Жолдош ТУРДУБАЕВ: «КАЛКТЫ МАТЕРИАЛДЫК ЖАКЫРЧЫЛЫККА ТҮРТКӨН РУХИЙ ЖАКЫРЧЫЛЫК АПААТЫ КАПТАДЫ»

  • 24.02.2015
  • 0

“Жашында билим албагандардын башына азаптуу карылык келет”.

ЕКАТЕРИНА II

(1-маек)

Мен билген Жолдош Турдубаев убагында атагы ааламга кулач жайган алп жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун назарына илинип калган жайы бар. Ал тарыйка мамындай: «Кто он, “родственник-современник?”», «Айтматовская ересь», «Преодоление времени», «Художник против тоталитаризма или как Айтматов остановил поезд №17», «Эзилген эл, эсил тил», ««Манас» эпосундагы «адам өлчөө», «Япон керемети жана уйкудагы Манас», «Два полюса антинационального», «Языковая ситуация и барьеры безъязыкости» жана башка публицистикалык-аналитикалык макалалары 1990-жылдарда коомчулукта чоӊ резонанстарды жараткан. Эгемендик шарданынан кийинки эмгектери биринин артынан бири жарыяланып турган ошол кезде бул адабиятчынын чыгармачылыгына залкар жазуучу өзү да көӊүл буруп, жогору баа бергенин билебиз. Өзү кыргыз жана орус тилдеринде жазган мыкты публицист, чыгаан стилист. Учурда «Кутбилим» гезитинин илим бөлүмүнүн редактору болуп иштеп жүргөн кези. Ошондон улам окурманга омоктуу ойлорун айтаар Жокени кепке тарттык. Эс пештээр кыргыз бардыр дедик…

–  Жолдош  байке,  биздеги илим-билим тармагын жакын-дан билген кишисиз. Ошондон улам сиз менен Кыргызстанда-гы мектеп партасынан баштап жогорку окуу жайларгачейинки билим деӊгээли туурасында ачуу сөз, ачуу чындыкка жем таштаар ойлоруӊузду ортого салсак де-дим эле… Азыркыдай туташ би-лимсиздиктен чыгуу үчүн кандай реформа керек? Дегеле билим берүү озуйпасын мугалимдерге гана жүктөгөндөн мурда, биринчи кезекте билимге болгон мамиле үй-бүлөдөн башталыш керек бо-луп жүрбөсүн?

–  Баланын  билим,  таалим алышы үй-бүлөдөн башталып эле калбастан, дайыма ата-эненин кол-доосу, сүрөөсү же тескерисинче, тоскоолдук кылышы, адаштыруусу менен коштолот. Жоопкерчилик-тин баарын мектепке, мугалимдерге жүктөп салып, баласынын сабактан кийин кайда эмне кылып жүргөнү менен иши болбогон, өздөрү терс «өрнөк» көрсөтүп жүргөн замандаш-тарыбыз көп.

Студент кезде «чыныгы интел-лигент болуу үчүн үч дипломуӊ бо-лушу керек: биринчиси – өзүӊдүкү, экинчиси – атаӊдыкы, үчүнчүсү – чоӊ атаӊдыкы» деген тамаша-чы-ны аралаш сөздү уктум эле. Бизде нукура таалимдин, бардар жашоо эле эмес, инсан катары жетилүү үчүн да зарыл болгон сапаттуу би-лимдин кадырын билгендер өтө аз. Ошондуктан турмуш кургандардын бала төрөөгө же төрөтүүгө биологи-ялык жактан даярдыгына гана эмес, рухий, маданий жетилгендигине да көӊүл буруу зарыл. Эгер ата-эненин тарбия, таалим маселелери боюнча такыр наадан экендиги оркоюп кал-са (тилекке каршы, азыр ушундай мисалдар көп кездешет), алар ме-нен социалдык педагогдор, аксакал-дар соттору, аялдар кеӊештери – бир сөз менен айтканда, коомчулук ырааттуу иш жүргүзүшү керек. Ми-салы, Лейлекте Гапыр Мадаминов аттуу агай бар, «Энелер мектебин» уюштуруп жүрөт.

–  Өзүӊүз  билесиз,  биздин элде “балам, сени адам болсун деп жогорку окуу жайдан окут-тум” деп баласына колко кыл-гандагыдай ата-энелер толтура. Бирок ошол баласы алган билим турмушка керегин тийгизбеген-ден улам бизде дипломдуу бе-керпоздорду  четтен  табасыӊ. Жогорку окуу жайын бүткөндүн далайы адам болуп кетпегенин деле коомдук турмушубуздан көп эле кезиктирип жүрөбүз. Дегеле сиздин түшүнүгүӊүздө жогорку билим  менен  орто  билимдин маани-маӊызы эмнеде? Же биз бүгүн жогорку билимдүүлөргө ушунчалык эле муктажбызбы? Же  ушундай  чакан  өлкөбүздү орто билим, же кесиптик билим менен эле өркүндөтүүгө мүмкүн эмеспи?

– Жумушсуз калуунун өзү адам үчүн кандай оор! Ал эми жогорку билимдүү деген диплому бар, би-рок үй-бүлөсүн эмес, өзүнүн кара жанын бага албаган арабөк байкуш болуп калуудан өткөн кордук бо-лобу? Азыркы диплом деген кагаз-дын басымдуу бөлүгү чындыгында аны алган кишинин баёолугун же, оройураак айтканда, наадандыгын гана күбөлөндүргөн документ. Беш (азыр төрт же алты) жыл бою сесси-яда баа сатып алып, мал багуудан же дыйканчылыктан бошогонуна сүйүнгөн немелер ата-энесин да, өздөрүн да алдап жүрүшөт.

Атактуу  жазуучу  Максим Горький  башталгыч  класстарды гана бүтүргөн экен, бирок дайыма изденип окуп, турмуштун казанында кайнап, эӊ эле кыйын делген уни-верситеттер бере албагандай бай, тереӊ билимге каныккан тура. Дагы бир мисал. Биздин айылдан Бекку-лов Мансур деген киши бар. Орто мектепти бүткөн соӊ турмуш шар-тына байланыштуу окуусун улант-пай калган бул киши чындыгында абдан  билимдүү.  Азыркы  эмес, мурдагы жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн да көбү Мансур аке билгендин ондон бирин түшүнбөйт.

Дагы бир мисал. Интерфакстын кабарчысы Игорь Шестаков менен бир ирет жанаша отуруп калганда, кайсы  университеттен  окуганын сурадым… Көрсө, ал Новосибирск университетинин  журналистика факультетин 3-курстан эле таштап салып, шаардык гезитке корректор болуп жумушка орношкон экен. Ар кимдин жазганын, редакциялаганын көз алдынан өткөрүп, өзү да колунан келишинче жазып жүрүптүр. Эки жыл ичинде кадимкидей такшалып, камчы салдырбай иштеген журна-листке айланыптыр. Анын «отлич-ница» деп эсептелген курсташы окуусун бүтүп, дал ошол гезитке келгенде, эӊ эле жөнөкөй жанрлар боюнча да эч нерсе жаза албай, корректорлукка түшүп, акыры ал орундан да сүрүлүп калган экен.

Мындай мисалдар толтура. Ток этер жерин айтканда, ата-энелер балдарынын шык-жөндөмүнө, эмгек базарындагы жагдайга карабай эле дипломду гана ойлошот. Мен билим алуу, кесип тандоо жөнүндө кеӊеш сураган жаштарга дайым айтам: дипломдуу байкуш болгондон көрө колуӊдан келген каалагандай ишти – малчылык, дыйканчылык, соода, машине оӊдоо, электрик, сантех-ник ж.б.у.с. – мыкты өздөштүргөнүӊ миӊ эсе артык. Азыр бир жакшы көрүнүш байкалууда дейт менин бир таанышым – айрым техника-лык лицейлерге конкурс универ-ситеттерге караганда ондогон эсе чоӊ болуп жатыптыр. Таза иштеп, ак эмгеги менен тиричилик кылган каалагандай кесиптин адамдары мамлекеттин  эсебинен  мителик кылган «чоӊдордон» өйдө.

– Анан да биздин элде туура эмес эрегиштер абыдан көп, ми-салга: “баландайдын баласын ка-рачы, сен ошондон эмнеӊ кем?!” деген ата-энелик эгоисттик менен баласын кааласа-каалабаса да кайсы бир окуу жайга түртө сал-гандар четтен табылат…

– Ооба, кошунасынын же мын-дайыраак тууганынын уулу юрфакка же экономфакка өтүптүр деп уккан болсо, атаандаштыктан уйкусу бу-зулуп, окуу дегеле түшүнө кирбеген баласын койбой жатып киргизет па-раны олчойто төгүп контракт акысы-нан тышкары.

Дегеле биз, кыргыздар, атаан-даштыкка, тагыраагы, мунун пас, караӊгы түрүнө – эрегишүүчүлүккө жакынбыз.  Айылда  бирөө  тойго хаммер алып чыгыптыр десе, эр-теси  анын  досу  эки-үчтү  катары менен тизип чыгат. Азыр айрыкча Ош тарапта калкты материалдык жакырчылыкка түрткөн рухий жа-кырчылыктын бул апааты кеӊири жайылган дешет.

Дегинкиси, жогорураак, акылду-ураак деӊгээлде болсо, атаандаш-тык жакшы нерсе, базар экономика-сынын да жүрөгү ушул эмеспи. Биз элибиздин куру намысчылдыгын, эрегишкен куру дымагын чыныгы на-мыстуулукка, утурумдук эмес, узак мезгил бою элдин эсинде калгыдай зор иштерди жасоого умтулган мак-саттарга багыттап, наадандыкты дайыма ашкерелей жүрүшүбүз ке-рек деп ойлойм. Төгүп-чачып жеген-ден кийин ашказандан ары кеткен тамак көп болсо 1-2 жыл анча-мын-ча соргоктун эсинде калат. Андан көрө ошол ысырапчыл аш-тойлорго корогон чыгым таланттуу балдарга, мыкты мугалимдерге стипендия, сыйлык, байге катары сарпталса дейсиӊ. Ошондой саамалыктарды уюштуруп берген сүрөөнчүлөрдүн жардамын бир нече муун эскерет, элге  пайдасы  да  миӊ  эсе  бийик болмок.

–  Бүгүнкү  күндөгү  мектеп-тердеги, ЖОЖдордогу көмүскө түрүндө да, ачык түрүндө да кана-тын жайган коррупция канткенде жоюлат деп ойлойсуз?

– “Ойлогон ойду кыстаган тур-муш жеӊет” деген эмеспи илгер-килер. Менимче, мамлекет бекер билим берет деген конституциялык жобону тийиштүү мыйзамдарда, жо-болордо турмуш кыстоосуна жа-кындатып такташы керек. Акысыз билим берүү керек, зарыл, бирок канчалык өлчөмдө, кимдерге? Бюд-жеттен мектепке эле эмес, бардык тармактарга делген чыгымдардын канчасы качан каякка ким аркылуу жумшалып, натыйжасы, кайтарымы кандай болуп жатканы, туура эмес жумшалган же коромжу кылынган каражат үчүн ким жооп берери атай-ын сайттарда чагылдырылып туру-шу керек деп ойлойм. 90-жылдары Чынара Жакыпова Соростун про-граммалары боюнча Кыргызстанда сарпталган акчанын ар бир центине чейин гезиттерге жарыялап турчу эле го, жарнама акысын да төлөп. Азыр салык төлөөчүлөрдөн түшкөн каражаттын чыгымдалышын элге көрсөтүп туруу үчүн кагаз, басма-кана чыгымдары ж.б. да кетпейт.

Анан мектепке бюджеттен тыш-каркы каржы булактарын тартуу мүмкүнчүлүгүн болушунча кеӊейтүү зарыл. Ата-энелерден алынуучу жардамдын да сарпталышын дайым жарыя кылып турса жакшы болор эле. Айтайын дегеним – мугалим-дердин эмгек акысын номиналдуу эмес, реалдуу түрдө көтөрбөсө, би-лим пайдубалы борпоӊ бойдон кала берет. 5-6 миӊ сом алган мугалимди жакшы иште деп кантип айтабыз?

– Чын-чынында биздеги би-лим берүү тармагы бүгүн эле кор-рупцияланышып кетти дегенге да болбойт, эсиӊиздеби, тээ Совет доорунда деле баласын жогорку окуу жайга окутуш үчүн далай ата-эне жалгыз чычкак улагы болсо да сатып, борбордо тааныштан тааныш издеп эле жүрчү?.. Айтор пара бермей адатыбыз канча му-ундун кан-жанына сиӊип калганы туурасында да унутпашыбыз ке-рек ко дейм: азыркы коррупция тамырын кантип жулабыз дегенден мурда?

– Пара бермей адат – рухий малайлыктын көрүнүшү. Жок эле дегенде дипломдуу деп эсептелиш-ти (муну шылтоолоп беш жыл бекер жүрүштү), болбосо эптеп мамле-кеттик кызматка илээшип алууну ойлошот биздин жаштар. Билими, кесиптик камылгасы жагынан теп-тегерек нөл, жеп-ичкенден башканы билбеген немелер мамлекеттик кыз-маттарга илээшип, атүгүл депутат болуп жатканын көргөн соӊ жаштар алдамчы үмүткө азгырылат го. Бул коомдо мите түзүмдөр үстөмдүк кы-лып жаткан жагдайдын туундусу деп ойлойм. Элдин наадандыгы башкаруу тутумундагы (система-сындагы) мителердин кутурушуна өбөлгө түзүүдө.

Жаман көрүнүп болсо да, ачуу чындыкты көбүрөөк айтып турсак, балким, жүз кишиден бири серге-гирээк ойлонуп, балдарына, туу-гандарына да таасирин тийгизер? Ушул жерден бир олуттуу нерсени тактай кетпесек болбойт. Мисалы, коррупция бардык тармактарга – бала бакчадан, мектептен оорука-наларга чейин – жайылды деген сөз өтө көп айтылып жүрөт. Муну айрыкча жогорку даражалуу билер-мандар көп кайталайт. Эмне үчүн? Менимче, мугалим баш, ак халатчан врач төш болуп пара алып жаткан соӊ, бизди сындабай эле койгула дегени алардын. Бирок бул 99 пай-ыз калп. Мугалимдердин басымдуу көпчүлүгү чемичке, тамеки сыяктуу майда-барат саткан базарчынын бир жумалык пайдасына жетпеген-дей айлык алганына карабастан, мектептен кетпей, колунан кели-шинче сабак берип жатат. Лейлек-тик Гапыр агай бул боюнча мындай деген эле: «Азыр депутаттыкка жу-лунган бирөө карыяларды чакырып чай берсе, беш-алты кишиге жарым тоннадан көмүр түшүрүп берсе, жур-налисттер ошону айга-күнгө теӊеп мактап жатып калышат, кайрымду-улук кылды деп. Чындыгында бир дагы бай, мансапкор мугалимдерче-лик сооп иш кыла элек: агайлар ме-нен эжейлер түйшүктүү мээнетинин жарымына да арзыбаган айлыкка, демек, калганын бекер иштеп берип жатат».

Албетте, беш манжа теӊ эмес, жакшы бааларды, кызыл аттестатты соодалап жүргөн мителер мектепте да бар. Айрыкча университеттерде студенттерден акча албаган оку-туучулар жокко эсе болуш керек. Бирок айлыгынын аздыгынан та-кыр сабакка келбей, баарын акча менен гана бүтүрүп жүргөндөрдөн алгандар менен мыкты окуган бал-дардын да канын соргон мителерди айырмалоо керек.

Бизде билим берүү тутуму ба-зар экономикасына өтө албай жа-тат. Жок дегенде контракт менен окугандар эмнеге төлөп жатканын ойлосо жакшы болор эле. Жалган баа, иш жүзүндө жасалма диплом үчүнбү  же  сапаттуу  билим,  тур-мушта керектүү адис кылып окутуп үйрөткөнү үчүнбү? Жакшы окуткан окутуучуларга, мугалимдерге эл да, колунда бар ишкерлер да, ар кандай фондулар да жардам бериши керек.

Олжобай ШАКИР

Поделиться

Комментарии