САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ: КЫРГЫЗСТАНДАН АЛЫНГАН ДАЛИЛДЕР

  • 22.02.2024
  • 0

2024-жылдын 20-февралында «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» аттуу изилдөө долбоорунун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү. Долбоор 2021-2023-жылдары  «Таалим-Форум» коомдук фонду (Кыргызстан) жетектеген үч уюмдун Консорциуму тарабынан ишке ашырылды. Изилдөө аралыктан билим берүүдөгү инновациялар менен көйгөйлөр  жана пандемиядан кийинки абалды айкын далилдеп берген.

Бет ачар Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына арналган. Иш- чарага министрдин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана анын алдындагы мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү уюмдардан, билим берүү мекемелеринен өкүлдөр, билим берүү тармагындагы эксперттер, кеңешчилер, изилдөөчүлөр, үч өлкөдөгү долбоордун командалары катышты.

Долбоордун алкагында үч өлкөдө кеңири изилдөө жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасындагы изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, COVID-19 пандемиясынын учурунда аралыктан окутууга өткөндө мугалимдер жана окуучулар көптөгөн кыйынчылыктарга туш келишкен. Аралыктан окутууга өтүү окуу процессинин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн зарыл болгон. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин олуттуу иш-аракеттерине карабастан, жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган иш-чаралар жана демилгелер чачыранды болуп, көйгөйлөрдүн бардык аспектилерин камтый алган жок.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мугалимдердин 73%ы аралыктан иштөө “окуучулардын тапшырмаларды өз алдынча аткаруусун натыйжалуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ача алган жок” дегенге макул болушкан. 56%  «карантинге жана эмгек шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу  программаны толугу менен аяктоого үлгүрүшпөгөндүгүн» ырасташкан. Сурамжылоого катышкан мугалимдердин 83%ы аралыктан окутуу окуучулардын билим сапатын начарлатты дешкен. Мугалимдер жумуш убактысы көбөйүп, жумуш жана жеке убакыт менен мейкиндиктин ортосундагы чектин бүдөмүк болушуна байланыштуу психо-эмоционалдык чыңалуу, чыр-чатак күчөгөнүн белгилешкен. 91% салттуу окутууга салыштырмалуу сабакка даярданууга көбүрөөк убакыт жумшалганын белгилешти. Сурамжылоого катышкан мугалимдердин 82% МКТнын көндүмдөрүн өздөштүрүү деңгээли боюнча базалык деңгээлге ээ экендигин белгилешкен.

Мугалимдердин жана окуучулардын аралыктан окутууга даярдыгын изилдөө жетишээрлик жогорку деңгээлде экенин көрсөттү: мугалимдер өз даярдыктарын 72%, окуучулар 65% деп баалашты. Аймактарды салыштырууда эң жогорку даярдык көрсөткүчү Нарын областында белгиленди. Ошол эле кезде окуучулардын басымдуу бөлүгүнүн айтымында, аралыктан окутууда мугалимдер бир катар кыйынчылыктарга туш болушкан. Онлайн окутуу учурунда аталган ар кандай кызматтардын жана жеткиликтүү тиркемелердин ичинен мугалимдердин басымдуу көпчүлүгү (91%) WhatsApp жана 59% Zoom платформасын колдонгонун белгилешти. Ушул жана башка факторлор мугалимдердин (88%), окуучулардын (86%) салттуу окутууга артыкчылык беришип, аралыктан окутууга эле эмес, аралаш режимдеги окутууга өтүүнү каалабагандыгын билдиришине таасир эткен.

Изилдөө көрсөткөндөй, пандемия учурунда онлайн окутууга аргасыз өтүү, айрыкча интернеттин жана технологиялык түзүлүштөрдүн мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелеринде жеткиликтүү болбогондугу сыяктуу чектөөлөрдү эске алсак, билим берүүнүн максаттарына туура келген эмес.

Изилдөөдө окуучулардын аялуу топторуна айрыкча көңүл бурулду, алыскы аймактарда жашаган жана социалдык акыбалы жакыр, гендердик жана этникалык азчылыктын өкүлдөрүнө жүргүзүлгөн. Фокус-топтук талкуулардын жүрүшүндө алынган маалыматтарга ылайык, технологиялык түзүлүштөргө жана интернетке жетүүдөгү чектөөлөр сыяктуу көйгөйлөр айтылды; мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга ылайыктуу санариптик окуу ресурстарына жеткиликтүүлүктүн чектелгендиги; көрүүсү же угуусу начар окуучулардын арасында санариптик технологияларды колдонууда кыйынчылыктар кездешкендиги тууралуу билдирилген.

Изилдөөдө аралыктан окутуу мезгилиндеги билим берүүдөгү инновациялар жөнүндө маселелер иликтенген. Иш-чарадагы бет ачарда  мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге аралыктан окутуу мезгилинде жаралган ар кандай кыйынчылыктардан чыгууга өз убагында колдоо көрсөткөн коомдук, жеке жана ыктыярдык демилгелердин иштери белгиленди.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары жана талкуулар боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жана Таалим-Форумдун катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде мектептеги билим берүүнү санарипке өткөрүү тармагында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, санариптик билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө, санариптик билим берүү платформаларын окутууда пайдалануунун натыйжалуулугу, инновацияларды өркүндөтүү жана мектеп билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле мамлекеттик уюмдар жана жеке компаниялар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү сунуштары киргизилди.

Долбоор Билим жана инновацияларды алмашуу программасынын (KIX) алкагында Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GPE) жана Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун (IDRC) (Канада) колдоосу менен ишке ашырылды.

 М.КАЙЫПОВ, «Кут Билим»

САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИ: КЫРГЫЗСТАНДАН АЛЫНГАН ДАЛИЛДЕР

 

 

 

 

Поделиться

Комментарии