Өспүрүмдөрдүн мушташы  өлүм менен аяктады

  • 17.02.2015
  • 0

Жалал-Абад  облусундагы  Чаткал  районунун  Каныш-Кыя  айылындагы С.Байдөлөтов атындагы орто мектепте 10-класста окуган Адылбектин өлүмүнө шектүү 11-классынын жети окуучусу райондук сот тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынгандыгы тууралуу маалымат коомчулукту дагы бир жолу толкутту.

Чаткалдагы Каныш-Кыя ай-ылынын тургуну Ашырбек уулу Адылбек 21-январда кечки саат тогуздарда тез жардам бөлүмүнө жетпей каза болгон. Анын атасы уулу токмоктон каза болгондугу тууралуу милиция кызматкерле-рине арыз жазган.

Жалал-Аба облустук ИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси Жусуп Камбаралиевдин маалыматы боюнча бул кайгылуу окуя 21-январда С.Байдөлөтов атындагы орто мектептин 10-11-клас-старынын окуучуларынын ортосундагы мушташтын кесепетинен болгон.

— 21-январда саат 21:00 чамасында аталган мектептин 11-классынын окуучулары 10-класстын окуучуларын жана БГУнун кол-леджинин  1-курсунун  студен-ти 1998-жылы туулган Адилет Султановду, Ош технологиялык университетинин колледжинин 1-курсунун студенти Бексултан Анарбековду Каныш-Кыя айылында жайгашкан эски мончонун жанына чакырып, «биз силерден бир жаш улуубуз, бизди сыйлашыӊар керек» деген кыязда тийишишкен. Ушундан улам эки класстын окуучуларынын арасында пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан.

Натыйжада  1998-жылы  туулган  10-класстын  окуучусу Адылбек  Ашырбек  уулу  окуя болгон жерде өзүн жоготуп, аны жанындагы балдар тез жардам бөлүмүнө “талмасы кармап жы-гылды” деп жеткиришкен. Бирок ал көп өтпөй эле каза болуп кал-ган.

Бул окуя боюнча КРнын Кыл-мыш-жаза кодексинин 97-бере-несиндеги 2-бөлүмдүн негизин-де кылмыш иши козголду», — деп билдирди Ж.Камбаралиев.Адылбектин  атасынын  милицияга жазган арызынын не-гизинде Ала-Бука районундагы соттук-медициналык экспертиза сөөктү кароодон өткөргөн. Ба-ланын  денесинин  эч  жеринен жаракат табылган эмес, бирок каракуш мээсине кан уюп калганы ырасталган. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы Байдөлөтов атында-гы орто мектепте учурда 465 бала билим алат. Аталган мектептин директору Муктар Надырбеков бул окуя сабактан тыш убакытта болгондугун, ал эми мектептен тышкары учурларда балдар ата-энелердин  катуу  көзөмөлүндө болушу  керек  деген  пикирин билдирди:

— Окуя болгон түндө биз инспекторлор менен дароо күзөткө чыгып, ар бир баланын үйүнө бардык.  Көпчүлүк  ата-энелер түн  ичинде  баласынын  кайда жүргөнүн билишпейт экен. Бал-дардын кечкисин эмне иш менен алектенип,  кайда  жүрүшкөнүн биринчи кезекте алардын ата-энелери көзөмөлдөп турушу ке-рек го. Биз мектепте окуучуларга ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Ошого кара-бастан, ушундай кайгылуу окуя болгону өкүнүчтүү. Биз мындан ары ата-энелер менен биргеликте түрдүү тематикада жолугушуу-ларды уюштуруп, чогуу иш алып барууну улантышыбыз керек, — деди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын берген маалы-матына караганда, 2014-жылы аймакта өспүрүмдөр арасында 65 кылмыш иши катталып, 30дан ашык мектеп окуучусу катышкан кылмыш аныкталган.

Мындай  көрүнүш  жеке  эле бул облуста эмес, республикабыздын башка аймактарында да жыл өткөн сайын өсүп бараткан-дыгы байкалууда. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жаштайынан кылмыш окуяларына тартылышы көбүнчө алардын чоӊдор тарабынан көзөмөлсүз калып жатканды-гына байланыштуу деп эсептешет адистер.

Кесиби боюнча балдар дарыгери болуп иштеген Бурулча Жапарованын пикиринче, кийинки мезгилдерде ата менен баланын, кызы менен энесинин ортосун-дагы мамилелердин солгундап баратышы, көпчүлүк учурларда чоӊдордун өз жумуштары менен алектенишип, балдарын өз ал-дынча бет келди коюшу да бир топ көйгөйлөрдү жаратууда.

— Ата-энелер азыр балдарына тиешелүү деӊгээлде көӊүл буруш-пай калганы кейиштүү. Баарыбыз-га белгилүү болгондой, учурда көпчүлүк ата-эне балдарын чоӊ ата-чоӊ энелерине же болбосо жакын туугандарына таштап чет жактарда жүрүшөт. Алар акча таап, убагында балдарынын кем-карчын толуктап жатабыз дешке-ни менен, эӊ орчундуу – тарбия жагынан  өксүтүп  жатышканын дагы да болсо билбей жатышат. Каражат жагынан алганда, бал-дарын башкалардан артык болсо артык, бирок кем эмес деӊгээлде камсыздап, кам көрүп жатышканы чын. Кийген кийими, тамак-ашы, колундагы мобилдик телефону ырасында заманбап, эч кынтыгы жок. А бирок, көбүнчө виртуалдык — Интернеттеги жашоодо жашап, акыл-эси, айлана-чөйрөсү менен баарлашуусу солгундап, кызык-чылыктары, жанындагы адамдар менен  байланышы  чектелген баланын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок. Ушул боштукту балага ата-энеден башка эч ким бербейт, — дейт дарыгер.

Дарыгер айым белгилегендей, үй-бүлөдө  ынтымак,  мектепте курдаштарынын ортосунда би-римдик жок болгон жерде жагым-сыз көрүнүштөр, түшүнбөстүктөр орун  алаары  чын.  Балдарды билим, тарбияга үндөгөн муга-лимдердин жумушу бул жерде жетишсиз. Аларга үйдө ата-эне баш-көз болуп, көчөдөн улуулар тыйып, чогуу-чаран тартипке ча-кырып турбаса, кылмыштуулукту ооздуктоого күч органдарынын да, эч кандай мыйзамдын да күчү жетпейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии