Улутум кыргыз, урааным Манас!

  • 13.02.2015
  • 6

• Көӊүл буруӊуздар!
Урматтуу 8-9-класстын окуучулары, ардактуу агай-эжелер!
Коомдук биринчи канал жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү
жана илим министрлиги “МАНАС ТААНУУ” интеллектуалдык
телетаймашынын 2015-жылдагы чыгарылышы кайрадан
башталганын жар салат!
Долбоордун максаты:Жалпы көрүүчүлөргө жана окуучуларга “Манас”
эпосу тууралуу кеӊири маалымат берип, кыргыз элинин тарыхын үйрөтүү.
Элибиздин улуулугун, касиетин, бийиктигин, эл жерин сүйгөн баатыр эл
экендигин даӊазалап, мекенчилдикке тарбиялоо. Ошондой эле, окуучулар
бир команда болуп, мектептин (облустун) намысын коргоп, биримдик,
ынтымакта иштөөгө үйрөтүү.
Таймаштын шарты:Таймашка 8-9-класстын алты окуучусу бир ко-манда болуп катышат. Атайын жетектеген бир мугалим болот. Командага
“Манас” эпосунан алып өзгөчө ат коюшат жана ал атты жактап беришет.
Таймаш жети бөлүмдөн турат. Таймашка залкар манасчылар Сагымбай
Орозбаков, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча даярдануу керек.
Таймаштын жүрүшү:
1. “Саламдашуу” (Атын жактап, ураан чакырып, топту тааныштыруу
2 мин.)
2. “Үчилтик” (Манас бөлүмү С.Орозбаковдун варианты, Семетей,
Сейтек С.Каралаевдин варианты боюнча суроолор берилет 8).
3. “Сыр куржун” (Көөнөргөн сөздөрдү чечмелеп берүү 1 сөз, 1 макал).
4. “Манас эпосундагы жер аттары” (С.Орозбаковдун вар-ты б-ча 2 суроо).
5. “Серепчиден бир собол” (Манасчылар ж-дө 2 суроо).
6. “Күтүлбөгөн суроо” (ар бир окуучуга бирден суроо).
7. Өз ара суроо (команда атаандашына 2 суроо даярдап келет,
С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин варианты б-ча).
Өткөрүү тартиби:Республикалык алкакта өтүүчү таймаштын күн
тартиби төмөндөгүдөй:
Февральайынын башында – мектептер аралык тандоо туру.
Февральайынын этегинде – райондор аралык тандоо.
Март айында — облустар аралык тандоо туру.
2-3-4-5-майда — Республикалык таймаш (Бишкекте КТРКда).
Республикалык таймашка жети облустан жана Ош, Бишкек шаарынан
тандаган экиден топ (команда) катыша алышат. Жалпы 18 топ.
Бул күн тартибине Бишкек шаары менен Чүй облусу кирбейт, себеби
эки аймак үчүн КТРКда тандоо туру февраль айында жүргүзүлөт.
Сыйлыктар (белектер):
Республикалык алкакта өткөрүлгөн таймаштын жеӊүүчүлөрүнө:
Баш байге – 7 ноутбук(1 командага жана даярдаган мугалимге);
1-орунга – 7 ноутбук;
2-орунга – 14 планшет;
3-орунга – 14 телевизор.
Мындан сырткары Республикалык таймашка келген топтордун баарына
кызыктыруучу белектер берилет. Эӊ башкысы баш байгени жеӊген топ
Россиянын Алтай аймагына барып келүү мүмкүнчүлүгүн алат.
Башкы демөөрчү: Республикалык “Манас” жаштар ордосу, “Улуу
Баян” коомдук фонду.
Башкы өнөктөшүбүз:Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана
илим министрлиги.
Байланыш телефондор: (312) 65-67-14; (+996)705 00 21 07.
Email – [email protected]
Кундуз Аманова
“Манас”
бөлүмүндөгү суроолор:
(С.Орозбаковдун варианты
боюнча)
1. Жакыптын Туучунагын из-деп кеткен Мендибай кандай сыр
көрөт?
2. Манас төрөлөөрдөн мурда
Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт кан-дай аян алышат?
3. Чыйырды каӊгайдын кара
мергенине кимди, эмнен себептен
жиберет?
4. Жолборстун жүрөгүнө кет-кен Бадалбай Чыйырдыга эмнени
алып келет?
5. Манастын төрөлгөнүн
сүйүнчүлөп барган Акбалтага Жа-кып эмне берет?
6. Жакыптын түшүн ким жоруйт?
7. Манаска атты ким кандай
чечмелеп коет?
8. Ошпурда козу кайтарып
жүргөндө кандай сыр көрөт?
9. Манас өз ата-теги, эли-жери
жөнүндө кимден, качан угат?
10. С. Орозбаковдун варианты
б-ча Манастын жети атасын атап
берүү.
11. Жакыпты издеп келе жатып
Бай кимге тушугат?
12. Нескаранын кол салышына
Манас даяр беле?
13. Биринчи жолу Манасты ким-дер хан көтөрүшкөн?
14. Эмне үчүн Манасты экинчи
жолу хан көтөрүштү?
15. Бакай өзү менен кошо ким-ди, эмне себептен алып келет?
16. Карабөрккө Манас кандайча
үйлөнөт?
17. Манас менен кыз Сайкал-дын беттешүүсү кайда болот?
18. Текес хан Манастан кантип
жеӊилет?
19. Акун хан кайсы жерди жер-деген?
20. Таласка чалгынга Манас
кимдер менен кетет, аскерге кол-башы кылып кимди калтырат?
21. Ала-Тоого чалгынга келат-кан Манас биринчи кайсы жерге
суктанып сыйынат?
22. Кошой Манастын келээрин
сезди беле?
23. Эмне үчүн Манас Ала-Тоодо
көпкө жүрбөй Алтайга тез кайтат?
24. Манас Торучаардан кайсы
салгылашууда айрылат?
25. Алооке эмне үчүн Манас
менен согушуудан баш тартып,
качып кетет?
26. Шоорук Манас менен
беттешүүдө кантип аман калат?
27. Эсенкан эмне үчүн
Коӊурбайды Чет-Бээжинге хан
шайлайт?
28. Алмамбеттин ата-энеси ким
болгон?
29. Алмамбет менен
Коӊурбайдын эӊ алгачкы аразда-шуусу, себеби.
30. Карача эмне себептен Теке-стин оордуна «кан» болбой калат?
31. Кыз Сайкалды сүрөттөп
бергиле?
32. Буудайбек кимдин кызы?
33. Алмамбет кытай падыша-чылыгы (хандыгы) колдонулган
кайсыл адаттарга каршы болот?
34. Манас Алмамбетти көрүп,
кайсы баатырларын аны сынап
келгенге жиберет?
35. Алмамбет келгенде Манас
эмнелерди тартуу кылат?
36. Алмамбет кайсы тулпарды
минип келет?
37. Манас атасы Жакыпка өзүнө
ылайык жар таап беришин жана
ала турган аялы кандай болушун
талап кылат?
38. Бай Жакып жанына кимдер-ди алып, кыз издеп жөнөйт?
39. Жакып Санирабиганы эмне
деп сынайт?
40. Каныкейди сүрөттөп берги-ле?
41. Атемир Жакыпка Санираби-ганы же кызын бербеш үчүн кандай
(калыӊды) амалды ойлойт?
42. Ууда жүрүп, Манас менен
Алмамбет кандай түш көрүшөт?
43. Арууке кимдин жары?
44. Көзкамандар ууландырганда
Манас эмне деп арман калат?
45. Көкөтөй канча жашка чык-канда көз жумат?
46. Бокмурун атасы өлгөндө
кайда эле?
47. Көкөтөй көз жумганда Манас
топурак салды беле?
48. Бокмурун Көкөтөйгө аш
берүү үчүн кимдерди чогултуп
кеӊеш кылат?
49. Эмне себептен Көкөтөйдүн
ашында Төштүк Жолойго каршы
күрөшкө чыкпай коет?
50. Көкөтөйдүн ашында Кошой
кимдерге эмнеге эмне деп бата
берет?
51. Эмне себептен, Каркыра
өрөөнү Көкөтөйдүн ашын өткөрүүгө
ылайыктуу деп табылат?
52. Көкөтөйдүн ашында Жам-быны ким атып түшүрөт?
53. Ууландыруу бул дагы со-гушпу?
54. Ата уулу улук, акылы тунук
кыргыздын он төрт беги Кошойго
эмне максат менен барышат?
55. Жети Кан кандай максат ме-нен элчилерди жиберишет?
56. Элчилерди Манас кандай
тосуп алат?
57. Манас Чоӊ чабуулга кайсы
кандар менен бирге аттанат?
58. Чоӊ чабуулга аттанаарда кол
башына ким кан шайланат?
59. Канча күндөн кийин казатка
чыккан кол тыныгууга өтөт?
60. Чубакты Алмамбетке каршы
ким көкүтөт?
61. Алмамбет баатыр чалгынга
жөнөөр алдында Кытай тууралуу
кандай маалымат айтат?
62. Эсенкан кимди жардамга
чакырып, кандай кабар берет?
63. Алмамбет менен Сыргак
Коӊурбайдын жылкычысы Кара-гулга кайдан жолугат?
64. Калыӊ кыргыздын астына
түшөлү деген Коӊурбайдын каты
Эсенканга кантип жетет?
65. Семетей төрөлгөндө атын
ким коет?
“Семетей”, “Сейтек” бөлүмүнөн суроолор:
(С.Каралаевдин варианты боюнча)
1. Семетейдин кун кууп келээрин, ким түш көрүп
билет?
2. Абаке деген сөздүн, эпосто дагы бир аталышы?
3. Семетей дүрбүгө кантип ээ болгон?
4. Карагул Семетей менен эмне деп таанышат?
5. Семетей Бэжинге аттанаарда Айчүрөк эмне деп
кайрылат?
6. Семетейдин Бээжинге аттанаардагы Каныкейдин
сарамжалы?
7. Карагул Семетейди эмне деп алдайт?
8. Семетейдин буйругу менен Чынкожону ынтымакка
чакырып кимдер барат?
9. Сары-Сууда агып бараткан Семетей кантип
аман калат?
10. Семетейдин ынтымакка чакырганына Чынкожо
эмне деп жооп берет?
11. Чынкожо менен Семетейдин чатагы эмнеден
улам башталат?
12. Эпосто кайсы музыкалык үйлөмө аспаптар кез-дешет?
13. Эпосто кайсы музыкалык урма аспаптар кез-дешет?
14. Көкөтөйдүн ашы ким тарабынан Чынкожого ай-тылган?
15. Кыз Сайкалдын байрагынын түсү?
16. Толтойдун куда түшүп ала турган зайыбы ким
болгон?
17. Мурадылдын атасы Кырым ким тарабынан
курман болот?
18. Коӊурбай Таласты канча күн камаган?
19. “Кара” деген сөздүн түстү билдирген маанисинен
сырткары дагы бир мааниси?
20. Кардыгачтын колунан курман болгон кытай ба-атырлары?
21. Семетей алгач ирет Бакай менен кантип таа-нышат?
22. Семетей Таласка алгач келгенде, Кардыгач
кайда эле?
23. Үчилтикте жуманын кайсы күндөрү көп аталат?
24. Үчилтикте кайсы жылдыздар көп аталат?
25. Сырнайзанын мубакүлдүү деп аталышын чеч-мелеп бергиле!
26. Кенгуруну эпосто кантип атайт?
27. Кыргыз жоокерлеринин душмандын аскери-не тийип- качып, улам жеткени менен кармашуусу
үчилтикте эмне деп аталат?
28. Сейтек төрөлгөндөгү өзгөчө белгилер?
29. Шайымбет Коӊурбайдан өч алуу үчүн кайсы
тулпарды минип барат?
30. Гүлчоронун жарасын Кызылсарт кантип айык-тырат?
31. Жолойду жыккан Кошойду ким көтөрүп кеткен?
32. Коӊурбай өлгөндө уулу Байкоӊур канча жашта
эле?
33. Байкоӊур канча жашында каза табат?
34. Чоӊ Китенин тулпары?
35. Бай Коӊурдун акыркы керээзи?
36. Чоӊ билгичтин атасы?
37. Кыяз кайсы уруудан болгон?
38. Эсенкандын буйругу менен кытайдын чегине
коюлган баатыр?
39. Семетей Тайбуурулга кандай шартта жолугат?
40. Шибээ элинен чыккан баатырлар?
41. “Кан таламай” оюнунун мааниси?
42. “Жан баштык”.
43. Мылтык же жаа менен атууда кароолго колдо-нулган нерсе?
44. Адамдар жараткандан ырайым, жакшылык сурап,
мал союп өткөрүлүүчү ырым-жырым?
4 5 . Г ү л ч о р о н у н з а й ы б ы к и м ? А л к и м д и н к ы з ы ?
46. Суркоендун башын ким алат?
47. Кыргыздарды жеӊип алуу үчүн Чоӊ Билгичтин
Чоӊ Китеге берген кеӊеши?
48. Каныкейди төркүнүнө ким узатат?
49. Чынкожонун Семетейге карата кандай тууган-чылык жакындыгы бар?
50. Семетейдин Букардагы алгачкы эрдиги?
51. Сарыбай кандай шартта жана кимдин колунан
өлөт?
52. Эмне себептен Сарыбай менен кармашууда
Семетей, Гүлчоро, Сейтектердин кайраты жеткен эмес?
53. “Олжо катын” деген сөздү кандай түшүнөсүӊөр?
54. Сейтек төрөлгөндө, аны көзүн жок кылууга Кыяздын көргөн аракети?
55. Семетейдин акыреттик зайыбы?
56. Шыпшайдардын өчүн алуу үчүн Таласка келген
баласынын аты?
57. Айчүрөктү аялдыкка ал деп Гүлчорого ким сунуштайт?

Поделиться

Комментарии

Айсулуу / 11.03.2017 15:01
бул суроонун жооптарун тапай жатам кайдан тапсам болот
Абдулбасыт / 20.01.2017 19:30
ОКайын барбы кыргыз балта чапбаган Кыржоон барбы кыргыз кыргын таппаган Кылымга аты калбай очоордо Кыргыз элин кыран Манас сактаган
Абдулбасыт / 20.01.2017 19:24
Бул суроолор мага абдан керек еле чон рахмат
Акмарал / 14.01.2017 16:08
Ушул суроолордун жообун кайдан тапсам болот
Акмарал / 14.01.2017 16:08
Ушул суроолордун жообун кайдан тапсам болот
умутай / 11.12.2016 20:29
Бул жогорудагы суроолор мага ото керек болуп жаткан болчу Эми бул суроолорго жооп жазышым керек рахмат!! Манас жонундо ыр саптары керек болуп жаткан билсениздер мага жонотуп коюнуздар ватсап бар0772386995 сураныч !!!