«СЕБАТ»: ТЕРЕҢ БИЛИМДИН, ТАТЫКТУУ ТАРБИЯНЫН ОЧОГУ

  • 08.12.2016
  • 0

Кыргызстанда «Себат» билим берүү мекемесинин иш алып барганына 25 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта Кыргызстан боюнча 17 жатак-мектеп-лицей, 9 башталгыч мектеби ачылып, кулачын кенен жайды. Билим берүү сапаты жагынан да «Себат» алдыңкы сапта келатат. Жакында Президент Алмазбек Атамбаев жылдык басма сөз жыйынында «Себат» билим берүү мекемесине жогору баа берди. «Себат» эми «Сапатка»  айланаарын, ошондой эле бул мекеме Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болоорун билдирди. “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп келатканы баарыбызга маалым.  “Себат” мектептери Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин стандарттарына төп келген окуу программасынын негизинде гана иш алып барат. Мындай мектептерде тарбияланган, көп тилди билген, дүйнө таанымы кенен балдар мектеп партасында жүрүп эле ар кыл эл аралык билим мелдештерине жана сынактарына катышып, Кыргызстандын аброюн көтөрүп, желегин бийик желбиретип келатышат. Кыргызстандын ички сынактарында да “Себат” мектептеринин тарбиялануучулары алдыңкы орундарга ээ. Тарбия маселеси  боюнча «Себат» билим берүү мекемесинин башкы директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Амирбек  Султанмуратов бизге маалымат берди.

Мыкты инсандар тарбияланат

«Себат» билим берүү мекемесинин окуучулары беш күн бою лицейдин ичинде окуп, таалим-тарбия алышат. Жатак-мектеп болгон үчүн  көп жылдан бери түптөлүп, системалаштырылып калган атайын программалардын негизинде окуучуларга таалим-тарбия берилип келатат. Бул программалар Билим берүү жана илим министрлигинин тарбиялык иштер боюнча концепциясынын негизинде түзүлөт.  Ал программанын негизинде мугалимдер, класс жетекчилер, жатаканадагы тарбиячылар бирдиктүү иш алып барышат. Администрация тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар колдоого жана көзөмөлгө алынат.

— Негизги максатыбыз — өзүбүздүн үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, улуттук нарктарыбыз баш болуп бүгүнкү күндүн талабына ылайык билимдүү, маданияттуу, дүйнөнү туура таанып, окуй билген, жашоодогу ар кандай көрүнүштөргө даяр, мындайча айтканда маданияттуу, коомдун эң мыкты инсанын тарбиялап чыгуу. Бул максатта  сабактан тышкары  саат 16.00-18.00 чейин окуучуларыбыз тез-тез коомдук жайларга барып, т.а. балдар үйлөрүнө, карылар үйүнө, ооруканаларга, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө барып, колдоо көрсөтүп, жардам беришет. Бүгүнкү тил менен айтканда волонтердук иштерди аткарышат.  Программа боюнча  бир күнү бир класс барса, экинчи күнү башка класс барышы ыктымал. Ошол эле кезде башкалары ишемби, жекшемби күндөрү Ата-Бейитке же тарых музейине,  же Кыргызстандын аймагындагы тарыхый таанымал жерлерге саякатка чыгышат. Окуучуларыбызга өзгөчө өлкөбүздү, баалуулуктарыбызды таанытуу максатында 7 облуска саякат-экскурсиялар уюштурулат, — дейт Амирбек мырза.

Жатакананын тарбиячылары кечинде чай саат өткөрүшөт. Кечинде чай үстүндө балдар менен Манастын жети осуяты жөнүндө кеп козгошуп, же  Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, же кандайдыр бир макал, накыл сөздөрдүн негизинде диспут, маектер жүргүзүлүп, дегеле жалпы таалим-тарбия берүү максатында балдарга түшүндүрмөлөр берилет. Жатак-мектеп болгон үчүн ар кандай иш-чаралар балдардын кызыгуусунун жана тандоосунун  негизинде ийримдерде уланат. Анткени кандай гана иш-чара болбосун, же кандай гана ийримге катышпасын бул нерселер балдарга жакшы тарбия алышына таасирин тийгизбей койбойт.

— Кечинде бала жалгыз отурбай, классы менен чогуу отуруп  кино көрөт, аңгемелешүү өткөрөт. Лицейде чет өлкөдөн келген жарандар мугалим, тарбиячы болгон үчүн алар менен англис,  түрк тилинде пикир алышуулар көп болот. Ошонун негизинде окуучунун дүйнөлүк деңгээлде жалпы маданий көз карашы, дүйнө таанып билүүсү өнүгөт, калыптанат. Маектешүүлөр окуучулардын лексикасын байытып, коммуникативдик компетенттүүлүгүн өстүрөт. Жатак-мектеп болгондон кийин ал жерде балдар 24 саат болушат. Ошон үчүн биз аларга жооптуубуз. Ар бир баланын баскан кадамы, лицейдеги бир күндүк иш-аракеттери биздин көзөмөлүбүздө турат, — дейт тарбия завучу.

Лицейде  окуу процесс учурунда чөнтөк телефон колдонгонго, компьютер, планшет көтөрүп жүргөнгө уруксат берилбейт. Балдар дүйшөмбүдөн жуманын аягына чейин ушундай нукта тарбияланышып, толугу менен окуучу мектептин жүргүзгөн иш-чарасына сүңгүп кирип, ошол процессте кайнашы керек. Антпесе социалдык түйүндөрдө, желелерде отуруп, окуучунун ою чаржайыт болот деген түшүнүктү карманышат. Окуучу мектепке келээри менен тарбиячысына телефонун тапшырып, жума күнү сабактан чыккандан кийин гана колуна кайра алат.  — Ата-эне менен түзүлгөн келишимдин негизинде окуучу лицейде жүргөн учурда  толугу менен жооп беребиз. Жума күнү кеткен күндөн тартып жекшемби күнү саат 17.00 чейин жоопкерчилик ата-эненин мойнунда. Мугалимдер, класс жетекчилер жума күнү бала мектептен чыгып баратканда ата-энелери менен байланышып, баласын өткөрүп беришет. Ата-энеси кайра баласынын үйүнө келгени тууралуу лицейге кабарлайт.

  • Ата-эне чалгандан кийин жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Бирок ата-эне жекшемби күнү саат беште кайра лицейге баланы алып келип, тапшырганга милдеттүү. Эгер бала кокус ооруп келбей калса,  жакшылык-жамандык болуп калса ата-эне арыз жазып, кайрылып, уруксат алат. Негизи үйлөрүнө окуучулардын 30% гана кетет, калгандары алыс жактан келген үчүн жатаканада калышат. Алыстан келгендер 20 күндө бир же бир айда бир жолу барып келишет. Бул балдарга бардык шарттар каралган. Жекшемби күндөрү алардын кийимдери, шейшептери жуулуп берилет. Бардык санитардык-гигиеналык норма талапка жооп берет. Үйгө жиберип жатканда «ата-энелерге жардам бергиле, каралашкыла, бөбөгүңөрдү, иниңерди карагыла» деп жиберебиз. Мисалы, бала жекшемби күнү үйдөн лицейге кайтып келгенде сабак учурунда эки күн бою эмне кылдың, эс алуу күндөрү кандай өттү? —  деген темада кыска баарлашуулар болуп турат.

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү өтө жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Биз балдарга улуттук тилибизди барктаганды дайыма алдыңкы орунга коебуз. Жакында 12-декабрда Ч.Айтматовдун туулган күнү. Ар кайсы лицейлерде ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, чоң даярдык көрүп жатышат. Буга окуучулар толугу менен катышат. Ушундай иш-чаралар аркылуу балдардын чыгармачылыгы, көркөм эстетикалык ой жүгүртүүсү калыптанат. Тилекке каршы, айрым учурда лицей тууралуу жоосунсуз, далилсиз сөздөр айтылганы өкүндүрбөй койбойт. Лицейдин ичинде жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар башка мектептерде, университеттерде өтүп  жаткан эле иш-чаралар, — дейт директордун орун басары.

Заманбап жаштарды тарбиялоо кыйынчылыктарды жаратат

Жогорку класстагылар кичинекей класстын окуучуларына үстөмдүк кылбаш үчүн бардык жатаканаларга, лицейлерге видеокөзөмөл коюлган. Ал жерде ар бир баланын иши көрүнүп турат. Адистердин айтымында, балдар жашап жаткан чөйрө алардын психологиясына, ой жүгүртүүсүнө, аң-сезимине терс таасир тийгизбеш керек экен. Балдар жакшы, тынч чөйрөдө жашап чоңойсо өнүгүүсүнө оң  таасирин тийгизет.

— Лицейлерде, жатаканаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Балдардын ден соолугуна зыян келтире турган же кооптуу терс көрүнүш жок. Мүмкүн болушунча күндөн күнгө шарттарды жакшыртууга аракеттенүүдөбүз. Зордук-зомбулукка жол берилбейт деген ишенимдебиз, бирок дагы да жакшыртууга аракет көрүлүүдө. Бирок айлана-чөйрөдөгү, коомдогу терс көрүнүштөр таасирин бербей койбойт экен. 1-сентябрдан тарта  өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы  (ИДН) болуп бирге алдын ала профилактикалык иш-чаралар өткөрүлөт.  Инспекторлор лекцияларын окуп, балдар менен чогуу иштешет. Айрым лицейлерибизде ИДН үчүн атайын бөлмөлөр бөлүнгөн. Тобокел тобундагы балдар бизде дагы бар. Алар менен иштөө биздин негизги көңүл чордонубузда. Бул иште окуучулардын өзүн өзү башкаруу уюмуна, ата-энелерге таянабыз. Психологдор менен иштешебиз, алардын колдоосу менен иш-чараларды уюштуруп турабыз.

Агайлардын айтуусуна караганда, азыркы муун менен иштөө өтө кыйын жана татаал. Себеби балдардын деңгээли өтө жогору. Балдардын талабына жооп берип, алардын деңгээлине төп келген иш-чараларды уюштуруу кыйын болууда. Себеби бүгүнкү замандын балдары интернетти, жаңы технологияны баарыбыздан жакшы билишет жана колдонушат. Балдар өтө эле гиперактивдүү.  Алардын дүйнө таанып билүүсү, жалпы кызыгуусу, көз карашы, психологиясы, менталитети таптакыр башка, — дейт А.Султанмуратов. — Мисалы, бизде кадр маселесине үңүлсөк, жаш кадрлар көп, ошон үчүн балдарга жеткиликтүү тил менен тарбия берилүүдө. Эгер балага биз берген таалим-тарбия жетпей жатса, демек кандайдыр бир проблема бар. Азыркы замандын талабына ылайык жакшы ыкмаларды ойлоп табыш керек. Окуучулардын кызыгуусуна жараша иш-чараларды жүргүзүш керек. Балага жакындап, достошуунун ыкмасын издеп жатабыз. Лицейлерде социалдык иш-чараларды көбүрөөк уюштурууга аракеттенип жатабыз. Акыл ордо оюндарын уюштурабыз. Ошондой эле “Дени сак улут — дени сак жаштар” демекчи, спорт боюнча ар кандай мелдештерди уюштурабыз. Бир канча лицейлерибизде таэквондо боюнча кызуу иштер жүрүп жатат. Акыркы маалыматтарга таянсак, 2016-жылы 11-февралда Болгариянын София шаарында Эл аралык Sofia Trophy муз үстүндө бий мелдешине катышкан дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортсмендеринин ичинен Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Сейтек” башталгыч мектебинин окуучусу Кутманова Медина коло медалга ээ болгон.

Мындан сырткары  2015-жылы эл аралык тил жана маданият фестивалында биздин балдар жүзгө жакын өлкөнүн арасынан биринчи орунду алып келишкен. Бул жылы да жакшы ийгиликтерге жетиштик.  Эл аралык Силк Роуд мектеби ноябрь айында Тайванга барып жаш курактагы окуучулар арасында 16 өлкөнүн ичинде футбол боюнча биринчи орунду алып келишти.

Достук турнири

Ата-энелер менен тыгыз кызматташуу жакшы жолго коюлган.  Төрт-беш жылдан бери аталар өзүнчө, апалар өзүнчө достук турнир өткөрүшөт. Апалар волейбол менен теннис боюнча, аталар волейбол менен футбол боюнча мелдешке чыгышат. Кыргызстан боюнча бул турнирге бардык лицейлердин ата-энелери катышат. Биринчи регионалдык тур өткөрүлүп, андан соң финалы Бишкекте өтөт.

— Достук турнири максатына жетти. Бишкектин апалар командасы Жалал-Абадка, Ошко же Нарынга барышат. Мекемелерди кыдырып, баласы окуп жаткан мектеп менен барган лицейди салыштырып, ар бир иш-чарасы менен таанышып, окуу, тарбия иштери боюнча маалыматтарды алышат. Ата-эненин баласына көңүл буруусун арттырат. Мектепке да аларды тартат. Ата-эне жана мектеп деген проектте ата-эне, окуучу жана мектеп — үч бурчтугу иштейт.  Бул проект абдан жакшы иштеп калды.  «Лицейдеги ар бир иш-чараларга ата-энелерди катыштырууга аракеттенебиз. Ата-эне каалаган учурда келип окуучунун лицейдеги жашоосу менен таанышууга, сабактарга катышууга укуктуу.

Лицейлерибизде ата-энелер үчүн кызыктуу иш чаралар, курстар уюштурулат. Ата-энелердин биз уюштурган иш-чараларга кызуу катышуулары балдардын билим жана тарбия алууларына оң таасирин берди. Мен ушул учурдан пайдаланып биздин бардык ата-энелерибизге ыраазычылык билдирип кетем, — дейт Амирбек Султанмуратов.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим

Поделиться

Комментарии