№ 1 “ШООЛАНЫН” БИРИНЧИ КАДАМДАРЫ

  • 14.02.2024
  • 0

“Кудайберген” автоунаа базары тараптагы Касым жаңы конушу тээ токсонунчу жылдары жүздөгөн, миңдеген кыргыз жаштарынын көктөн тилегенин жерден төрт сотых менен орундатып, жепирейген болсо да жүрөккө жакын менчик үйлүү-жайлуу кылган, кайра куруунун шарапаты менен пайда болгон эки жаңы конуштун бири эле. Анын дагы бир өзгөчөлүгү — Маданият, Билим, Кубаныч, Шаттык, Салтанат деген көзгө сүйкүм, кулакка жагымдуу көчөлөрүндө азыр кадыресе бараандуу үйлөр, мектеп, бала бакча курулуп, бакубат жашоодон кабар берип турат.

Бишкек шаарынын 1-Май районуна караган №1 “Шоола” бала бакчасын Кубаныч көчөсүндөгү билим, маданият, салтанаттардын баарын бир уучка бириктирген эң кооз балдар дүйнөсү десек жарашчудай. Анын директору Алиман Төлөмүшованын айтымында, бала бакчанын абалы дайыма эле бүгүнкүдөй шаңдуу эмес эле. 2008-жылы курулган бул бала бакчанын биринчи кабатындагы суу түтүктөрү жарылып, ремонт иштери ырааттуу жүргүзүлбөй, дээрлик 2021-жылга чейин туруктуу иштебей келген. Дайындалгандан баштап аны оңдоп-түзөөгө баш-оту менен киришкен жаңы жетекчинин активдүү аракети жана долбоорлордун жардамы менен азыркы жакшынакай абалында балдарды кабыл алып келатканына эми араң эки жылдын жүзү болду.

— Өзүм үй-бүлөм менен ушул конушка отурукташып калгандыктан, 2001-жылы жаңы салынган №83 мектепте орус класстарына кыргыз тилинен сабак берип жүрүп, директордун мамлекеттик тил боюнча орун басары, андан кийин тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштедим. 2012-жылдан тарта мектепке чейинки билим берүү жагына өтүп, адегенде Бишкек шаарындагы №184 бала бакчасынын башчысы болуп беш жылдай иштеген соң, Көлмө жаңы конушундагы “Адеми” бала бакчасынын башчысы болуп иштеп жүрүп, эки жыл мурун ушул №1 “Шоола” бала бакчасына которулдум. Ушул арада үйрөнгөн, билген билим, тажрыйбамды эмгек жамаатым менен бөлүшүп, ырааттуу иштеп келатабыз. Аракетибиз текке кеткен жок, кызматка жаңы киришер менен оңдой берди болуп, былтыр күз айларында Социалдык өнүктүрүү коомдук фондусу менен кызматташып калдык. Фонддун өкүлдөрү ошол кезде биздин райондогу бала бакчаларды кыдырып, ал-абалын көрүп жүргөн экен. Биздин бала бакча Касым жаңы конушундагы мамлекеттик жалгыз бала бакча болгондуктан, электрондук кезекте тургандардын саны 800дөн ашык эле. Мына ошол көйгөйдү чечүү максатында уктоочу бөлмөлөрдү окуу бөлмөлөрүнө ылайыкташтыруу боюнча сунушубузду фонд колдоп, бардык шарттарды түзүп берди, — дейт Алиман Жумгалбековна.

№ 1 “ШООЛАНЫН” БИРИНЧИ КАДАМДАРЫ

Анын айтымында, бала бакчадагы алты бөлмө эки саатка эле керектелбесе, калган убакытта бош турчу. Тиешелүү органдар менен документтерди иреттеген соң, буйрук чыгып, жогоруда аталган фонд бөлмөлөрдүн баарын үч кабаттуу керебеттер, алардын матрастары, кир жуугуч машина, чаң соргуч, оюнчуктар, окуу жабдыктары, кийим-кече коюлчу шкафтары, терезе пардасы, жуурканы, шейшеби, айтор, кол аарчы, бет аарчысынан бери жабдып берген.

— Мурда бизде алты эле тайпа болчу, ар бир тайпадагы балдардын саны 60-70ке чейин жеткен күндөрү да болду. 12 тайпа болуп калгандан кийин, жаңы ачылган алты тайпага 30 баладан кабыл алдык. Баардыгы заманбап жасалгаланган бөлмөлөргө учурда 450 бала келип жатат. Электрондук кезекте дагы 400дөй бала бар. Жаңы тайпалар ачылгандыгына байланыштуу мамлекет жаңы алты тарбиячынын, алты тарбиячынын жардамчысынын штатын ачып берди, андан тышкары, медайым, ашканага жардамчысы кошулду. Штат ачуу жагынан эч кандай көйгөйлөр жаралган жок. Тарбиячыларыбыз “Балалык” программасы менен иш алып барат. Балдарга керектүү окуу куралдары жетиштүү, жетпей калган канцтоварларды, жуучу каражаттарды ата-энелер толуктап алып берип турат. Учурда ата-энелер балдардын тамак ашына акча төлөп жатышпайбы, ошону кошкондо айына эки миң сом төлөйт, — деди Алиман Жумгалбековна.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөбүздөгү мектепке чейинки курактагы балдардын 26 пайыздан бир аз гана ашыгыраагы бала бакчалар менен камсыз болгону белгилүү. №1 “Шоола” бала бакчасы бала бакчалардагы кыска мөөнөткө гана пайдаланылган уктоочу бөлмөлөрдү окуу бөлмөлөрүнө оптималдаштырууну иш жүзүнө ашыруу боюнча пилоттук долбоор болуп ачылган бала бакча болуп эсептелет. Бул ыкма кезекте турган балдарды бакча менен мүмкүн болушунча көбүрөөк тартууга жардам берет деген чоң үмүт бар. Айткандай эле, кошумча тайпалар ачылгандан бери “Шоолага” кезекке тургандар 50 пайызга азайганы байкалды. Бакчага жогоруда аталган конуштан тышкары, “Кудайберген” базарында иштеп жаткандардын, жакын жайгашкан аскер шаарчасынын тургундарынын балдары жана мектептин мугалимдеринин балдары кабыл алынат, бирок албетте, өз конушунун балдарына артыкчылык берилет.

№ 1 “ШООЛАНЫН” БИРИНЧИ КАДАМДАРЫ

Кыргыз тилдүү “Шоолада” жалпысынан 41 кызматкер иштейт, анын ичинен 17 тарбиячы, 12 – тарбиячынын жардамчысы. Мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди табуу чындыгында эле кыйын, андыктан бала бакчаларга педагогдорду кабыл алууда башталгыч класстардын мугалимдерине басым жасалат.

— Мугалимдерибиздин баары педагогдук кесип ээлери, мурда алар үч, беш жылда квалификациясын жогорулатып турса, азыр ар жылы жиберип жатабыз, себеби технология өтө ыкчам өнүгүп жатат. SТЕМ, санариптик аймак, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө басым жасалууда.

Бала бакчанын ачылганына эки жыл эле болду, азырынча конкурс-сынактарга катышуу боюнча даярдануу этабындабыз. Бирок жыл сайын шаардык, райондук жана ич ара сынактарга катышып, жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды белгилеп турабыз. Өз ишинин мыктыларынын катарына мен Анара Эсеналиева, Гүлмира Өмүрзакова, Сейил Сарбагышева, Нагима Тыналиева сыяктуу адистеримдин ысымдарын сыймыктануу менен атап өткүм келет. Педагогдорубуз чыгармачылык менен иштегенге аракеттенишет.

Биз көп тилдүүлүктү эскперимент катары эки орто топко киргиздик, мисалы, педагог сабакты эртең менен кыргызча өтсө, түштөн кийин орусча өтөт. Биздеги дагы бир жакшы жаңылыгыбыз — Гапыр Мадеминовдун ата-энелер мектебине пилоттук болуп киргенибиз болду. 2023-жылы Гапыр агай менен жолугушууга катышып аябай кызыгып калдык. Азыр жаш ата-энелер менен иштөө кыйын экенин баарыбыз билебиз. Көпчүлүк ата-энелер балдарды тарбиялоону бала бакчага, мектепке таштап коюшат, же тескерисинче, өтө эле өнтөлөп, ашыкча камкор болушат. Ата-энелер менен тыгыз иштей баштаганыбыз четинен өз жемишин бере баштады, — дейт директор.

№ 1 “ШООЛАНЫН” БИРИНЧИ КАДАМДАРЫ

Алиман Жумабековна билим берүү тармагында иштеп келатканына 30 жылдан ашык убакыт болду. 1990-жылы борбор калаабыздагы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтунун (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) филология факультетин аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун шаардагы №49 мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Үй-бүлө күткөндө өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик-техникалык училищеге которулган. Алган билимин, топтогон тажрыйбасын балдарга билим-тарбия берүүгө арнап келаткан Алиман Төлөмүшованын эмгек жамааты биринчи кезекте тажрыйбалуу жетекчисинин акыл-насаатына таянарын байкоо кыйын эмес. Бир багытта, бир максатты көздөп иштеп жаткан ынтымактуу команданын алдыда багынта турган бийиктиктери көп экенинде шек жок.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер