СТАТУСТУУ МЕКТЕПТЕР ТЕРЕӉДЕТИЛГЕН ПРОГРАММА МЕНЕН КАТЫШАТ

  • 16.02.2015
  • 0

Быйылкы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы эки топко бөлүнөт: статустуу мектептер тереӊдетилген программа боюнча, жөнөкөй мектептер базалык программанын негизинде катышат. Бул жөнүндө «Кутбилим» газетасына Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси, олимпиаданын уюштуруу комитетинин катчысы Фариза Солтогулова айтып берди.

Олимпиаданы өткөрүү мөөнөтү жана өзгөчөлүгү

Олимпиаданын аймактык туру (III) Бишкек жана Ош шаарларында, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй областтарында 2015-жыл-дын 27-28-февралында өткөрүлөт. Ал эми олимпиа-данын IV туру Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 26-30-мартында өтмөкчү. Катышуучулар 26-мартта борбор калаага келишет. 27-28-мартта олимпиада борбор калаадагы профессор А.Молдокулов атын-дагы Улуттук компьютердик гимназияда кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых, география, биология сабактары боюнча өткөрүлсө, математика, информатика, физика жана химия сабактары боюнча тажрыйбалык тур И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык универ-ситеттин базасында өтөт. Ал эми 30-мартта респу-бликалык олимпиада жыйынтыкталып, жеӊүүчүлөр аталат жана сыйлыктар тапшырылат. Ушул эле күнү катышуучулар үйлөрүнө кайтышат.

— Быйылкы олимпиаданын өзгөчөлүгү — «Окуучу-лардын республикалык олимпиадасы жөнүндө» Жо-бонун 2.9-пунктуна ылайык, мектеп-гимназиялардын, мектеп-лицейлердин, окутуу-тарбиялоо комплекстер-дин, Олимпиаданын сабактарын тереӊдетип окуткан мектептердин (класстардын), ошондой эле «Себат» эл аралык билим берүү мекемесинин түзүмүнө кирген мектеп окуучулары олимпиаданын 3- жана 4-этабына катышууга билдирмелерди түзүүдө олимпиадалык сабактарды тереӊдетип окуткан топтордо катышат. Анткени буга чейин өткөн олимпиадаларда көп маани бурулбай өткөрүлүп келгенин моюнга алуу керек. Мисалы, «Себат» эл аралык билим берүү мекемеси-нин окуучулары профилдик боюнча өзүнчө катышып, ошол эле кезде башка предметтер боюнча базалык топко кирип келишкен. Натыйжада республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнүн көбү «Себат» ме-кемесинин окуучулары болушкан. Ушул кемчиликти жоюу максатында быйыл статустуу мектептердин окуучулары тереӊдетилген программа боюнча топко кирет, ал эми жөнөкөй мектептен келген окуучулар базалык программа боюнча топко кирип, күч сына-шат. Ошондуктан быйыл бир сабак боюнча эки окуучу келип, эки жеӊүүчү аныкталат. Албетте, статустуу мектептердин сабактарынын көлөмү чоӊ, ошондук-тан алардын даярдыгы дагы жакшы болот, — дейт Фариза Солтогулова.

Тапшырманы кимдер даярдайт?

— Базалык жана тереӊдетилген топторго тапшыр-маларды түзүү боюнча атайын республикалык усул-дук комиссия иштейт. Олимпиаданын ар бир сабагы боюнча талаптар жазылат, ошол талаптардын не-гизинде усулдук комиссиялар аймактык жана респу-бликалык турдун тапшырмаларын иштеп чыгышат. Төрт сабактан, т.а. так илимдер боюнча тапшырманы И.Раззаков атындагы КМТУга, калган сабактарды кыргыз-түрк «Манас» университетине даярдоого тапшырылды, — дейт уюштуруу комитетинин катчысы.

Окуучулардын коопсуздугунким көзөмөлдөйт?

Республикалык турга келген катышуучулар бор-бор калаадагы Улуттук компьютердик гимназиянын, Ч.Айтматов атындагы жана «Айчүрөк» лицейлеринин базасында жайгашышат. Ушул окуу жайлардын же-текчилерине катышуучулардын тамактануусу, жашоо коопсуздугу жана алардын ден соолуктарына кам көрүү, ошондой эле маданий иш-чараларды уюш-туруу милдеттендирилген. Учурда бул окуу жайлар камылга көрө башташты.

Эл аралык олимпиадага мыктылардын мыктылары тандалат

Жылда эле мектеп мугалимдери менен окуучулар тапшырмалардын түзүлүшү боюнча нааразы болуп келишет. Анткени көп тапшырмалар программага туура келбей, алар окубаган суроолор экенин айтып, кейишет. Бирок сынак деген сынак. Анткени респу-бликалык турга электен өткөн идиректүү балдар тандалып келет. Демек, олимпиаданын катышуучу-лары бардык тапшырмаларга даяр болушу зарыл. Себеби республикалык олимпиаданын башкы макса-ты — таланттуу балдарды сууруп чыгып, эл аралык олимпиадаларга катыштырууну көздөйт. Эл аралык олимпиадада стандартка туура келген, келбегени менен эсептешпейт. Кыргызстандын намысын кор-гойм деген таланттуу балдар окуу программадан сырткары да кошумча адабияттарды окушу керек.

— Эл аралык олимпиаданын талабы чоӊ. Респу-бликалык турдун тапшырмалары тереӊ жана тата-ал болуш керек. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептин окуучулары жалаӊ гана окуу китеп менен эмес, андан тышкары дагы кошумча адабияттар ме-нен таанышып, даярданышы зарыл. Олимпиаданын катышуучусу катышып жаткан сабагын тереӊ билиши керек. Ошондуктан олимпиаданын тапшырмалары стандарттык тапшырмалардан да чыгышы карал-ган, — дейт Ф.Солтогулова. — Эл аралык олимпиада-га чакыруулар келе баштады. Республикалык тур өткөндөн кийин химия сабагы боюнча Ереван, Баку шаарларында өтөт. Эл аралык олимпиадалардын өткөрүү мөөнөтү улуттук олимпиадалардын жыйын-тыгы чыгарылып, жеӊүүчүлөр бара алган мөөнөткө ылайыкталып коюлат. Физика сабагы боюнча Кытай менен Индия мамлекеттеринде болот.Төртүнчү турдан кийин дагы жеӊүүчүлөр арасы-нан тандоо жүргүзүлөт. Мисалы, математика сабагы боюнча 6-7 окуучуга чакыруу келсе, он жеӊүүчүнүн ичинен эӊ жогорку көрсөткүчтү көрсөтө алгандар тандалат.

Баса, математика боюнча түзүлгөн ассоциация-нын өкүлдөрү Эл аралык олимпиадага жеӊүүчүлөрдү даярдаганга милдет алат элек деп министрликке кайрылышыптыр. Уюштуруучулардын айтымында, республикалык турдан математика боюнча жеӊген окуучуларды ушул ассоциациянын мугалимдери аркылуу даярдык жүргүзүлүшү мүмкүн.

— 4-турдун жеӊүүчүлөрүн аныктагандан кийин «Жазгы мектеп» өткөрөбүз. Бул так илимдер боюн-ча алдыга чыккан окуучуларды эл аралык сынакка республиканын алдыӊкы мугалимдери бир ай бою сабак берип даярдашат. Азыр каржы маселеси ка-рала элек. Өткөн жумада уюштуруу комитетинин отуруму өттү. Министрликтин бюджеттик саясат жана финансылык анализдөө башкармалыгынын башчы-сы «республикалык жана эл аралык олимпиаданын каржыланышын өзүнчө бөлүп бергиле» деди. Менин оюмча, быйыл олимпиада жакшы каржыланат. Антке-ни мурда эл аралык олимпиаданын катышуучулары жол киресин өздөрү төлөп, же демөөрчүлөрдү издеп, убара тартышчу. Быйыл республикалык бюджеттен жеӊүүчүлөрдүн жол киресин жана «страновой взно-сун» каржылап бергенге аракет кылып жатабыз, — дейт катчы.

Мурат ЖУМАЛИЕВ,

профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын директору:

—  Окуучулардын  республикалык  турун өткөрүүгө даярбыз. Жылдагыдай эле гумани-тардык багыттагы предметтер биздин гимнази-яда өтөт. Олимпиаданын катышуучуларынын эс алуусун уюштурууда атайын маданий про-грамма иштелип чыгууда. Окуучулардын ден соолугун, коопсуздугун сактоодо жетекчилер кабатыр болбосун. Анткени гимназиянын ичин-де видеокөзөмөл бар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии