12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: АР БИР БАЛАГА САПАТТУУ БИЛИМ

  • 10.06.2024
  • 0

Бишкекте «Мектептер 2030» глобалдык форум өтөрдүн алдында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мектептик билим берүүнү реформалоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы ортосунда кол коюлган жеңилдетилген кредиттик макулдашуу боюнча баяндама жасап, ошондой эле ар бир балага жеткиликтүү,  сапаттуу жана татыктуу билим берүүдө 12 жылдык мектеп моделине көчүү боюнча презентация жасады.

12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: АР БИР БАЛАГА САПАТТУУ БИЛИМ

2023-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен  Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы гранттык макулдашууга кол коюлган эле. Мектептик билим берүүнү реформалоо боюнча  жеңилдетилген грантты алуу боюнча долбоор Жогорку Кеңештен эки жолу тең өтпөй калганын министр баса белгиледи.

— 20 млн доллар грант, 20 млн доллар кредит 32 жылга жеңилдетилген төлөм менен берилет. Сегиз жыл 1% менен, ал мөөнөт өткөндөн кийин 1,5% менен төлөнөт. Бул долбоор эмнеге багытталат? Бүткүл дүйнөдө STEM (математика, инженерия, технология, программалоо) кесиптерине багыт коюлуп жатат. Союздан бери бул предметтерди материалдык, дидактикалык жактан, ошондой эле инфраструктурасын жабдуу боюнча дээрлик иш жүргөн эмес. Долбоор төмөндөгү максаттарды ичине камтыйт. Ал үч багыттан турат: 1. Так илимдер боюнча мугалимдерди даярдоо. Предметтик стандарттардын жаңы муундагы стандарттарды жазып чыгуу.  Окутуунун сапатын жогорулатуу. 3. Инновациялык мектептин тармактарын бекемдөө. Президент С.Жапаров түзгөн “Акылман” мектебинин жыйынтыгын көрдүк. STEM-багытында бир жылдын ичинде эң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары таптак англис, технология тилинде сүйлөп, дүйнөлүк олимпиадаларга 7-класстан баштап катышып жатат. Дал ошондой прототиптүү мектептер ар бир облуста бар. Бирок алар талапка жооп бербей калган, — деди министр.

Андан ары министр ар бир компонентке токтолду. Алсак, биринчи компонентте — билим берүү стандарттары кайрадан каралып чыгат. Билим берүү, эмгек рыногу өзгөрүп жаткан мезгилде 97%дан  ашык кесип STEMге байланышкан.

— Президент С.Жапаров Кыргызстандын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү бир гана билим берүүнү жакшыртуу аркылуу жетишүү максатын койгон. Кыргызстанга тиешелүү кесиптер: күн, шамал, суу, энергия жаатындагы адистерди даярдоо жана чакырыктарга жооп берүү. Бул климаттык өзгөрүү, азык-түлүк, ошондой эле экологиялык коопсуздуктарга жооп бере турган адистерге даярдоо. Экинчи компонентинде мугалимдердин кесиптик стандарттарын кайрадан иштеп чыгабыз. Чындыгында бүгүнкү күндө кадрларды даярдап жаткан педагогикалык окуу жайлар өткөн замандын пландык экономикага даярдалган рынок экономикасына даярдалбаган педагогикалык стандарттар менен иштеп жатат. Бүгүнкү күндө жаттама эмес, өнүктүрүүчүлүк жана, ошондой эле балдардын проектик технологиясына багытталган адистерди даярдоо зарыл. Үзгүлтүксүз профессионалдык өнүгүү же кесиптик  квалификациянын үзгүлтүксүзүн камсыз кылуу керек, — деди Д.Кендирбаева.

Андан соң министр, буга чейин  беш же үч жылда бир мугалимдердин кесиптик квалификациясы өркүндөтүлө турган болсо, бүгүн ар бир беш, он беш күндө бүт технология өзгөрүп жатканын белгилеп, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу системасы дагы түп-тамыры менен мугалимге багытталган жеткиликтүү окуу системасы түзүлөт. Ошол эле учурда өзгөчө STEM тили – англис, технология тили. Ошондуктан тандалып алынган пилоттук мектептерге академиялык жана финансылык эркиндик берүү менен STEM боюнча англис тилин үйрөтүүнү дагы колго алынарын баса белгиледи. Үчүнчү компонентте – олуттуу административдик, илимий-педагогикалык жана финансылык өз алдынчалыкка ээ болгон инновациялык мектептердин тармагы кеңейтилет. Ар бир облуста мыкты мектептердин моделдери сунушталат.

— 23 инновациялык мектеп түп-тамыры менен модернизация болот. 53 мектеп, анын алдындагы кластердик мектептер толугу менен STEM-тармагы боюнча лабораториялык-коммуникативдик, ошондой эле илимий жабдуулар менен камсыз болот, б.а. заман талабына ылайыктуу. Ошол эле учурда 53 пилоттук инновациялык мектепте 63 миң окуучу, 3500 мугалим эң жогорку деңгээлдеги даярдыктан өтөт. Жети педагогикалык университетте мугалимдерди даярдоо стандарттары кайрадан каралып чыгат. Ошондой эле 34 предметтик стандарттар иштелип чыгат. Өзүбүздүн билим берүү суверенитетин эске алуу менен дүйнөлүк алдыңкы STEM-технологияларын Кыргыз мамлекетинин саясатына, билим берүү суверенитетине ылайыкталып чыгат, — деди Догдуркүл Шаршеевна.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна толук жооп бергенден кийин, министр 12 жылдыкка өтүү боюнча презентациясын сунуштады.

Эмне үчүн 12 жылдыкка өтүү керек?

Д.Кендирбаева 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүнүн  максаттарына токтолду. Алар: негизги STEM-предметтерди терең  өздөштүрүү, аттестат алуу менен бирге бир кесиптин ээси болуп чыгат. Аналитикалык жана көйгөйлөрдү  чечүү көндүмдөрүн, критикалык ой  жүгүртүү жөндөмдөрүн жана медиа сабаттуулукту өнүктүрүү; маалымат менен иштөө, жашыл  экономиканы түзүү, аң-сезимдүү  жоопкерчилик, Кыргыз жараны; жаңы технологияларды прогрессивдүү жана креативдүү  колдонуу; социалдык–коммуникативдик  көндүмдөргө: чет тил, тарых, арт, командада иштөөгө, өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга, өмүр бою билим  алууга үйрөтүү болуп эсептелет.

— Президентибиз С.Жапаров: “Жаштар 21-кылымда өзүн ишенимдүү сезип, жогорку деңгээлдеги билимге жана көндүмгө ээ болуп, дүйнөлүк коомчулукта курдаштары менен ийгиликтүү  атаандаша алышы керек” деп белгилеген. Жаңы 12 жылдык окуу программасы 1-6 класс (0=1) (6-11 жаш) — 6 жаштагы балдарды 100% билим берүү менен камтуу (ата-эненин чыгымын үнөмдөө,  балдардын эрте  өнүгүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу); 7-9 класс (12-14 жаш) — функционалдык  сабаттуулук –  турмуштук кырдаалды чечүү  үчүн билгичтиктерин,  жөндөмдөрүн,  көндүмдөрүн калыптандыруу; 10-12 класс (15-17 жаш) – адистештирилген программалар  (физика-математика,  лингвистика, программалоо)  кесипке багыттап  окутуу (минимум –  тигүүчү, ашпозчу, жыгач уста,  мейманкана  сервиси). 197 өлкөнүн ичинен 150 өлкө 12 жылдык мектеп системасында билим берет, — деди Д.Кендирбаева.

Өлкө 12 жылдык мектептик билим берүүгө  өткөн учурда жарандардын  кооптонуусу болбой койбойт. Балдар 19  жашында мектепти  аякташат дегени менен, 1-класс 6 жаштан  башталгандыктан,  12-класста мектепти бүтүрүү  17 жаштан кеч  эмес болот. Балдар 6  жашында мектептен  кыйналат деген дагы доомат жок эмес. 6 жаштагы 1-класстын  окуучуларынын  жүктөмү күнүнө максимум 140 гана  мүнөттү түзөт. Ал эми мугалимдердин  саны жетишпейт деп да айтылып жатат. Педагогикалык  факультеттердин 3-4-курстун окуучулары дуалдык  системасынын  негизинде мектептерде иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан сырткары дагы бир топ чындыкка дал келбеген фактылар айтылууда.

— Реформанын милдеттери — жаңы билим берүү стандарттарын иштеп  чыгуу, эл аралык тажрыйбаларга негизделген  окуу пландарын жана программаларын ишке ашыруу жана адаптациялоо; 12 жылдык стандартка ылайык педагогикалык  кадрларды окутуу жана кайра даярдоо; профилдик билим берүүгө инфраструктураны  ылайыкташтыруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу; окуу китептерин жана куралдарын жаңыртуу жана санариптештирүү аркылуу жеткиликтүү кылуу; Кэмбридждин 12 жылдык стандартындагы окуу китептерин адаптациялоо жана басып чыгуу, — деди министр.

Билим берүүнүн бардык үч баскычында (башталгыч, негизги жана жалпы орто) бир  мезгилде өтүү – 12 жылдыкка үч эсе тез өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. 1-гана баскычта «секирүүдө» 12 жылдык программага өтүү 12 жылга созулат, 2-баскычта «секирүү» 6 жылга, 3-баскычта – 4 жылда толугу менен 12 жылдыкка өтүүгө  мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле 2024-ж.1-сентябрында  6 жашка чыккан бала  милдеттүү түрдө 0-класска барат. Ал 2025/2026-окуу жылында дароо  2-класска которулат. 12 жылдык мектепти  аяктагандыгы  тууралуу аттестат биринчи жолу 2028-жылы берилет. 2025/26-окуу жылы – 1-, 2-, 5-, 8-класстар жаңы 12 жылга  адаптацияланган окуу китептери (математика, илим  (science), англис тили) менен  окушат. 2026/2027-окуу жылы 3-, 6-, 9-, 11–класстар, ал эми  2027-2028-окуу жылы бардык  класстар жаңы математика,  илим, англис тили окуу китептери менен окушат.

Моделдин артыкчылыктары

— 12 жылдык программаны ырааттуу киргизүү, жогорку баскычка жаңыланган программаны киргизүү, 12 жылдык билим жөнүндө документти эртерээк (2028-жылы) алууга мүмкүндүк берет, улуттук контент этап-этабы менен адаптацияланат, ишке ашыруу этаптары донорлордун финансылык, материалдык жана эксперттик колдоо көрсөтүүлөрү менен  синхрондоштурулган, — деди министр айым.

Ошентип, министр депутаттардын кызыккан бардык суроолоруна жооп берип, социалдык саясат комитетинде каралган бардык маселелер колдоого алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер