12 ЖЫЛ ЖАКШЫ. БИРОК АКЫРКЫ ЭКИ КЛАССТА ЭМНЕЛЕР ОКУТУЛАТ?

  • 15.04.2022
  • 0

Редакциядан:

Жаш журналист Нурболот Азаматтын бул суроосуна жооптун бир бөлүгү Билим берүү жана илим министрлигинин сайтындагы 12 жылдыкка өтүүнүн шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө расмий түшүндүрмөсүндө камтылыптыр.

… Мектеп окуу программасы жалпысынан жүктү азайтып, 12 жылга текши бөлүштүрүү менен кайра каралат. Бул балдарга өнүктүрүүчү ийримдерге, спорттук секцияларга, өздөрү кызыккан курстарга, өсүп жаткан организм үчүн абдан маанилүү болгон эс алууга көбүрөөк бош убакыт калтырууга мүмкүндүк берет. Башталгыч класстарда үй тапшырмаларына 1,5 сааттан ашпаган убакыт, ортоңку класстарда – 2,5 сааттан ашпаган убакыт, жогорку класстарда – 3,5 сааттан ашпаган убакыт кетет.

12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет.

12 жылдык мектепте окуучунун каалоосуна жараша 3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстарынан өтүп, кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттөрдө жөнөкөй, бирок эмгек базарында өтүмдүү кесипти алуусуна убакыт болот.

Бул суроого толугураак, тагыраак жоопту чогуу издешибиз керек окшойт. Ошондуктан келерки санда дагы бир макаланы талкууга коёбуз.

Билим министринин биздеги билим берүүнү дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырууга жасаган кадамдары мактоого арзыйт. Эртеби-кечпи, биз буга келмекпиз, келишибиз керек болчу. Мезгил талабы ушул.

 

12-класстан тышкары эл аралык стандарттарга тез арада шайкеш келтиришибиз керек болгон нерселер бизде абдан көп. Маселен, 2ден 5ке чейинки баалоо системасын постсоветтик чөлкөм гана тааныбаса, дүйнө окуудагы орток бааны (0.0дөн 4.0гө чейинки GPA) гана кабыл алат. Бааны тааныбайт дегендик — биздеги баа көрсөтүлгөн аттестаттар, дипломдор же башка документтер да эч жерде күчкө ээ эмес дегендик.

Билим берүүбүздүн дүйнө тааныган нормалардан айырмаланып турганынын кесепетин чет өлкөгө окууга тапшырып көргөндөр абдан жакшы түшүнөт. Тапшырган окуу жайы 12-жылды талап кылгандыктан, бир жыл кошумча башка окуу жайга тапшыра турат же ошол окуу жайдын даярдоо курсуна отурушат. Бул ашыкча убаракерчилик, чыгым. Бул аз келгенсип, бааларын да тааныбай туруп алгандыктан, аларды да кайрадан иреттеп, аттестаттагы “4-5терин» GPA системасына ылайыкташы керек. Бул өзүнчө машакат, ашыкча кагаз.

Кыргызстан менен дүйнөнүн бул тармактагы дагы бир айырмачылыгы — илимий даражалар. Бул жаатта биз коңшуларыбыздан да арттабыз. Азыр «Илим кандидаты» деген түшүнүк жок. Дүйнө тааныган PhD даражасын киргизүүнүн зарылчылыгы жөнүндө өлкөдөн чыкканда илим доктору, өлкөгө киргенде кандидаты болуп калган илим адамдарыбыз зар какшап айтып келишет. Эки жылдык жогорку билими барларга берилчү Associate’s Degree даражасынын эквивалентин да иштеп чыгышыбыз шарт.

Баарыбыз билим жаатында дүйнө менен алака түзгүбүз келет, жаштарыбыз четте окуса дейбиз, өлкөбүзгө алдыңкы илим адамдары келип, иштешин каалайбыз. Андай экен, бул тармакта калыптанган дүйнөлүк орток талаптарды өз өлкөбүздө ишке ашыра беришибиз керек.

Министрдин демилгесин толук колдоого өтүүдөн мурда, бир суроого жооп алгым келет:

Билим берүүбүздүн сырткы формасы гана дүйнөлүк стандартка ылайыкташып, мазмуну мурдагы бойдон калбайбы? Азыр 10-11-класстын темалары жалпы кайталоо менен гана чектелет. 12-класста эмнелер окутулат? 6 жаштагыларды окуучу катары мектепке кабыл алган соң, аларга өтүлчү программада курактык, психологиялык өзгөчөлүктөрү эске алынабы?

Канааттандырарлык жооп болсо, бул реформаны баарыбыз колдойлу.

Нурболот Азамат

 

Бөлүшүү

Комментарийлер