык, ата-энелер жардамдашты. Кийинки жылдары изденүү, аракеттенүү менен   Мерсико, АРИС, Ага хан, ПРООН, Кемп-Алатоо, ИСУР, АБР, Сорос фонду, Япон гранты өндүү көптөгөн эл аралык уюмдар менен иштеп,  4 млн 816 мин 2888  сомдук чет элдик гранттардын эсебинен материалдык-техникалык базаны уюштурдук. Кымбат баалуу эмеректер, электртехникалар алынды, буюрса бала бакчабыз керектүү эмеректер менен толук жабдылды.

Музыкалык   сабактарга керектүү  жабдуулар: 1 ямаха, 2 колонка, 5 өрүк комуз,  2 чопо чоор, 1 шылдырак,  5 ооз комуз алынды, балдар үчүн жана кызматкерлер үчүн ар улуттун кийимдеринин гардеробу уюштурулган. Театр-сабак өтүү үчүн балдарга ар улуттун кийимдери даярдалган, 250дөн ашык форманы өзүбүздүн кызматкерлер ата-энелер менен бирге даярдап, бала бакчанын гардеробуна коюп алдык. Тикмечи-уз кыздарыбыз ашпозчу Абдыразаков Гүлмира, кир жуугуч Курманалиева Жаңыл жумуштан сырткары убактарында тарбиячылардын, ата-энелердин өтүнүчү менен ар улуттун кийимдерин абдан кооздоп, чыгармачылык менен даярдап, тигип берип турушат.

— Имарат балдар бакчасынын муктаждыгын камсыз кыла алабы, эски имарат болсо, учурдагы абалы кандай?

— Учурда балдарды мектепке чейинки билим берүүнү  камтуу көйгөйү толук чечилбей, бала бакчада орундардын жоктугуна байланыштуу 2-5 жаштагы 371  баладан, 114 гана же  балдардын 30 пайызы гана  балдар бакчасына тартылган. Бала бакчага пайдаланылып жаткан имараттын өзү да типтүү эмес, имараттын пайдубалы, үстүңкү шифери, айрым бөлмөлөрдүн шыбы жараксыз, имарат 114 балага да тардык кылат, ошондуктан жаны имаратты курдурууну ойлонуштуруп, 2011-жылдан тартып аракеттенип, талыкпаган аракеттен улам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен 23.6 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 125 орундуу балдар бакчасынын жаңы имараты 2022-жылы 30-декабрга  карата бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.  Эки имаратта 200дөн ашык балдардын балдар бакчасына келүүсүнө шарт түзүлүп, 49 адам анын ичинде 41 бош жүргөн, билимдүү кыз-келиндер кызмат менен камсыз болушту. Жаңы имаратты эмерек менен толуктоо максатында 700 миң сомдук каржылоону демөөрчүлөр, ата-энелердин, кызматкерлердин колдоосу аркылуу уюштурдук.

— Кадрлар менен иштөөнүн абалы, аларды тандоо-тарбиялоо дегендей…

УСТАТЫНАН ШАКИРТИНЕ ӨТКӨН МЫКТЫ БАЛА БАКЧА

— 2003-жылы бир тарбиячы менен айлыксыз эле ишти баштасак, учурда сегиз тайпада 16 тарбиячы 21 педагогикалык кызматкерлер эмгектенет. Бардык кызматкерлерди а дегенде убактылуу кызматка алып, андан кийин резервге коюп, алардын жөндөмүнө, педагогдук кесипкөйлүгүнө, балдарга, ата-энелерге, коллективге урмат-сый менен мамилесине, спортко, музыкага шыгына жана, албетте, үй-бүлөсүнүн колдоосуна карап, туруктуу кызматтарга жылдырамын. Балдар бакчасынын кызматкерлеринин бардыгы эле өтө жоопкерчиликтүү, өз ишин урматтап иштеген жакшы адамдар. Балдар бакчасын уюштурууда мага колдоо көргөзүп, жанымда жүргөн, эң негизги жардамчым, тамакчы Абдыразакова Гүлмира, балдар бакчасынын ишинде ата-энелердин кызыгуусуна жол ачкан алгачкы тарбиячы Жунусакунова Мээрим, учурда тажрыйбалуу насаатчы, кесиптик уюмдун төрайымы. Иштин башталышында, эски имаратты оңдоп-түздөөдө өз демилгелери менен айлыксыз эле иштеп жардам берген Алымбеков Темирбек, Тентимишов Дүйшөналы, Токтогулов Эркинбек, спорт аянтчаны жасоодо бекер иштеп беришкен Турдакунов Айбек, Калыгулов Шаршенбек.

 — Алдыңкы тажырыйбаларды жайылтуу, кызматкерлердин кесиптик билими жөнүндө да айта кетсеңиз.

— Тарбиячылар бардык сабактарды жана бардык иш-чараларды алдын-ала даярдык менен, Монтессорри, “Кадам артынан кадам”, Триз, Мээге чабуул, Амонашвили, Сынчыл ойлом, РТВ (адашкан сүрөттөр), Инклюзивдик билим берүү ж.б. инновациялык методдорун колдонушат, көрсөтмө куралдарды кеңири пайдаланышат, көрсөтмө куралдарды чыгармачылык менен өздөрү даярдашат. Ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, жайылтуу максатында райондун күн батыш зонасындагы тогуз бала бакчага өз ара семинарларды, ачык сабактарды уюштурууну мен демилге кылып, жылыга уюштуруп келүүдөбүз. Балдар бакчасынын өзүндө да тажрыйба алмашуу максатында ачык сабактар уюштурулат. Бардык тарбиячылардын жогорку педагогикалык билимдери бар, учуру менен билимин өркүндөтүү курстарынан өтүп турушат.

УСТАТЫНАН ШАКИРТИНЕ ӨТКӨН МЫКТЫ БАЛА БАКЧА

 — Бала бакчада иштөө жеңил, балдарды ойнотуп коюп карап отура берет да дегендей да ойлор болушу мүмкүн, бала бакчадагы окуу-тарбиялык иштер кандай жүргүзүлөт?

— Окуу программалары түзүлүп, педкеңешмеде кабыл  алынат, окуу  планы “Балалык” программасынын негизинде түзүлгөн расписаниеге ылайык жүргүзүлөт. Балдар бакчанын директору, методистин милдетин аткаруучу жана тарбиячылар бирге пландын негизинде жана плансыз эле сабакка  катышууларды уюштурабыз. Өтүлгөн сабактын жыйынтыгы менен сабакка анализ берилип, сын-сунуштар айтылат. Тарбиялануучулардын  билим  сапатын калыптандыруусу  боюнча жүргүзүлгөн  иштердин  натыйжасы: балдар өз алдынчалыкка үйрөнөт, музыкалык шык-жөндөмү ойгонот; өз алдынча санаганды үйрөнөт, логикалык ой жүгүртүүсү, аң-сезими өсөт, дүйнөтаанымы калыптанат, майда моторикасы өнүгөт, этнопедагогика боюнча алгачкы билимдерди алат, чыгармачылыгы калыптанат. Балдарды ойнотуп коюп карап отура берүү деген болбойт, балдардын бала бакчадагы убактысынын бир мүнөтү да бошко кетпеши керек. Балдар түштө эки саат убакыт уктап эс алышат, ошол учурда да ар бир бөлмөдө кызматкерлер жылбай көзөмөлдөп, карап турушат. Он жылдан ашык эмгектенген, тажрыйбалуу тарбиячылардын мектеби түзүлүп калды, алсак, Шерипова Нурай, Төлөйканова Кундуз, Аскарбек кызы Мунара, Жунусакунова Мээрим, Касымова Жылдыз, Есеналиева Элмира, Мырзабек кызы Айзада, Нургазиева Гүлнара,  орус тили сабагынын мугалими Кошоева Гүлмира — булар дасыккан, өз кесибин сүйгөн, жаш жеткинчектерге урмат-сый, абдан аяр мамиле жасашкан мыкты педагогдор.

 — Айыл өкмөтү, дегеле жергиликтүү бийлик менен кандай иштешесиздер?

— Өкмөттүн токтому менен айлыктан башка муктаждыктарды каржылоо жергиликтүү бийликке тапшырылган, айыл өкмөтү жылыга өзүнүн бюджетинен бир жарым миллионго чукул акчаны көмүр, дары-дармек, командировкалык чыгымдарга, имараттын ремонтуна бөлөт, балдардын тамагына жарымын айыл өкмөтү, жарымын ата-энелер камсыздайт. Электр энергиясынын чыгымын түз эле Финансы министрлиги каржылайт. Быйылкы жылга айыл өкмөтүнүн каржылоосу жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен дагы көбөйдү.

— Ата-энелер менен байланыш кандай?

— Ата-энелерден бир бала үчүн 600 сомдон взнос төгүлүп, толук боюнча балдардын тамагына жумшалат. Ачык сабактарга, майрамдык концерттерге чакырылып, ата-энелер кошо аралашып турат. Өтүлгөн сабактары, ичкен тамактары боюнча WhatsApp группалар аркылуу ата-энелерге жөнөтүлүп, такай байланыш болуп турат. Бала бакчага абдан жакшы колдоо көргөзүшөт, ата-энелер уюшуп, керектүү эмеректерди, электр техникаларды, жууркан-төшөктөрүн, идиш-аяктарын алып берип келишти. “Суроочу жарашса, бербес саранң болбойт” — дейт, ата-энелер менен абдан жакшы мамиледебиз. Ата-энелерден жекече демөөрчү болуп, түздүү телевизор, мебелдерден алып бергендер болушту, керебет жасатып беришти.

— Сиздерде жайлоодо балдар бакчасы уюштурулуп, бул багытта да жакшы тажрыйбаңыз бар экенин билебиз.

— Ооба, райондо алгачкылардан болуп, 2010-жылдан тартып Ага-Хан фондусу менен иштеп, 2011-жылы Жайлоо балдар бакчасын уюштурганбыз. Иштеги ийгиликтери үчүн жана балдар бакчасынын демилгесин колдоого алып, фонду ушул жылы балдар бакчасына 70 баш кыргыз боз үй, ички сырткы жасалгалары, окуу китептери, китеп баштыктары, күн батареясы, көчмө дааратканасы менен белекке берген. “Жайлоо балдар бакчасы (Жайлоо өнүгүү борбору)”, жайлоодогу 3 жаштан 15 жашка чейинки балдарга үч сааттык программа менен кызмат кылып келет. 2022-жылы 10-жолу ачылышы уюштурулду.

Балдар бакчасына жайлоодогу ошол аймактагы бардык балдар, анын ичинде сырттан келген конок балдар, чукулку чек ара тосотторунун кызматкерлеринин балдары келишет. Жылыга 25ден кем эмес 70-80ге чейин бала барат. “Жайлоо балдар бакчасы — Жайлоо өнүгүү борбору” деп аталып, 2015-жылдан бери Р.Отунбаеванын демилгеси фонду ар жылы канцтовар бөлүп берет, фонддун тапшырмасы менен Жайыт комитети (төрагасы Төлөгөнов Замир) көчүү-конуу жумуштарына колдоо көргөзүп келүүдө. Фонд тарабынан конкурстар уюштурулуп, 2017-жылы биз жеңүүчү болуп, 2018-жылы республикадагы билим берүүнүн алдыңкылары менен чогуу Түркияга бир жумалык иш сапарга, тажрыйба алмашууга барып келдик.

2018-жылы “Жайлоо өнүгүү борбору керекпи?” деген темада журналист, ыраматылык Улан Эгизбаев тарабынан “Казыбек Жайлоо балдар бакчасы — Жайлоо өнүгүү борборунда” — даректүү тасма тартып, Р.Отунбаеванын демилгеси фондунун баш байгесин жеңип алды.

Ага Хан фондусунун демилгеси менен 2018-жылы “Жайлоо өнүгүү борборунда” республикалык деңгээлде 80 адамдын катышуусунда семинар уюштурулуп, бала бакчанын ишине жогорку баа берилген. Эки тарбиячы сыйлык иретинде Ага Хан фонду аркылуу Ошко беш күндүк иш сапарга фонддун каржылоосу менен барып келген.

— Жыйырма жылдан ашык убакыт мекемени уюштуруп жакшы деңгээлге жеткирдиңиз. Эмгегиңиз бааландыбы?

— Мен мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн учурда Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйлангамын. Кийин Жогорку Кеңештин Ардак Грамотасы менен  айыл өкмөтүнүн, райондун, облустун жана эл аралык уюмдардын көптөгөн Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен сыйландым, айылдык кеңештин депутаттары Казыбек айылынын “Ардактуу ишкер айымы” наамын ыйгарышты.

Балдар бакчасы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик уюмунун “Жылдын мыктысы” конкурсунун Өтмө Кызыл Туусун жана Баш байгесинин эки жолу

жеңүүчүсү болду. Облустук конкурска катышып, байгелүү орунга ээ болдук. Нарын облустук телерадиокомпаниясынын “Жылдын мыкты бала бакчасы” сыйлыгынын баш байгесинин ээси болдук.

— Эми азыр устаттар шакирттерин даярдап туруп, ордун өткөрүп берип жатышат. Сиздин шакиртиңиз барбы?

— Он жылдык убакыттан бери резервге коюп, коллективге, жетекчилике ачык айтып, директорлукка даярдап келе жаткан Эльмира Есеналиева деген кызматкериме жакында директорлук кызматты өткөрүп бердим, бирок жамааттын, райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен усулчу милдетин аткаруудамын.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер