12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 03.04.2024
  • 0

Европа Кеңешинин Декларациясына ылайык, дүйнөнүн 150 мамлекетинде, анын ичинде АКШ, Япония, Германия, Франция, Финляндияда жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Белоруссия, Украина, Өзбекстан жана Балтика, Казакстанда өлкөлөрүндө 12 жылдык орто билим берүү системасы тандалган.

Биз төмөндө магистрдик изилдөө алкагында 12 жылдык билим берүү системасы ийгиликтүү ишке ашырылган Финляндия, Япония, Грузия жана Казакстан көрсөткүчтөрүн талдайбыз.

 Мектеп психологу жана социалдык кызматкери көп фин мектеби

Финляндиянын билим берүү системасы үч баскычка бөлүнөт:

  1. төмөнкү (башталгыч) баскыч — 1-класстан 6-класска чейин;
  2. жогорку баскыч — 7-класстан 9-класска чейин;
  3. кесиптик билим берүү баскычы — 10-класстан 12-класска чейин.

Финляндия көп жылдан бери билим берүү боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) тарабынан өткөрүлгөн PISA изилдөөсүнүн натыйжасында Финляндия эң бийик көрсөткүчтөрдү көрсөткөн мамлекеттердин бири, ошондуктан фин мектебинин аттестаты эң мыкты деп эсептелет.

Фин мектептеринде окутуу процесси жети жаштан баштап каралган. Психологдун же врачтын корутундусу жана ата-энесинин макулдугу менен гана жети жаштан бир жылга кеч же эрте берүүгө болот.

Туруктуу жашаган  жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын бардык балдары мыйзам боюнча тогуз жылдык билим алууга милдеттүү. Финляндия көз карандысыздыкка ээ болгондон көп өтпөй 1921-жылы жалпы милдеттүү билим берүү принцибин киргизген. Учурдагы милдеттүү түрдө тогуз жылдык билим берүү 1988-жылы күчүнө кирген мыйзамдар менен жөнгө салынат. Милдеттүү окутууну уюштуруу үчүн Финляндияда 450 муниципалитет жооптуу. Окуучулар тогуз жылдык милдеттүү окууну аяктаган соң, өз тандоосу менен гимназия,  же кесиптик окуу жайга тапшыра алат.

Гимназия. Окуучулар жалпы билим берүү мектебиндеги жетишкендиктеринин негизинде гимназияда билим алууну 16 жаштан баштап өздөрү тандап алат. Гимназияда окуу эки жылдан төрт жылга чейин созулат, окуу мөөнөтү көбүнчө, окуучунун өзүнөн көз каранды. Гимназиянын окуу формасы курстук, окуу убактысы курстарды тандоо менен аныкталат, ошондуктан окутуу класстарга бөлүнбөйт. Гимназияда окуу процесси милдеттүү, тереңдетүүчү жана колдонмо курстарды камтыйт жана экзамендерди тапшыруу менен аяктайт. Гимназияны бүткөндөн кийин, окуучулар жогорку окуу жайына тапшыра алат.

Кесиптик колледж. Эгерде окуучунун жалпы мектепти бүткөндөн кийин кесиптик колледжге тапшырууга каалоосу болсо, анда ал атайын келишимдин негизинде адистерди даярдоочу кесиптик окуу жайларга тапшыра алат. Кесиптик билим берүү уюмдарында теориялык илимдерден тышкары студенттер өздөрүнүн окуу жайларында практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында өндүрүштүк практика өтөй алат. өлкөдө болгону мындай 25 адистик окуу жайы бар, алар: кайра жаралуучу ресурстар, техника жана транспорт, соода жана башкаруу, туристтик, коомдук тамактануу жана экономикалык кызматтар, социалдык саламаттыкты сактоо жана спорт тармактары.

Кесиптик билим берүү уюмдары жаңы студенттерди мектептеги көрсөткүчтөрдүн негизинде тандап алат, айрым кесиптик окуу жайлары өздүк экзамендерди уюштурат. Адистикти даярдоо үч жылга созулат жана жогорку окуу жайда окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берет.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ:  ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

Финляндиянын 12 жылдык билим берүү модели кызыгууну арттырып, изилденип келүүдө. 2000-жылы Финляндия окуп-түшүнүү сабаттуулугунун өнүгүүсү боюнча 1-орунга чыкса, 2003-жылы  математикалык сабаттуулук боюнча 544 упай топтоп, 1-орунду ээлеген. Финляндиялык мектептин ийгилигин түшүндүргөн факторлорду социалдык-маданий (контексттик) жана институттук (структуралык) деп бөлүүгө болот.

Социалдык маданий факторлорго төмөнкүлөр кирет:

  • билим берүү системасынын иштөөсүнүн улуттук салттары жана социалдык шарттар;
  • коомдук позитивдүү мамиле;
  • окуучулардын өздөрүнүн канааттануусу;
  • фин коомундагы мугалимдин жогорку статусунун эң маанилүү бойдон калуусу.

Мектептеги билим берүүнүн ийгилигинде окуучуларды колдоо системасы өзгөчө роль ойнойт. Окуучулар менен иштеген психологдордун жана социалдык кызматкерлердин саны боюнча фин мектептери Европа өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Мектептеги билим берүүнүн сапатына таасир этүүчү эң маанилүү  факторлордун ичинен мугалимдерди даярдоо системасы өзгөчө мааниге ээ.    

Япония 2022-жылдагы PISAнын жыйынтыгында 3-орунду ээлеген

Япония мамлекетинде балдар алты жашынан мектепке барып баштайт. Акыркы бир жарым кылымдын ичинде Японияда үч жолу билим берүү реформасы өттү. Биринчи реформа 1871-жылы башталган. Анын жүрүшүндө 1872-жылы өлкө боюнча башталгыч жана орто мектептер түзүлгөн. 1886-жылы Японияда милдеттүү түрдө үч жылдык билим берүү киргизилип, 1890-жылы ал бардык жапондор үчүн бекер болгон. 1908-жылы жапон мектебинде милдеттүү билим берүүнүн мөөнөтү 6 жылга чейин көбөйтүлгөн. Японияда экинчи билим берүү реформасы 1947-жылы экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин башталган. Мыйзамдык жактан ал 1947-жылдагы Япониянын Конституциясына, атап айтканда, Билим берүү жөнүндөгү 26-беренеге, Билим берүү жөнүндө негизги мыйзамга жана Мектепте билим берүү мыйзамына негизделген. Ошол эле жылы бул реформа жалпыга милдеттүү тогуз жылдык мектепти киргизүүнү караган. Билим берүү уюмдарын каржылоону, окутуу программаларын ишке ашырууну, окуучулар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын тандоо жергиликтүү билим берүү комитеттерине жүктөлөт. Билим берүү министрлиги окуу китептеринин жана окуу куралдарынын сунуш кылынган тизмесин гана берет. Билим берүү системасынын үчүнчү реформасы 1984-жылы башталган. 1987-жылы реформалоо планы сунушталган, ал алты негизги багытты камтыган: башталгыч, орто жана жогорку билим берүү; үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү; билим берүүнү интернационалдаштыруу; аны компьютерлештирүү; башкаруу жана каржылоо.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ:  ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

Япониянын билим берүү системасынын түзүлүшү Америка Кошмо Штаттарыныкына окшош, ал эми мазмуну боюнча адеп-ахлак нормаларын, улуттук мүнөздү тарбиялоого багытталган. Учурда Японияда билим берүү системасы төмөнкү баскычтарды камтыйт:

  1. Башталгыч баскыч (1–6-класстар) – сёгакко деп аталат.
  2. Орто баскыч (7–9-класстар) – тюгакко.
  3. Жогорку баскыч (10–12-класстар) – котогакко.

Японияда балдарды башталгыч класстарга алты жаштан баштап кабыл алат, окуу процесси алты жылга созулат. Мамлекеттик мектептерде, ошондой эле толук эмес орто мектептерде окуу акысыз. Башталгыч мектепте окуучуларга дээрлик эч кандай баа коюлбайт, анын ордуна мисалы, «жакшы иштеди», «канааттандырарлык», «аракет кылуу керек» деген оозеки кайтарым байланыш колдонулат. Башталгыч мектептерде тездетилген окууга жана окуучуларды экинчи жылга калтырууга жол берилбейт.

Япониянын билим берүү системасында Финляндия мектептериндей класстарды балдардын жөндөмдүүлүгүнө карап түзүү принциби жок. Мындан тышкары, Японияда таланттуу балдар же элиталык мектептер үчүн программалар жок. Башталгыч мектепте бардык предметтер бир мугалим тарабынан окутулат. Батыш изилдөөчүлөрү Япониянын башталгыч мектептеринде, ошондой эле толук эмес жана жогорку мектептерде Алар көпчүлүк мамлекеттердин орто мектептерине караганда көбүрөөк дисциплиналар окулат деп белгилейт. Япониянын башталгыч мектептеринде 11 предмет окулат: япон тили, математика, табият таануу, музыка, сүрөт ж.б. Чет элдик окумуштуулар жапон балдарынын өзгөчө музыкалык жана эстетикалык өнүккөндүгүнө көңүл бурат.

Япония 2022-жылдагы PISAнын жыйынтыгында 3-орунду ээлеген. Японияда башталгыч билим берүүдөн кийин алар орто мектепке экзаменсиз кирип, ал жерде дагы 3 жыл окушат. Ошентип, 9 жылдык жалпы орто билим милдеттүү болуп саналат. Жогорку орто окуу жайына кабыл алуу экзамендеринин натыйжалары боюнча, ошондой эле бутурүүчүнүн мектептеги алган бааларынын деңгээлин эске алуу менен жүргүзүлөт. Мектепте окуунун толук мөөнөтү 12 жыл.

Билим берүү профили боюнча жогорку орто мектептер жалпы (академиялык), адистештирилген жана интеграцияланган болуп бөлүнөт. Жалпы билим берүүчү мектептер (алардын басымдуу бөлүгү) окуу предметтерине басым жасашат, адистештирилген мектептер кесиптик билим берет, ал эми 1992-жылы Билим берүү министрлиги тарабынан түзүлгөн интеграцияланган мектептер окуучуларга өз кызыкчылыктарына жана жөндөмдүүлүктөрүнө ылайык предметтерди тандоо эркиндигин берет.

Японияда билим берүү үй-бүлө, коом жана мамлекет тарабынан колдоого алынган культ. Жапондор бала кезинен бери тынымсыз жана интенсивдүү окушат. Биринчиден — престиждүү окуу жайга тапшыруу, андан кийин — мыкты университетте сынакка катышуу, андан кийин — кадыр-барктуу жана гүлдөгөн корпорацияга жумушка орношуу. Японияда кабыл алынган «өмүр бою жумуш» принциби адамга коомдо татыктуу орун алууга бир гана аракет кылуу укугун берет. Жакшы билим ал ийгиликтүү болорун кепилдиги болуп эсептелет.

Кичинесинен каржы сабаттуулук негиздерин үйрөтөт

Грузия Өкмөтү жана профилдик министрлиги өлкөдөгү билим берүүгө көп көңүл буруп, мезгил-мезгили менен бышып жетилген реформаларды жүргүзүп, жаңы билим берүү стандарттарын жана максаттарын киргизүүдө. Педагогдордун алдына окуучулардын интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин ачуу, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү, коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү менен, окутуу методикасына мамилелерди динамикалуу жана активдүү өзгөртүү милдети коюлган.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ:  ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

Грузия мамлекетинде 2008-жылдан баштап 12 жылдык билим берүү кабыл алынган. Грузиянын билим берүү министрлиги «Жаңылануунун аркасында Грузия Европа мейкиндигинде жакшы интеграцияланган, экономикалык өсүшкө багытталган билим берүү тутумуна кадам таштады»- деп билдиришкен.

Грузиянын билим берүү системасын баскычтарга бөлүп караганда:

  • башталгыч баскыч — 1-класстан 6-класска чейин;
  • негизги баскыч — 7-класстан 9-класска чейин;
  • орто баскычы — 10-класстан 12-класска чейин.

Грузиянын башталгыч билим берүүсүнүн мөөнөтү да Японияныкына окшош алты жылга чейин созулат. Мектеп окуучулары бул убакытта негизги предметтерди, анын ичинде математика, эне тили жана адабияты, англис тилин үйрөнүүгө арнашат. Бешинчи класста предметтердин катарына дагы бир чет тили тандалып алынат — бул европалык же кытай тилинин бири болушу мүмкүн.

Грузияда башталгыч билим берүү, анын узактыгынан тышкары, биз көнүп калган ченемдерге салыштырмалуу башка кызыктуу өзгөчөлүктөргө ээ.

Башталгыч класстарда кыскартылган сабактар өткөрүлөт. Биринчи класста сабактын узактыгы болгону 35 мүнөт, экинчи класста 40 мүнөт, ал эми үчүнчү класста гана сабак биздин кадимки нормага 45 мүнөткө жетет.

Бир нече жыл мурун Грузиянын Билим берүү жана илим министрлиги бешинчи класстын экинчи семестрине чейин башталгыч класстын окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоону чечкен. Окуучулар үй тапшырмасы үчүн баа алышпайт, анын ордуна семестрдин аягында мугалимдер ар бир бала үчүн мүнөздөмө жазып, анда анын билим деңгээлин, ар кандай предметтерди өздөштүрүү процессиндеги ийгиликтерин жана кемчиликтерин белгилешет. Бул кошумча күч аракет талап кылат. Мектептин 10 баллдык стандарттык системасы бешинчи класстын экинчи жарымында гана киргизилет.

Грузин балдарына кичине кезинен эле каржы сабаттуулуктун негиздери үйрөтүлөт. Үчүнчү класстан баштап «Мен жана коом» жана «Биздин Грузия» жаңы предметтеринин алкагында каржы менеджменттин принциптери жеткиликтүү деңгээлде үйрөнүлөт.

Негизги жана орто мектептерде окуу учурунда окуучулар өлкө боюнча милдеттүү түрдө сегиз предметти: грузин тили жана адабияты, тарых, география, биология, физика, химия, математика жана чет тилин окушат. Мектептин окуу планына кошумча предметтер окуу жайды башкарган ыйгарым укуктуу атайын Камкордук кеңештеринин демилгеси менен киргизилет. Алардын ыйгарым укуктары окутуу программасын түзүүгө жана ага жаңы дисциплиналарды киргизүүгө гана эмес, билим берүү мекемесинин ар кандай уюштуруучулук жана каржылык көйгөйлөрүн чечүүгө да тиешелүү.

Ар бир мектеп окуучусу 9-класстан кийин окуу жайдан чыгып, толук эмес орто билим алуу менен чектелиши мүмкүн.

Эгерде студент 12 жылдык мектепти аяктагандан кийин окуусун ЖОЖдо улантууну көздөсө, анда мектепте бүтүрүүчү экзамендерин тапшырып, толук орто билими жөнүндө тиешелүү документти алгандан кийин, бирдиктүү улуттук экзаменди (БУУ) тапшырууга укугу бар.

20 жылдык эксперимент

Казакстан 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча 2003-жылдан бери эксперимент жүргүзүп келет.

Азыркы этапта Казакстан дүйнөнүн көптөгөн беделдүү уюмдарынын таануусу боюнча, мезгилдин акыркы тенденцияларына жана тиешелүү түрдө кабыл алынган эл аралык стандарттарга жооп берген, атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү системасын курууда лидерлердин бири болуп саналат. Мындан тышкары, жогорку сапаттагы билим берүү процесси менен бирге өсүп келе жаткан муундарды кеңири камтуу өлкөнүнү өнүгүү максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берилди. TIMSS-2007 билим сапаты боюнча эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча башталгыч билим берүүнүн казакстандык модели эң атаандаштыкка жөндөмдүү деп табылган. Өлкөдө жарандардын билим берүү тармагына жыл сайын ИДПнын 4 пайызы бөлүнөт, бул дүйнөлүк стандарт боюнча абдан жакшы көрсөткүч болуп саналат.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ:  ӨНҮККӨН ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЖРЫЙБАСЫ

Казакстан Республикасы 1997-жылы Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүү жөнүндө Лиссабон Конвенциясына кол койгон.

Казакстан Республикасы 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча 2003-жылдан бери эксперименттик иштер жүргүзүлүп келет. Алгач Казакстанда экспериментке 51 мектеп тартылган. Учурда Казакстандын 45 айылдык, 59 шаардык  мектепте эксперименттер жүргүзүлүүдө. Түштүк Казакстан облусунда 2003-2004-окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча эксперименттер 1-сентябрынан баштап жүргүзүлө баштаган.

2020-жылга чейинки Билим берүү Стратегиясында Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министриги үч баскычтан турган 12 жылдык билим берүү системасын бекитип, сунуштаган:

  1. Башталгыч билим — 1-класстан 4-класска чейин;
  2. Негизги орто билим — 5-класстан 10-класска чейин;
  3. Атайын билим берүү — 11-12-класстар;

Казакстанда 2003-жылы 12-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн эксперименталдык аянтча иштей баштаган. 2015-жылы Алматы шаарында Алмалы районундагы №136 мектеп-гимназиясынын алты гана бүтүрүүчүсү 12-классты аяктаган. Окуучулар, ата-энелер: “Окуу китептери боюнча көйгөйлөр абдан көп, окуу программасы түшүнүксүз. Билим берүү министрлиги алгач кырдаалды изилдеп, анан эксперимент жүргүзүшү керек болчу” деген пикирлерин калтырышкан. Ал эми мугалимдер: “12-класста окуу китептери бир эле, ушул күнгө чейин 11-класстын программасы боюнча окуйбуз. Кээ бир айырмачылыктар, терминдер, темалар бар, бирок негизги программа 11-класстын окуу программасынын уландысы эле болуп калган” деген пикирде.

Кол өнөрчүлүктү эле эмес, жарандык позицияны да калыптандыруу үчүн зарыл

Кыргыз Республикасы 12 жылдык билим берүү моделин жаӊыдан этап-этап менен киргизүүнүн алдында турган учурда, бул системаны ийгилитүү ишке ашыра алган мамлекеттеринин тажрыйбасын изилдеп, жетишкендиктерине жана көйгөйлөрүнө көнүл бурса, ийгиликтүү иш болот деп эсептейбиз.

Биздин сунуштар:

  1. Билим берүү культунун орун алуусу, мугалимдин жогорку статусу эң маанилүү.
  2. Педагог жана психологдор 12 жылдык билим берүү системасы баланын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен эң оптималдуу экенин белгилейт: 15 жаштагы адамда рефлексивдүү ой жүгүртүү механизмдери калыптанган, б.а. башка адамдарды жана анын коомдогу максатын аныктайт. Орто мектепте үч жыл окуу кол өнөрчүлүктү гана эмес, жарандык позицияны калыптандыруу үчүн зарыл. Бала башталгыч мектепти бүтүргөн 12 жаштан кийинки мезгилде кызыкчылыкты калыптандырууга мүмкүнчүлүк бере турган уюмдун менчиги 15 жылдан кийин ар бир студент профессионалдык жактан өзүн өзү аныктоого өтө алат.
  3. Билим берүүнүн теория жана практикасын жалпылай турган болсок, 12 жылдык окуу пайдалуу, анткени орто мектепте балдар өздөрү тандаган профилдеги дисциплиналарды көбүрөөк окуйт жана университетти аң-сезимдүү тандай алат.
  4. Моделдештирилген мектеп программасында окуучуга пайдалуу билим берилет, балдар ырларды, эрежелерди жана формулаларды жаттап эмес, өз оюн айта билүү, маалымат издөө, эсепке алуу жөндөмдүүлүгү жогорулайт жана өзүнүн укуктарын, мыйзамдардын окуп, билет.
  5. Мектептеги билим берүүнүн сапатына таасир этүүчү эң маанилүү факторлордун ичинен 12 жылдык билим берүү моделине мугалимдерди даярдоо системасы өзгөчө мааниге ээ болот.

 

Миргүл ЭСЕНГУЛОВА,

И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика

кафедрасынын профессордун м.а.,

Жаңылай ТҮМӨНГАЗИЕВА,

“Жогорку мектептин педагогикасы”

багыты боюнча И. Арабаев атындагы КМУнун

2-курсунун магистранты

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер