12 жылдык окуу модели: Бишкектин мектептериндеги даярдык
- 20.03.2024
- 0
Кыргызстан этап-этабы менен 12 жылдык билим берүүгө өтөт. Министрлер кабинети өткөн аптада «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» тескемени жактырса, президент министрликке жана өкмөткө бир катар тапшырмаларды берди.
12 жылдык моделде алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алса, мектепке даярдоо толугу менен мектепке чейинки билим берүү системасына өтөт. 10-11-12-класстарда кесипке багыт берүү иштери башталат. Ошондой эле мектептер эл аралык стандартка ылайыкташып, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
12 жылдык окуу системасына өтүүнүн жол картасы бир ай аралыгында иштелип чыкса, анын финансылык, демографиялык, социалдык так эсеби белгилүү болот. Бирок ага чейин эле Бишкектеги бир катар мнктептерде жаңы моделге өтүүгө колдоо жана даярдык жөнүндө сөз кылышууда.
№69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы. Директору Сайрагүл Атаеванын айтымында, 2024-2025-окуу жылында өтүү чечими кабыл алынып калса, ага мектеп даяр. Анткени башталгыч класстарды окутуу үчүн керек болгон кошумча жаңы имарат курулуп бүтүп, ишке берилген.
“Жаңы имарат салуу жөнүндө чечим 2019-жылы кабыл алынып, салына баштаган. Биз жакында эле колубузга ачкычын алып, учурда ал жакта башталгыч класстын окуучулары окуп жатышат. Эгерде кошумча имаратыбыз болбосо кыйыныраак болмок. Себеби жыл сайын 1-класска 10дон класс-комплект түзүп, 350 окуучу кабыл алчубуз. Келе жаткан окуу жылы 16 класс-комплект, 560 окуучу кабыл алганга даярдык көрүп жатабыз. 16 класстын ичинен 8 классы даярдык көргөн, 7 жаштагы балдар. Булар 11 жылдык программа менен окуйт. Ал эми дагы 8 класста 5-6 жаштагы балдар, алар 12 жылдык программа менен окуп калышы ыктымал”, – деди жетекчи.
Ал министрликтин тапшырмасын ишке ашыруу үчүн мугалимдери квалификациясын жогорулатуу окууларынан өтүп жатканын, ошондой эле быйылкы окуу жылына жетпеген мугалимге педагогикалык багыттагы университеттерге кайрылуу жолдогонун кошумчалады.
Ал эми №42 мектептин директору Гүлнара Жумакадырова министрликтин демилгесин ишке ашырууда кайталап окута бербей, жаңы стандарттарга өтүүнүн маанисине токтолду.
“2015-жылдан бери 480 сааттык “Наристе” программасы бар. Ал программа менен учурда 100 бала окуп жатат, 50 бала кыргыз, 50 бала орус тайпасында. 12 жылдык билим берүү ишке ашып калса, балдар алты жашынан биринчи класста окуп, бир эле программаны кайра-кайра кайталап окубай калмак. Экинчиден, азыр убакыт ордунда турбайт. Биз дагы дүйнө жүзүндөгү процесске аралашып, программаны жаңылап, азыркы балдарга ылайыктап өзгөртүүбүз керек. Мурунку биз окуткан стандарт менен сабак өтө албай калдык, инновациялык технологиялар, жаңы стандарттар менен сабак өтүүгө ылайыкташыбыз зарыл”.
“Мисалы, PISA, ЖРТнын суроолорун карап отурсак, биздин берип жаткан билимге такыр дал келбейт. Ал жакта суроолор башка, биз окуткан билим башка. Окуучулардын жетишкендигин баалаган PISA сынагында Сингапурдун окуучулары алдыда. Бул жерде окуучуну жаттама көндүмдөрдөн кетип, өз алдынча ой жүгүртүү, чечим кабыл алуусуна багытташат экен. Биз да ошол усулдар менен окутсак эмнеге болбосун?..”, – дейт директор.
Бул мектепте башталгыч класстардын 20дан ашык мугалими “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан окуп бүттү. Жайында дагы 60ка жакын мугалим окуйт. Сабактарында STEM билим берүү технологияларын, окутуунун жаңы ыкмаларын колдонууну үйрөнүүдө. Ошондой эле PISA-2025ке катышууга окуучуларды даярдоодо.
“Министр бул программа бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат дебедиби, биз жаңы китептер келерин күтпөй эле мугалимдерибиз ар тараптуу изденип, маалыматтарды интернеттен алып окуп, даяр бололу деп таанышып жатат”, – деп кошумчалады Гүлнара Жумакадырова.
“12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Министрдин түшүндүрмөсүндөгү ушул жери ата-эне жана мугалим катары мага абдан жакты. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик атайын сабактарга көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет экен. Окуучу өз кызыкчылыгына жараша кесип тандап, окууну бүткөндө бир багытты тандаганга даяр болуп чыгат. Ошондой эле эгерде балаңыз Кыргызстанда мектепти аяктагандан кийин чет жакта билим алуу үчүн окууга тапшыра турган болсо, бул ыңгайлуу. Себеби бул окуу Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет. Бизде мындан эки жыл мурун бир окуя болгон, Самара деген окуучубуз Чехияга тапшырам деп аттестатынын үлгүсүн көргөзсө кабыл алган эмес. Себеби ал жакта 12 жылдык билимдин аттестаты талап кылынат. Ошол учурда алар министрликтен кошумча маалым кат алуу керек экенинен кабары жок болуп калып калышкан, алар билип, маалым кат алгыча тапшыруу убагы өтүп кеткен”, – дейт борбор шаардагы №51 мектеп гимназиянын башталгыч классынын мугалими Кымбат Осмоналиева.
Агартуучу бул мектепте 2024-2025-окуу жылына болжолдуу түрдө 200 бала башталгыч биринчи класска барарын, башка мектептердей эле мугалимдер да даярдыктан өтүп жатканын кошумчалады.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер