Жан дүйнө жарыгы Азис жана көзү начар көргөн окуучулар «Эн белги» менен комуз черткенди үйрөнүп жатышат

  • 22.11.2013
  • 0

“Айгине” маданий-изилдөө борбору Азис жана көзү начар көргөн жатак-мектебинин окуучуларына комуз үйрөтүү боюнча семинарын баштады. Тагдыры тайкы балдарды Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, обончу Нурак Абдрахманов өзү жетектеп, “Эн белги” ыкмасы менен комуз черткенди үйрөтүп жатат. Аз убакыттын ичинде 14 окуучу кыргыз күүлөрүн чертип калышты.
Гүлнара Айтпаева, «Айгине» маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору, “Маданияттын мыктысы”:
-Биз баштаган долбоор – мүмкүнчүлүгү чектелүү жана дени сак балдардын байланышы аркылуу жаштардын маселелерин чечүү жана алардын чыгармачыл дараметин күчөтүүнү көздөйт. Комузга үйрөтүү менен эки ар башка дүйнөдө жашаган жаш адамдарга жалпы баарлашуу, катышуу шартты түзүп берип, комуз үйрөнүү аркылуу жаштар бири-бири менен тыгыз байланышып, билгени билбегенин үйрөтүп, тажрыйбалары менен алмашсын дедик. Буюрса, долбоордун жыйынтыгында долбоордун катышуучуларынын чоң концерти көрөрмандарга тартууланат. Мындан эки жыл мурда “Эн белги” ыкмасын жайылтууну баштаган элек. Европалык системага караганда, Нурак Абдрахманов иштеп чыккан эн белги менен комузду жеңил жана бат үйрөнсө болот.
Биринчи жылы бул ыкма менен үйрөнгөнгө жети дубандан мугалимдер келген. Аларга мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды кошсок кор болуп калгандай сезилди. Анткени мугалимдер беш күүнүн ордуна он күүнү үйрөнүп, керек болсо өздөрүнүн ырларына чейин чыгарганга жетишти. Экинчи жылы да азис балдарды алалы десек, кайра мугалимдер келди. Анан дегеле оюбуздан ушул мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар кетпей койду. Биздин кызматкерлер бир нече уюмга долбоор жазып, акырында “Сорос – Кыргызстан” фондунун Жаштар программасы бул оюбузду колдоп, катышычуулардын комуздарына, тамагына, жол киресине каржы бөлүп берди.
Кээ бир көзөмөлчүлөр “бул долбоор абдан татаал, күн сайын иштеш керек” дешти. Ырас, биз кандай кадамга барып жатканыбызды да түшүнгөнбүз. Ошентип, 10 баланы алдык. Чындыгында, башталышы абдан татаал болду. Үч күн катары менен күн сайын балдар менен иштедик. Кийин дагы медакадемияда окуган, начар көргөн төрт студент суранышты, ошентип учурда 14 адам үйрөнүп жатышат. Долбоорго мурда агайдан комуз үйрөнүп кеткен волонтерлорду тарттык. Анткени Нурак агай жалгыз баарына түткүдөй эмес. Биз бир жумада мектептен кийин үч жолу алып келип, тамактантып, анан окутабыз. Эки айда эмнеге жетишкендерин үчүнчү айда төрт күн катары менен текшеребиз. Буюрса, “Нурак жана шакирттери” деген чоң концерт уюштурабыз. Анда белгилүү ырчылар комуз, скрипка, баяндын коштоосунда ырдайт.
Ар бир катышуучуга 10 комуз алып бердик, ал долбоордон кийин балдарда калат. Сүйлөшө келсек, азис жана көзү начар көргөң балдардын жалпы деңгээли жөнөкөй мектептерден жогору экен. Калиман Амановна Урсеитова жетектеген интернатта билим берүү жана жашоо шарттары жакшы бир денгээлде кармалып келгенин кабарлайт. Ушул мектептин бүтүрүүчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов экенин да балдар сыймыктануу менен айтышат.

Раиса Иманалиева, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын студенти:
-“Азисдер коому” медакадемияга жөнөтүп, быйыл экзамен берип, массажист бөлүмүнө өттүм. Ал жерде он адам окуйбуз. Комузга үйрөткөн семинар болуп жатканын угуп, катышкым келди. Жаш курагым туура келбесе дагы, суранып жатып жазылдым. Анткени көп жыл үйдө олтуруп калып, убакытымды текке өткөрүп жибериптирмин. Музыканы жакшы көрөм, азырынча бул долбоорго кандидат кылып алышты.
Келгениме аз гана убакыт болсо дагы комузда ойноп калдым. “Эн белги” менен үйрөнүү оңой экен. Комузду колума биринчи жолу кармадым, албетте, кыйын эле болду. Берилип чертсең, бат эле үйрөнсө болот экен. Агай ар бир манжанын позициясын айтып берет, ошол боюнча жаттап алабыз. Чертип жатканда обонго түшкөндө эле кол өзү эле позицияларды таап калат экен.
Мурда ойлочумун комуз жөнөкөй эле аспап деп. Азыр өзүм ойноп, жаңы күүлөрдү укканда башка бир сүртүмдөр ачыла башталды. Уникалдуу аспап деген ой пайда болду. “Карагат”, “Алтын балалык”, “Ак кептер” деген күүлөрдү ойноп жатабыз. Комуз ойноп жатканда тоо, суу, ээн талаада ташта олтургандай сезим келе берет.
Чолпон Батыралиева, массажист:
-Жаңы эле катыша баштадым. Комузду биринчи жолу кармап жатам. Өзүнчө эле кызыгып, үйрөнүп кеттим. Нотаны билбей туруп, кайсы манжа менен кайсы кылды басыш керек экенин айтып берип, үйрөтүштү. Жаттап алып “Карагат” деген күүнү үйрөндүм.

Байкелди Рыскулов, Азис жана көзү начар көргөн жатак-мектебинин тарбиячысы:
-Бул долбоорго он окуучу катышып жатат. Алар күү черткенге жарап калышты. Обондуу ырларды чертип жатышат. Бул долбоор абдан пайдалуу экен. Балдардын эстетикалык жактан тарбия алып, өсүшүнө жардам берип жатат. Биздин балдардын айрымдары мектептеги ийримдерге катышып жүрүшчү, бирок ал жерде мынчалык деңгээлде үйрөнө алышкан эмес. Айрыкча, Нурак атанын таасири абдан чоң болду. Мындан тышкары, комузчу Данияр Касымалиев деген азис бала келип, балдар менен жолукканы дагы абдан балдарды таасирлентти. Эми биздин балдар эки-үч күүнү жакшылап үйрөнүп, концертке даярданып жатышат.

Азисбек Надил уулу, 11-класс, жатак-мектептин окуучусу:
-Негизи эле жакшы иш болуп жатат. Үйрөнгөн балдар кайра бизге үйрөтүп жатышканы мага жакты. Анткени алар бизден тажабай, колдорубузду керектүү позицияларга коюп, кандай кылып чертиш керек экенин айтып берип жатышат.
Комузга аябай кызыгамын, черткен дагы жагат. “Карагат”, “Алтын балалык”, “Ак кептерим” күүлөрүн үйрөңдүк. “Эн белги” нота эмес, жеңил ыкма экенин түшүндүк. Комуз күүлөрү мекенчилдик сезимди күчөтөт экен.

Чынарбек кызы Назгүл, 11-класс, жатак-мектептин окуучусу:
-Бул долбоор жакшы ойлонуп түзүлгөн. Булардын жардамы менен комузду жакшы үйрөнүп калдык. Комуз мекенчилдикке тарбиялайт экен. Өзүбүздүн улуттук аспап деп ойноп жатабыз. Мындан ары да комузду улантып, жогорку окуу жайдын музыка факультетине тапшырайын деген оюм бар. Албетте, кыргыз күүлөрүн укканда башка бир сезим келсе, өзүбүздүн колубуз менен ойногондо башкача сезимдер келет экен.

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии