ТАРТИПТҮҮ МЕКТЕП — ТАРБИЯЛУУ КООМ

  • 21.06.2015
  • 0

12-14-июнда көгүлтүр көл жээгинде өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги илимий-педагогикалык семинары өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун себептери, кесепеттери жана аларды алдын алуунун жолдорун табууга арналды. 

Системалуу чаралар керек 

«Зомбулуксуз мектеп — коомдун өнүгүшүнө өбөлгө» деген аталыштагы илимий-педагогикалык семинарга КР Билим  берүү  жана илим министрлиги, мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары, прокуратура, жаш өспүрүмдөр  менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрү, райондук,шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, мектептеги камкорчулар кеңешинин өкүлдөрү (ата-энелер) чакырылган.

 

Семинарда сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Э.Сариева мектепте коопсуз жана бакубат абалды түзүүгө жана балдарды тарбиялоо иштерине коомчулукту активдүү катыштыруунун маанилүүлүгүн, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштарга каршы күрөшүү кошумча чараларды гана эмес системалуу чараларды да талап кылаарын, өспүрүмдөр чөйрөсүндөгү терс көрүнүштөрдү алдын алууда баардык мамлекеттик структуралардын бирдиктүү көзөмөлдөөчү аракети керек экендигин баса белгиледи.

Мектеп — коомдун өнүгүшүнө түз да кыйыр да таасир этет. Балдардын мектепте билим-тарбия алуу процессинде көзмө-көз кездешип жаткан оң-терс көрүнүштөр, үй-бүлөдөгү социалдык абалы алардын инсан катары калыптанышында чечүүчү ролду аткарат десек аша чапкандык болбойт.

Бүгүнкү күндө коомчулуктун алдында турган эң актуалдуу жана маанилүү маселелердин бири – балдарга жеткиликтүү таалим-тарбия берүү маселеси. КР Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн программасындагы элдик баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу сунушунун негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук тарбиялоо концепциясы» түзүлүп, ал калктын талкуусунда. Бул теманын тегерегиндеги сунуш-пикирлерди эске алуу менен алымча-кошумчалар киргизилүүдө.

Тилекке каршы, көрүлүп жаткан иш-аракеттерге карабай, өспүрүмдөргө зордук-зомбулук көрсөтүү, укук бузуу, кылмыш, өз жанын өзү кыйган фактылардын саны азаймак турсун, көбөйүп баратат.

ИИМдин расмий маалыматында Кыргызстанда акыркы төрт айда эле балдарга карата 1 137 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Алар боюнча 94 кылмыш иш козголуп, 700дөн ашык административдик жазага тартуу маселеси көтөрүлгөн. Бирок укук коргоочулар бул сан өлкөдөгү реалдуу көрүнүш эмес экенин, көбү менталитетке байланыштуу жана социалдык ажырымды болтурбоо үчүн тартип коргоо органдарына кайрылбай турганын белгилешет. Анын ачыкталышы же жабылуу бойдон калышы ошондой эле ата-энелердин кайдыгерлигине, мектеп администрациясынын, укук коргоо органдарынын фактыларды жаап-жашыруусуна да байланыштуу.

Жыл сайын жүзгө жакын бала өз жанын кыят

Эл аралык уюмдар жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда балдарды какыс-кукус кылуу, уруу тарбия катары кабылданат. Мындан тышкары мектептеги, балдар үйүндөгү мугалимдердин орой мамилесинен психологиялык кысымга кабылган өспүрүмдөр да арбын.

«Кыргызстанда жыл сайын 100гө жакын бала өз жанын кыят. Албетте, өспүрүмдөрдүн өз жанын кыйган окуялардын баары эле мектептеги зордук-зомбулуктан улам болбойт, бирок алардын басымдуусу баланын мектептен же ата-энеси тарабынан колдоо таппагандыгынын кесепети» деген пикирин билдирди, КР вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева семинарда сүйлөгөн сөзүндө. Ал ошондой эле КР Өкмөтүнө «балабызды мектепке кабыл албай жатышат» деген арыздар акыркы жылдары көбөйүп бараткандыгын баса белгиледи:

—          Мектепке, өзгөчө бала бакчаларга балдарды кабыл албай жаткан фактыларды балдарга карата кыйыр зомбулук катары бааласак болот. Өкмөткө «балабызды мектепке кабыл албай жатышат» деген арыздар көп түшүүдө, мындан сырткары мектеп жана бала бакчаларда «кириш акысы» деген жагымсыз жагдайлар орун алган. Ошол себептүү ата-энелер төлөмдөрдү төлөй албай, балдарынын укугу чектелип калууда, — деди вице-премьер-министр.

Докладчы баяндагандай, Кыргызстан демократиялуу реформалар жүрүп жаткан өлкөлөрдүн катарында болгондуктан, бул реформалардын бир бөлүгү балдар укуктарын коргоого да тиешелүү. 2012-жылы кабыл алынган КРнын «Балдар жөнүндө» Кодексинин жаңы редакциясы бардык ыйгарым укуктуу органдарды зордук-зомбулуктун түрдүү формаларынан балдарды коргоочу функцияларды аткарууга милдеттендирет.

Эл аралык эксперттер балдарды коргоого алуу үчүн ириде аларга өз укуктарын үйрөтүү кажет дешет. Өз укугун билбеген бала башкалардын укугуна шек келтирбей койбойт. Балдарга сырттан (анын ичинде ата-энелери, мугалимдери) жасалган адилетсиз мамиле, балдардын өздөрүнүн бири-бирине ыдык көрсөтүүлөрү акырындап ырайымсыздык менен коштолгон чоң жаңжалдарга, өкүнүчтүү окуяларга айланып жатпайбы. Турмуштук тажрыйба көрсөткөндөй, балдар арасындагы жаңжалдарды жөнгө салууга коомчулук биргелешип киришүүсү зарыл.

Кыргызстан балдар укуктарына тиешелүү бардык эл аралык документтерди ратификациялаганы маалым. Демек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер комитеттери, камкорчулар кеңештери зордук-зомбулук, жаңжал сыяктуу укук бузуулардын алдын алууга, кесепеттерин жоюу иш-чараларына активдүү катышуулары шарт.

Китеп текчеси жок, ДВД дискке толгон үйдө тарбияланган балдар

Ош шаарындагы №52 орто мектептин директору, 2014-жылдын алдыңкы мугалими Мелис Музулманов ата-энелер балдарын телевизор, Интернет, уюлдук телефондун жардамы менен тарбиялап калган деп эсептейт.

—          Массалык маалымат каражаттары өсүп келе жаткан муунда баалуулуктардын туура эмес багытта калыптанышына шарт түзүп берип жатат. Азыр баамдасаңыздар, бир дагы үйдө китеп текче жок, бирок ДВД дисктерге толгон. Кийинки муун Интернеттин, уюлдук телефондун таасири менен чоңоюп, мушташ кинолордогу каармандарды кумир тутуп калды, — деп кейийт мугалим.

Анын пикиринче, маданият жана массалык маалымдоо каражаттары мектепте балдарды тарбиялоого жардам бериши керек. Бул жалгыз гана мектептерде балдар менен иш алып барган социалдык педагогдордун колунан келе бербеси турган иш. Үйдөн ата-энелер балдары бош убактыларында эмне менен алектенээрине кызыгып, ал тургай багыт берип турушу керек деп эсептейт М.Музулманов.

 

—          Азыркы учурда бардык мектептерде социалдык педагогдор иштешет. Бирок бул дагы болуп жаткан маселенин түйүнүн чечүүгө алсыздык кылууда. Ошондуктан маданият жана массалык маалымдоо каражаттары сыяктуу бардык маалымат булактарын мектепте балдарды тарбиялоого пайдалануу керек,-дейт ал.

Баарынан кейиштүүсү, азыр жеке эле китеп текче эмес, көпчүлүк балдар үйлөрүндө ата-энелери жок өсүп жатышпайбы. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча 2015-окуу жылында республикабыздын мектептеринде 1 млн. 27 миң 123 окуучу катталса, алардыничинен 22 672 бала ата-энесинин камкордугунан ажыраган, 27 311 баланын же атасы же апасы жок жана 48 403 бала социалдык коргоого муктаж үй-бүлөдө өсөт. Эгерде учурда бир эле Россияда бир миллионго жакын кыргыз жараны иштеп жүргөнүн эске алсак, канча бала алыстагы апасынын жытына зар болуп жүрөт дейсиз. Басма сөз беттеринде ата-энелери жакындарына таштап кеткен балдардын кайгылуу окуялары көп эле жарыяланып келет. Ошондой окуялардын бири Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылынан катталган. Айылдын тургуну укук коргоочуларга жазган арыздан маалым болгондой, бир жаштагы жана эки жарым жаштагы эки небересине чоң ата сөрөйү зордук-зомбулук көрсөтүп келген. Бир жаштагы бала белгисиз шарттарда күтүүсүздөн  чарчап калган, ал эми экинчи небересинин көргөн азабына жандары кейишкен коңшулар чыдабай Москва райондук прокуратурага чейин арызданышса да укук коргоо органдары небересине күн көргөзбөгөн боору таш чоң атаны болгону эки күнгө камап кайра чыгарып жиберишкен.

Эң кейиштүүсү, мындай окуялардын көбөйүп баратканы. Андан да жаманы, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөр алардын жакын адамдары болуп жатканында. Укук коргоо органдары кордоочуларга карата кескин чара көрүүнүн ордуна “бармак басты, көз кысты” мамиле жасашууда. Ал тургай көпчүлүк учурда өз укугун коргоого алы келбеген өспүрүмдөрдүн укуктары орган кызматкерлери тарабынан тебелендиде калат. Бир эле мисал. Былтыр декабрь айында Ала-Бука районун ички иштер кызматкерлери 15 жаштагы өспүрүмдү мектептен кармап кетишкен. Атасы каза болгон, апасы Россияда иштеген ал баланы милиция кызматкерлери беш күн камап коюшуп, күнү кечке сурак жүргүзүшкөн. Ырайымсыз суракка туш болгон жашы жете элек өспүрүмдүн жакындарынын бирине да кабарлап коюшкан эмес. Биздин укугубузду коргойт деп ишенген компетенттүү укук коргоочуларыбыз ушундай кайдигерликке, ырайымсыздыкка жол берип жатышкан соң башкалар тууралуу эмне айтмакпыз?! Бала канчалык деңгээлде мыйзамсыз иш-аракеттерге барган күндө да, адамдык мамиле деген бар эмеспи. Ушундай мамилебиз менен өзүбүз өз колубуз менен балдарды мыкаачылыкка, таш боордукка түртүп жаткан жокпузбу деген ой келбей койбойт.

Соңку сөз ордуна

“Зомбулуксуз мектеп-коомдун өнүгүшүнө өбөлгө” илимий-педагогикалык семинарынын катышуучулары өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун пайда болушуна негиз болуп жаткан шарттар, алардын натыйжасы тууралуу билдирүү жасашып, мектеп чөйрөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү болтурбоого багытталган негиздүү сунуштарды жана омоктуу ойлорун билдиришти.

Учурда республикабызда КР Өкмөтү, Акыйкатчы жана ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун жардамы аркылуу балдарга жасалып жаткан зомбулукту азайтуу багытында «Зомбулуксуз мектеп» программасы 38 мектепте иштейт. Анын максаты – окуучулардын бири-бирине үстөмдүк кылуусун алдын алуу, элдешүү, чыр-чатактарды тынч жолу менен чечүүгө үйрөтүү. Мындан тышкары ишеним телефондору да жакшы жардам берет. Окуучулар мектептерде атайын илинген кутуларга зомбулук туурасында көргөн-билгендерин жазып койсо болот.

 

Айнагүл Кашыбаева,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии