АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

  • 24.04.2018
  • 0

12-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-билим берүү комплексинде райондогу бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери үчүн “Аймактарды өнүктүрүү жылына” жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу семинары болуп өттү.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

Аталган семинарды  Сокулук райондук билим берүү бөлүмү, “Развитие” билим берүү жана социалдык демилгелер фонду, “Элеттик мектептерди колдоо” ассоциациясы  жанаЧ.Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-билим берүү комплекси биргелешип уюштурду.

— Биз бүгүн билерманды эмес, алган билимин колдоно билген, маалыматка ээ, социомаданий көйгөйлөрдү чече алган инсанды тарбиялоого тийишпиз. Үзгүлтүксүз билим берүүнүң башкы максаты да ушунда турат. Үзгүлтүксүз билим берүүдөгү инварианттык компонент баарынан мурун билим берүүдө түрдүү форма, ыкма, каражаттарды колдонуу аркылуу окуу программасынын ар кандай мазмундагы материалдарын өздөштүрүүгө жол ачат. Ошондон улам биздин мектеп үзгүлтүксүз билим берүүгө өзгөчө көңүл бурууда, — дейт бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-билим берүү комплексинин директору Диляра Абдуллаева.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

Көргөнүбүз купулга толду

Мен, ачыгын айтайын, мынчалык жогорку деңгээлде болот деп күткөн эмес элем. Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган семинар өтө кызыктуу, башкысы катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Бизди, райондогу мектеп, бала бакча жетекчилерин, анын ичинде албетте жоон топ журналисттерди, кире бериштен элдик күүнү чебер аткарган улуттук кийимчен кыз-балдар тосуп алышты. Элдик мукам күүгө көңүлүбүз эргиди. Келген конокторду, семинар катышуучуларын ээрчип илгери бастык. Мектептин коридорлору, фойелери, класс бөлмөлөрү болсун, баары заманбап жабдылыптыр. Бир да эптемей илинген, эскиден калган нерсе жок. Баары жаңы! Заманбап! Коноктордун  көбү мындагы жаңылыкты өз көзү менен көрүп таң калып жатышты.

— Мунун баарын ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн, коомчулуктун  колдоосу, жардамы аркылуу жасадык. Мындан биз коркпошубуз керек. Анткени бүгүнкү шартта кандай мектеп болбосун, ата-энелердин жардамысыз өнүгө албайт, — деди Диляра Кенжаевна семинар катышуучуларынын кызыгуусун байкап.

Нукура лидер жетекчи

Диляра Кенжаевнаны көптөн бери билем. Учурунда райондук билим берүү бөлүмүн жетектеген. Бирок анын нукура жетекчилик сапаты ушул мектепке директор болуп келгенде көрүндү. Айтканга оңой болгон менен, иш жүзүндө 4115 окуучу билим алган зор мектепти жетектөө жеңил эмес! Бизде чакан мектептин окуу-тарбия ишин жөндөп алып кете албаган директорлор канча! Менин жеке баамымда бул мектеп окуучу саны боюнча да алдыда болсо керек, анткени 4200дөй окуучу билим алган мектепке мен, жыйырма жылдай журналист болуп иштеп жүрүп бара элекмин. Эми мектептин сандык көрсөткүчтөрүн карап көрөлү. Гуманитардык-эстетикалык багыттагы инновациялык окуу-билим берүү комплекс-лицейинде учурда 4115 окуучу, 124 класс-комплект (анын ичинен 54 окутуу кыргыз тилиндеги класстар, 32 лицей класстар) бар. Окуучуларга билим берүүдө 181 мугалим талыкпай эмгектенип келүүдө. 26 педагог өрнөктүү агартуучулук эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгисине татыктуу болсо, 27 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Мында келип иштесем дегендер чынында көп. Бул мектепке иштеп калганына ыраазы болгондордун бири – мектептин кыргыз тили усулдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Шамшиева.

— Мектепте көп тилдүү билим берүүнү ишке ашырып жатабыз. Тажрыйба алмашканы кошуна Казакстандын Чимкент шаарына да барып келдик. Азыр ал жактан үйрөнгөндөрүбүздү өз сабактарыбызда байма-бай колдонуудабыз, — дейт ал азыркы ийгиликтери менен бөлүшө.

Директордун жетекчилик ишинин натыйжасы мугалимдердин өздүк кесиптик өнүгүүсүндө болсун, жалпы эле окуу-тарбия ишинде болсун, ачык-айкын байкалып турат. 2010-жылдын март айында балдарды мектепке даярдоону колго алган “Энелер мектеби”ачылган. Мында окуу бөлмөлөрүнөн тышкары музыкалык-спорттук зал, психологдук-логопеддик зал, тарбиячылар үчүн атайын усулдук бөлмө жана балдардын ден соолугуна көз салган медициналык бөлмө бар. Окуучу жаштарга ъзгълтъксъз билим беръъдё сырттан окутуу бёлъмънън да салымы чоң. Балдарды эстетикалык, адептик тарбиялоого багытталган Балдар жана өспүрүмдөр борборунда хореграфия, актердук чеберчилик, сахналык кеп, живопись, музыка, вокал, элдик чыгармачылык ийримдери иштейт. Мектеп окуучуларынын спорттук жетишкендиктери да суктанарлык экен. Бул жерде машыккандардын арасында спорттун эл аралык чеберлерининен тартып, Азиянын коло, күмүш медалдарына татыктуу болгон мыкты спортчулар бар.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

Туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн бул мектеп бир катар жогорку окуу жайлар, эл аралык билим берүү фондулары,Россия, Иран, Түркия элчиликтеринин маданий өкүлчүлүктөрү,  билим берүү долбоорлору менен эриш-аркак иштешип келүүдө. Албетте, ушул биз айтып өткөндөрдүн баарында иш билги директордун жеке салымы опол тоодой экени түшүнүктүү. Ардактуу профессор, Билим берүүнүн отличниги, КРнын Ардак грамотасы баш болгон ондогон сыйлыктардын ээси – Диляра Кенжаевна Абдуллаева — ааламдашуу доорунун чакырыктарына ар тараптан жооп берген нукура лидер жетекчи!

“PRIMA” театралдык студиясынын ийгиликтери

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

Семинардын жүрүшүндө мектептин мурунку бүтүрүүчүсү, учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билим алган Шамиль Дыйканбаев менен тааныштым. Өзү жасап жаткан иштери тууралуу ал төмөнкүлөрдү айтты.

-Чыныгы лидер өзгөрүүлөрдөн коркпой деген туура экен. Мен Диляра Кенжаевнага жогорку класстардын окуучулары менен спектакль даярдайлы, бир жагы алар ар кандай жаман иштен оолак болушат, бир жагы эстетикалык, адептик тарбия алышат десем, дароо демилгемди колдоого алды. Ошентип иштей баштадык.  Европа менен Россияда кеңири жайылтылган “вербитим” жанрына басым жасадык. Вербитим театрында актерлор реалдуу жашоодогу адамдардын монолог, диалогдорун аткарышат, – дейт ал өзү жетектеген мектеп театрынын өзгөчөлүгүнө токтолуп.

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАНЫН МЕКТЕБИ

Шамиль айткандай, биз көргөн спектаклдин сюжети бүтүндөй мектеп турмушунан алыныптыр. Анда “беш” алганды жакшы көргөн отличник да, сабактан тажаган өспүрүмдөр да, келечекте гений болгусу келген максималисттери да бар! Деги койчу азыркы мектептин кичинекей күзгүсү десек болчудай. Бирок мунун баарын биз кънъмкъ турмушта байкай бербейбиз! Спектаклден кийинки талкууда мында келген мектеп жетекчилеринин баары бир добуштан “Азыркы мектепти колго салгандай көрсөтүштү. Көбүн жетекчи болуп көрүп, билбей жүрүппүз” дешти…

А.Алибеков, “Кут Билим”, Бишкек – Сокулук — Бишкек

Поделиться

Комментарии